Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы №536 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамагенттик) алдындагы ведомстволук бөлүм болуп эсептелет.
2. Борбор өз иш аракетин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ага шайкеш кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
3. Борбор өзүнүн ишин Мамагенттиктин борбордук аппараты, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү жана анын тапшырмасы боюнча министирликтер, Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта ишке ашырат.
4. Борбор юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штамптары, фирмалык бланктары, өзүнчө балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш эсептери болот. Мамлекеттик мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
5. Борбордун укуктук-уюштуруучулук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
6. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарынан жүргүзүлөт.
7. Борбордун расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борбору";
- орус тилинде: "Центр Государственного регулированмя в сфере охраны окружающей среды и экологичсской безопасности Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
8. Борбор төмөнкү даректе жайгашкан: 720005, Бишкек шаары. Горький көчөсү, 142.
2. Борбордун максаты
9. Борбордун максаты болуп экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көмөктөшүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугу үчүн жагымдуу болгон курчап турган чөйрө боюнча конституциялык укуктарын иш жүзүнө ашыруу эсептелет.
3. Борбордун милдеттери
10. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында саясатты жана жөнгө салууну, ошондой эле жаратылыш компоненттеринин жана ресурстарынын абалын баалоону, эсепке алууну иш жүзүнө ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, экологиялык милдеттерди чечүүдө эл аралык инвестициялык жана гранттык жардамды тартуу жаатында эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү жана белгилөө.
4. Борбордун функциялары
11. Борбор төмөндөгүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө:
- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү боюнча иш чараларды комплекстүү башкаруунун мамлекеттик саясатын өркүндөтүү жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды киргизет;
- курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында (жөнгө салуучу, укуктук-ченемдик жана институционалдык) жагынан дарамет күчтү жогорулатууга катышат;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттердин артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктайт;
- курчап турган чөйрөнү коргоону жөнгө салуунун механизмдерин жакшыртууну иштеп чыгат (анын ичинде химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздук);
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында улуттук жана аймактык программаларды иштеп чыгууда, кабыл алууда жана иш жүзүнө ашырууда катышат (анын ичинде химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздук);
- химиялык, биологиялык, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында эл аралык кызматташууну ишке ашырууга, эл аралык келишимдердеги милдеттемелерди аткарууга катышат;
- маалыматтарды чогултат, экологиялык коопсуздуктун абалын жана аны камсыз кылуунун анализин жүргүзөт жана сунуш берет;
- Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) глобалдуу экологиялык конвенцияларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзам менен бекитилген тартипте күчүнө кирген, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча башка эл аралык келишимдерди жүзөгө ашырууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнүн компетенциясынын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республиканын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча маселелерин чечүү багытында эл аралык инвестициялык жана гранттык жардамдарды тартууну ишке ашырат;
- экологиялык курч кырдаалдын оорлоп кетпестигин алдын алуу мүмкүнчүлүгүн табуу жана экологиялык коопсуздук булактарынын таасирин басаңдатуу максатында экологиялык кырдаалдардын өнүгүүсүнүн болжолун иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте катышат;
- Кыргыз Республикасындагы радиоактивдүү, уулуу жана химиялык заттарды коопсуздук менен башкарууга стратегиялык мамиле кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
- жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин, биотүрдүүлүктү сактоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну, жаныбарлар дүйнөсүн жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде токойду коргоо жана пайдаланууну иштеп чыгууга катышат;
- калдыктардын пайда болушунун ченемдерин жана аларды жайгаштыруу боюнча лимиттерди иштеп чыгуу жана бекитүү, калдыктардын пайда болушу, аларды пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар тууралуу отчетторун берүү жана аны контролдоо тартибин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет (статистикалык отчеттордон тышкары);
- калдыктарды жайгаштыруу объектилеринин жеке менчик ээлери, же калдыктарды жайгаштыруу объектилерине ээлик кылган же пайдаланган жактар тарабынан белгиленген тартипте калдыктар жайгашкан, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар жайгашкан объектилеринин аймагында курчап турган чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү боюнча сунуштарын киргизет;
- курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо материалдарына тиешелүү талаптарды иштеп чыгууга катышат;
- республикалык, аймактык жана мамлекеттер аралык экологиялык маалымат системасынын алкагындагы экологиялык маалыматтарды жыйноого жана алмашууга катышат;
2) координациялоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш аракетти координациялоого жана мониторинг өткөрүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык экологиялык макулдашуулар боюнча алган милдеттенмелеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышат;
- Борбордо ишке ашырыла турган эл аралык долбоорлорду координациялайт жана жүзөгө ашырат;
- курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту, анын ичинде радиологиялык, биологиялык жана химиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;
- Атомдук энергия боюнча Эл аралык Агенттиги (МАГАТЭ) менен иш жүргүзүүнүн белгиленген чегинде техникалык кызматташууну ишке ашырат;
- калдыктар менен иштөө. жаатында эсеп жүргүзүү тартибин, калдыктарды жайгаштыруу объектилерине мамлекеттик реестр жүргүзүүнүн, ошондой эле калдыктар боюнча мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнүн тартибин белгилөө боюнча сунуштарды киргизет;
- курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген объектилерди жана булактарды мамлекеттик эсепке алууну ишке ашырат;
- иш аракет жүргүзүү чөйрөсүнүн белгиленген чегинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
3) иш аракетин колдоо жаатында:
- курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында республиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө минималдуу таасир этүү, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча инвестицияларды жана технологияларды тартуу үчүн долбоорлук сунуштарды иштеп чыгат жана Мамагенттикке тапшырат;
- курчап турган чөйрө жөнүндө билимди жайылтуу жана үгүттөө ишин уюштурат, өнөр-жайындагылардын жана калктын маалымат менен кабардар болушун жогорулатуу боюнча өнөктүктү жүргүзөт;
- курчап турган чөйрө жөнүндө билимди жайылтуу жана үгүттөө ишин уюштурат, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча конкурстарды, көрсөтмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды өткөрөт;
- курчап турган чөйрөнү жана анын компоненттеринин абалы жөнүндө маалыматты жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала көрүлүүчү чараларды даярдоого катышат;
- коркунучтуу химиялык заттардын курчап турган чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна таасир кылышын азайтуу маселелери боюнча Мамагенттикке көмөк көрсөтөт;
- адистердин квалификациясын жогорулатуу, аларды кайра даярдоо жана стажировкадан өткөрүү иш чараларын жүзөгө ашырат;
- иш аракетинин белгиленген чөйрөсүндө Мамагенттиктин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана иш жүзүнө ашырууга катышат;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында адистерди даярдоо жана аттестациядан өткөрүү иштерин уюштурат жана координациялайт;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында саясат жүргүзүү боюнча кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат;
- экология жана жаратылышты коргоо жаатындагы көйгөйлөр боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иштерине катышат.
5. Борбордун укуктары жана милдеттери
12. Борбор өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө укуктуу:
- курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгууга катышууга;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат алмашууга катышууга;
- мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, ишин жүзөгө ашырууга зарыл маалыматтан пайдаланууга;
- Борбордун ишине тиешелүү маалыматты ачык басма сөздө жарыялоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- бекитилген бюджеттин чегинде каржылык-чарбалык ишти өз алдынча ишке ашырууга;
- ар кандай жеке жана юридикалык жактар менен болгон мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарынын атынан чыгууга жана аны коргоого;
- белгиленген тартипте, колдо болгон каражаттардын чегинде өзүнүн иш аракетин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон юридикалык жана жеке жактардан жумуштарды жана тейлөө кызматтарын колдонууга.
6. Мүлкү жана каржылык-чарбалык иши
13. Борбордун мүлкү белгиленген тартипте, тиешелүү жылга каралган республикалык бюджеттин каражат эсебинен жана эл аралык уюмдар тарабынан берилген каражаттардын эсебинен куралат.
14. Борборго бекитилген мүлккө ээлик кылууну жүргүзүү жана тескөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. Эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
15. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт.
16. Борбор өз иши жөнүндө Мамагенттикке Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте төмөндөгүлөрдү камтыган отчет тапшырат:
- ишке ашырылган долбоорлор боюнча учурдагы прогресс жөнүндө отчетту;
- алынган жабдуулар боюнча инвентаризациялоонун отчетун;
- каржылык чыгымдар боюнча отчетторду.
17. Борбордун каржылык-чарбалык ишин текшерүү үчүн Борбордун ишине аудитордук текшерүү жүргүзүлөт, анын натыйжасы Мамагенттикке жана донордук түзүмдөргө берилет.
8. Борбордун ишин уюштуруу
18. Борбордун ишине жаппы жетекчиликти Мамагенттиктин директору ишке ашырат.
19. Борбордун ишине тикелей жетекчиликти Мамагенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган директор ишке ашырат.
20. Борбордун ишине контролдук кылууну Мамагенттик ишке ашырат.
21. Борбордун директору:
- Борбордун ишине жетекчилик кылат жана координациялайт:
- Борборго жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Мамагенттикке чыгымдардын сметасын жана бекитилген түзүмдүн чегинде Борбордун штаттык расписаниесин, санын, эмгек акы төлөө фондун бекитүүгө киргизет;
- кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
- Борбордогу айырмаланган кызматкерлердин талапкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктарга сыйлоо үчүн Мамагенттикке көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерине тартиптик жазаларды берет;
- соттордо жана башка мамлекеттик органдарда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда Борбордун кызыкчылыгын атынан чыгат;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында Борбордун кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- белгиленген тартипте Борбордун мүлкүн башкарат жана аны тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
22. Борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;
23. Борбордун директору жок учурда анын милдетин Борбордун директорунун орун басары аткарат.
9. Борбордун ишин токтотуу
24. Борбордун ишинин токтотулушу мыйзам менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
25. Борбордун иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып токтолду деп эсептелет.
26. Борбордун иши токтотулган учурда документтер, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.