Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-апрели № 205
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун (туу, гимн, герб) авторлорунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маматалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун (туу, гимн, герб) авторлорунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги№ 205 токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маматалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун (туу, гимн, герб) авторлорунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Сунушталган Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин, Мамлекеттик гимнин жана Мамлекеттик гербин иштеп чыккан адамдарга аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруна автордук укукту бекитүү жана аларга социалдык жеңилдиктерди берүү сунушталат.
Мында Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун авторлоруна пенсия жашына жеткенде Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар дайындалаары каралган.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келээрин белгилейбиз, анткени бул ченемде мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат деп белгиленген.
Мындан тышкары жогоруда аталган Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар Өкмөттүк комиссиянын чечими боюнча мамлекеттик бюджеттен кошумча үстөктөр менен жалпы негиздерде эсептелет.
Буга байланыштуу бюджеттин таңсыктык шартында аталган адамдарга социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди белгилөө республикалык бюджетке кошумча жүктү алып келээрин белгилей кетүү зарыл.
Ошондой эле белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1050-беренесине жана "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык расмий символдор жана белгилер (туулар, гербдер, гимндер, ордендер, акча каражаттары жана башкалар) автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт.
Жогоруда баяндалганды көңүлгө алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун авторлорунун статусу жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу каралбагандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|