Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-июлу № 514
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы N 729, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Консультациялык кызматтарды сатып алуу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссия тарабынан бекитилген долбоорлорго карата консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрсүн;
- 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде консультациялык кызматтарды сатып алууларды каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы N 729, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкери (мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө).