Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген |
Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө ушул типтүү жобо (мындан ары - Жобо) турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча Балдар иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иш тартибин аныктайт.
Комиссия мезгилдүү негизде өз ишин жүргүзгөн турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо системасынын коллегиялык органы болуп эсептелет.
2. Комиссия:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында;
- шаардын мэрияларынын алдында түзүлөт.
3. Комиссия өз ишинде турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия өз ишинде төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:
- баланын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын биринчи орунда экендигин таануу;
- балдарга гумандуу мамиле жасоо;
- алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо менен балдарга жекече мамиле жасоо;
- баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын, ата-энелердин же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн жана жарандардын жоопкерчилигин камсыздоо;
- баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча ата-энеси же башка баланын мыйзамдуу өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү.
5. Комиссиянын жобосу жана курамы ушул Типтүү жобонун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) чечими менен бекитилет.
6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
аймактык бөлүмдөрдүн:
- мамлекеттик ички иштер органынын;
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын;
- миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) өкүлү;
жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын курамына кирген жарандык коомдун өкүлдөрүнүн саны мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн санынан ашпоого тийиш.
7. Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же социалдык маселелерди тескеген шаардын вице-мэри эсептелет.
8. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү, экинчи орун басары жарандык коомдун өкүлү болуп эсептелет.
9. Жарандык коомдун өкүлдөрү ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык райондун же шаардын аймагында туруктуу жашаган жарандардын санына жараша түзүлөт.
Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары болушу керек.
Комиссиянын курамына жарандык коомдун талапкерлерин тандоо Комиссиянын ишине катышуунун ачык-айкындуулук жана ыктыярдуулук принциптеринде жүргүзүлөт.
10. Жарандык коомдун талапкерлерин тандоо тууралуу жарыя: жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же расмий веб-сайтта жана/же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэрияларынын) расмий маалыматтык такталарына жайгаштырылат.
Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун талапкерлери жергиликтүү мамлекеттик администрацияга (шаар мэриясына) төмөнкү документтерди:
- жеке арызын;
- паспортунун көчүрмөсүн;
- резюме;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсүн жиберет.
Арыздарды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация (шаар мэриясы) тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерди кабыл алгандан кийин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тескеген орун басары (шаардын вице-мэри) берилген документтерди изилдейт жана эки жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) башчысына жарандык коомдун өкүлдөрүн Комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө сунушун киргизет.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же шаардын мэри үч жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын (шаардын вице-мэри) сунушунун негизинде Комиссиянын төрагасынын орун басарларын, Комиссиянын курамын аныктайт жана аны өз чечими менен бекитет.
12. Жарандык коомдун комиссия мүчөлөрү өз каалоосу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына (шаардын мэрине) жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылып, Комиссиянын курамынан чыга алышат.
13. Комиссиянын курамынан жарандык коомдун мүчөлөрү Комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) чечими менен төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- жүйөлүү себепсиз катары менен үч жолу Комиссиянын жыйындарына катышпаганда (жүйөлүү себеп болуп төмөнкүлөр эсептелет: ишке жарамсыздык мезгили, иш сапарында болуу, эмгек өргүүсү, окуу);
- Комиссиянын жыйынында жүрүм-турумдун моралдык-этикалык ченемдерин сактабаганда;
- Комиссиянын протоколдук чечимдеринен келип чыккан тапшырмаларды эки жолудан ашуун аткарбаганда.
Аймактык мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн Комиссия мүчөлөрүнө Комиссиянын иш тартибин бузгандыгы үчүн Комиссиянын төрагасынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип жаза чарасы колдонулушу мүмкүн.
14. Комиссия квартал сайын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына (шаар мэрине) райондо (шаарда) жашаган, турмуштук оор кырдаалда калган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн абалы жөнүндө отчет берет.
2. Комиссиянын максаты, милдеттери жана укуктары
15. Комиссиянын максаты турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо болуп эсептелет.
16. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- аймактык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү жарандардын өз ара кызматташтыгын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ТОК АМС) пайдалануу менен камсыздоо;
- турмуштук оор кырдаалда калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
- баланын укуктарын бузууга жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү;
- жашы жете электердин, алардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн администрациялык укук бузуулары жөнүндө материалдарды (иштерди) өз компетенциясынын чегинде карап чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын карап чыгуусуна киргизилген материалдарга (иштерге) карата адамдардын жашаган жери же иштеген жери боюнча көчмө жыйынды өткөрүүгө;
- баланын укуктарын бузуу боюнча материалдарды (иштерди) текшерүүгө;
- үй-бүлө менен жекече иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жекече планда каралган иш-чараларды алар аткарбаган учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушту белгиленген тартипте киргизүүгө;
- алардын укуктарын коргоо үчүн турмуштук оор кырдаалда калган балдары бар үй-бүлөлөргө барууга;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан аймактык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өз ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн маалымат суроого жана алууга;
- өз компетенциясынын чегинде балдарды коргоо маселелери боюнча кеңеш берүүгө.
3. Комиссиянын функциялары
18. Алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) турмуштук оор кырдаалда калган баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн сунушу боюнча төмөнкүлөрдү:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бала асырап алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу материалдарды;
- ээликтен ажыратуу, анын ичинде камкордукка алынгандын мүлкүн алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (ижарага) берүү, кайтарымсыз пайдаланууга берүү же күрөөгө коюу, анын мүлкүн бөлүштүрүү же аны үлүштөргө бөлүү, ошондой эле камкордукка алынгандын мүлкүнүн азайышына алып келүүчү ар кандай бүтүмдөрдү жасоого алдын ала уруксат берүүчү долбоорлорду;
- интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрдү интернаттан кийинки коштоону уюштуруу маселелерин;
- ТОК АМС менен түзүлгөн баланы коргоо боюнча жекече пландын же/жана үй-бүлө менен жекече иштөө планынын долбоорлорун;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ТОК АМС менен түзүлгөн баланы коргоо боюнча жекече планга жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду карап чыгат;
3) турмуштук оор кырдаалда калган баланы коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөө планынын аткарылышына мониторинг жана контроль жүргүзөт;
4) ички иштер органдары тарабынан берилген жашы жете электер, алардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жасалган укук бузуулар жөнүндө материалдарды (иштерди) карайт;
5) Төмөнкү фактылар жөнүндө материалдарды тезинен карайт:
- жашы жете электердин коомдук коркунучтуу иштерди жасоосу;
- жашы жете электердин суициддик жүрүм-турумунун байкалышы;
- балдарга карата ырайымсыз мамиле (зомбулук).
6) турмуштук оор кырдаалда калган балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен төмөнкүлөргө багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзөт:
- ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) балдарды тарбиялоо жана багуу боюнча милдеттерди талаптагыдай аткарбоосу;
- балдарга карата ырайымсыз мамиле (зомбулук) жасоо;
- жашы жете электердин укук бузууларды кайталап жасоосу;
- чет өлкөлүк мамлекеттердин аймагында куралдуу чыр-чатактар же аскердик иш-аракеттер зонасынан балдарды алып кетүү;
- жашы жете электердин арасындагы эрте никелешүү;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды менчиктин бардык түрүндөгү интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырууга жол бербөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
18-1. Балдарга көзөмөлчүлүктү жана камкорчулукту белгилөө, балдарды асырап алууга берүү, балдарды интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштыруу маселелери Комиссия тарабынан өзүнчө каралбайт. Аталган маселелер Комиссиянын жактыруусуна баланы коргоо боюнча жекече пландын жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планынын алкагында киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын ишин жетектейт;
- Комиссиянын жыйынына төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;
- Комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйынында чечүүчү добуш берүү укугу менен добуш берет;
- Комиссиянын жыйынынын (пландуу жана пландан тышкаркы) датасын дайындайт;
- Комиссиянын ишинин планын жыл сайын бекитет;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын төрагасынын орун басарына, Комиссия мүчөлөрүнө, Комиссиянын катчысына тапшырма берет;
- материалдарды (иштерди) карап чыгууда Комиссия мүчөлөрү жүрүм-турумдун моралдык-этикалык ченемдерин сактоосун, балдарга жекече мамиле жасоосун жана алынган маалыматтын купуялуулугун сактоосун камсыздайт;
- Комиссиянын ишин уюштургандыгы жана турмуштук оор кырдаалда калган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн абалы жөнүндө берилген отчеттордун аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт;
- Комиссиянын иш планынын жана чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- аткаруу үчүн жооптуу органдардын бекитилген баланы коргоо боюнча жекече планды жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын алуусун контролдойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары:
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин аткарат;
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
21. Комиссиянын төрагасынын экинчи орун басары:
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат;
- Комиссиянын жыйынында карап чыгуу үчүн материалдардын өз убагында даярдалышын контролдойт.
22. Комиссия мүчөлөрүнүн функциялары:
- Комиссиянын жыйындарына катышат;
- Комиссиянын жыйынына киргизилген материалдар менен алдын ала таанышат;
- турмуштук оор кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо боюнча иштерди өркүндөтүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сунуштарын киргизет;
- кабыл алынган чечимдер боюнча Комиссияда добуш берүүгө жана каралган маселени талкуулоого катышат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасын аткарат.
23. Комиссиянын катчысы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Комиссиянын жыйынында карап чыгуу үчүн материалдарды даярдайт;
- Комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарларынын тапшырмасын аткарат;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болот;
- жыйынга үч күн калганга чейин Комиссиянын карап чыгуусуна киргизилген маселелерге тийиштүү материалдар менен Комиссия мүчөлөрүн тааныштыруу үчүн күн тартибин жиберет, жыйындын датасы жөнүндө материалдарды карап чыгуучу адамдарды кабардар кылат;
- Комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, протоколдук чечимдин көчүрмөсүн даярдайт;
- Комиссиянын протоколунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) баланы коргоо боюнча жекече планын же үй-бүлө менен жекече иштөө планын бекитүү жөнүндө чечим долбоорун даярдайт;
- эки жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу органдарга бекитилген баланы коргоо боюнча жекече планды жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планын ТОК АМС аркылуу жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын иштерди кароосунун тартиби
24. Комиссиянын иши жергиликтүү мамлекеттик администрацияда (шаар мэриясында) туруктуу негизде иштеген катчы тарабынан уюштурулат. Комиссиянын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
Комиссиянын жыйыны жыл сайын иш планына ылайык өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйыны аларга Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссия мүчөлөрү жыйындарга алмашуу укугусуз катышат.
25. Комиссия келип түшкөн материалдарды (иштер) алар келген учурдан тартып 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карайт.
Комиссиянын кворуму же иши каралып жаткан адамдар жок болсо Комиссиянын төрагасы 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө ишти кароо мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алат.
26. Комиссиянын катчысы күн тартибин алгандан кийин Комиссия мүчөлөрүн Комиссиянын жыйыны башталганга чейин эки күн мурда материалдар (иштер) менен тааныштырат.
27. Комиссиянын жыйыны өздөрүнө карата өткөрүлүп жаткан жашы жете электер, алардын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү Комиссиянын катчысындагы материалдар (иштер) менен таанышууга укуктуу.
28. Комиссиянын чечими кворум болгон учурда Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен ачык добуш берүүдө кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат.
Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең чыккан учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучу жана Комиссиянын катчысы кол коёт.
29. Протокол каралып жаткан маселенин датасын жана жыйындын өткөрүү ордун, каралган ишке катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү, алардын түшүндүрүүлөрүн кыскача жазуу менен, ошондой эле ишти карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимди жана ага даттануу тартиби менен түзүлөт.
30. Ар бир каралган материал боюнча Комиссиянын протоколдук чечимин ишке ашыруу максатында протоколдун чечиминин көчүрмөсү жол-жоболоштурулат, ага Комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
31. Комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанууга болот.
32. ТОК АМС менен түзүлгөн баланы коргоо боюнча жекече план жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планы Комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясынын) чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Бекитилген үй-бүлө менен жекече иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жекече планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иш-чаралар аткарылбагандыгы үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча аткаруу үчүн жооптууларга, анын ичинен Комиссиянын мүчөлөрүнө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)