Загрузка документа…
|
|
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 514 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин тартиби аныкталат.
2. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде ишке ашырат.
3. Комиссиянын негизги максаты Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү болуп эсептелет.
4. Комиссия жогоруда аталган максаттарга жетишүү үчүн:
- консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоону жана бекитүүнү жүргүзөт;
- консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча критерийлерди иштеп чыгат;
- жогоруда аталган максаттарга жетишүү боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта болот.
5. Комиссиянын курамына Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары жана Комиссия мүчөлөрү кирет, алар өз иштерин коомдук негизде ишке ашырышат.
6. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү багыттар боюнча Комиссиянын алдында эксперттик (жумушчу) топторду өзүнүн чечими менен түзүүгө;
- иш үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана берилген долбоорлор боюнча эксперттик баалоолорду ишке ашыруу үчүн эксперттерди тартууга.
7. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык камсыздоону Комиссиянын катчылыгы ишке ашырат.
8. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелет.
9. Комиссия түшкөн долбоорлордон тандап алат жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сатып алууларды жүргүзүү үчүн долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберет.
10. Мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү камтыган долбоорлорду Комиссиянын кароосу үчүн катчылыкка беришет: долбоордун аталышын, консультанттар үчүн техникалык тапшырмаларды, долбоордун алдын ала бюджетин; долбоорду ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжасын.
11. Комиссиянын жыйындары консультациялык кызматтарды сатып алууга долбоорлорду тандоо жана бекитүү үчүн зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйындары эгерде ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3ден кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет.
12. Комиссиянын жыйындарына Комиссия мүчөлөрүн чакыруу, Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитүү Комиссиянын төрагасынын, ал эми ал жок учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарына кирет.
13. Комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басары добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет жана Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат. Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жиберилет.