Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-июну № 335
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын жана функцияларын кайрадан бөлүштүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселесинде мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин баш коштуруу жолу менен мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу, мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштешин уюштуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Атамбаев Алмазбек Шаршенович аталган токтомдун долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын жана функцияларын кайрадан бөлүштүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселесинде мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин баш коштуруу жолу менен мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу, мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштешин уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча мамлекеттик комитети";"
- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай жана мелиорация министрлиги;";
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги;";
- он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги;";
- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция иштери боюнча министрлиги;";
- он сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-пунктунда:
- бешинчи абзацындагы "КМШ жана ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлүнөн" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Жаңы редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн│1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн│
│төмөнкү түзүмү аныкталсын: │төмөнкү түзүмү аныкталсын: │
│Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер│Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер│
│министрлиги; │министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Коргоо │Кыргыз Республикасынын Коргоо │
│министрлиги; │министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Ички иштер │Кыргыз Республикасынын Ички иштер │
│министрлиги; │министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Юстиция │Кыргыз Республикасынын Юстиция │
│министрлиги; │министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Финансы │Кыргыз Республикасынын Финансы │
│министрлиги; │министрлиги; │
│[Кыргыз Республикасынын │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│Экономикалык жөнгө салуу │ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА │
│министрлиги;] │ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК │
│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик│КОМИТЕТИ; │
│мүлк министрлиги; │[Кыргыз Республикасынын │
│[Кыргыз Республикасынын айыл чарба│Мамлекеттик мүлк министрлиги;] │
│министрлиги;] │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА,│
│Кыргыз Республикасынын Транспорт │КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА │
│жана коммуникациялар министрлиги; │МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ;"; │
│Кыргыз Республикасынын Өзгөчө │Кыргыз Республикасынын Транспорт │
│кырдаалдар министрлиги; │жана коммуникациялар министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Энергетика │Кыргыз Республикасынын Өзгөчө │
│министрлиги; │кырдаалдар министрлиги; │
│[Кыргыз Республикасынын жаратылыш │Кыргыз Республикасынын Энергетика │
│ресурстар министрлиги;] │министрлиги; │
│Кыргыз Республикасынын Билим берүү│КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ │
│жана илим министрлиги; │ЖАНА МИНЕРАЛДЫК РЕСУРСТАР │
│Кыргыз Республикасынын Саламаттык │МИНИСТРЛИГИ; │
│сактоо министрлиги; │Кыргыз Республикасынын Билим берүү│
│[Кыргыз Республикасынын Маданият │жана илим министрлиги; │
│жана маалымат министрлиги;] │Кыргыз Республикасынын Саламаттык │
│[Кыргыз Республикасынын │сактоо министрлиги; │
│Эмгек, ишке орноштуруу жана │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ │
│миграция министрлиги;] │ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ; │
│[Кыргыз Республикасынын Жаштар │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│иштери боюнча министрлиги;] │ЖАШТАР, ЭМГЕК, ИШКЕ ОРНОШТУРУУ │
│Кыргыз Республикасынын │ЖАНА МИГРАЦИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА │
│Калкты социалдык коргоо боюнча │МИНИСТРЛИГИ; │
│министрлиги; │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАШТАР │
│Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик│ИШТЕРИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИГИ; │
│улуттук коопсуздук комитети; │Кыргыз Республикасынын │
│[Кыргыз Республикасынын Суу │Калкты социалдык коргоо боюнча │
│чарбасы жана мелиорация боюнча │министрлиги; │
│мамлекеттик комитети] │Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик│
│ │улуттук коопсуздук комитети; │
│ │[Кыргыз Республикасынын суу │
│ │чарбасы жана мелиорация боюнча │
│ │мамлекеттик комитети] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин: │төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин: │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│Премьер-министринен; │Премьер-министринен; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│экономикалык маселелер боюнча │экономикалык маселелер боюнча │
│биринчи вице-премьер-министринен; │биринчи вице-премьер-министринен; │
│Кыргыз Республикасынын социалдык │Кыргыз Республикасынын социалдык │
│маселелер боюнча │маселелер боюнча │
│вице-премьер-министринен; │вице-премьер-министринен; │
│[Кыргыз Республикасынын күч │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КҮЧ │
│түзүмдөрүн координациялоо боюнча │ТҮЗҮМДӨРҮН КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА │
│вице-премьер-министринен, КМШ жана│ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНЕН,[КМШ жана│
│ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз │ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз │
│Республикасынын өкүлүнөн;] │Республикасынын өкүлүнөн;] │
│министрден - Кыргыз │министрден - Кыргыз │
│Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат │Республикасынын Өкмөтүнүн │
│жетекчисинен; │Аппарат Жетекчисинен; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│министрлеринен; │министрлеринен; │
│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│
│комитеттеринин төрагаларынан; │комитеттеринин төрагаларынан; │
│министрдин рангындагы Ош жана │министрдин рангындагы Ош жана │
│Жалал-Абад шаарларын калыбына │Жалал-Абад шаарларын калыбына │
│келтирүү жана өнүктүрүү боюнча │келтирүү жана өнүктүрүү боюнча │
│мамлекеттик дирекциясынын Башкы │мамлекеттик дирекциясынын Башкы │
│директорунан │директорунан │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘