Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 токтому менен бекитилген |
2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча КОМПЛЕКСТҮҮ ПРОГРАММА
2. Комплекстүү программанын максаттары жана милдеттери
1. Киришүү
Социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр калктын бардык катмарына, бирок көбүнчө үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалына таасирин тийгизди, анткени жаңы экономикалык мамилелерге өтүүгө байланыштуу жарандардын ушул категориясына эсептелген көптөгөн социалдык кепилдиктер алып салынды. Эгерде өлкөдө калктын 42%ин 18 жашка чейинки балдар түзөөрүн эске алсак, калктын көпчүлүк корголбогон катмары көптөгөн социалдык кепилдиктерден ажырап калганы менен эле Кыргызстан үчүн базар экономикасын орнотуунун кесепеттеринин масштабын бааласа болот. Биринчи кезекте бул ишке орноштуруу, акысыз орто билим берүү жана саламаттык сактоо, балдардын бош убактысына жана эс алуусуна жалпы жеткиликтүүлүк кепилдиктери.
Мындан тышкары, 2009-2010-жылдардагы экономикалык кризис республикада кедейчилик проблемаларынын курчушуна алып келди. Кыргыз Республикасында кедейликтин көз карашынан алганда эң эле аялуу калк болуп айыл тургундары, ички мигранттар жана көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптыгы бар үй-бүлөлөр, жумушсуздар болуп эсептелет, мында эреже катары билим деңгээли төмөн, ал эми үй-бүлөнүн башчысы болуп аял саналат. Туруксуз социалдык-экономикалык абал, жумушсуздук, аргасыз миграция, үй-бүлөлөрдүн камсыз кылынгандыгынын жалпы деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле алардын инфраструктурасынын начарлашы социалдык жетимдиктин өсүшүнө алып келди. Булар, ошондой эле бир катар башка себептер үй-бүлө институтунун начарлашына, "нике" жана "үй-бүлө" түшүнүгүнүн девальвациясына, үй-бүлөлүк салттын кыйрашына алып келди.
Энени сыйлоо жана урматтоо салты, балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү чыңдоодогу анын ролунун маанилүүлүгүн, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу Кыргызстан калкында илгертен эле бар.
Өлкөнү келечекте өнүктүрүү аялдардын бийик статусун жана анын реалдуу абалын жакшыртууну коом жана мамлекет таанымайынча мүмкүн эмес. Тилекке каршы, акыркы жылдары өлкөдөгү кырдаал эненин коопсуздугун, бакубаттыгын камсыз кылуу, үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү маселелерине олуттуу көңүл бурууга мүмкүндүк берген жок. Ушул маселелерге көңүл буруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек.
2. Комплекстүү программанын максаттары жана милдеттери
2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программанын (мындан ары - Комплекстүү программа) максаты үй-бүлөнү жана энени колдоо системасын өркүндөтүү болуп саналат, ал энени колдоого жана үй-бүлө институтун чыңдоого багытталган кайрымдуу, натыйжалуу, комплекстүү, интеграцияланган системаны түзүү аркылуу өзүнө социалдык жана материалдык кепилдиктерди камсыз кылууну, укуктарды жана мыйзамдуу таламдарды коргоону, жашоонун татыктуу сапатын камсыз кылууну, үй-бүлө-нике каада-салттарын, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоону камтыйт.
Белгиленген максаттар төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен ишке ашырылат:
- ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү;
- коомдо үй-бүлө мамилелерин чыңдоо жана үй-бүлөнүн статусун жогорулатуу боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн туруксуздуктун себептерин табуу;
- социалдык-маданий салттарды колдоо;
- экономикалык аялуу деңгээлин төмөндөтүү, төрөттү көбөйтүүгө өбөлгө түзүү;
- эненин жана баланын жашоо сапатын жакшыртуу жана саламаттыгын коргоо;
- көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар үчүн билимге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- фермердик чарба түзүүнү каалаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү;
- медициналык тейлөөгө жана дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- аялдардын ден соолугун коргоо, сактоо жана чыңдоо, энени социалдык жактан колдоо, көп балалуу жана жаш үй-бүлөлөргө ар тараптан жардам көрсөтүү, үй-бүлө институтунун кадыр-баркын жогорулатуу;
- үй-бүлөнү жана энени колдоо жаатындагы маалыматтын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- көп балалуу үй-бүлөлөрдүн турак жай проблемаларын жакшыртууга мамлекеттик жардам көрсөтүү;
- консультациялык жардамдарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен үй-бүлөлүк оор кырдаалдарды чечүү ыкмасы жөнүндө маалымдоонун деңгээлин жогорулатуу.
Программалык иш-чараларды ишке ашыруу акыркы жылдарда пайда болгон демографиялык планда оң тенденцияларды сактоого мүмкүндүк берет, ошондой эле үй-бүлө институтуна маданий жана жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоого түрткү берет.
3. Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36, 37-беренелерине ылайык эне жана бала, үй-бүлө бүткүл коомдун камкордугунун предмети болуп саналат жана мамлекеттик коргоодо турат.
Келечек муундарынын ден соолугу, балдардын билиминин сапаты, коомдун адептүүлүк туруктуулугун жана баалуулугун түзүү үй-бүлөнүн бакубаттыгына, эненин ден соолугунун абалына жана анын билиминин деңгээлине түздөн-түз байланыштуу.
Энени жана баланы коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.
Бирок, расмий маалыматтар боюнча төрөт курагындагы аялдардын ден соолугунун деңгээли өтө төмөн болуп калууда, ал кош бойлуулук жана төрөт учурунда түрдүү кошумча оорулардын санын көбөйтүүгө алып келет. Жаңы төрөлгөн балдардын 30 проценти гана дени сак деп таанылышы мүмкүн. Эненин жана баланын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү да жогору бойдон калууда. Аялдардын ден соолугуна таасир эткен олуттуу терс фактор болуп алардын эмгегинин жагымсыз шарттары таанылат.
Иштеген энелерди мамлекеттик колдоо системасы натыйжасыз. Кыргыз Республикасында иштеген аялдарды социалдык колдоо кош бойлуулук жана төрөт боюнча жана убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды берүү жолу менен камсыз кылынат. Ушул жөлөкпулдардын түрлөрүн чектөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы N 727 токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат. Социалдык жеңилдик пакетине кирген кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү бардыгы 7 эсептик көрсөткүчтү (700 сом) түзөт. Оор экономикалык шарттар жана ишин жоготуу коркунучу аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча отпускасын таптакыр пайдаланбоосуна алып келүүдө.
Энелердин өлүмгө учурашынын негизги бөлүгү - 64,3% (45 учур) төрөт үйүндө жана төрөттөн кийинки бөлүмдө болот, соматикалык жана хирургиялык профилдеги стационарларда өлүмдүн көрсөткүчү 28,3%га өскөн, ал жакка экстрагениталдык патологиясы бар аялдар келип түшөт (2011-жылы 20 учур жана 2010-жылы 15 учур). Мында ооруканага келаткан жолдо каза болуунун 4 учуру, үйүндө - 3 учур болгон.
2010-жылга салыштырганда 2011-жылы медициналык уюмдарда каза болгон аялдардын көрсөткүчү кыйла өскөн - 2010-жылы 12,7%дан (9) 2011-жылы 18,5%га (12) өскөн, мында Бишкек шаарында убактылуу жашаган жана каттоосу жок, кош бойлуулук боюнча байкоодон өтпөгөн аялдар көп учурда стационарга өтө оор абалда келип түшүшөт.
Балдарды коргоо жаатындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдардын жалпы санынын - 2,2 млн. баланын ичинен 11 миңге жакын бала 117 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде жайгаштырылган.
2011-жылы балдардын социалдык статусу жөнүндө ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык 86 (117ден) балдар интернат үйлөрүндө 8201 бала жашайт, алардын 516сы жетим болуп саналат, калган балдардын атасы же энеси бар. Резиденциялык (интернаттык) мекемелерде көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарды аныктоонун себеби болуп балдардын жөлөкпулдарынын өтө төмөн өлчөмү саналат, мында проблемаларды чечүүнүн бирден-бир жеткиликтүү варианты болуп - резиденциалдык мекемелерге балдарын жайгаштыруу эсептелет.
Балдар үйлөрүндө бир тарбиялануучуну багууга мамлекет айына 7113 сом бөлөт. Мында бардык администрациялык чыгымдардан, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн, мекеменин кызматкерлерине эмгек акы төлөөдөн кийин гана баланы багууга 210 сомдон туура келет. Ошентип, мамлекет балдарды кармаганга гана эмес, балдар үйүн кармаганга акча каражатын бөлөт. Колдонуудагы резиденциялык мекемелерди каржылоо системасы жана резиденциялык мекемелерде балдарды жайгаштыруунун жетишээрлик жеңил ыкмасы ушул мекемелерде камкордукка алынгандардын санынын өсүшүнө жана ушул эле мекемелердин өсүшүнө мүмкүндүк берет.
Бирок, баланын резиденциялык мекемелерде болуусу ошол жерде болгон баланын психикасынын жана ден соолугунун бузулушуна таасир этет. Көпчүлүк европалык мамлекеттерде ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды жайгаштыруунун мындай формасынан эчак эле баш тартышкан. Баланы өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте ал жөнүндө камкордук кылган чоң кишилер менен эмоциялык байланышта болуусу маанилүү. Резиденциялык мекемелерде жашаган балдарда көп убакытка чейин өнүгүүнүн артта калуусу байкалат.
Жогоруда аталган проблемаларды чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан баланы багып алган үй-бүлөлөргө баланы тарбиялоо боюнча функцияларды өткөрүп берүү максатында мамлекеттик балдар интернат үйлөрүн толугу менен жоюу мүмкүнчүлүгү каралууда. Баланы багуу системасын реформалоо процесси балдар үйүн жана интернаттарды кармоого, багып алган үй-бүлөлөрдү каржылоого республикалык бюджетке салынган болгон акча каражаттарын кайра бөлүштүрүүнү болжолдойт.
Азыркы учурда кедейчиликтин чегинен төмөн үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын саны 848,2 миң баланы, кедей үй-бүлөлөрдө - 739,5 миң баланы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө - 359,6 миң баланы түзөт.
Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар мамлекеттик жөлөкпулдардын негизги эки түрүн - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпулдарды (мындан ары - АҮАЖ) жана ар айлык социалдык жөлөк пулду (мындан ары - АСЖ) чектөөнү жана төлөөнү карайт.
АҮАЖ балдарга багытталган, ал балдары бар алда канча кедей үй-бүлөлөрдүн кирешелериндеги ажырымды кепилденген минималдуу кирешенин (мындан ары - КМК) деңгээлине чейин жоюуга багытталган, өлчөмү 2011-жылдан тартып 370 сомду түзөт.
2010-жылдан тартып АСЖ үй-бүлөнүн орто жан башына жыйынды кирешесине карабастан категориялык принцип боюнча чектелүүдө, аны алуучулар болуп пенсия менен камсыз кылууга укугу болбогон эмгекке жарамсыз адамдар, анын ичинде балдар саналат. 2011-жылы АҮАЖнын орточо өлчөмү 304 сомду, АСЖнын орточо өлчөмү 2112,8 сомду түздү. АСЖ балага баккан адамынан ажыраган учурда 1000 сом, тоголок жетимдерге 2000 сом өлчөмүндө чектелет.
Азыркы учурда республикада 50,9 миңге жакын иштеген балдар бар. Алардын ичинен 50%ы мектепке барбайт. Эреже катары, алар квалификациялуу эмес жумушчу күчүнүн рыногуна тартылган эмес.
Балдарды эл аралык асыроо жагынан соңку жылдардагы кырдаалды талдоо эл аралык бала асыроонун азыркы механизминде бала үй-бүлөгө орноштуруу зарыл болгон объект катары эмес, акча табуу объекти катары карала тургандыгын көрсөттү. Бул багытта эл аралык бала асыроону жөнгө салган жана үй-бүлөлүк чөйрөгө баланын укугуна кепилдик кылган механизмдер жеткире иштелип чыккан эмес.
Ошону менен бирге, мисалы, энелик жана балалык боюнча жөлөкпул жөнүндө аялдардын маалымдалышы өтө төмөн. Көпчүлүк аялдар жөлөкпул жөнүндө маалыматты аялдар консультациясынан алышат (40%). Дагы 33%и иштеген жери боюнча бухгалтериядан алышат. Респонденттердин 26,6%и жөлөкпулдар жана аны алуу усулдары жөнүндө маалыматты курдаштарынан, тааныштарынан жана туугандарынан алышат. Респонденттердин 20%и жөлөкпулдар жөнүндө маалыматты Интернет жана журналдар аркылуу алышат. Респонденттердин 6,6%ине жөлөкпулдар жөнүндө маалыматты ТВ-жарнамасы жеткирет.
Аялдар жөлөкпулдар, алардын түрлөрү жана аларды кантип алуунун ыкмалары жөнүндө жана майда-чүйдөсүнө чейин маалыматтын кеңири жетпегендигин белгилешет. Маалыматтын ыңгайлуу бирдей булагы жок, мындан ар бир адам толук маалымат ала алышы мүмкүн болмок.
ЖМК энеликти жана баланы коргоо жана сактоо максатына ылайык биринчи кезекте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого багытталган үй-бүлөнүн кадыр-баркын жогорулатууга түрткү берген программаларды, жарыялоолорду, маалыматтык билдирүүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында артыкчылыктуу жайгаштырууну камсыз кылууга;
2) балдарга тарбия берүү проблемаларына арналган жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмаларында тематикалык теле- жана радиопрограммаларды, тематикалык бөлүмдөрдү түзүүгө;
3) жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруунун оң тажрыйбаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылтууга.
Маанилүү проблемалардын бири болуп репродуктивдүү саламаттыгын сактоо, үй-бүлөнү пландоо ыкмасы, контрацепция ыкмалары жөнүндө калкка жетишсиз маалымдоо болуп саналат. Кош бойлуу аялдар, энелер, жашы жетелектер менен консультациялык-психологиялык жана социалдык практикалык иштерди өркүндөтүү, социалдык жактан келип чыккан боюнан алдырууларды жана аялдардын репродуктивдүү ден соолугун сактоону алдын алууга багытталган иштеп жаткан коомдук уюмдардын республикалык тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүү зарыл.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин энени жана баланы, үй-бүлөнү коргоо боюнча милдетин бекемдөө жашы жетелек балдары бар энелер жана жашы жетелек балдар үчүн адвокаттын акысыз жардамын алууну түшүндүрбөйт, буга жалпы негизде юридикалык жардам адвокат тарабынан акысыз берилүүчү кылмыш иштери кирбейт. Ушуга байланыштуу алардын укугун коргоо чөйрөсүндө жардам сурап кайрылган жашы жетелек балдары бар энелерге жана жашы жетелектерге кошумча жеңилдиктерди белгилөө керек. Көп балалуу үй-бүлөлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр үчүн укуктук жардам боюнча юридикалык консультацияларды жана "Түз байланыш" уюштуруу зарыл.
Эмгек рыногунан аялдарды четтетүү, алар баланы багуу жана тарбиялоо боюнча акы албастан кызмат көрсөтүүлөрдүн ролун өзүнө алгандыктан, балдарды тарбиялаган аялдардын арасында кедейликтин өсүшүнө алып келди, ал 1991-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде 23%ды түзгөн (47%дан 78%га чейин өскөн).
2012-жылдын 1-майына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,5%ти (62,6 миң адамды) түзгөн, ал эми аялдар арасында расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,1%ти (32,1 миң адамды) түзгөн.
Калктын иш менен камсыз болушун мамлекеттик колдоо эмгек рыногунда активдүү чараларды алга илгерилетүүдө турат, ага окутуу, кайра окутуу, убактылуу эмгекке орноштуруу боюнча сунуштар (акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоорлору), жумушсуз жарандарды жеңилдетилген микрокредиттер менен камсыз кылуу кирет. Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга бардыгы болуп 3196 адам жиберилген, алардын ичинен аялдардын үлүшү 60%ды (1789 адамды) түзөт. Кесиптик окутуудан кийин 1328 адам ишке орношкон, алардын ичинен аялдар 813 адамды түзөт.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Эмгек кодексинде үй-бүлө жана эне маселелерине "Аялдардын жана үй-бүлөлүк милдеттери бар башка адамдардын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү" деген бүтүндөй глава арналган, анда үй-бүлө курууга ылайык иштеген аялдарды колдоого жана энеликке түрткү берүүгө багытталган бардык зарыл кепилдиктер эске алынган эмес. Коомдо түзүлгөн кырдаал кош бойлууларды жана көп балалуу аялдарды, алардын укуктук мүнөздөгү чараларын кошкондо, социалдык коргоонун кошумча бардык чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгын жаратат, бул аялдардын эмгегин коргоо жөнүндө мыйзамдарды алдын ала талдоону жана ушул мыйзамдагы жетишпестиктерди табууну талап кылат.
Өлкөнүн экономикасынын жалпы төмөндөшү көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин саламаттыкты сактоо секторуна да терс таасир этти. Мамлекеттик бюджеттен ИДПда саламаттыкты сактоого чыгымдар жыл өткөн сайын кыйла кыскарууда (1991-жылы ИДПнын 3,8%нен 2009-жылы - 64%ке чейин).
Саламаттык сактоо секторун жетишсиз каржылоо медициналык кызмат көрсөтүүлөргө калктын, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордо жашаган адамдардын, ички мигранттардын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келүүдө. Кедей калк үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүк жер-жерлердеги кадрлардын кетип калышынан, ошондой эле республикада саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасы канааттандырарлык эместигинен улам аткарылышы мүмкүн эмес.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет улуттун саламаттыгы жөнүндө камкордук көрүүгө тийиш. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы N 387 Жарлыгы менен бекитилген 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдүү ден соолугун коргоонун Улуттук стратегиясы кабыл алынган.
Балдарды коргоо маселелерине 2006-жылдан баштап чоң көңүл бөлүнгөнүнө карабастан ушул убакка чейин мүмкүн болгон камсыз кылуучу бирдиктүү комплекстүү компьютерлештирилген маалыматтык система (маалыматтар базасы) жок, алар төмөнкүлөр:
- социалдык коргоого муктаж болгон бардык балдарды так эсепке алуу;
- муктаж болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү жол-жоболорунун ачык-айкындыгы;
- балдарды камкордукка алууну жана бала асырап алууну белгилөөдө коррупцияны төмөндөтүү.
Балдарды коргоо системасын жакшыртуу боюнча андан аркы чараларды пландоо.
Маанилүү проблемалардын бири болуп социалдык коштоону жана оор жашоо-турмуш кырдаалынан чыгарууну караган жеке иштер планы боюнча үй-бүлө менен түздөн-түз иштеген социалдык кызматкерлер институтунун жоктугу.
Ошондуктан социалдык кызматкерлердин кесиптик кызматын түзүү, алардын статусун жогорулатуу талап кылынат. Бүгүн социалдык кызматкерлерге турмуштун оор абалында турган үй-бүлөлөргө жана балдарга сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн тийиштүү кесиптик даярдык зарыл.
Ошондой эле мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык деңгээлдеринде турмушка ашырылышына көңүл буруу, ошонун өзү менен калкка социалдык кызмат көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдарды максималдуу камтууну камсыз кылуу зарыл.
Коммерциялык эмес уюмдардан социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мүмкүндүгү мыйзамдуу белгиленген, бирок ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сапатынын натыйжалуулугун баалоо иш жүзүндө мүмкүн эмес. Өлкөдө минималдуу социалдык стандарттар жок, аккредитациялоо механизмдери иштелген эмес, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн наркы аныкталган эмес.
Социалдык коргоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү, алардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана коррупция көрүнүштөрүн төмөндөтүү үчүн калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат базаларын иштеп чыгууга, киргизүүгө жана интеграциялоого өзгөчө көңүл бөлүү керек.
Социалдык коргоонун проблемаларын чечүүдө маанилүү ролду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарышы керек. Бирок, үй-бүлөлөрдү кедейчиликтен чыгарууга көмөк көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жетишсиз деңгээлде турат. Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү өтө жай өтүп жатат, айрым коммерциялык эмес уюмдардын ишинин аркасында гана аларды эл аралык донорлор колдошууда.
Акыркы жылдары өлкөдөгү кырдаал коопсуз, бакубат энеликти, үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү маселелерине олуттуу көңүл буруу мүмкүндүгүн бербеди. Ошону менен катар, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын катарында ушул маселелерге көңүл буруу керек. Ошентип, көп балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо мамлекеттик үй-бүлө саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экендигин моюнга алуу керек.
4. Саясат жана чаралар
Ушул Комплекстүү программанын саясаты социалдык статусуна карабастан аялдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүдө турат.
Бул программа мурдагы жылдары жетишилген өзгөртүүлөрдү реформалоону улантуунун негизинде, ошондой эле өлкөдөгү азыркы социалдык-саясий кырдаалдарды эске алуу менен түзүлгөн жана төмөнкүдөй принциптерге негизделген:
- адамдарга багытталгандыгы;
- натыйжаларга багытталгандыгы;
- ден соолукту чыңдоого тоскоолдук кылган системалык бөгөттөрдү жоюу;
- ишке ашыруунун демократиялык принциби;
- ишке ашыруунун комплекстүү принциби.
Үй-бүлөнү, энени колдоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын катарына кирүүгө тийиш.
Мамлекет тарабынан үй-бүлөнү түзүү жана чыңдоо, үй-бүлө жана эне үчүн кепилдиктерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, ошондой эле бүгүнкү шарттарды эске алуу менен бул багыттар боюнча мыйзамдык базаны жакшыртуу зарыл.
Мындан тышкары, ар бир жаранда үй-бүлө жана эне сыяктуу институттарга карата жоопкерчилик сезимин пайда кылууга багытталган бул маселелерди маалыматтык чагылдырууга көңүл буруу керек.
Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл: үй-бүлөгө ата-эненин экономикалык ишинен алынган кирешелердин баланы ойдогудай өнүктүрүү үчүн жетиштүү болгон деңгээлин камсыз кылуу; балалуу үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулук деңгээлин колдоонун мамлекеттик социалдык кепилдиктеринин системасын өркүндөтүү; үй-бүлөнүн тарбиялоо функцияларын турмушка ашырууга көмөктөшүү; үй-бүлөлүк чөйрөнү жана аны ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн үй-бүлөлүк чөйрөнү сактоо; республика боюнча колдоонун бардык формаларын берүүнүн өлчөмдөрүн, шарттарын жана тартибин аныктаган укуктук ченемдерди бириктирген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
5. Ресурстар
Комплекстүү программаны турмушка ашыруунун алдыда турган мезгилинде күч-аракеттерди, колдо болгон ресурстарды топтоо менен артыкчылыктарды ырааттуу жана этап-этабы менен тандоо өлкөнүн экономикалык шарттары менен өбөлгөлөнгөн, алар үй-бүлөнү жана энени колдоо жана коргоо жаатындагы проблемаларды чечүүгө багытталган бардык интервенцияларды каржылоону камсыз кылууга мүмкүндүк бербей жатат.
Комплекстүү программаны ишке ашыруу тиешелүү жылга министрликтерге жана ведомстволорго каралган каражаттардын алкагында иш-чараларды аткарууну, ошондой эле каржылоонун кошумча булактарын табууну болжолдойт. Бирок ушуга карабастан, айрым иш-чаралар ушул эле учурда донорлордун каржылоосун тартуунун шарттарында ишке ашырылат.
6. Мониторинг жана баа берүү
Мониторинг жана баа берүү индикаторлорду чогултууга жана талдоого негизделген, алар ушул Комплекстүү программаны турмушка ашыруу учурунда жетишилген прогресс динамикасында аныктоого жана байкоого мүмкүндүк берет.
Комплекстүү программанын чегинде иш-чараларды аткарууга министрликтердин, ведомстволордун туруктуу отчеттору, эл аралык өнөктөштөрдүн жана таламдаш тараптардын маалыматтары аркылуу көз салынат.
Программанын негизги аткаруучулары Комплекстүү программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду талдайт жана Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине берет, ал аны аткаруунун жүрүшүн координациялайт, контролдойт жана Комплекстүү программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
Комплекстүү программаны ишке ашыруудагы проблемаларды иликтөө жана аны аткаруу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү үчүн сандык ыкмалар сапаттык изилдөөлөрдү, ишке ашыруунун практикалык кадамдарын оңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен коштолот. Бул иш үчүн жарандык сектордун өкүлдөрү тартылат.
Негизги көрсөткүчтөр:
- үй-бүлөнү жана энеликти колдоонун социалдык кепилдиктерин жөнгө салуучу жана бекемдөөчү кабыл алынган документтердин саны;
- наристенин жана эненин өлүмүнүн көрсөткүчү;
- медициналык, социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алган балдардын жана ата-энелердин саны;
- муктаж үй-бүлөлөргө жана энелерге берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү;
- муктаж үй-бүлөлөр жана энелер боюнча маалымат системасынын иштеши.
Процесстин индикаторлоруна, ошондой эле натыйжанын/таасирдин индикаторлоруна тиешелүү алда канча маанилүү глобалдык индикаторлор өзүнчө бөлүп алынат, алар чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде бүтүндөй алганда өлкөдөгү абалга баа берүүгө жана келечекте ушул багытта мамлекеттик саясатты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
7. Күтүлгөн натыйжалар
Комплекстүү программаны ишке ашыруу алкагында төмөнкүлөр болжолдонот:
- социалдык колдоо чараларын кыйла күчөтүү аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөрдүн турмушунун сапатын жогорулатуу;
- эне институтун чыңдоо;
- үй-бүлө институтунун кадыр-баркын жогорулатуу;
- үй-бүлөнүн жана аялдардын укуктарын коргоочу энени коргоо, медициналык тейлөө маселелери, жеңилдиктер системасы, социалдык кепилдиктер менен байланышкан проблемаларды чечүү;
- баланын өлүмгө учурашын кыскартуу;
- кош бойлуулук жана төрөттөн кийин аялдардын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- коомдо жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
- жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына социалдык жардамды берүүнүн жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн даректүүлүгүн күчөтүү;
- калкка маалымдоо системасын жакшыртуу.
Мамлекет тарабынан үй-бүлөнү жана энеликти, балдарды коргоону колдоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Балким, үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты колдоого багытталган бардык деңгээлдеги бийликтин аракеттери менен туруктуу демографиялык өсүшкө, үй-бүлөлүк улантуучулукка жана каада-салттардын кайра жаралышына жетишүүгө болот. Мыйзамда белгиленгендей мамлекет тарабынан кепилденген экономикалык, укуктук чаралардын жана социалдык колдоо чараларынын системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген айрым жоболор менен каралат. Программанын иш-чараларында туруктуу демографиялык өсүш үчүн шарттарды түзүү, оюн-зоок-окутуучу чаралардын комплексин өткөрүү жана коомдук аң-сезимде үй-бүлөнү өнүктүрүүнүн, колдоонун жана сактоонун маанилүүлүгү каралат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ӨЖТ - өз ара жардам топтору;
КПК - кепилденген минималдуу киреше;
АҮАЖ - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул;
АСЖ - ар айлык социалдык жөлөкпул;
ДАУ - дарылоо-алдын алуу уюмдары;
Улуттукстатком - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
АМСЖ - алгачкы медициналык-санитариялык жардам;
АФ - айылдык фонддор;
ЮНФПА - Калкты жайгаштыруу жаатындагы Бириккен Улуттар Уюмунун фонду;
ЮСАИД - Американын Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги;
ЮНИСЕФ - Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду.