Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-октябры № 666
Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 93 "Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программа (мындан ары - Комплекстүү программа) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууга карата иш-чаралар планы (мындан ары Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Комплекстүү программанын жана Иш-чаралар планынын иш-чараларын тийиштүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында ишке ашырышсын;
- жарандык коомчулуктун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин кийинки айдын 5инен кечиктирбестен 3-тиркемеге ылайык форма боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги:
- квартал сайын, отчеттук мезгилдин кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингинин ар жылдык жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Комплекстүү жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Комплекстүү программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун мониторингинин ар жылдык жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Комплекстүү программага жана Иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
|
Ж. Сатыбалдиев |
2-тиркеме
2012-2015-жылдарга үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууга карата ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
┌──┬───────────────────────────┬──────────────┬────────────┬──────────┐
│№ │ Иш-чаралар │ Каржылоо │ Жооптуу │ Аткаруу │
│ │ │булактары жана│аткаруучулар│мөөнөттөрү│
│ │ │ көлөмү │ │ │
├──┴───────────────────────────┴──────────────┴────────────┴──────────┤
│ 1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү │
├──┬───────────────────────────┬──────────────┬────────────┬──────────┤
│1 │Баланы багуу боюнча ал бир │Эл аралык │ЖЭИКМ │2013-2014-│
│ │жарым жашка чыкканга чейин │уюмдардын │ │жылдар │
│ │акы төлөмө отпуска берүү │каражаттарын │ │ │
│ │боюнча Кыргыз │тартуунун │ │ │
│ │Республикасынын Эмгек │эсебинен │ │ │
│ │кодексине өзгөртүүлөрдү │ │ │ │
│ │жана толуктоолорду киргизүү│ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│2 │Kөп балалуу ата-энелердин │Эл аралык │ЖЭИКМ │2013-2014-│
│ │бирине ар бир бешинчи жана │уюмдардын │ │жылдар │
│ │ар бир кийинки бала үчүн ар│каражаттарын │ │ │
│ │жылдык акы төлөмө │тартуунун │ │ │
│ │отпускасына кошумча күн │эсебинен │ │ │
│ │берүүнү белгилөө жөнүндө │ │ │ │
│ │ченемдик укуктук актыларды │ │ │ │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│3 │Көп балалуу ата-эне болуп │Эл аралык │ЖЭИКМ, ЮМ, │2013-2014-│
│ │саналган кызматкерлерге │уюмдардын │МСК │жылдар │
│ │өзгөчө эмгек шарттарын │каражаттарын │ │ │
│ │түзүү, анын ичинде беш жана│тартуунун │ │ │
│ │андан ашык баласы бар │эсебинен │ │ │
│ │аялдар үчүн үй эмгегин │ │ │ │
│ │колдонуу боюнча ченемдик │ │ │ │
│ │укуктук актыны иштеп чыгуу │ │ │ │
│ │жана кабыл алуу │ │ │ │
├──┴───────────────────────────┴──────────────┴────────────┼──────────┤
│ Үй-бүлөнү жана энени мамлекеттик колдоо чаралары │
├──┬───────────────────────────┬──────────────┬────────────┬──────────┤
│4 │Социалдык долбоорлордун │Бюджеттен │СӨМ │2012-2013-│
│ │конкурсу аркылуу көп │тышкаркы │ │жылдар │
│ │балалуу үй-бүлөлөргө жана │каражаттар │ │ │
│ │оор турмуштук кырдаалдагы │ │ │ │
│ │үй-бүлөлөргө социалдык │ │ │ │
│ │кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү│ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│5 │Багып алуучу (фостердик) │Тийиштүү жылга│СӨМ, ЖМА, │2012-2014-│
│ │үй-бүлө институтун киргизүү│министрликтер-│ЖӨБО │жылдар │
│ │ │ге, │(макулдашуу │ │
│ │ │ведомстволорго│боюнча) │ │
│ │ │каралган │ │ │
│ │ │каражаттардын │ │ │
│ │ │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│6 │Социалдык коргоого муктаж │Эл аралык │СӨМ, │2012-жыл │
│ │болгон жетим балдарды жана │уюмдардын │Соцфонд, │ │
│ │ата-энесинин камкордугусуз │каражаттарын │ЖМА, ЖӨБО │ │
│ │калган балдарды жана көп │тартуунун │(макулдашуу │ │
│ │балалуу үй-бүлөлөрдү эсепке│эсебинен │боюнча) │ │
│ │алууну камсыздоо үчүн │ │ │ │
│ │бирдиктүү комплекстүү │ │ │ │
│ │маалыматтык системаны │ │ │ │
│ │(маалыматтар базасын) түзүү│ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│7 │Жеке менчик турак жай │ │КРӨМА, ЖМА, │2013-2015-│
│ │курууга шаардын айланасынан│ │ЖӨБО │жылдар │
│ │жана айыл жеринен шарттарын│ │(макулдашуу │ │
│ │жакшыртууга муктаж болгон │ │боюнча) │ │
│ │көп балалуу үй-бүлөлөргө │ │ │ │
│ │биринчи кезекте жер │ │ │ │
│ │участкаларын берүү │ │ │ │
│ │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│8 │Көп балалуу үй-бүлөлөргө │Республикалык │КРӨМА, ЖМА, │2013-2015-│
│ │турак жай алууга │бюджет │ЖӨБО │жылдар │
│ │мамлекеттик жардам берүү │ │(макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча) │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│9 │Кыргыз Республикасынын │Республикалык │КРӨМА, ЖМА, │2013-2015-│
│ │мыйзамдарына ылайык көп │бюджет │ЖӨБО │жылдар │
│ │балалуу үй-бүлөлөргө турак │ │(макулдашуу │ │
│ │жай курууга же турак жай │ │боюнча) │ │
│ │сатып алууга жеңилдик │ │ │ │
│ │кредит же процентсиз займ │ │ │ │
│ │берүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│10│Көп балалуу энелер жана ден│Бюджеттен │ЖМА, ЖӨБО │2013-2015-│
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү │тышкаркы жана │(макулдашуу │жылдар │
│ │чектелген балдары бар │ӨЭУнун │боюнча), ӨЭУ│ │
│ │үй-бүлөлөр үчүн укуктук │каражаттарынын│(макулдашуу │ │
│ │жардам боюнча юридикалык │эсебинен │боюнча) │ │
│ │консультацияларды жана "түз│ │ │ │
│ │байланыш" уюштуруу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│11│5 жана андан көп балдары │Тийиштүү жылга│ЖЭИКМ │Дайыма │
│ │бар аялдарды кесиптик │министрликтер-│ │ │
│ │даярдоону, кайра даярдоону │ге, │ │ │
│ │жана квалификациясын │ведомстволорго│ │ │
│ │жогорулатууну уюштуруу жана│каралган │ │ │
│ │аларды ишке орноштурууга │каражаттардын │ │ │
│ │көмөк көрсөтүү │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│12│Эмгектин ийкемдүү │Тийиштүү жылга│ЖЭИКМ │Дайыма │
│ │формаларын колдонуу │министрликтер-│ │ │
│ │шарттарында (толук эмес иш │ге, │ │ │
│ │күн, толук эмес иш жума, │ведомстволорго│ │ │
│ │үйдөн иштөөчү иш) көп │каралган │ │ │
│ │балалуу ата-энелерди ишке │каражаттардын │ │ │
│ │орноштуруу │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│13│Фермер (дыйкан) чарбасын │ │АЧММ, ЖМА, │2012-2015-│
│ │түзүүнү каалаган көп │ │ЖӨБО │жылдар │
│ │балалуу үй-бүлөлөргө │ │(макулдашуу │ │
│ │көмөктөшүү │ │боюнча) │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│14│Фермер (дыйкан) чарба │ │ЖМА, ЖЭИКМ, │2012-2015-│
│ │жүргүзүү үчүн көп балалуу │ │ЖӨБО │жылдар │
│ │үй-бүлөлөргө жер │ │(макулдашуу │ │
│ │участкаларын ижаралоо │ │боюнча) │ │
│ │акысынын жеңилдетилген │ │ │ │
│ │ставкасы боюнча 49 жылга │ │ │ │
│ │ижарага берүү же мөөнөтүн │ │ │ │
│ │узартуу менен жеңилдетилген│ │ │ │
│ │баа боюнча сатуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│15│Фермер чарбасын түзгөн көп │ │ЖМА, ЖӨБО │2013-2015-│
│ │балалуу үй-бүлөлөргө узак │ │(макулдашуу │жылдар │
│ │мөөнөттүү кредит же │ │боюнча) │ │
│ │процентсиз займды аларды │ │ │ │
│ │өнүктүрүү, техникаларды, │ │ │ │
│ │жабдууларды сатып алууга │ │ │ │
│ │жана айыл чарба өндүрүшүн │ │ │ │
│ │киргизүү менен байланышкан │ │ │ │
│ │башка максаттарга биринчи │ │ │ │
│ │кезекте бөлүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│16│Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн │Бюджеттен │АЧММ, ЖМА, │2012-2013-│
│ │мүчөлөрүн башталгыч жана │тышкаркы │ЖӨБО │жылдар │
│ │атайын орто кесиптик билим │каражаттар │(макулдашуу │ │
│ │берүү мекемелеринде фермер │ │боюнча) │ │
│ │чарбаларын жана агрардык │ │ │ │
│ │ишти жүргүзүүнүн │ │ │ │
│ │негиздерине окутуу жана │ │ │ │
│ │кайра окутуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│17│Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн │Тийиштүү жылга│ББМ, ЖЭИКМ │2012-2014-│
│ │балдары үчүн мектепке │министрликтер-│ │жылдар │
│ │чейинки, орто жана жогорку │ге, │ │ │
│ │кесиптик билим берүүгө │ведомстволорго│ │ │
│ │жеткиликтүүлүгүн │каралган │ │ │
│ │жогорулатуу │каражаттардын │ │ │
│ │ │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│18│Беш баласы жана андан │Тийиштүү жылга│ББМ │2012-2015-│
│ │жогору жашы жетелек балдары│министрликтер-│ │жылдар │
│ │бар үй-бүлөлөрдүн │ге, │ │ │
│ │ата-энелерине балдарын │ведомстволорго│ │ │
│ │мектепке чейинки │каралган │ │ │
│ │мекемелерде кармоо үчүн акы│каражаттардын │ │ │
│ │төлөөнү 50%ке төмөндөтүү │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│19│Мектепке чейинки │ │Райондук │2012-2015-│
│ │мекемелерге көп балалуу │ │мамлекеттик │жылдар │
│ │үй-бүлөлөрдүн балдарын │ │администра- │ │
│ │биринчи кезекте кабыл │ │циялар, ЖӨБО│ │
│ │алууга укукту белгилөө │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│20│Жалпы жана кошумча билим │ │ББМ, СӨМ │2012-2015-│
│ │алууга көп балалуу │ │ │жылдар │
│ │үй-бүлөлөрдүн балдарына │ │ │ │
│ │социалдык жардам көрсөтүү │ │ │ │
│ │боюнча чараларды иштеп │ │ │ │
│ │чыгуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│21│Коомдо адептик, анын ичинде│Бюджеттен │КТМ │2012-2013-│
│ │үй-бүлөлүк баалуулуктарды, │тышкаркы │ │жылдар │
│ │социалдык артыкчылыктарды │каражаттар │ │ │
│ │жана көп балалуу үй-бүлө │ │ │ │
│ │менен эненин кадыр-баркы │ │ │ │
│ │жөнүндө түшүнүктөрдү │ │ │ │
│ │калыптандыруу жана чыңдоо │ │ │ │
│ │боюнча программаларды иштеп│ │ │ │
│ │чыгуу жана ишке ашыруу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│22│Үй-бүлөлүк баалуулуктарды │Бюджеттен │КТМ │2012-2015-│
│ │жана энени пропагандалаган │тышкаркы │ │жылдар │
│ │маданий-массалык │каражаттар │ │ │
│ │иш-чараларды жүргүзүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│23│Ден соолукту чыңдоочу жана │ │СӨМ, ССМ │2012-2014-│
│ │адистештирилген балдарды │ │ │жылдар │
│ │дарылоочу жана ден соолукту│ │ │ │
│ │чыңдоочу мекемелерде, │ │ │ │
│ │санаториялык типтеги │ │ │ │
│ │мекемелерде көп балалуу │ │ │ │
│ │үй-бүлөлөрдүн балдарын │ │ │ │
│ │биринчи кезекте кабыл алуу │ │ │ │
│ │укугун белгилөө │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│24│Көп балалуу энелерди жана │ССМ жана │ССМ, ММКФ │2013-2014-│
│ │үй-бүлөлөрдү медициналык │ММКФнын │ │жылдар │
│ │тейлөөнүн жана дары-дармек │каражаттарынын│ │ │
│ │менен камсыз кылуунун айрым│эсебинен │ │ │
│ │түрлөрү боюнча жеңилдиктер.│ │ │ │
│ │6 жашка чейинки балдар үчүн│ │ │ │
│ │врачтын рецепти боюнча │ │ │ │
│ │сатып алынган │ │ │ │
│ │дары-дармектерди акысыз │ │ │ │
│ │берүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│25│Аялдардын репродуктивдүү │ │ССМ, MKT, │2012-2013-│
│ │ден соолугун коргоо, │ │ЖМА, ЖӨБО │жылдар │
│ │үй-бүлөнү пландаштыруу │ │(макулдашуу │ │
│ │ыкмалары, контрацепциянын │ │боюнча) │ │
│ │ыкмалары жөнүндө │ │ │ │
│ │маалымдоону жогорулатуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│26│Көп балалуу энелерге кош │Тийиштүү жылга│ССМ, ММКФ │Жыл сайын │
│ │бойлуулук убагында жана │министрликтер-│ │туруктуу │
│ │төрөттөн кийинки мезгилде │ге, │ │негизде │
│ │медициналык жана │ведомстволорго│ │ │
│ │фармацевтикалык кызмат │каралган │ │ │
│ │көрсөтүү │каражаттардын │ │ │
│ │ │эсебинен │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│27│Жарандарды │Бюджеттен │ССМ, ММКФ │Жыл сайын │
│ │медициналык-санитариялык │тышкары │ │май айында│
│ │жардамдар менен камсыздоо │каражаттардын │ │ │
│ │боюнча мамлекеттик │жана ӨЭУнун │ │ │
│ │кепилдиктер программасынын │каражаттарынын│ │ │
│ │жана Камсыздандырылган │эсебинен │ │ │
│ │жарандарды амбулатордук │ │ │ │
│ │деңгээлде жеңилдетилген │ │ │ │
│ │дары-дармектик камсыздоо │ │ │ │
│ │боюнча кошумча программанын│ │ │ │
│ │алкагында энелик жана │ │ │ │
│ │балалык проблемалары боюнча│ │ │ │
│ │иштешкен ӨЭУ, жарандык │ │ │ │
│ │секторлор үчүн тегерек │ │ │ │
│ │столдорду, семинарларды │ │ │ │
│ │уюштуруу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│28│Көп балалуу үй-бүлөлөргө │Бюджеттен │СӨМ, ЖМА, │2012-2013-│
│ │жардам көрсөтүү, анын │тышкары │ЖӨБО │жылдар │
│ │ичинде психологиялык колдоо│каражаттардын │(макулдашуу │ │
│ │көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк │жана ӨЭУнун │боюнча) │ │
│ │социалдык-психологиялык │каражаттарынын│ │ │
│ │консультациялар социалдык │эсебинен │ │ │
│ │кызматын түзүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│29│Үй-бүлөлүк баалуулуктарды, │Бюджеттен │ТКМ, │2012-2015-│
│ │сергек жашоо мүнөзүн │тышкары │Мамкаттоо, │жылдар │
│ │пропагандалоого багытталган│каражаттардын │КТРК │ │
│ │үй-бүлөнүн кадыр-баркын │жана ӨЭУнун │(макулдашуу │ │
│ │жогорулатууга түрткү берген│каражаттарынын│боюнча), │ │
│ │маалыматтык билдирүүлөрдү, │эсебинен │ЭлТР │ │
│ │программаларды, │ │(макулдашуу │ │
│ │мамлекеттик, муниципалдык │ │боюнча), │ │
│ │жана коомдук колдоо │ │министрлик- │ │
│ │чаралары жөнүндө, көп │ │тер жана │ │
│ │балалуу үй-бүлөлөрдүн укугу│ │ведомстволор│ │
│ │жөнүндө жана иштеп жаткан │ │ │ │
│ │колдоо программаларын │ │ │ │
│ │жалпыга маалымдоо │ │ │ │
│ │каражаттарында жайылтуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼──────────────┼────────────┼──────────┤
│30│Балдарды тарбиялоо │Бюджеттен │ТКМ, │2012-2015-│
│ │проблемаларына арналган │тышкары │Мамкаттоо, │жылдар │
│ │тематикалык теле- жана │каражаттардын │КТРК │ │
│ │радиопрограммаларды, ЖМК │жана ӨЭУнун │(макулдашуу │ │
│ │басма сөз каражаттарында │каражаттарынын│боюнча), │ │
│ │бөлүмдөрдү түзүү, жетим │эсебинен │ЭлТР │ │
│ │балдарды жана ата-энесинин │ │(макулдашуу │ │
│ │камкордугуз калган балдарды│ │боюнча), │ │
│ │үй-бүлөгө жайгаштыруунун оң│ │министрлик- │ │
│ │тажрыйбаларын ЖМКда │ │тер жана │ │
│ │чагылдыруу │ │ведомстволор│ │
└──┴───────────────────────────┴──────────────┴────────────┴──────────┘
Кыскартуулардын тизмеси:
КРӨМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш
жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
агенттик;
ДСМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене
тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
ӨЖТ - өз ара жардам тобу;
АҮАЖ - аз камсыз үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпул;
АСЖ - ар айлык социалдык жөлөкпул;
ДАУ - дарылоо-алдын алуу уюмдары;
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
ЖМА - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлиги;
МТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм ми-
нистрлиги;
ЖЭИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш ме-
нен камсыз кылуу министрлиги;
БМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми-
нистрлиги;
СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү минист-
рлиги;
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-
циялар министрлиги;
ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия-
сы;
Улуттукстатком - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комите-
ти;
ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү
корпорациясы.
3-тиркеме
Маалымат берүү формасы
┌──┬───────────┬───────────┬──────────┬───────────┬────────┬──────────┐
│№ │ Иш-чаралар│Мониторинг │Каржылоо │Жооптуу │Аткаруу │Аткаруу │
│ │ │индикатор- │булактары │аткаруучу- │мөөнөт- │жөнүндө │
│ │ │лору │жана │лар │төрү │маалымат │
│ │ │ │көлөмдөрү │ │ │ │
├──┴───────────┴───────────┴──────────┴───────────┴────────┴──────────┤
│ Бөлүм │
├──┬───────────┬───────────┬──────────┬───────────┬────────┬──────────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼────────┼──────────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────┼───────────┼──────────┼───────────┼────────┼──────────┤
│3 │ │ │ │ │ │ │
└──┴───────────┴───────────┴──────────┴───────────┴────────┴──────────┘