Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 661 токтому менен бекитилген |
1-тиркеме
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
2. Максаттар жана милдеттер
3. Иштин багыттары
4. Күтүлүүчү натыйжалуулукту баалоо
1. Киришүү
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) мамлекеттик сатып алуулар системасынын мындан ары өнүгүүсүн, өлкөдөгү экономикалык саясатты өркүндөтүү, атаандаштыкты өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо жана маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери менен өз ара тыгыз байланышты караштырат.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуу процесстерин жөнгө салуучу институттук жана ченемдик укуктук база түзүлгөн. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун, мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү зарылдыгына байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды акырындык менен өнүктүрүү планын иштеп чыгуу талап кылынат.
Бул Стратегия Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун ишке ашыруу үчүн орточо мөөнөттүү келечекте өз ара байланышкан уюштуруу, укуктук жана институттук чаралардын комплексин жүргүзүүнү анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар көлөмүнүн кыйла көбөйүшүнө жана өлкөнүн экономикасына алардын таасиринин күчөшүнө байланыштуу мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын иштеп чыгууну аныктайт.
Мамлекеттик сатып алуулар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкү проблемаларды чечүүнүн концептуалдык ыкмасы талап кылынат:
- мамлекеттик сатып алууларды бардык этаптарын регламенттөөчү ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлбөгөндүгү;
- сатып алуучу уюмдар тарабынан сатып алынуучу товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын, көлөмүн, ошондой эле сатып алуу методдорун пландоо сапатынын деңгээлинин төмөндүгү;
- тендердик комиссия мүчөлөрүнүн, сатып алуучу уюмдардын жооптуу адамдарынын жетишсиз квалификациясы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар процессиндеги орун алган коррупциялык укук бузуулар;
- жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө потенциалдык берүүчүлөрдү начар маалымдоо жана алардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
- мамлекеттик сатып алууларга багытталган бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мониторингинин жана талдоонун автоматташтырылган системасынын жоктугу.
Жогоруда аталган проблемалар өлкөнүн экономикасындагы өзгөрүүлөргө өз учурунда жана адекваттуу көңүл бурууга жана мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуу жол-жоболорун бузуулардын көптөгөн фактыларын ыкчам токтотууга мамлекеттик сатып алуулардын бүткүл системасынын даяр эместигине алып келүүдө.
Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы максаттуу мамлекеттик саясат өлкөнүн экономикасынын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат, себеби ал бул жааттагы маанилүү багыт.
2. Максаттар жана милдеттер
Стратегиянын негизги максаттарынын бири электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасын киргизүү болуп саналат.
Электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасын киргизүү баарынан мурда мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоо, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо, берүүчүлөр (подрядчиктер) ортосундагы атаандаштыкты стимулдаштыруу жана өнүктүрүү, жергиликтүү берүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн каралган.
Электрондук сооданы киргизүү мамлекетке сапаттуу товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү минималдуу баада алууга мүмкүндүк берет. Берүүчүлөр электрондук соодага катышуу менен максималдуу атаандаштык шарттарында товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекетке берүү укугуна ээ болушат, өзүлөрүнүн сунуштарынын баа наркын объективдүү төмөндөтүүгө өзүнүн продукциясына болгон чыгымды кыскартууга жана сапатын жогорулатууга умтулуп, анын аркасында товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып да алууда мамлекеттик чыгымдарды минимумга чейин кыскартууга мүмкүндүк беришет.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- мамлекеттик сатып алуулар процессинин бардык этаптарын регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасын киргизүү, анын ичинде сатып алуулардын жылдык планын жарыялоону кошкондо электрондук кайтарым аукциондорун жүргүзүү мүмкүндүгү менен "электрондук соода аянттарын" киргизүү, ошондой эле сатып алуучу уюмдардын жана берүүчүлөрдүн улуттук электрондук маалыматтар базасын түзүү, рынок бааларынын обзору функциясы менен реалдуу убакыт режиминде учурдагы тендер статусунун обзору, он-лайн публикациялары, тендерлерди жарыялоо тууралуу кабарлоолор жана контракттарды ыйгаруу деталдары;
- мамлекеттик сатып алуулар системасын маалыматтык камсыздоону аткаруу (мамлекеттик сатып алуулардын Интернет-порталын колдоо жана өнүктүрүү жана электрондук соодаларды жана электрондук кайтарым аукциондорун өткөрүү үчүн электрондук аянтты түзүү);
- статистикалык маалыматтарды жыйноо, сактоо жана маалымдоо боюнча туруктуу системаны иштеп чыгуу жана киргизүү;
- даттанууларды көз карандысыз кароо механизмин киргизүү;
- берилген товарлар, көрсөтүлгөн кызматтар жана берүүчүлөр (подрядчиктер) аткарган иш үчүн төлөөнү кечиктиргендиги үчүн сатып алуучу уюмдардын жоопкерчилиги аныктоо;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү келишим боюнча талаштарды жөнгө салуу мүмкүндүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштыруу;
- сатып алуучу уюмдар жана берүүчүлөр үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча өз алдынча окутууну жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу органдын потенциалын чыңдоо.
3. Иштин багыттары
1. Мыйзамдык жана ченемдик база
Мамлекеттик сатып алуулар системасын натыйжалуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү зарыл, анын ичинде:
- эл аралык практиканы эске алуу менен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен стандарттык тендердик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын пайдалануу боюнча колдонмону иштеп чыгуу;
- Тендердик табыштамаларды баалоо жана салыштыруу боюнча методикалык нускаманы иштеп чыгуу;
- сатып алуучу уюмдар үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
2. Институттук түзүм жана башкаруу потенциалы
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ЫУО) атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги электрондук сатып алууларды киргизүү процессинин бардык аспекттерин жөнгө салат.
Электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана операциялык тейлөө процессин жөнгө салуу үчүн электрондук сатып алуулар боюнча ЫУО жетекчилиги менен атайын Долбоорду башкаруу тобу (ДБТ) түзүлөт.
Электрондук сатып алууларды программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана тейлөө ЫУО тарабынан жүргүзүлөт.
Электрондук сатып алуулардын бирдиктүү толук баалуу (башталышынан баштап аягына чейин) системасын киргизүү этап менен ишке ашырылат. Электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасынын негизги функционалдык компоненттери жана алардын даярдыгынын болжолдуу датасы:
- тендерди жарыялоо тууралуу электрондук чыгаруулар 2012-жылдын октябры;
- электрондук кайтарым аукциондор - 2012-жылдын декабры:
- электрондук тендерлер - 2013-жылдын майы;
- тендерлерге чейин жана андан кийинки иш процесстери 2013-жылдын июну;
- соода аянты - 2013-жылдын декабры.
Электрондук сатып алуулардын функционалдык компоненттери 3 жыл аралыгында бардык сатып алуучу уюмдардын камтуу үчүн этап менен иштелип чыгат, анын ичинде:
- мамлекеттик электрондук сатып алуулар системасы аркылуу бюджет жана Казыналык менен сатып алуулар функцияларын интеграциялоо;
- сатып алуулар планын жайгаштыруу, жарыялоо, тендердик табыштамаларды ачуу жана баалоо менен байланыштуу сатып алууларды системалоо, ошондой эле электрондук сатып алуулар системасындагы эсеп-чотторду эсепке алуу ж.б.;
- сатып алуулар боюнча аналитикалык кеңири отчетторду алуу үчүн товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөрдү так жана ырааттуу аныктоо үчүн Бирдиктүү классификация коддорун кабыл алуу.
Кызыккан бардык тараптар үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик электрондук сатып алуулар системасында жарыялоолорду, аналитикалык отчетторду веб-порталга жайгаштыруу мүмкүндүгү каралган.
Сатып алуулар боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында төмөндөгү иш-чаралар уюштурулат:
- мамлекеттик сатып алуулар процессине тартылган адамдар үчүн атайын окутуулар;
- электрондук сатып алууларды программалык камсыздоону пайдалануу боюнча практикалык сабактарды жүргүзүү;
- электрондук сатып алуулар системасын колдонуу жана отчетторду тапшыруу маселелери боюнча, ошондой эле электрондук жана мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу даттануулар боюнча берүүчүлөр жана сатып алуучу уюмдар үчүн атайын телефондук маалымат кызматын түзүү (Call-centre);
- мамлекеттик сатып алуулардын колмо-кол сатып алуулар ыкмасынан электрондук ыкмаларга акырындык менен өтүүнү камсыз кылуу максатында электрондук системаны колдонуу үчүн акыркы пайдалануучу сатып алуучу уюмдардын сатып алуу бөлүмүн техникалык жабдуу (компьютерлер, принтерлер, сканерлер, Интернетке туташтыруу ж.б.).
3. Сатып алуу иши жана рыноктук практика
1. Сатып алуучу уюмдун колдонуучулары сатып алууларды мамлекеттик сатып алуулар системасында түздөн-түз реалдуу убакыт режиминде жүргүзөт. б.а. электрондук сатып алуулар системасында көрсөтүлүүчү сатып алуулардын статусу фактылай жана жаңыланган болот.
2. Электрондук сатып алууларга катышуу үчүн берүүчүлөр (подрядчиктер) үчүн нускаманы иштеп чыгуу.
3. Электрондук сатып алууларга катышуу үчүн берүүчүлөргө шарттарды түзүү, ошондой эле колмо-кол сатып алуулар ыкмасынан электрондук ыкмаларга акырындык менен өтүүнү камсыз кылуу максатында региондордо техникалык жабдылган борборлор ачылат.
4. Электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасынын электрондук веб-порталында колдонуучулардан сунуш-пикирлерди, он-лайн-сурамжылоолорду алуу үчүн атайын форум иштелип чыгат.
5. Кеңири чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле акыркы колдонуучулар менен (мамлекеттик сатып алуулар процессине тартылган сатып алуучу уюмдардан баштап, берүүчүлөр жана кеңири коомчулук) байланышын түзүү үчүн коомчулук менен консультациялар, маалыматтык билим берүү программалары жана семинарлар өткөрүлөт.
6. Веб-порталда аткарылып жаткан бардык иш аракеттерди автоматтык сактоо үчүн алынып салынган резервдик архивди түзүү.
4. Мамлекеттик сатып алуулар системасынын айкындуулугу
Электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасын башкаруу төмөндө көрсөтүлгөндөй сатып алуунун белгилүү бир жол-жоболорун сактоону камсыз кылат:
- колдонуучуларга берилген ыйгарым укуктарды берүүнү натыйжалуу ишке киргизүү;
- электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасынын веб-порталында боло турган тендер жөнүндө кулактандырууну жарыялоо учурунан баштап ар бир кызыккан адамдар үчүн тендердик документтерди жайгаштыруу;
- тендердик табыштамаларды тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин тендердик табыштамаларды берүү мүмкүнчүлүгүн автоматтык түрдө жабуу;
- ISO 27001 сыяктуу кадыр-барктуу эл аралык стандарттарда көрсөтүлгөн коопсуздук талаптарына системанын ылайык келүүсүн текшерүүнү жүргүзүү максатында, бейтараптуу 3-тарап тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасынын аудитин жүргүзүү;
- тендердин натыйжаларын макул көрбөгөн тендердин катышуучуларынын он-лайн режиминде даттанууну берүү жана даттануунун статусун текшерүү мүмкүнчүлүгү.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ачыктык, электрондук сатып алуулар веб-порталында өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жарыялоо жолу менен күчөтүлөт:
- сатып алуулардын планы;
- боло турган тендер жөнүндө кулактандыруу;
- тендердик табыштамаларды ачуу;
- тендердин жеңүүчүлөрүнө ыйгаруу;
- түзүлгөн келишимдер боюнча маалымат;
- түшкөн даттануулар боюнча чечүү;
- ишенимсиз берүүчүлөрдүн тизмеси ж.б.
Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы берүүчүлөрдүн мамлекеттик мекемелерге жеке келүүлөрүн минимумга жеткирүү үчүн иштелип чыгат жана он-лайн режиминде сатып алуулар жол-жобосу боюнча сатып алуучу уюмдар менен аз ара аракеттенүүгө берүүчүлөргө мүмкүндүк түзөт.
4. Күтүлүүчү натыйжалуулукту баалоо
Ушул Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш чараларды этабы менен аткаруу, экономиканын өнүгүшү менен мамлекеттик сатып алуулар жаатында мамлекеттик саясаттын негизги элементтеринин тыгыз байланыштыруу каралууда.
Стратегиянын натыйжалуулугун аныктаган ченемдер, төмөндөгү көрсөткүчтөр менен туюнтулат:
- өркүндөтүлгөн ченемдик-укуктук база жана мамлекеттик сатып алуулардын институттук бекемделген системасы;
- мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө;
- сатып алууларды ишке ашыруу процессинде берүүчүлөрдүн кеңири катышуусу;
- сатып алуучу уюмдар өткөргөн сатып алууларга катышуунун бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
- мамлекеттик сатып алууларды пландоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- коррупциялык аракеттерди төмөндөтүү;
- мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндө адистердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу.