Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 27-сентябры № 661
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүү, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык электрондук мамлекеттик сатып алууларды ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- бул Стратегияны ишке ашыруу мезгилинде Стратегияны ишке ашыруу жөнүндө мониторинг жүргүзсүн жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январынан кечиктирбестен жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ө. Бабанов |
2-тиркеме
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
┌───┬──────────────────┬─────────────────┬─────────┬─────────┬────────┐
│ │ Иш чаралардын │ Ишке ашыруу │ Аткаруу │ Каржылоо│Аткаруу-│
│ │ мазмуну │ формасы │ мөөнөтү │булактары│чулар │
├───┴──────────────────┴─────────────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ 1. Мамлекеттик сатып алуулар жаатында │
│ ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү │
├───┬──────────────────┬─────────────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1.1│Мыкты эл аралык │"Мамлекеттик │2012- │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │практиканы эсепке │сатып алуулар │жылдын │ │ │
│ │алуу менен │жөнүндө" Кыргыз │4- │ │ │
│ │"Мамлекеттик сатып│Республикасынын │кварталы │ │ │
│ │алуулар жөнүндө" │Мыйзамына │ │ │ │
│ │Кыргыз │өзгөртүүлөрдү │ │ │ │
│ │Республикасынын │киргизүү │ │ │ │
│ │Мыйзамын │ │ │ │ │
│ │өркүндөтүү │ │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.2│Электрондук │Электрондук │2012- │ │Финмин │
│ │мамлекеттик сатып │мамлекеттик сатып│жылдын │ │ │
│ │алуулар жөнүндө │алуулар жөнүндө │4- │ │ │
│ │жобо │жобону иштеп │кварталы │ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.3│Стандарттык │Стандарттык │2013- │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │тендердик │тендердик │жылдын │ │ │
│ │документтерди │документтерди │1-2- │ │ │
│ │"Мамлекеттик сатып│өркүндөтүү │кварталы │ │ │
│ │алуулар жөнүндө" │ │ │ │ │
│ │Кыргыз │ │ │ │ │
│ │Республикасынын │ │ │ │ │
│ │Мыйзамынын жаңы │ │ │ │ │
│ │редакциясына │ │ │ │ │
│ │ылайык келтирүү │ │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.4│"Мамлекеттик сатып│"Мамлекеттик │2013- │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │алуулар жөнүндө" │сатып алуулар │жылдын │ │ │
│ │Кыргыз │жөнүндө" Кыргыз │1-2- │ │ │
│ │Республикасынын │Республикасынын │квартал- │ │ │
│ │Мыйзамын колдонуу │Мыйзамын колдонуу│дары │ │ │
│ │боюнча Колдонмону │боюнча Колдонмону│ │ │ │
│ │иштеп чыгуу │даярдоо жана │ │ │ │
│ │ │жарыкка чыгаруу │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.5│Тендердик │Методикалык │2012- │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │табыштамаларды │нускаманы даярдоо│жылдын │ │ │
│ │баалоо жана │жана жарыкка │4- │ │ │
│ │салыштыруу боюнча │чыгаруу │кварталы │ │ │
│ │методикалык │ │ │ │ │
│ │нускама │ │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.6│Сатып алууларды │Сатып алуучу │2013- │ │Финмин │
│ │ишке ашыруу үчүн │уюмдардын бөлүмү │жылдын │ │ │
│ │натыйжалуу негизди│жана тендердик │1-2- │ │ │
│ │камсыз кылуу │комиссия жөнүндө │квартал- │ │ │
│ │максатында сатып │жобону өркүндөтүү│дары │ │ │
│ │алуучу уюмдардын │ │ │ │ │
│ │потенциалын түзүү │ │ │ │ │
│ │жана чыңдоо │ │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.7│Ички берүүчүлөргө │Ички берүүчүлөргө│2012- │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │(подрядчиктерге) │(подрядчиктерге) │жылдын │ │ │
│ │берилген │берилген │4- │ │ │
│ │жеңилдиктерди │жеңилдиктерди │кварталы │ │ │
│ │колдонуу боюнча │колдонуу боюнча │ │ │ │
│ │методикалык │методикалык │ │ │ │
│ │нускама │нускаманы иштеп │ │ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.8│Даттанууларды │Даттанууларды │Декабрь │ │Финмин │
│ │кароого көз │карап чыгууну │2012-жыл │ │ │
│ │карандысыз │караган │Февраль │ │ │
│ │механизмди │"Мамлекеттик │2013-жыл │ │ │
│ │киргизүү │сатып алуулар │ │ │ │
│ │ │жөнүндө" Кыргыз │ │ │ │
│ │ │Республикасынын │ │ │ │
│ │ │Мыйзамынын │ │ │ │
│ │ │беренесине │ │ │ │
│ │ │өзгөртүүлөрдү │ │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │ │
│ │ │Даттанууларды │ │ │ │
│ │ │жана каршы │ │ │ │
│ │ │болууларды кароо │ │ │ │
│ │ │жөнүндө жобону │ │ │ │
│ │ │иштеп чыгуу │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│1.9│Тендерлерди │Баалоо отчетунун │2013- │ │Финмин │
│ │өткөрүүдө баалоо │стандарттык │жылдын │ │ │
│ │процессин │отчетун милдеттүү│2- │ │ │
│ │жакшыртуу │толтурууну │кварталы │ │ │
│ │ │караган │ │ │ │
│ │ │Стандарттык │ │ │ │
│ │ │тендердик │ │ │ │
│ │ │документацияларга│ │ │ │
│ │ │өзгөртүүлөрдү │ │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │ │
├───┴──────────────────┴─────────────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ 2. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн │
│ бирдиктүү системасын киргизүү │
├───┬──────────────────┬─────────────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│2.1│Электрондук │Электрондук сатып│ │АӨБ │Финмин │
│ │кайтарым │алууларды │ │ │ │
│ │аукциондорду │жүргүзүүнүн │ │ │ │
│ │жүргүзүү │бирдиктүү │ │ │ │
│ │мүмкүнчүлүгү │системасын түзүү │ │ │ │
│ │менен, ошондой эле│жана киргизүү. │ │ │ │
│ │сатып алуулардын │Этабы менен ишке │ │ │ │
│ │жылдык планын │ашырыла турган │ │ │ │
│ │жарыялоону, сатып │бирдиктүү толук │ │ │ │
│ │алуучу уюмдардын │кандуу (башынан │ │ │ │
│ │жана берүүчүлөрдүн│баштап аягына │ │ │ │
│ │улуттук │чейин) │ │ │ │
│ │маалыматтык │электрондук сатып│ │ │ │
│ │электрондук │алуулар │ │ │ │
│ │базасын түзүүнү, │системасын │ │ │ │
│ │орто тендердик │киргизүү: │ │ │ │
│ │бааларды, он-лайн │- тендерлерди │2012- │ │ │
│ │публикацияларды, │жарыялоо │жылдын │ │ │
│ │тендерлерди │тууралуу │ноябры │ │ │
│ │жарыялоо жана │электрондук │ │ │ │
│ │ │публикациялар; │ │ │ │
│ │ │- электрондук │2012- │ │ │
│ │ │кайтарым │жылдын │ │ │
│ │ │аукциондор; │декабры │ │ │
│ │ │- электрондук │2013- │ │ │
│ │ │тендерлер; │жылдын │ │ │
│ │ │ │майы │ │ │
│ │ │- тендерлерге │2013- │ │ │
│ │ │чейин жана андан │жылдын │ │ │
│ │ │кийинки иш │июну │ │ │
│ │ │процесстери; │ │ │ │
│ │ │- сатуу аянтчасы │2013- │ │ │
│ │ │ │жылдын │ │ │
│ │ │ │декабры │ │ │
├───┴──────────────────┴─────────────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик │
│ сатып алуулардын методологиясы жана талдоо башкармалыгынын, │
│ сатып алуучу уюмдардын жана берүүчүлөрдүн (подрядчиктердин) │
│ потенциалын чыңдоо │
├───┬──────────────────┬─────────────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│3.1│Кыргыз │Мамлекеттик сатып│2013- │АӨБ/ДБ │ │
│ │Республикасынын │алуулар │жылдын │ │ │
│ │Финансы │жол-жоболоруна │марты │ │ │
│ │министрлигинин │окутуу боюнча │ │ │ │
│ │мамлекеттик сатып │окутуучуларды │ │ │ │
│ │алуулардын │даярдоо, │ │ │ │
│ │методологиясы жана│мамлекеттик сатып│ │ │ │
│ │талдоо │алуулар боюнча │ │ │ │
│ │башкармалыгынын │статистикалык │ │ │ │
│ │потенциалын чыңдоо│маалыматты │ │ │ │
│ │ │чогултууну │ │ │ │
│ │ │өркүндөтүү │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3.2│Электрондук сатып │Республиканын │2012-жыл │МКБ ПӨ │Финмнн │
│ │алуулар жана │бардык │ноябрь- │ │ │
│ │жалпысынан │облустарында │декабрь │ │ │
│ │мамлекеттик сатып │электрондук сатып│ │ │ │
│ │алууларды │алуулардын │ │ │ │
│ │пайдалануу │программалык │ │ │ │
│ │боюнча, сатып │камсыздалышын │ │ │ │
│ │алуулар боюнча │колдонуу боюнча │ │ │ │
│ │адистердин │тышка чыгуу менен│ │ │ │
│ │квалификациясын │өткөрүлгөн │ │ │ │
│ │жогорулатуу үчүн │практикалык │ │ │ │
│ │адистештирилген │сабактарды │ │ │ │
│ │окутууну өткөрүү │өткөрүү │ │ │ │
├───┼──────────────────┼─────────────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3.3│Электрондук сатып │Бишкек жана Ош │2013-жыл │МКБ ПӨ │Финмин │
│ │алуулар системасын│шаарларында сатып│февраль- │ │ │
│ │жана жалпысынан │алуулардын │апрель │ │ │
│ │мамлекеттик сатып │программалык │ │ │ │
│ │алуулар боюнча │камсыздалышын │ │ │ │
│ │берүүчүлөрдү │колдонуу боюнча │ │ │ │
│ │(подрядчиктердин) │тышка чыгуу менен│ │ │ │
│ │адистештирилген │өткөрүлгөн │ │ │ │
│ │окутуу жана │практикалык │ │ │ │
│ │квалификациясын │сабактарды │ │ │ │
│ │жогорулатууну │жүргүзүү │ │ │ │
│ │жүргүзүү │ │ │ │ │
└───┴──────────────────┴─────────────────┴─────────┴─────────┴────────┘
Эскертүү: Бул Пландагы пайдаланылган аббревиатуралар:
МКБ ПӨ - Улуу Британия Бириккен королдугу, Түндүк Ирландия, Швейцария, Европалык союздун өкмөттөрү тарабынан каржыланган жана Дүйнөлүк банк тарабынан администрленген "Мамлекеттик каражатты башкарууда потенциалды өнүктүрүү" долбоору.
АӨБ - Азия өнүктүрүү банкы.
ДБ - Дүйнөлүк банк.