Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 682 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартибинин эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) жана "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде камалган адамдарды анда кармоонун режимин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын (мындан ары - УКЖ) ишинин тартибин аныктайт.
2. Камакка алынган адамдарды кармоонун режими (мындан ары - режим) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген, коргоону, изоляциялоону жана дайыма көзөмөлдөөнү, камсыз кылган УКЖдагы адамдардын жайгашуусунун жана болуусунун тартибин, ошондой эле шарттарын билдирет. Режим камакка алынган адамдардын укуктарын сактоо, ал ар тарабынан өздөрүнүн милдеттерин аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле алардын, УКЖ кызматкерлеринин жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ЖПКда каралган милдеттерди чечүү максатында белгиленет. Режимди камсыз кылуу УКЖнын башчыларына жүктөлөт.
3. Эрежелер УКЖ кызматкерлери, шектүү адамдар жана айыпкерлер, ошондой эле УКЖга келген башка адамдар үчүн милдетүү. Ушул Эрежелерди бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
2. Камакка алынган адамдарды кабыл алуу
4. УКЖга келип түшкөн адамдарды кабыл алуу УКЖга аларды кармоо үчүн негиз берүүчү документтердин бар болгондугун текшерген УКЖ боюнча нөөмөтчү тарабынан (мындан ары - нөөмөтчү) күнү-түнү жүргүзүлөт.
5. Кылмыш жасады деп шектелген адамдарды камакка алуунун негизи болуп ЖПКда белгиленген тартипте түзүлгөн кармоонун протоколу эсептелет.
5.1. Издөөдө жүргөн адамдарды УКЖга жайгаштыруу учурунда протоколго төмөнкүлөр тиркелет:
- айыпкерди издөө жөнүндө токтом;
- Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн жана чет өлкөлүк мамлекеттердин укук коргоо жана башка органдарынан келип түшкөн эл аралык тапшырма.
Саналып өткөн документтерге тийиштүү кызмат адамдары тарабынан кол коюлуп, гербдүү мөөр менен ырасталышы зарыл.
6. УКЖга кабыл алынган аялдар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүү менен өзү менен кошо үч жаш куракка чейинки балдарын алса болот.
7. Кылмыш жасады деп айыпталган адамдар тергөө аракеттерин аткаруу, калктуу пункттардан сырткары иштерди соттук кароо үчүн зарыл болгон учурларда жана тергөө камак жайы жайгашкан жерден күн сайын аларды жеткирүү мүмкүн болбогондо, ошондой эле көрсөтүлгөн аракеттерди жана сот процессин аткаруу мезгилинде УКЖга которулуусу мүмкүн, бирок бир айдын ичинде он суткадан ашпоосу керек. Мындай которуу үчүн негиз болуп көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен соттун токтому (аныктамасы), прокурордун жана тергөөчүнүн токтому эсептелет. Айыпкерлерди тергөө камак жайынан УКЖга оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүүнүн себептери боюнча которууга жол берилбейт.
8. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну тандоо жөнүндө соттун (судьянын) өкүмүнүн көчүрмөсү УКЖга берилген учурда, бул бөгөт коюу чарасы колдонулган адамдын толук маалыматтары анда көрсөтүлүшү керек. Көчүрмө судьянын койгон колу менен ырасталышы жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү зарыл, ал эми аныктаманын (токтомдун) көчүрмөсү үч күндүк мөөнөттөн кечикпестен алмаштырылууга тийиш.
9. УКЖ аркылуу транзит менен которулган шектүү адамдар айыпкерлер жана соттолгон адамдар өздүк көктөмөлөр боюнча маалымкаттардын, ошондой эле формасы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан аныкталган коштомо тизмелердин негизинде кабыл алынат жана дайындалган жайларына жиберилет.
10. Камакка алуу үчүн негиз болуп эсептелген тийиштүү документтери ЖПКнын талаптарын жана ушул Эрежелерди бузуу менен таризделген адамдар УКЖга кабыл алынбайт.
11. УКЖга жеткирилген адамдарды медициналык кароодон өткөрүү ушул Эрежелердин 14-главасына ылайык жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо мамлекеттик уюмунун медицина кызматкеринин (анын ичинде УКЖнын медицина кызматкеринин) корутундусу боюнча стационардык шарттарда дарылануусу зарыл болгон адамдар УКЖга кабыл алынбайт. Зарылдыгына жараша аларга медициналык жардам көрсөтүлөт, ошондой эле саламаттык сактоо мамлекеттик уюмуна жеткирүү үчүн чаралар көрүлөт жана аларды күзөткө алуу камсыздалат.
12. УКЖга кабыл алынган адамдар өздөрүнүн укуктары жана милдеттери, кармоонун режими менен, өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жазуунун тартиби менен таанышып чыгат.
13. УКЖнын нөөмөт бөлүгүндө же камералык блоктун коридорунда камакка алынган адамдардын негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат тактасы болушу керек. Камакка алынган адамдын өтүнүчү боюнча нөөмөтчү тарабынан камерага ушундай маалыматты камтыган брошюра берилет.
14. Камакка алынган адамдарда УКЖ кызматкерлеринин сылык мамиле жасоосун талап кылууга укугу бар. Аларга "Сиз" деп кайрылып, аларды "жаран" жана андан кийин фамилиясын атоо керек.
3. Камакка алынган адамдарды камераларга жайгаштыруу
15. Камакка алынган адамдарды камераларга жайгаштыруу алардын инсандык өзгөчөлүктөрүн жана психологиялык шайкештигин эске алуу менен жүргүзүлөт. Чылым чегүүчүлөр мүмкүнчүлүккө жараша чылым чекпегендерден өзүнчө жайгаштырылат.
16. Камераларга жайгаштыруу камакка алынган адамдарды камераларга жайгаштыруу боюнча пландын негизинде "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жана 31-беренелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Камакка алынган адамдарды камералар боюнча жайгаштыруу планы бир суткага түзүлөт.
Бир кылмыш-жаза иши боюнча айыпкерлер жана шектүү адамдар өз-өзүнчө жайгаштырылат. УКЖнын башчысы алардын ортосундагы байланыштарды жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Камакка алынган адамдар камераларга нөөмөтчү тарабынан өз алдынча же УКЖнын башчысынын оперативдүү иштер боюнча орун басарынын (УКЖнын штатында ал болгон учурда) макулдугу менен жайгаштырылат.
Стационардык шарттарда дарылануусу зарыл болбогон оорулууларды жайгаштыруу медицина кызматкеринин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.
18. Камакка алынган адамдар жалпы же жеке камераларда кармалат.
19. Камакка алынган адамдарды жеке камераларга бир суткадан ашык мөөнөткө жайгаштырууга УКЖнын башчысынын же анын орун басарынын прокурор тарабынан санкцияланган токтому боюнча жол берилет. Камакка алынган адамдарды жеке камераларга жайгаштырууга төмөнкү учурларда прокурордун санкциясы талaп кылынбайт:
- өзүнчө кармоонун талаптарын сактоону камсыз кылуунун башка мүмкүнчүлүктөрү жок болгондо;
- камакка алынган адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарында;
- камакка алынган адамдын өзүнчө жайгаштыруу жөнүндө, анын ичинде түнкү мезгилде гана жайгашуусу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы бар болгондо.
20. Камакка алынган адамдарга башка камераларда кармалган адамдар менен сүйлөшүүгө, кандайдыр бир буюмдарды алууга жана кат алышууга жол берилбейт.
21. Камакка алынган адамдардын эркиндикте жүргөн адамдар менен сүйлөшүүсү, кандайдыр бир буюмдарды алышуусу жана кат алышуусу ушул Эрежелердин 8 жана 9-главаларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Изоляцияны камсыз кылуунун негизги талаптары камакка алынган адамдарды кармоо мезгилинде, ошондой эле аларды УКЖнын аймагы же андан сырткары жакка которууда сакталышы керек.
23. Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди, ошондой эле соттолгондорду камераларга жайгаштырганда төмөнкүлөр өз-өзүнчө жайгаштырылат:
- бир кылмыш иши боюнча шек туудургандар жана айыпкерлер;
- биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдар жана мурда эркиндигинен ажыратылган жерде камалып келген адамдар;
- шектүүлөр жана айыпкерлер, ошондой эле өкүмдөрү мыйзам күчүнө кирген соттолгондор.
Көзөмөлдү ишке ашыруучу прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөчө учурларда жашы жете электер жаткан камераларга кылмыш иши үчүн, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирбеген кылмыш жоопкерчилигине биринчи жолу тартылган оң мүнөздөмө берилген улууларды кармоого жол берилет.
Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди, ошондой эле соттолгондорду башка шектүүлөр менен айыпкерлерден бөлүп, өзүнчө камерада төмөнкүлөр кармалат:
- конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш иштерин жасаган, тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган шектүүлөр жана айыпкерлер;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган төмөндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектүүлөр жана айыпкерлер: адам өлтүрүү (97-статья); ден соолукка билип туруп оор жаракат кетирүү (104-статьянын 4-бөлүгү); ВИЧ-инфекциясын жуктуруу (117-статья); зордуктоо (129-статья); секс мүнөзүндөгү күч колдонуу аракети (130-статья); каракчылык (168-статья); терроризм (226-статья); барымтага алуулар (227-статья); мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү уюштуруу же ага катышуу (229-статья); бандитизм (230-статья);
- коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш ишиндеги шектүүлөр жана айыпкерлер;
- өмүр бою эркиндигинен ажыратууга тартылгандар;
- мурда сот, прокурор, тергөөчү, адвокат, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ички аскерлеринин аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын, жазаларды аткаруу органдарынын, бажы органдарынын, салык органдарынын, финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери болушкан шектүүлөр жана айыпкерлер;
- башка шектүүлөрдөн жана айыпкерлердин өзүнчө бөлөк кармоого шарт болгон кезде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- камакта кармоочу жайдын администрациясынын чечими же кылмыш ишин карап жаткан органдын, болбосо адамдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча башка шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шектүүлөр жана айыпталгандар;
- инфекциялык оору менен ооругандар же өзгөчө медициналык кароого жана байкоого муктаж болгондор кармалышат.
24. Жашы жете электер алардын жашын, дене боюнун өнүгүүсүн, алардын инсандык өзгөчөлүктөрүн жана психологиялык шайкештигин эске алуу менен аз орундуу камераларга жайгаштырылат.
25. Жашы жете электер жайгашкан камераларга прокурордун макулдугу менен, он сегиз жашка толгон, оор же өзгөчө оор категорияларга тиешеси болбогон кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине алгачкы жолу тартылган, жакшы мүнөздөлгөн адамдарды кармоого уруксат берилет.
Жашы жете электер жайгашкан аз орундуу камераларга он сегиз жашка толгон бир же эки адамды, ал эми жалпы камераларга үчтөн көп эмес адамды кармоого жол берилет.
26. Кош бойлуу аялдарды жана өзү менен кошо үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарды жайгаштыруу үчүн жарык жана кургак камералар пайдаланылат.
4. Жеке тинтүүнү, дактилоскопия жасоону, сүрөткө тартууну,
ошондой эле камакка алынган адамдардын буюмдарын
карап чыгууну жүргүзүүнүн тартиби
27. УКЖга келип түшкөн адамдарды камераларга жайгаштырууга чейин жеке тинтүүгө алынат жана алардын буюмдары каралып чыгат.
28. УКЖга келип түшкөн адамдар сүрөткө тартылат жана аларга дактилоскопия жүргүзүлөт. Дактилоскопиялык карталар жана сүрөттөр адамдарды камакка алууга негиз болгон материалдарга тиркелет.
29. Жеке тинтүү жана буюмдарды карап чыгуу камакка алынган адамдардан УКЖда сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган же ал адамга тийиштүү эмес предметтерди, буюмдарды жана азык-түлүктөрдү (мындан ары тыюу салынган предметтер) табуу жана алуу максатында жүргүзүлөт. Шектүү жана күнөөлүү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тыюу салынган же камакта кармоонун максаттары үчүн тоскоолдук көрсөтүү үчүн кылмыш куралы катары колдонулушу мүмкүн болгон предметтерге, буюмдарга ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык (мындан ары - тизме) УКЖда сактоого жана пайдаланууга уруксат берилген же алардын белгиленген санынан ашыкча болгон предметтердин тизмесине киргизилбеген предметтер, буюмдар, ошондой эле азык-түлүктөр кирет.
30. Жеке тинтүү жана буюмдарды карап чыгуу мезгилинде табылган тыюу салынган предметтер ушул Эрежелердин 5-главасынын талаптарына ылайык алынып коюлат.
31. Жеке тинтүү тинтүүгө алынган адам менен окшош жыныстагы адам тарабынан жүргүзүлөт жана тинтүүгө алынуучунун денесин, анын кийимин, бут кийимин, ошондой эле протездерин кылдат текшерүү менен коштолот.
32. Камакка алынган адамдарга жеке тинтүү жүргүзүүдө жана алардын буюмдарын карап чыгууда табуунун техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн. Рентген аппаратурасын камакка алынган адамдардын кийимдерин тинтүү же буюмдарын карап чыгуу үчүн гана колдонууга уруксат берилет.
33. Камакка алынган адамдарды жеке тинтүү толук жана толук эмес болушу мүмкүн.
34. Толук жеке тинтүү обочолонгон, жылуу, жакшы жабдылган жайда жүргүзүлөт жана ага камакка алынган адамды жеке тинтүү, ошондой эле андагы болгон буюмдарды карап чыгуу да кошулат. Толук тинтүүдө карама-каршы жыныстагы адамдар болбошу керек, зарыл болгон учурда медицина кызматкерлерине жол берилет.
35. Толук жеке тинтүүгө камакка алынган төмөнкү адамдар тартылат:
- УКЖга түшкөн учурда;
- УКЖнын чегинен сырткары жиберүүнүн алдынан жана УКЖга кайра кайтууда;
- качууга же башка чукул окуяларга даярдануу табылган учурда;
- өзүнчө камерага же карцерге киргизүү учурунда;
- УКЖнан бошонуу учурунда;
- эгер камакка алынгандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч бар деп айтууга негиздер болсо, УКЖнын башчысынын же анын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча башка учурларда.
36. Тинтүүгө алынуучу адамга толук чечинүү, денесинин тийиштүү бөлүктөрүн жылаңачтоо сунуш кылынат. Пластырдык жабыштыруулар, гипс жана башка таңгычтар медицина кызматкерлери менен бирге текшерилет. Кийимге тигилген предметтер табылган учурда кездеме сөгүлөт. Супинаторлору жана металл набойкалары бар бут кийимдер убактылуу сактоого алынат. Зарыл болгон учурда камакка алынган адамдарды супинаторлору жана металл набойкалары жок бут кийимдер менен камсыз кылуу (туугандары аркылуу) боюнча чаралар көрүлөт. Туугандары жок болгон учурда УКЖнын алмаштыруучу бут кийими берилет.
37. Камакка алынган адамдардын буюмдарын кароо алардын катышуусу менен төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- УКЖга келип түшкөндө;
- УКЖнын чегинен сырткары жиберүүнүн алдынан жана УКЖга кайра кайтууда;
- башка камерага которууда же карцерге киргизүүдө.
Өзгөчө учурларда качуунун же башка чукул окуялардын алдын алуу максатында УКЖнын башчысынын же нөөмөтчүнүн көрсөтмөсү боюнча буюмдарды контролдук карап чыгуу алардын ээсинин жогунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
38. Толук жеке тинтүүнү же буюмдарды карап чыгууну жүргүзүү ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык протокол менен таризделет жана ага тыюу салынган предметтерди алып коюу жөнүндө акт тиркелет. Толук тинтүүнү жана буюмдарды карап чыгууну бир эле мезгилде жүргүзүүдө бир протокол түзүлөт. Протоколго камакка алынган адам, күбө-калыстар жана жеке тинтүүнү, буюмдарды карап чыгууну жүргүзгөн жана протокол түзгөн УКЖ кызматкерлери тарабынан кол коюлат. Тинтүүгө алынган адамдын протоколго кол коюудан баш тартуусу жана тинтүү же карап чыгуу учурунда анын бардык талаптары протоколдо чагылдырылат.
Протокол жана акт камакка алынган адамдардын камалышына негиз болгон материалдарга тиркелет.
39. Камакка алынган адамдарга толук эмес жеке тинтүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- алар УКЖнын чегинде камерадан чыгарылган учурда;
- коргоочусу, туугандары же башка адамдар менен жолугушуудан кийин же ага чейин;
- башка камерага которуу учурунда;
- санитардык иштеп чыгуу (мындан ары - санитардык өткөрүү) үчүн орун жайга, УКЖ имараттарын тазалоого жана сейилдөөгө чыгуу учурунда;
- УКЖдагы нөөмөттү кабыл алууда жана өткөрүп берүүдө.
40. Толук эмес тинтүү учурунда тинтүүгө алынган адамды чечинтпестен эле анын кийими каралат жана бут кийими сыйпалап текшерилет. Тыюу салынган предметтер табылган жана алынган учурда билдирме түзүлөт.
5. Камакка алынган адамдардан тыюу салынган
предметтерди алып коюунун тартиби
41. Камакка алынган адамдардан алынган бардык тыюу салынган предметтер сактоого кабыл алынат же УКЖ башчысынын токтому боюнча жок кылынат, ал жөнүндө акт түзүлөт.
Камакка алынган адамдардан жүгүртүүгө жана сактоо үчүн тыюу салынган, колдонуудагы мыйзамдар тарабынан кылмыш жоопкерчилиги каралган предметтер табылган учурда, мындай предметтерди табуу жана алуу фактысын ЖПКнын талаптарын сактоо менен тийиштүү тариздөөдөн кийин материал ЖПКга ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга же адамга коштомо кат боюнча жиберилет.
42. Жеке тинтүүдө алынган акча каражаттар камакка алынган адамдын өздүк эсебине которулат, ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык, чет өлкөнүн валютасы, баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын финансы бөлүкчөсүнө сактоо үчүн тапшырылат, ал эми жеке буюмдар - УКЖнын сактоо камерасына тапшырылат. Өздүк документтер, каттар, жазуу китепчелери, сүрөттөр, ошондой эле тийиштүүлүгү аныктала элек жана кылмыш иши боюнча иликтенип жаткан камакка алынган адамга карата тиешеси бар предметтер жана буюмдар кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн адамга же органга өткөрүлүп берилет.
43. Бар болгон акча каражаттарды (анын ичинде чет өлкөлүк валюталарды) кабыл алуу жөнүндө кириштин кассалык ордерине квитанция камакка алынган адамга берилет. Баалуу кагаздарды жана баалуу буюмдарды Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын финансы бөлүкчөсүнүн кассасына сактоого кабыл алуу үчүн негиз болуп камакка алынган адамды жеке тинтүүнүн протоколунун экинчи нускасы эсептелет.
44. Камакка алынган адамдардан кабыл алынган акча каражаттары, баалуу кагаздар же баалуу буюмдар жөнүндө УКЖ башчысы кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн адамга же органга маалымдайт.
45. Жеке тинтүүдө жана буюмдарды карап чыгууда алынган тыюу салынган предметтер камакка алынган адамдын арызы боюнча анын эсебинен кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн адамдын же органдын уруксаты менен гана туугандарына же башка адамдарга берилиши же жиберилиши мүмкүн.
46. Камакка алынган адамдардан алынган жана сактоого кабыл алынбаган тыюу салынган предметтерди жок кылуу УКЖнын башчысынын токтому боюнча комиссиялык түрдө жүргүзүлөт жана ал тууралуу акт түзүлөт.
47. УКЖда кармалган мезгилде камакка алынган адамдан тыюу салынган предметтерди табуунун жана алуунун ар бир фактысы боюнча алардын келип түшүү булагын жана чыныгы ээсин аныктоо жөнүндө кызматтык текшерүү жүргүзүлөт.
48. Камакка алынган адам каза болгон учурда сактоодо турган ага тиешелүү болгон тыюу салынган предметтер кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн адамга же органга өткөрүлүп берилет.
6. Убактылуу кармоочу жайда кармалган адамдардын
укуктары жана милдеттери
49. УКЖда кармалган адамдардын төмөнкүдөй укуктары бар:
- өзүнүн укуктары жана милдеттери, УКЖда кармоонун режими, тартиптик талаптар, ошондой эле сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүүнүн тартиби жөнүндө маалыматты алууга;
- өздүк коопсуздукка;
- "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык коргоочусу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушууга;
- укукка каршы максаттарда пайдаланууга мүмкүн болгон же мыйзам менен коргоого алынган мамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтерден жана каттардан сырткары, кылмыш-жаза ишине тиешелүү болгон же өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерине тиешелүү документтерди жана каттарды өзү менен кошо сактоого;
- мыйзамдуулук маселелери, аларды УКЖга кармоонун негиздүүлүгү жана алардын мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча инстанцияларга, анын ичинде сотко жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга. УКЖда жайгашкан адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына жиберилген арыздар, даттануулар жана каттар жашыруун болуп эсептелет, аларды ачууга жана цензурага тыюу салынат; алар токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына берилиши керек;
- УКЖнын башчысы же анын орун басары тарабынан жеке кабыл алууга;
- кат алышууга жана жазуучу шаймандарды пайдаланууга;
- акысыз тамак алууга, материалдык-турмуштук жана медициналык-санитардык камсыз кылынууга, анын ичинде алардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуу мезгилинде;
- түнкү мезгилде сегиз сааттык уктоого, ошондой эле ЖПКда каралган учурлардан сырткары, ал убакта аларды процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;
- узактыгы бир сааттан аз болбогон күндөлүк сейилдөөгө;
- жеке менчик укугуна тиешелүү болгон буюмдарды жана предметтерди пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны ушул Эрежелер менен аныкталат;
- адабияттарды жана улуттук коопсуздук органдарынын китепканасынан же УКЖнын нөөмөтчүсү аркылуу сатылып келинген мезгилдүү басмаларды, ошондой эле стол оюндарын пайдаланууга;
- өзүнчө окуп билим алууга, ал үчүн атайын адабияттарды, анын ичинде жеке менчик укугунда тиешелүү болгон адабияттарды пайдаланууга;
- посылкаларды, аманаттарды жана бандеролдорду алууга;
- УКЖ кызматкерлери тарабынан сылык мамиле жасалууга;
- жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга;
- УКЖ имараттарында диний ырым-жырымдарды аткарууга, улуттук, расалык жана диний кастыкты козгобогон классикалык диний адабиятты, диний ырым-жырым предметтерин өзү менен кошо алып жүрүүгө;
- шектүү адамдар жана айыпкерлер үчүн УКЖнын жетекчилиги аркылуу диний ырым-жырымдарды аткарууга дин кызматкерлерин чакырууга.
Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер башка айыпкерлердин жана шектүү адамдардын укуктарын бузбашы керек.
50. УКЖда кармалган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Эрежелерде белгиленген УКЖда кармоонун тартибин сактоого;
- гигиена жана санитария талаптарын сактоого;
- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;
- күндүн белгиленген тартибин сактоого;
- сырткы көрүнүшү таза болууга;
- камераларда дайыма тазалыкты кармоого;
- УКЖ нөөмөтчүсүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- УКЖ кызматкерлерине, ошондой эле УКЖда кармоонун тартибин камсыз кылган башка адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда тоскоолдук кылбоого;
- өз өмүрүнө жана саламаттыгына, башка адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген атайын аракеттерди жасабоого;
- УКЖнын инвентарына, жабдууларына жана башка мүлктөрүнө аяр мамиле жасоого;
- тынчтыкты сактоого;
- кезеги менен УКЖ камераларын жана башка имараттарды жыйнаштырууну жүргүзүүгө.
Камера боюнча нөөмөтчүнүн милдеттери:
- УКЖ кызматкерлери кирүү учурунда камерада жайгашкан шектүү адамдардын жана айыпкерлердин саны жөнүндө баяндоо;
- камеранын жабдууларынын жана башка мүлктөрдүн сакталуусу үчүн көзөмөлдөө;
- шектүү адамдар жана айыпкерлер үчүн идиш-аяк алуу жана аларды тапшыруу;
- камерадагы тазалыкты көзөмөлдөө, полду жууп тазалоо жана шыпыруу;
- табигый керектөөлөрдү тазалоо үчүн бачокторду алып чыгуу жана жууп тазалоо.
51. УКЖда кармалган адамдарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- тынчтыкты бузууга, өз ара сүйлөшүүгө, тыкылдатып сүйлөшүүгө, башка камераларда кармалган же сейилдөөдө жүргөн адамдар менен кат алышууга;
- сейилдөө короосунун чегинен сырткары кандайдыр бир нерселерди ыргытууга жана анын аймагынан табылган предметтерди жыйнап алууга;
- УКЖны күзөткө алуу боюнча наряд менен талашып-тартышууга барууга, анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга же четтөөгө;
- камеранын эшигинин көрүүчү тешигине (көзчөгө) өтө жакын келүүгө жана аны жабууга, ошондой эле камерада кармалган адамдардын жүрүм-турумун байкоого тоскоолдук жараткан башка аракеттерди жасоого;
- камераларга жана сейилдөө короолоруна орнотулган жабдууну бузууга, дубалдарга жана пайдаланууга берилген буюмдарга кандайдыр бир жазууларды жазууга жана белгилерди коюуга, ошондой эле дубалга жана инвентарга фотосүрөттөрдү, сүрөттөрдү, гезиттердин жана журналдардын кесиндилерин жабыштырууга;
- камераларда сактоого тыюу салынган предметтерди жана буюмдарды жасоого, ээ болууга жана сактоого;
- спирт ичимдиктерин жана баңги заттарды пайдаланууга, карта жана башка кумар оюндарын ойноого, өзүнө жана башкаларга татуировка түшүрүүгө;
- өзү менен кошо акча жана баалуу заттарды сактоого;
- башка адамдардын пайдасы үчүн жеке пайдаланууга колдонулган предметтерди жана буюмдарды ар кандай жолдор менен сатууга, белек кылууга, алмашууга же ээлик кылуудан ажыратууга;
- УКЖ нөөмөтчүсүнүн уруксаты жок жеке уктоочу орундарды алмаштырууга;
- каттарды, даттанууларды жана арыздарды жиберүүнүн белгиленген тартибин бузууга.
7. Камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик
жактан камсыз кылуу
52. Камакка алынган адамдарга жеке пайдалануу үчүн уктоочу орун жана өздүк гигиена каражаттарын, жазуучу шаймандарды, кылмыш-жаза ишине тиешелүү болгон документтерди жана каттарды, кийимдерди жана азык-түлүктөрдү сактоо үчүн орун берилет, ошондой эле төшөк буюмдары, идиш-аяк жана ашкана шаймандары (табак, кружка, кашык) берилет.
Көрсөтүлгөн мүлк УКЖда кармалган мезгилде убактылуу пайдалануу үчүн акысыз берилет. Идиш-аяк жана ашкана шаймандары тамактануу мезгилине берилет.
53. Белгиленген ченемдерге ылайык камерада жалпы пайдалануу үчүн жана анда жашаган адамдардын санына жараша төмөнкүлөр берилет:
- кир самын;
- стол оюндары (шашки, шахмат, домино);
- камераны тазалоо үчүн буюмдар;
- тигүүчү ийне, кайчы, азык-түлүктөрдү кесүү үчүн бычак (УКЖ кызматкерлеринин контролдоосу менен кыска мезгилге пайдаланууга берилиши мүмкүн).
Балалуу аялдар аларды кароо үчүн буюмдарды алышат.
54. УКЖнын камерасы төмөнкүлөр менен жабдылат:
- камерадагы орундардын саны боюнча отургузуучу орундардын саны менен столдор жана отургучтар;
- санитардык түйүн;
- жуунгуч (мүмкүнчүлүгүнө жараша), ошондой эле суусу бар суу өткөрүүчү чорго (ичүүчү суусу бар бачок);
- кийимдер үчүн илгич;
- азык-түлүк жана даараткана буюмдарын сактоо үчүн тумбочка;
- радиоприемник;
- таштанды үчүн урна;
- вентиляциялоо жабдыктары;
- телевизор жана муздаткыч (мүмкүнчүлүк бар болсо).
55. Камакка алынган адамдар УКЖга сактоого жана пайдаланууга уруксат берилген предметтердин, заттардын жана азык-түлүктөрдүн тизмесине ылайык өзүнүн менчик төшөк буюмдарын, ошондой эле башка буюмдарды жана предметтерди пайдаланууга укуктуу.
56. Камакка алынган адамдар ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси боюнча алардын каалоосу менен кошумча акы төлөнүүчү кызматтар менен камсыз кылынат.
57. Күнүгө муктаждыкка жараша камераларга ичүү үчүн кайнатылып муздатылган суу берилет.
58. Камакка алынган адамга жумасына бир жолудан кем эмес узактыгы он беш минутадан аз эмес душка түшүү мүмкүнчүлүгү берилет. Төшөк шейшептерин алмаштыруу жума сайын душка түшкөндөн кийин жүргүзүлөт.
59. Камакка алынган адамдарга устара буюмдары УКЖнын администрациясынын контролдоосу менен белгиленген мөөнөттө жумасына экиден аз эмес жолу алардын өтүнүчү боюнча берилет.
60. Стол оюндары эгер камерада ондон аз эмес адам кармалса, он адамга же камерага бирден комплект боюнча эсептелип берилет.
61. Камакка алынган адамдар тарабынан өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жазуу үчүн алардын өтүнүчү боюнча жазуучу буюмдар берилет.
8. Камакка алынган адамдар тарабынан посылкаларды жана
аманаттарды кабыл алуунун жана берүүнүн, азык-түлүктөргө,
биринчи зарылдыктагы предметтерге, ошондой эле
башка өндүрүш товарларына ээ болуунун тартиби
62. Камакка алынган адамдарга салмагы почта эрежелери менен аныкталган ченемдерден ашпаган посылкаларды, ошондой эле айына жалпы салмагы жүз килограммдан көп болбогон аманаттарды чексиз санда алууга уруксат берилет. Жашы жете электер, оор ооруулар менен жабыркаган адамдар (врачтын корутундусу бар болсо), кош бойлуу аялдар үчүн, ошондой эле өзү менен кошо балдары бар аялдар үчүн аманаттардын салмагын чектөөгө жол берилбейт.
63. Камакка алынган адамдарга жиберилген посылкаларды жана аманаттарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын атайын жайларында жүргүзүлөт. Аманаттар келүүчүлөрдүн кезек тартиби боюнча кабыл алынат. УКЖда сактоого жана пайдаланууга уруксат берилген предметтердин, буюмдардын жана азык-түлүктөрдүн тизмеси аманаттарды кабыл алуучу жайда илинет.
64. Аманатты жеткирген адам ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык эки нускадагы арызды толтурат жана кол коет. Эки нускадагы арыз, аманат, ошондой эле аманатты жеткирген адамдын өзүн күбөлөндүрүүчү документ УКЖ кызматкерине берилет.
65. Аманаттардын болгондугун жана салмагын текшерүү аларды жеткирген адамдардын катышуусу менен жүргүзүлөт.
66. УКЖ кызматкери аманатты кабыл алып келүүчүгө өздүк документин жана кабыл алууда кол коюлган арыздын биринчи нускасын кайтарып берет, ал эми экинчи нуска аманатты алууда ал кол койгондон кийин, камакка алынган адамды камоого негиз болгон материалдарга тиркелет.
67. Аманат менен кабыл алынган же посылка менен келип түшкөн бардык азык-түлүктөр камакка алынган адамга тапшырылганга чейин кароого алынат. Ар түрдүү нандар, балык жана колбаса азыктары бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кесилет, суюк азыктар УКЖ идиштерине куюлат, консервалар ачылат жана башка идишке которулат, төгүлмө азык-түлүктөр (кумшекер жана башка) башкага которулат; конфеттер, вафлилер, печеньелер тышы жок ачылган түрдө кабыл алынат, сигарет, папирос жана тамеки салынган пачкалар ачылат.
68. Аманат төмөнкү учурларда кабыл алынбайт жана келүүчүгө кайтарылып берилет:
- адам камактан бошогондо же ал УКЖдан кеткенде;
- камакка алынган адам каза болгондо;
- камакка алынган адамда дайындалышы боюнча аны пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок болсо;
- аманаттын салмагы белгиленген ченемге ылайык келбесе;
- аманатты жеткирген адам өзүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүүдөн баш тартканда;
- арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга аманаттын чыныгы өлчөмү ылайык келбесе;
- бир адамдын дарегине кабыл алынган аманаттардын салмагы бир айга белгиленгенден ашып кетсе;
- камакка алынган адам өзүнүн дарегине келген аманатты алуудан жазуу жүзүндөгү баш тартуусу болсо;
- азык-түлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе, ошондой эле алардын керектүүлүк сапаттары жоголсо.
69. Посылканын өлчөмүн текшерүү жана ачуу курамында УКЖнын экиден кем болбогон кызматкери бар комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана ал жөнүндө акт түзүлөт. Актыда буюмдардын жана азык-түлүктөрдүн аталышы, алардын сырткы белгилери, саны, андан эмнелер жок кылынды жана сактоого тапшырылгандыгы көрсөтүлөт. Актыга комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, камакка алынган адамга кол койдуруу менен жарыяланат жана камакка алуу үчүн негиз болгон материалдарга тиркелет.
70. Түзөтүү мекемелерден УКЖга которулган соттолгон адамдар тарабынан алынган посылкалардын саны жөнүндө, башка иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу өздүк делосунун атайын барагына белги коюлат.
71. Аманаттарда табылган тыюу салынган предметтер аманатты жеткирген адамга аны кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
72. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда посылканы жиберген же аманатты жеткирген адамга карата камакка алынган адамдарга тыюу салынган предметтерди жүгүртүүгө мыйзамсыз бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдар таризделет.
73. Посылкалар ушул Эрежелердин 68-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жиберүүчүлөргө кайра кайтарылып берилет. Камакка алынган адамдардын дарегине жиберилген посылкалар алардын эсебинен же "кайтарылууга тийиш" деген белгиси менен жиберүүчү тарабынан төлөнө турган болуп почта боюнча кайтарылат.
74. УКЖнын карцерине киргизилген адамдардын дарегине келип түшкөн посылкалар жана аманаттар сактоо камерасына тапшырылат жана камакка алынган адамдарга алар карцерде болуу мөөнөтүн бүткөндөн кийин тапшырылат.
75. УКЖ посылкалардан жана аманаттардан түшкөндөрдү сактоону камсыз кылат, бирок узакка сактоонун натыйжасында алардын табигый бузулушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
76. Посылкалар жана аманаттар камакка алынган адамдарга аларды кабыл алгандан кийин бир суткадан кечикпестен берилет, ал эми УКЖнын аймагынан убактылуу чыгып кеткенде ал кайтып келгенден кийин берилет.
77. Посылкалардан табылган акчалар камакка алынган адамдардын өздүк эсебине которулат.
78. Камакка алынган адамдар азык-түлүктөргө, биринчи зарылдыктагы предметтерге жана сактоого жана пайдаланууга тыюу салынбаган башка өндүрүш товарларына (мындан ары - товарлар) накталай эмес эсеп боюнча ээ болууга укуктуу.
79. Камакка алынган адамдын товар алуу үчүн акчасынын суммасы чектелбейт.
80. Камакка алынган адамдарды товар сатып алуу үчүн УКЖнын чегинен сырткары чыгарууга тыюу салынат. Дүкөндө болгон товарлардын наркы жана ассортименти камакка алынган адамдарга УКЖ кызматкерлери тарабынан жеткирилет.
81. Накталай эмес эсеп боюнча товар сатып алууну каалаган адамга ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык арыздардын бланкы берилет жана толтурулгандан кийин нөөмөтчүгө тапшырылат.
82. Товар сатып алууну жүргүзүү тапшырылган УКЖ кызматкери ишеним кат боюнча камакка алынган адамдын өздүк эсебинен керек болгон акча суммасын алат. Камакка алынган адамдын ишеним каты УКЖ башчысы тарабынан ырасталат.
83. Чыныгы сарпталган акчалардын суммасы товарды сатып алууну жана аны алуудагы колу менен тастыктаган кассалык чектердин негизинде камакка алынган адамдын өздүк эсебинен алынып салынат.
84. Өзгөчө абал режими болуп жаткан мезгилде УКЖ башчысы (же анын ордуна келген адам) камакка алынган адамдарга посылкаларды берүүнү, аманаттарды кабыл алууну жана товарларды сатып алууну токтотуп коюуга укугу бар.
9. Камакка алынган адамдар тарабынан телеграммаларды,
каттарды, акча которууларды алуунун жана
жиберүүнүн тартиби
85. Камакка алынган адамдарга телеграммаларды жана каттарды алуунун жана жиберүүнүн саны чектелбейт, ошондой эле туугандары жана башка адамдар менен кат алышууга уруксат берилет.
86. Корреспонденцияны жиберүү жана алуу камакка алынган адамдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Камакка алынган адамдардын кат алышуусуна цензура колдонулат.
87. Кылмыш-жаза ишин алдын ала иликтөөгө же аны сот тарабынан кароого тоскоолдук кылуучу, ошондой эле жашыруун жазуу, шифрлөө менен аткарылуучу мамлекеттик сырларды же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды камтыган кылмышты жасоого мүмкүнчүлүк берген каттар дарегине жиберилбейт, камакка алынган адамдарга берилбейт жана кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга өткөрүлүп берилет.
88. Камакка алынган адамдар тарабынан почта буюмдарын (маркалар, конверттер, каттар үчүн кагаздар) сатып алуу, ошондой эле телеграммаларды, буйрук каттарды жана акча которууларды жиберүү ушул Эрежелердин 78-84-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
89. Камакка алынган адамдардын каттары жана телеграммаларынын толтурулган бланктары нөөмөтчү тарабынан күн сайын кабыл алынат. Каттар жабыштырылбаган конверттерде жиберүүчүнүн фамилиясын жана инициалын, УКЖнын почталык дарегин көрсөтүү менен гана кабыл алынат. Телеграмманын толтурулган бланкына, ошондой эле буйрук каттарды жана акча которууларды жиберүүдө ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык арыз жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
90. Телеграмманы жиберүү жөнүндө арыз (буйрук кат, акча которуу) камакка алуу үчүн негиз болуп эсептелген материалдарга тиркелет.
91. Камакка алынган адамдын атына келип түшкөн каттарды жана телеграммаларды тапшыруу, ошондой эле даректелгенге анын каттарын жиберүү майрам жана эс алуу күндөрүнөн сырткары, кат келип түшкөн күндөн баштап үч күндүк мөөнөттөн кечикпестен УКЖнын администрациясы тарабынан жүргүзүлөт. Катты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которуу зарыл болсо, катты берүүнүн мөөнөтү которуу үчүн керек болгон убакытка узартылышы мүмкүн. Жакын тууганынын же үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгондугу же катуу ооруп жаткандыгы жөнүндө маалымат камакка алынган адамга аны алгандан кийин токтоосуз түрдө билдирилет.
92. Камакка алынган адамдардын бардык корреспонденциясы атайын журналга анын келип түшкөн жана жиберген датасын көрсөтүү менен катталууга тийиш.
93. Камакка алынган адамдарга келип түшкөн акча которуулар алардын өздүк эсебине которулат жана ал тууралуу камакка алынган адам, орган же кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн адам кабардар болот.
94. Камакка алынган адамдар карцерде кармалган мезгилде кат алышууга тыюу салынат.
95. Камакка алынган адам чыгып кеткенден кийин (камактан бошонуу, башка жерге камакка алууга жиберүү) УКЖга келип түшкөн корреспонденция жана акча которуулар тийиштүү белги коюу менен жиберүүчүгө кайра кайтарылат.
Шектүүнүн же айыпталгандын атына, ал камакта кармоо жайынан чыгып кеткенден, же бошотулгандан кийин келип түшкөн каттар, алар алынгандан кийин үч күндөн кечиктирилбей камакта кармоо жайынын каражатынын эсебинен даректелгенге жөнөтүлөт.
10. Камакка алынган адамдар тарабынан өтүнүчтөрдү,
сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды
жиберүүнүн тартиби
96. УКЖ кызматкерлери күн сайын камераларды карап чыгышат жана камакка алынган адамдардан өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жазуу жүзүндө да, оозеки түрдө да кабыл алат.
97. УКЖнын башчысынын дарегине жиберилген өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар ушул Эрежелердин 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык, камакка алынган адамдардын кайрылууларын эсепке алуу журналына жазылат жана УКЖнын башчысына баяндалат.
98. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга жиберилген өтүнүчтөргө, сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга цензура жасалбашы керек жана алар берилген учурдан тартып бир суткадан кечикпестен тиешелүү жакка жиберилет.
99. Башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле коргоочуга жиберилген өтүнүчтөргө, сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга цензура жасалбашы керек жана алар берилген учурдан тартып үч күндөн кечикпестен тиешелүү жакка жиберилет.
100. Өтүнүчтөргө, сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга жооптор камакка алынган адамдар тарабынан кол коюу менен берилет жана алардын камакка алынуусуна негиз болгон материалдарга тиркелет.
101. Өтүнүч, сунуш, арыз жана даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн камакка алынган адамдарга кандай гана формада болбосун куугунтуктоого жол берилбейт.
102. Өтүнүчтөрдү, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтүү боюнча чыгымдарды төлөө жиберүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
103. Кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдардын дарегине келип түшкөн кассациялык жана аппеляциялык даттануулар, ошондой эле өтүнүчтөр, сунуштар, арыздар жана даттануулар, камакка алынган адамдын өздүк эсебинде акча жок болсо, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын эсебинен жиберилет.
11. Камакка алынган адамдар тарабынан диний сыйынууларды,
ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды аткаруунун тартиби
104. Камакка алынган адамдар диний сыйынууларды, ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды камераларда аткарышат, ал эми мүмкүнчүлүк болсо алар карамагында болгон диний конфессиялардын салттарына ылайык, бул максаттар үчүн атайын жабдылган УКЖ имараттарында аткарышат.
105. Ушул Эрежелерди жана камакка алынган башка адамдардын укуктарын бузган диний сыйынууларды, ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды аткарууга жол берилбейт.
106. Камакка алынган адамдарга диний адабияттарды, ич кийимге же чөнтөккө тагынуу үчүн жеке пайдалануудагы диний сыйынуулардын предметтерин өзү менен кошо алып жүрүүгө, пайдаланууга уруксат берилет, буга саюучу-кесүүчү предметтер, кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдар же маданий жана тарыхый баалуулуктар кирбейт.
107. Камакка алынган адамдарга, алардын өтүнүчү боюнча жана кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын же адамдын уруксаты менен диний кызматкерлерди чакырууга жол берилет. Диний кызматкерлердин кызмат көрсөтүүсүнө камакка алынган адамдардын өздүк каражаттарынан төлөнөт.
12. Камакка алынган адамдардын эмгегин уюштуруу
108. Камакка алынган адамдардын УКЖда кыска убакыт болгондугуна байланыштуу УКЖда алардын эмгеги уюштурулбайт.
109. Камакка алынган адамдар кезек тартиби боюнча камераларды жана башка жайларды жыйнаштырууга милдеттүү. Камакка алынган адамдарды алардын өзүн-өзү тейлөөсүнө байланышпаган иштерге тартууга тыюу салынат.
13. Нике жана үй-бүлөлүк мамилелерден пайда болгон укуктарды
жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби
110. Камакка алынган адамдардын никесин каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
111. Камакка алынган адам ажырашуу үчүн УКЖнын башчысы аркылуу сотко арыз жолдойт. Сотко арыз берүүдө мамлекеттик пошлинаны төлөө камакка алынган адамдын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
112. Камакка алынган адамдар эгер алар Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул Эрежелерге карама-каршы келбеген учурларда башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга укуктуу.
113. Камакка алынган адамдар нотариус же УКЖнын башчысы (анын ордун басуучу адам) тарабынан ырасталган ишеним каттын негизинде өзүлөрүнүн өкүлдөрү аркылуу жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укугу бар. Көрсөтүлгөн ишеним кат кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн орган аркылуу ал түзүлгөн адамдын атына берилет же жолдонот.
114. Камакка алынган адамдан ишеним кат алууну каалаган жарандар УКЖнын башчысына жеке кабыл алууга арыз жазып кайрылышат же аны почта боюнча жиберет.
14. Гезиттерге жана журналдарга жазылуу
115. Кыргыз Республикасынын байланыш бөлүмчөсү аркылуу таратылуучу гезиттерге жана журналдарга камакка алынган адамдардын жазылуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
15. Медициналык жардам көрсөтүүнүн жана
санитардык-эпидемиологиялык
камсыз кылуунун тартиби
116. УКЖга жеткирилген адамдардан тез (кечиктирилгис) медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондорду табуу жөнүндө алардын ден соолугунун абалы нөөмөтчүлөр тарабынан суралат, ошондой эле педикулездун бар экендиги каралат. Алардын сурамжылоолорунун натыйжалары, аны менен бирге ден соолугунун абалына карата айтылган даттануулар жана көрсөтүлгөн жардамдын мүнөзү жөнүндө ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык журналга тийиштүү жазуу жүргүзүлөт, ал журнал нөөмөтчүдө дайыма сакталат.
117. Жеткирилген адамдардын ичинен ден соолугунун абалынын начарлыгы тууралуу даттануу болгон учурда же ооруунун ачык белгилери болсо нөөмөтчү токтоосуз түрдө тез (кечиктирилгис) медициналык жардамды чакырууга милдеттүү.
118. Эгер тез (кечиктирилгис) медициналык жардамдын медицина кызматкеринин корутундусу боюнча шектүү, айыпкер же соттолгон адам стационардык шарттарда дарыланууга муктаж болсо, камакка алуу жайынын тийиштүү саламаттыкты сактоо жайына же мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмуна жиберилет, ал эми кармалган адам мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмуна гана жиберилет, ал жөнүндө УКЖ администрациясы кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органга билдирет. Көрсөтүлгөн адамдарды күзөткө алуу белгиленген тартипте уюштурулат.
119. Тез (кечиктирилгис) медициналык жардамды талап кылган психикалык, инфекциялык жана башка катуу ооруулардын белгиси бар адамдарды УКЖга кармоого уруксат берилбейт.
120. Инфекциялык ооруу же педикулез табылган учурда нөөмөтчү бул тууралуу гигиена жана эпидемиологиянын аймактык борборуна билдирүүгө милдеттүү жана андан ары анын контролдоосу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт (көрсөтүлгөн иш-чаралар саламаттыкты сактоо пункту бар УКЖда анын медициналык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт).
121. УКЖда кармалган мезгилде камакка алынган адамдан инфекциялык ооруулар табылган учурларда мындан адам токтоосуз камак жайга (өзүнчө камерага) жайгаштырылат.
122. Камакка алынган адамдар денеден жаракат алган мезгилде алардын өтүнүчү боюнча же УКЖ кызматкерлеринин демилгеси менен УКЖ медицина кызматкерлери тарабынан (УКЖ штатында ал бар болсо) кечиктирилбестен (бир суткадан кеч эмес) медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт. Медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте жазылат жана камакка алынган адамга, анын коргоочусуна же мыйзамдуу өкүлүнө билдирилет.
123. Камакка алынган адамдардын денеден алган жаракатына медициналык күбөлөндүрүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматчылары тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- УКЖ башчысынын чечими боюнча;
- УКЖ штатындагы врач (фельдшер) жок болгондо;
- кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын чечими боюнча;
- камакка алынган адамдын өтүнүчү боюнча;
- камакка алынган адамдын коргоочусунун же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча.
124. Денеден жаракат алган адамга мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмунун медициналык кызматчылары тарабынан күбөлөндүрүү жүргүзүү үчүн анын коргоочусу же мыйзамдуу өкүлү УКЖнын башчысынын атына арыз берет. Арыз бир сутканын ичинде каралып чыгышы керек.
Медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүдөн баш тартууга каршы камакка алуу жайларында мыйзамдуулукту сактоо үчүн көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго, же сотко даттануу болушу мүмкүн.
125. Камакка алынган адам каза болгон учурда каза болгон фактыны белгилөө үчүн нөөмөтчү тез (кечиктирилгис) медициналык жардамды чакырууга милдеттүү.
126. Камакка алынган адамдар үчүн медицина кызматчылары тарабынан дайындалган медикаменттер нөөмөтчү тарабынан сакталат жана ал болгондо гана ооруган адамдар тарабынан кабыл алынат.
127. Өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган, травма алган, камакка алынган адамдарга УКЖ кызматкерлери тарабынан бир эле мезгилде тез (кечиктирилгис) медициналык жардамды чакыруу менен алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт. УКЖ алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн аптечкалар менен камсыз болуусу керек.
128. Камакка алынган адамдарга тез (кечиктирилгис) медициналык жардам мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын тез (кечиктирилгис) медициналык жардамы тарабынан көрсөтүлөт. Камакка алынган адамдарды врач, фельдшер жана медицина айым катары пайдаланууга тыюу салынат. Зарыл учурларда УКЖ администрациясы медициналык жардам көрсөтүү же кеңеш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын же мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматчыларын чакырат.
129. УКЖга жеткирилген адамдар санитардык кароодон өтүшөт. Андан ары камакка алынган адамдарды санитардык кароодон өткөрүү жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Камакка алынган адамдар жеке даараткана буюмдарын пайдаланууга укугу бар.
130. Камакка алынган адамдар үчүн камералар жана башка УКЖ имараттары табигый жарык болуусу зарыл. Кладовкалар, санитардык түйүндөр, гардеробдор, душтар үчүн жасалма жарык берүүгө жол берилет. Камералар жана башка имараттар соруп алуучу вентиляция системасы менен жабдылат.
131. УКЖ төмөнкүлөр менен жабдылат:
- идиш-аякты жууш үчүн үч секциялуу ванна, колду жууш үчүн жуунгуч, резервдеги ысык суу менен жабдуу үчүн жабдыктар, идиш-аяктарды кургатуу үчүн решетка текче, стеллаждары жана электроплитасы бар тамакты жылытуу жана берүү үчүн комната;
- камакка алынган адамдарга камераларда сактоого уруксат берилбеген төшөк жана жеке буюмдарын сактоо үчүн комната;
- душу жана пароформалиндик дезинфекциялык камерасы бар санитардык өткөргүч;
- башка кызматтык жана жардамчы жайлар.
132. Камакка алынган адамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча ден соолукту жана күчтү кармоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамактануу менен камсыз болушат.
133. Камакка алынган адамдарга күнүнө үч маал тамак берилет. Ашкана идиш-аяктарынын комплекттеринин саны УКЖга максималдуу жетишүүсү керек.
134. УКЖга даяр тамак коомдук тамактануучу ишканалардан келишим боюнча жеткирилет. Камакка алынган адамдар үчүн тамактар УКЖнын нөөмөттөгү наряды менен термостордо алынып келинет. Тамак жеткирүү жана таратуу, ашкана идиш-аяктарын жууп тазалоо менен иштеген УКЖ кызматкерлеринде медициналык китепчеси болушу керек. Тамакты жеткирүүгө жана таратууга, ашкана идиш-аяктарын, термосторду жууп-тазалоого камакка алынган адамдарды тартууга тыюу салынат.
135. Камакка алынган адамдар камераларда же камералар боюнча бул үчүн атайын жабдылган жайларда тамактанышат.
136. Ысык тамакты берүү учурунда анын температурасы 75 град. Цельсиядан төмөн болбошу керек, ал эми экинчи тамак 65 град. Цельсиядан төмөн болбошу керек.
137. Ашкана идиш-аяктарын кароо жана жууп тазалоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- тамактардын калдыктарын калдыктар үчүн жабылуучу капкагы бар атайын бачокторго таштоо;
- жуучу каражаттарды кошуу менен температурасы 40 град. Цельсиядан төмөн болбогон сууда жууп тазалоо;
- идиш-аякты температурасы 65 град. Цельсиядан төмөн болбогон ысык агын суу менен чайкоо;
- идиш-аякты торчолуу полкаларда, текчелерде кургатуу.
138. Жумуш күнү аяктагандан кийин он минута ичинде температурасы 50 град. Цельсиядан төмөн болбогон 0,2%дуу хлордуу акиташ же хлорамин эритмеси менен ашкананын идиш-аягына дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
139. Идиш-аяктарды жуугуч жумуш аяктагандан кийин идиш жуучу каражаттарды колдонуу менен ысык сууда чайкалат, кургатылат жана атайын бөлүнгөн жерде сакталат.
140. Тамакты жылытуучу жана бөлүштүрүүчү бөлмөдө идиш-аякты жана инвентарды жуунунун эрежелери тууралуу нускама илиниши керек.
141. УКЖнын имараты, жабдуулар жана инвентарь тазалыкта кармалышы керек. Имаратты жууп-тазалоо күн сайын, зарыл болгон учурда жуучу каражаттарды (2%дуу самын-сода аралашмасы) жана дезинфекциялык каражаттарды (1%дуу хлор акиташы, хлорамин) колдонуу менен тез-тез жүргүзүлүшү керек. УКЖда жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын запасы бар болушу керек. Бардык жыйноочу инвентарь (чакалар, таздар, швабралар) имаратты жана жыйноо иштеринин түрүн көрсөткөн белгилерге ээ болуп, белгилениши боюнча колдонулуп, өзүнчө сакталышы керек. Башкы жууп-тазалоо УКЖнын бардык имараттарында айына бир жолудан аз эмес өткөрүлөт.
142. Гигиена жана эпидемиологиянын аймактык борборлорунун дезинфекциялык кызматы менен болгон келишимдер боюнча УКЖнын имараттарында чымын-чиркейлерге, кемирүүчүлөргө каршы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз уюштуруу зарыл.
143. УКЖнын санитардык абалын текшерүүнүн натыйжалары санитардык-эпидемиологиялык станциялардын жумушчулары тарабынан ушул Эрежелердин 10-тиркемесине ылайык журналда белгиленет.
16. УКЖда кармалган адамдарга дарыгерге чейинки
тез жардам көрсөтүүнүн эрежелери
144. Жаракат алган учурда жабыр тартуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аны тезинен дарылоочу жайга жиберүү керек. Окуя болгон жерде төмөнкү жардам көрсөтүлүшү зарыл: травма алып келүүчү фактордун таасирин токтотуу, кан агууну убактылуу токтотуу, асептикалык таңгыч тагуу, транспорттук иммобилизация, андан кийин оорулууну дарылоочу жайга кылдаттык менен жеткирүү керек. Оорулуу өз алдынча дем ала албай, жүрөгүнүн иштеши начарлаган (токтогон) учурда жасалма дем алдыруу жана жүрөккө сырттан ушалоо колдонулат.
145. Жаракат алууларда биринчи жардам көрсөтүүнүн негизи болуп канды убактылуу токтотуу (таңгыч, жгут тагуу) жана инфекция кирүүнүн алдын алуу (таңгыч тагуунун алдында жаранын четтерин йоддун аралашмасы менен сүртүү) принциптери эсептелет. Жгут 2 сааттан ашпаган убакытка коюлат. Жгуттун коюлган убактысы ага тиркелген кыскача катта көрсөтүлөт. Жарага таңгыч тагуунун алдында дененин бул бөлүгүн кийимден жана бут кийимден бошотуу керек.
146. Оорутуп, көгөртүп алууларда дененин кокустаган бөлүгүн тынчтыкта жана көтөрүңкү абалда кармоо керек. Кысуучу таңгыч таңышат. Оорутуп, көгөртүп алган жерге муздак суу же муз менен резина капчыгы коюлат. Эти чоюлуп же үзүлүп калууларда кол-аякты тынчтыкта кармоо керек, ал эми муун жакка кысуучу таңгыч тагуу зарыл. Кол-аяктын чыгып кетиши транспорттук шинаны коюу аркылуу жетишүүчү максималдык тынчтыкты талап кылат.
Сынууларда көрсөтүлүүчү биринчи жардам болуп эки же үч муун узундуктагы транспорттук иммобилизациялык шиналар менен жабыркаган муундарды иммобилизациялоо эсептелет. Эгерде сынык ачык болсо, анда жарака кеткен жерге алдын ала асептикалык таңгыч коюшат.
147. Күйүк алган учурда ысыктык фактордун аракетин жоюу зарыл: ысык суунун же буунун берилишин токтотуу, кийим күйгөн учурда өрттү өчүрүү үчүн жабырлануучуну жуурканга же башка бир кийимге ороо. Күйүк алган учурда кийимди чечишпейт, кесишет, асептикалык таңгыч тагышат, дененин жабыркаган бөлүгүн иммобилизациялашат, оорулууну жылуу ороп, дарылоочу жайга алып барышат.
148. Үшүккө алдырган учурунда оорулууну жылуу имаратка алып келишет. Ага ысык чай, жүрөк дарыларын беришет.
149. Эсинен танган учурда жабырлануучунун бутун көтөрүп жана башын ылдый кылып жаткыруу зарыл, кысуучу кийиминин топчусун чыгарып, бетине муздак суу чачып, кебез менен нашатыр спиртин жыттатуу керек.
150. Өзүн-өзү асууда дем алууга жолтоо болгон себептерди тезинен жоюу зарыл (жабырлануучуну илмектеп бошотуу), жасалма дем алуу, жүрөккө сыртынан массаж жасоо, ысык чай же кофе, валериан настойкасынан 20-25 тамчы берүү керек.
151. Уугуу болгон учурда карынды жууп тазалоо жолу менен уугууга алып келген затты кетирүү зарыл, сууну көп ичүүнү дайындап, жасалма дем алуу (көрсөтмө боюнча) жасоо керек.
152. Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап жаракат алгандарга (асынуу, веналарын кесүү, уу ичүү ж.б.) дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү үчүн төмөнкүлөрдүн болушу зарыл: кансыроону токтотуу максатында муундарга коюу үчүн каражат (жгут), жасалма дем алууну өткөрүү үчүн аба өткөргүч, термометр, муз үчүн резина капчыгы, транспорттук иммобилизациялык шиналар, күйүк алууларда жардам көрсөтүү үчүн таңгычтар.
153. Дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү менен бир мезгилде "тез" кечиктирилгис дарыгерлер жардамынын бригадасы чакырылат.
17. Тамак ичүүдөн баш тартууда көрүлүүчү чаралар
154. Шектүү жана айыпкер тамактан баш тарткан учурда УКЖ башчысы же анын орун басары тамактан баш тартуунун себептерин аныктап, кылмыш-жазык ишин жүргүзгөн органга жана УКЖ мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурорго маалымдоого милдеттүү.
155. Шектүүнүн жана айыпкердин тамактан баш тартуусу негиздүү болгон учурда УКЖ башчысы көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруу үчүн чара колдонот. Анын талаптарын тез аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда түшүндүрүүлөр жүргүзүлөт жана аларды канааттандыруу үчүн чаралар колдонулат.
156. Тамактан баш тарткан шектүү жана айыпкер УКЖда кармалган башка адамдардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медициналык кызматкердин байкоосу астында болот. Тамактан баш тарткан шектүүнүн жана айыпкердин ден-соолугун сактоого багытталган чаралар, анын ичинде мажбурлоочу чаралар дарыгердин жазуу түрүндөгү корутундусунун негизинде анын катышуусу менен ишке ашырылат.
157. Шектүүнүн жана айыпкердин тамактан баш тартуусу аны башка жерге камакка алууга этаптоого же жөнөтүүгө тоскоол болбойт, керек болгон учурда медициналык кызматкердин коштоосу менен жиберилет.
18. Күндөлүк сейилге чыгууну жүргүзүү эрежелери
158. Камакка алынган адамдарга эки сааттан аз болбогон убакытка созулган, ал эми жашы жете электерге, боюнда бар аялдарга жана өзү менен кошо балдары бар аялдарга үч сааттан аз болбогон күндөлүк сейилге чыгуу берилет.
159. Сейилге чыгуунун узактыгы УКЖ башчысы тарабынан күн тартибин, метеорологиялык шарттарды, УКЖнын толтурулушун жана башка шарттарды эске алуу менен аныкталат. Боюнда бар аялдардын, өзү менен кошо балдары бар аялдардын күндөлүк сейилге чыгуу убактысын чектөөгө жол берилбейт.
160. Сейилге чыгаруу сутканын жарык убактысында УКЖ башчысы тарабынан түзүлгөн камакка алынган ар түрдүү категориядагы адамдардын обочолонуу эрежелерин бузууну жокко чыгаруучу график боюнча жүргүзүлөт.
161. Сейилге бир камерада кармалган адамдардын бардыгы чыгарылат жана алар мезгилге ылайык кийим кийиши керек. Медициналык кызматчы тарабынан сейилдөө сунуш кылынбаган оорулуулар сейилге чыгарылбайт.
162. Сейилге чыгууну өткөрүү үчүн УКЖнын кайтарылуучу аймагында атайын сейилдөөчү короо (короолор) жабдууланат, алардын саны сутканын күндүзгү бөлүгүндө камакка алынган адамдарды сейилге чыгаруу зарылчылыгы менен аныкталат. Сейилге чыгаруу учурунда жашы жете электерге физикалык жана спорт көнүгүүлөрүн жасоого мүмкүндүк берилет.
163. Сейилге чыгуу УКЖнын башчысынын буйругу менен жагымсыз метеорологиялык шарттарга байланыштуу, ошондой эле күтүүсүз окуяларды (качуу, өзүн-өзү өлтүрүү ж.б.) жоюу убагында жана өзгөчө абал режиминде токтотулушу же кыскартылышы мүмкүн.
164. Камакка алынган адамдын сейилге чыгуусун мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн сейилге чыгууга жооптуу болгон адамга кайрылууга болот, ал өтүнүчтү УКЖ башчысына же анын ордун алмаштыруучуга кабарлайт. Көрсөтүлгөн кызматчы адам өтүнүчтүн маңызы боюнча чечим кабыл алат.
165. Сейилге чыгуу учурунда тартип эрежелерин бузган адамдар УКЖнын башчысынын (анын ордун алмаштыруучунун) буйругу боюнча камерага кайтарылып жиберилет.
19. Жолугушуу өткөрүү, жактоочу менен байланышуу тартиби
166. Камакка алынган адамга жакын туугандары жана үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушуу кылмыш-жазык процессин жүргүзгөн органдын жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде берилет. Уруксат бир жолугушууга гана жарайт. Жолугушууга берилген уруксатта кимге жана ким менен жолугушууга уруксат экендиги көрсөтүлүшү керек. Камакка алынган адам менен жолугушууга бир мезгилде 16 жашка чейинки балдарды эске албаганда бир гана адам киргизилет.
167. Ушул Эрежелердин 11-тиркемесине ылайык өндүрүшүндө кылмыш-жазык иши болгон органдын же адамдын жазуу түрүндөгү уруксатынын, ошондой эле өзүн күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде УКЖ башчысы (анын ордун алмаштыруучу адам) жолугушууга уруксат берет, жалпы кезекти эске алып анын узактыгын аныктайт, нөөмөтчүгө аны өткөзүү тууралуу жазуу түрүндө буйрук берет.
168. Жолугушуулар жалпы кезек тартибинде берилет. Жолугушуунун алдында жолугушууга келген адамдарга, ошондой эле камакка алынган адамдарга жолугушуу учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери түшүндүрүлөт. Аларга бири-бирине кайсы бир нерселерди, буюмдарды жана тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Алар белгиленген эрежелерди бузган учурда жолугушуу токтотулаары тууралуу эскертилет.
169. Жолугушууга өзүн күбөлөндүрүүчү документтери жок же мас абалында келген жарандарга, ошондой эле уруксатта көрсөтүлбөгөн адамдарга жолугушуу берилбейт. Жолугушуу берүүдөн баш тартуу себептери жолугушууга келген адамга УКЖ башчысы же нөөмөтчү тарабынан айтылат.
170. Жолугушуу өткөрүү үчүн УКЖда атайын бөлмө жабдууланат. Жолугушуу үчүн бөлмөгө камакка алынган адамдар бирден чыгарылат.
171. Жолугушуу учурунда сүйлөшүү УКЖнын кызматчысына түшүнүктүү тилде жүргүзүлүшү керек. Зарыл болгон учурда котормочу чакырылат.
172. Камакка алынган адамдардын жакын туугандары жана үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушуусу УКЖ кызматчыларынын визуалдык контролдоосу астында жүргүзүлөт. Кылмыш-жазык ишинде чындыкты ачыкка чыгарууга тоскоолдук келтирүүчү же кылмыш жасоого түрткү берүүчү кайсы-бир маалыматтарды берүүгө аракет жасаган, ошондой эле сүйлөшүү УКЖ кызматкерине түшүнүктүү эмес тилде жүргүзүлгөн учурларда жолугушуу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
173. Жолугушуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда аны өткөрүүгө жооптуу болгон УКЖнын кызматчысы бул тууралуу жолугушуунун токтотулуу себептерин көрсөтүү менен УКЖ башчысына жазуу түрүндө билдирет.
174. Камакка алынган адамдардын жактоочулар менен болгон сүйлөшүүсү жалгыз жана жашырын түрдө маектин санын жана убактысын чектебестен жүргүзүлөт. Сүйлөшүү УКЖ кызматчысына көрүүгө мүмкүндүк берип, бирок угулбай турган шарттарда жүргүзүлөт.
175. Жактоочу менен болгон сүйлөшүүлөр УКЖнын тергөө бөлмөлөрүндө жүргүзүлөт.
176. Камакка алынган адамдын жактоочу катарында ишке катышкан адвокат менен болгон жолугушуусу ордер-өтүнмөнүн ырасталган көчүрмөсүн көрсөтүүнүн негизинде, ал эми коргоочу катарында киргизилген жакын туугандар же мыйзамдуу өкүлдөр менен жолугушуусу - кылмыш-жаза процессин жүргүзгөн органдын токтомун (аныктамасын) жана өзүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
177. Камакка алынган адам менен жолугушууга уруксат алган адамдарга, же ал менен жолугушууга укуктуу адамдарга жолугушуу учурунда техникалык байланыш каражаттарын, компьютерлерди, кино, сүрөт, аудио, видео жана көбөйтүүчү аппараттарды УКЖга алып келүүгө жана аларды пайдаланууга тыюу салынат.
178. Жолугушууга (жактоочу менен жолугушууга) чыгарылуучу адамдар жакшы сырткы көрүнүшкө ээ болуш керек. Жолугушуунун (кездешүүнүн) астында жана аягында алар жеке тинтүүдөн өтүшөт.
179. Камакка алынган адамдар менен жолугушууларды кыска мөөнөттүү токтотууларда (карантинге, өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана башка себептерге байланыштуу) УКЖ башчысы бул тууралуу УКЖда мыйзамдуулукту сактоо боюнча көзөмөлдөөчү прокурорго, ошондой эле кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү адамга же органга билдирет.
180. Камакка алынган адамдарга алардын катышуусу менен болгон процессуалдык аракеттерди өткөрүү учурунда жолугушуу берилбейт.
20. Камакка алынган адамдардын тергөө иштерине жана
сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу
181. УКЖ башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- күндүзгү убакта кылмыш-жаза ишин жүргүзгөн тергөөчүнүн, көзөмөлдөөчү прокурордун камакка алынган адамга тоскоолдуксуз келишин жана чакыруу боюнча тергөө аракеттерине катышуу үчүн аларды жеткирүүнү камсыз кылууга;
- кылмыш-жаза ишин жүргүзгөн тергөөчүнүн, көзөмөлдөөчү прокурордун жазуу түрүндөгү талаптары боюнча камакка алынган адамды суракка алуу же башка тергөө иштерине катыштыруу үчүн камерадан чыгарууну камсыз кылууга;
- соттордун билдирмелерине ылайык камакка алынган адамдарды сот жыйындары өтүүчү залга жөнөтүү үчүн алардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын конвойлоруна жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына берилишин камсыз кылууга.
182. Нөөмөтчү сменалардын нөөмөттү өткөрүп алуу-өткөрүп берүү, тамак ичүү маалында (эртең мененки, түшкү, кечки тамак), ошондой эле түнкү убакта (кечки саат жыйырма экиден баштап кийинки күндөгү эртең мененки саат алтыга чейин), КЖКда көрсөтүлгөн кийинкиге калтырууга болбой турган учурларды кошпогондо, камакка алынган адамдарды чакыруу боюнча камералардан чыгарууга тыюу салынат.
183. Кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органдын, прокурордун же соттун (судьянын) көрсөтмөсү боюнча УКЖнын аймагында тергөө иштерин жана экспертиза жүргүзүү үчүн УКЖ башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жабдылган имарат берүүгө;
- камакка алынган адамды алып келүүгө жана анын коопсуздугун камсыз кылууга;
- тергөө иштерге катышууга, экспертиза жүргүзүүгө тартылган адамдардын УКЖнын имаратына киришин камсыз кылууга.
184. Сотко же УКЖнын аймагынан тышкары тергөө иштерине катышууга жөнөтүлүүчү камакка алынган адамдар мезгилге ылайык кийинип, жакшы сырткы көрүнүшкө ээ болушу керек.
21. УКЖ башчысы жана ал тарабынан ыйгарым укук
берилген адамдардын камакка алынган адамдарды
жеке кабыл алуу тартиби
185. Камакка алынган адамдарды жеке кабыл алуу (мындан ары - жеке кабыл алуу) УКЖ башчысы же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары күндөрдө, жумуш убактысында жүргүзүлөт. Камакка алуучу жайлардын ишин контролдоочу адам тарабынан жеке кабыл алуу ал УКЖнын аймагында болгон мезгилде жүргүзүлөт.
186. Камакка алынган адамдарды жеке кабыл алууга жазуу күн сайын УКЖ кызматчылары камераларды караган убагында жүргүзүлөт.
187. Жеке кабыл алууга арыздар жазуу жана оозеки түрдө УКЖ башчысынын атына берилет жана камакка алынган адамдардын кайрылууларынын эсепке алуу журналында кезек тартибинде катталат.
188. Жеке кабыл алуу кайрылуулардын эсепке алуу журналындагы катар номери жана арыз берүүнүн кезек тартиби боюнча жүргүзүлөт. Жеке кабыл алуу бүткөндөн кийин журналда анын жыйынтыгы белгиленет, ал эми арызда жеке кабыл алуу тууралуу белги коюлат. Жыйынтыгында арыз адамды камакка алууга негиз болгон материалдарга тиркелет.
22. Убактылуу кармоочу жайда каза болгон
камакка алынган адамдардын денелерин
берүү тартиби
189. УКЖда камакка алынган адамдын каза болгондугу тууралуу УКЖ башчысы токтоосуз түрдө прокурорго, кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органга, ошондой эле жакын туугандарына билдирет. Эгерде каза болгон адамдын туугандары УКЖ жайгашкан калктуу пункттун чегинен тышкары жашаса, кабар телеграф аркылуу жиберилет.
190. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкасы көрсөтүлбөсө, камакка алынган чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын каза болгондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдалат.
191. Каза болгон адамдын денеси жакынкы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун моргуна берилет.
23. Адамдарды камактан бошотуу тартиби
192. Камакка алынган адамдарды УКЖдан бошотуунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте чыгарылган сот чечими;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте чыгарылган прокурордун же тергөөчүнүн токтому.
193. УКЖ башчысы камакта кармоо мөөнөтүнүн аякташына жыйырма төрт сааттан кеч болбогон мезгилде ушул Эрежелердин 12-тиркемесине ылайык, кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү адамга же органга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камакка алуу жайларында мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурорго бул тууралуу маалымдоо жибериши керек.
194. Ушул Эрежелердин 192-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер бар болгон учурда камактан бошотуу УКЖ башчысы же анын милдетин аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.
195. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн камакка алуу мөөнөтү аяктагандан кийин адамды бошотуу же тыюу салуучу чара катары камакка алуу мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим келип түшпөсө, УКЖ башчысы (анын милдетин аткаруучу) ушул Эрежелердин 13-тиркемесине ылайык өзүнүн токтому менен аны бошотуп, бул тууралуу кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органга же адамга билдирет.
196. Камакка алынган адамды иш жүзүндө бошотуугa чейин аны камакка алуу мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим чыккан учурда УКЖ башчысы (анын милдетин аткаруучу) өзүнүн токтомун жокко чыгарат, бул тууралуу камакка алуу жайларында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурорго маалымдайт.
197. Камактан бошотулган адамга өздүк документтерин, буюмдарын, анын менчик эсебинде сакталган акчаларын, ошондой эле ушул Эрежелердин 14-тиркемесине ылайык камакка алуу мөөнөтү жана камактан бошотуу себептери көрсөтүлгөн маалымкат берилет.
198. Сот залында камактан бошотуу соттун өкүмү (аныктамасы) боюнча тезинен жүргүзүлөт. Бошотулган адамдан алынып коюлган документтер, буюмдар жана баалуулуктар, ошондой эле анын менчик эсебиндеги акчалар УКЖ башчысы тарабынан кайтарылып берилет.
199. Эгерде камакка алынган адам УКЖдан бошотуу учурунда ооруп жатса, анда ал туугандарына берилет же мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмуна жиберилет.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
1-тиркеме
УКЖда сактоого жана колдонууга уруксат
берилген нерселердин, буюмдардын
жана тамак-аш продуктуларынын
ТИЗМЕСИ
Камакка алынгандардын өзү менен бирге сактаган тамак-аш продуктыларынын салмагы 30 килограммдан ашпашы керек.
Тамак-аш продуктыларынын тизмеси санитардык-эпидемиологиялык кызматтын буйругу боюнча чектелиши мүмкүн.
Камакка алынган адамдар өзү менен бирге төмөнкүлөрдү сактап, посылка жана аманат аркылуу жана накталай эмес эсеп боюнча сатып ала алышат:
- тамак-аш продуктулары (жылуулук иштетүүнү талап кылуучулардан, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен бат бузулуучулардан, ошондой эле ачыткы, алкоголь ичимдиктери жана сырадан тышкары);
- табак буюмдары, ширеңкелер;
- бел курсуз, арчындаган курсуз, галстуксуз кийимдердин бир комплекти, ошондой эле баш кийим, мезгилге жараша бут кийим (супинаторлорсуз, металл набойкасыз);
- бир комплект спорт кийими же үйгө кийүүчү халат;
- ич кийим - эки комплекттен көп эмес;
- байпактар, чулкилер же колготкалар - эки даанадан көп эмес;
- кол кап же мээлей - бир даана;
- бет аарчылар;
- бөлмөдөн кие турган же спорт бут кийими - бир даана;
- даараткана буюмдар (даараткана, чарбалык самындар, суюк самын же шампундар, тиш щетка, тиш паста, самын же тиш щеткалар үчүн пластмасса кутулар, кремдер, майда тиштүү тарак, тарак);
- буюм салынуучу кап же сумка;
- көз айнек жана көз айнек салынуучу пластмасса кутулар;
- жоолуктар, рейтузалар, курлар, чыптамалар, марлялар, заколкалар, вазелин, кебез, гигиеналык тампондор, косметикалык буюмдар, пластмассалык бигудилер (аялдар үчүн);
- балдактар, жыгачтан жасалган ичке таяктар, протездер (дарыгердин уруксаты боюнча);
- жуугуч же губка;
- шариктүү автоматтык жазуу калеми; стержень, жөнөкөй калем;
- кат жазууга кагаз, окуучулардын дептерлери, почталык конверттер, ачык каттар, почта маркалары;
- даараткана кагазы;
- кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган этке кийилүүчү же чөнтөктө алып жүрүлүүчү диний ырым-жырым нерселери;
- төшөк орундар бир комплектте, жүз аарчы;
- адабияттар (ошону менен бирге окуучулук, диний жана мезгил-мезгили менен чыгуучу) - беш аталыштан көп эмес;
- фотокарточкалар - экиден көп эмес;
- үстөлдө ойнолуучу оюндар (шашки, шахмат, домино, нарда) - камерага бирден комплект;
- балдарды кароо предметтери (өзү менен кошо балдары болгон аялдарга дарыгердин уруксаты боюнча);
- УКЖнын дарыгеринин (фельдшердин) дайындоосу боюнча дары-дармектер.
Аталгандардан тышкары камакка алынган адамдарга өзү менен бирге кылмыш-жаза ишине же алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон документтерди же жазууларды, ошондой эле почта боюнча жөнөтүлүүчү бланктарды, сактоого тапшырылган акча, баалуулуктар, документтер жана башка предметтер үчүн берилген квитанцияларды сактоого уруксат берилет.
Ушул Тизмеде каралбаган предметтер жана нерселер тыюу салынган деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
2-тиркеме
Шектүү же айыпкерди жеке тинтүүнүн
жана анын буюмдарын кароонун
ПРОТОКОЛУ
__________________________________________________________________
(протокол түзгөн адамдын ээлеген кызмат орду, наамы жана фамилиясы)
"__"______ 20__-ж. "__" саат __ мин.
__________________________________ ___________________________________________________________________ ____________________________________________________________ имаратында
(УКЖнын аты)
чакырылган күбө-калыстардын катышуусу менен:
1. _______________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын aты, жашаган жери)
2. _______________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын aты, жашаган жери)
алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү, тинтүү жүргүздү ________ ______________________________________________________________________,
(кылмыш жасоого шектүү деп кармалган адамдын фамилиясы)
ошондой эле анда болгон буюмдарды текшерди.
Тинтилүүчү кийип турган кийимдер: ________________________________ _______________________________________________________________________
(кийим жана бут кийим саналсын)
_______________________________________________________________________
Натыйжалары
Тинтүүдө жана кароодо төмөнкүлөр табылды жана алынып салынды:_____
_______________________________________________________________________
(жеке белгилерин, керек болсо окуя болгон жерди жана табуунун
_______________________________________________________________________
башка шарттарын сүрөттөө менен алынган предметтердин, буюмдардын,
_______________________________________________________________________
документтердин жана баалуулуктардын тизмеси көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Тинтүү жана кароо жүргүзүү учурунда айтылган билдирүүлөр жана эскертүүлөр: ____________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(тинтилүүчүнүн жана күбөнүн)
(Протоколдун арт жагы)
Протокол угуза окулду, туура жазылган.
Шектүүнүн жана айыпталуучунун колу:
Күбөлөр:
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
Шектүү, айыпкер __________________________________________________
Тинтүүнү жана кароону өткөргөн жана протокол түзгөн адамдар протокол түздү: ____________________________________________________________
Тинтүү жана кароо учурунда алынган предметтер, буюмдар, документтер жана баалуулуктар _________________________________________________ _______________________________________________________________________
(кайсылар экендиги көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________
(тергөө ишине кошулган, жок кылынган, шектүүнүн же айыпкердин
_______________________________________________________________________
өтүнүчү менен туугандарына берилген, сактоого берилген жана кайда,
_______________________________________________________________________
квитанциянын №)
_______________________________________________________________________
(протокол түзгөн адамдын колу)
Сактоого алынган акча жана башка баалуулуктар үчүн берилген квитанциянын көчүрмөсүн алдым ____________________________________________ _______________________________________________________________________
(шектүүнүн же айыпталуучунун колу)
Тинтүү жана кароо учурунда алынган предметтерди, буюмдарды, документтерди жана баалуулуктарды алдым ___________________________________ _______________________________________________________________________
(кайсылар экендиги көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________
(шектүүнүн же айыпкердин колу)
"__" _______ 20__-ж.
Эскертүү. Протокол 3 нускада түзүлөт: биринчи нуска - кылмыш-жана ишине (кармоо боюнча материалдарга), экинчи нуска - камакка алынган адамдын өздүк делосуна тиркелет, үчүнчү нуска - алынган предметтер, буюмдар, документтер жана баалуулуктар менен бирге сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
3-тиркеме
МУКК
штампы
Шектүүнүн, айыпкердин жеке менчик
акчасын эсепке алуу боюнча
№ ____ ӨЗДҮК ЭСЕБИ
__________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Туулган жылы __________________ өздүк делосунун № ________________
Органдын каржы бөлүмүнүн башчысы _________________________________
(колу)
_______________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпкердин колу)
Шектүүнүн, айыпкердин колун
жана ким экендигин ырастайм:
УКЖ башчысы (нөөмөтчү)
__________________________________
(колу)
┌─────────────┬─────────────────┬─────────┬───────────┬───────────────┐
│ Киреше │ Шектүү жана │ Чыгаша │ Калдык │ Калдыктын │
│ жана киреше │ айыпкердин │ │ │ тууралыгын │
│ түшүүнүн │ короткон │ │ │ ырастоочу │
│ булагы │акчасынын лимити │ │ │ тилкат │
├─────────────┼─────────────────┼─────────┼───────────┼───────────────┤
│ │ │ │ │ │
└─────────────┴─────────────────┴─────────┴───────────┴───────────────┘
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
4-тиркеме
Кошумча акы төлөнүүчү кызматтардын
ТИЗМЕСИ
"Кылмышка шектүү деп табылып кармалган адамдарды камак алдында кармоо тартиби жана шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык УКЖнын администрациясы камак алдындагы адамдарга тиешелүү шарттардын болушу менен төмөндө көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү турмуштук жана медициналык-санитардык кызматтарды камсыз кылат:
- камакка алынган адамдарга тиешелүү болгон кийимдерди жана шейшептерди оңдоо, кир жуу;
- аларга тиешелүү болгон бут кийимдерди оңдоо;
- моделдүү чач кыркуу, чач жасалгалоо, чач алуу;
- көз айнек тандоо, жасоо;
- дарыгерлердин - саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистеринин кеңеш берүүсү;
- нотариустун кызматы;
- дары-дармектерди алуу.
Кызмат акылары белгиленген тартипте ошол жердин бааларына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
5-тиркеме
АРЫЗ
__________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жашаган _______________________________________________________________
(жашаган жеринин так дареги)
_______________________________________________________________________
(УКЖ камалган адамга кандай тиешеси бар)
Аманатты _________________________________________________________ __________________________________________ үчүн кабыл алууңузду суранам
(аты-жөнү)
Аманаттын предметтеринин тизмеси
┌─┬──────────────────────────────┬──────────────┬──────────┬──────────┐
│№│Продуктулардын жана буюмдардын│ Салмагы │ Саны │ Эскертүү │
│ │ аталыштары ├──────┬───────┤ │ │
│ │ │ кг │ гр. │ │ │
├─┼──────────────────────────────┼──────┼───────┼──────────┼──────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├─┼──────────────────────────────┼──────┼───────┼──────────┼──────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└─┴──────────────────────────────┴──────┴───────┴──────────┴──────────┘
Арыз ээсинин колу ____________
"____" ______________ 20__-жыл
Аманатка уруксат бердим __________________________________________
(кызматчынын аты-жөнү, ээлеген кызматы)
Аманатты кабыл алдым _____________________________________________
(аманатты кабыл алган кызматчынын колу)
Аманатты алдым ___________________________________________________
(аманатты алган адамдын колу)
"__" _________ 20__-жыл
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
6-тиркеме
Шектүүнүн, айыптуунун өздүк эсебинде _______ сом ______ тыйын бар. _______________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпкердин аты-жөнү)
Камера № _________ квит. № ____________________
Бухгалтер ___________________"___" _________ 20__-жыл
АРЫЗ
Төмөнкү тамак-аш продуктуларын жана биринчи керектөө предметтерин алууңузду суранам:
┌─┬────────────────────────────────────┬──────────┬───────────────────┐
│№│ Продуктулардын жана буюмдардын │ Саны │ Уруксат берилген │
│ │ аталыштары │ │ баа │
├─┼────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────────┤
│1│ 2 │ 3 │_______________ сом│
│ │ │ │_____________ тыйын│
├─┼────────────────────────────────────┼──────────┼───────────────────┤
│ │ │ │ │
└─┴────────────────────────────────────┴──────────┴───────────────────┘
_____________________
Бардыгы:
Эскертүү. Шектүү, айыпкер 2.3-графаларды гана толтурушу керек, б.а. ал алууну каалаган предметтердин же продуктунун аталышын жана санын көрсөтүүсү керек.
Шектүүнүн, айыпкердин колу _______________________________________
Алгандыгы тууралуу тилкат ________________________________________
Биринчи керектөө продуктуларын жана предметтерин төмөнкү суммада: ___________________________________________________________________
(сөз менен жазуу түрүндө)
_______________________________________________________________________ алдым. Бул сумманы менин өздүк эсебимден чыгарып салууңузду суранам ___ _______________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпкердин колу)
"___" __________ 20__-жыл
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
7-тиркеме
Шектүүнүн, айыптуунун өздүк эсебинде _______ сом ______ тыйын бар. _______________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпкердин аты-жөнү)
Камера № _________ квит. № ____________________
Бухгалтер ___________________"___" _________ 20__-жыл
АРЫЗ
Сизден телеграмма, буйрук кат жиберүүңүздү жана акча которууну (керектүүсүнүн асты сызылсын) суранам
┌───┬──────────────────────────────┬──────────┬───────────────────────┐
│ № │ Почталык корреспонденциянын │ Бирдик │Жиберүүнүн баасы (акча │
│ │ аталышы │ саны │ которуунун суммасын │
│ │ │ │ кошо эсептегенде) │
├───┼──────────────────────────────┼──────────┼───────────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├───┼──────────────────────────────┼──────────┼───────────────────────┤
│ │ │ │ │
└───┴──────────────────────────────┴──────────┴───────────────────────┘
Эскертүү. Камакка алынган адам 1-3-графаларды гана толтурушу керек, б.а. ал почта боюнча жиберүүлөрдүн санын жана аталыштарын көрсөтүүсү керек.
Шектүүнүн, айыпкердин колу _______________________________________
Маалымкат
Камакка алынган адамдын почталык корреспонденциясы (телеграмма, буйрук кат, акча которуу) _____________________________________________
(камакка алынган адамдын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ _______ сом ________ тыйын суммага жөнөтүлгөн _________________________
(датасы)
УКЖ башчысы _______________ ____________________________________
(колу) (аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(камакка алынган адамдын колу)
"___" ________ 20__-жыл
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
8-тиркеме
УКЖда камакка алынган адамдардын
кайрылууларын эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
Башталган "___" _________ 20__-жыл
Аяктаган "___" _________ 20__-жыл
Журналдын мазмуну
┌───┬───────────┬─────────────────────┬──────────────────┬────────────┐
│ № │Кайрылуунун│ Камакка алынган │ Кайрылуунун │ Кайрылууну │
│ │ датасы │ адамдын фамилиясы, │ кыскача мазмуну │ кароонун │
│ │ жана │ аты, атасынын аты │ │ жыйынтыгы │
│ │ убактысы │ │ │ │
├───┼───────────┼─────────────────────┼──────────────────┼────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───┼───────────┼─────────────────────┼──────────────────┼────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───┴───────────┴─────────────────────┴──────────────────┴────────────┘
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
9-тиркеме
УКЖга кармоо үчүн келип түшкөн адамдарды
алгачкы суракка алуу жана медициналык
жардам көрсөтүүнү каттоо боюнча
ЖУРНАЛ
Башталган "___" _________ 20__-жыл
Аяктаган "___" _________ 20__-жыл
Журналдын мазмуну
┌──┬─────┬────┬────┬────┬─────┬──────────────────────────┬───────┬────┐
│№ │Аты- │Жаш │Ки- │Наа-│Келип│ Көрүлгөн чаралар │УКЖ │Эс- │
│ │жөнү │ку- │рүү │ра- │түш- ├──────┬──────┬──────┬─────┤нөөмөт-│кер-│
│ │ │рагы│да- │зы- │көндө│Мед. │Көрсө-│Госпи-│На- │чүсүнүн│түү │
│ │ │ │тасы│лыгы│анык-│кыз- │түлгөн│талга │рядга│колу │ │
│ │ │ │ │ │тал- │маткер│жар- │жаткы-│бол- │ │ │
│ │ │ │ │ │ган │чакы- │дамдын│руу │гон │ │ │
│ │ │ │ │ │ │рылган│мүнөзү│орду │су- │ │ │
│ │ │ │ │ │ │жана │ │ │нуш- │ │ │
│ │ │ │ │ │ │келген│ │ │тар │ │ │
│ │ │ │ │ │ │убак- │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │тылары│ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │
├──┼─────┼────┼────┼────┼─────┼──────┼──────┼──────┼─────┼───────┼────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴─────┴────┴────┴────┴─────┴──────┴──────┴──────┴─────┴───────┴────┘
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
10-тиркеме
УКЖнын санитардык абалын текшерүү боюнча
ЖУРНАЛ
Башталган "___" _________ 20__-жыл
Аяктаган "___" _________ 20__-жыл
Журналдын мазмуну
┌────────────┬───────────────┬──────────────┬─────────────┬───────────┐
│ Текшерүү │ Ким тарабынан │ Санитардык │ Аларды жоюу │ Мурда │
│ датасы │ текшерилген │абал, табылган│ боюнча │киргизилген│
│ │ │ кемчиликтер │ сунушталган │сунуштардын│
│ │ │ боюнча сын │ иш-чаралар │аткарылышы │
│ │ │ пикирлер │ │ тууралуу │
│ │ │ │ │ белгилер │
├────────────┼───────────────┼──────────────┼─────────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├────────────┼───────────────┼──────────────┼─────────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │
└────────────┴───────────────┴──────────────┴─────────────┴───────────┘
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
11-тиркеме
УКЖ башчысы _____________________
_________________________________
(наамы, фамилиясы, инициалдары)
УРУКСАТ
__________________________________________________________________
(тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын белгилери)
деп эсептелген ________________________________________________________
(камакка алынган адамдын аты-жөнү)
менен жолугушуу уруксат берүүңүздү суранам.
__________________________________________ _____________________
(жолугушуу берген адамдын кызматы, колу) (аты-жөнү)
"___" _________ 20__-ж.
Арткы жагы
Жолугушуунун өтүшү тууралуу белгилер (УКЖ администрациясы тарабынан толтурулат).
__________________________________________________________________
(камакка алынган адамдын фамилиясы)
_______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жашаган жери,
кесибинин түрү)
менен болгон жолугушуу
"___" ________ 20__-ж. "__" саат ___ минутадан "__" минутага чейин _______________________________________________________________________
(кайсы документ, номери, сериясы (бар болсо), берилген датасы,
_______________________________________________________________________
документти берген мамлекеттик орган, идентификациялык
_______________________________________________________________________
номери (бар болсо) көрсөтүлсүн)
өзүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөткөн адамга берилген.
Башчы (нөөмөтчү) ________________ ______________________________
(колу) (аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
12-тиркеме
____________________________
(кимге)
____________________________
БИЛДИРҮҮ
КР МУКК УКЖ
__________________________________________________________________
(шектүүнүн жана айыпкердин
_______________________________________________________________________
аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(документтин аталышы)
_____________________________________________________ негизинде камалат
аны кармоо мөөнөтү 20_-жылдын "__" _____ __ саат __ минутта бүтөт.
УКЖ башчысы ________________
(колу)
____________________________
____________________________
(аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
13-тиркеме
Кылмыш жасоого шектүү деп кармалган
адамды бошотуу тууралуу
ТОКТОМ
"___" _______ 20__-жыл __________ шаары
__________________________________________________________________
(токтом чыгарган адамдын кызмат орду, наамы жана фамилиясы)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ КР КЖК ________________ беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген _______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
кармоо тууралуу кылмыш-жаза ишинин материалдарын карап чыгып,
Аныктайм:
__________________________________________________________________
(кармоонун убактысы, датасы, негиздери жана мотивдери баяндалат)
_______________________________________________________________________
(кармалган адамды бошотуу негиздери)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ ____________________ КЖПК __________ беренелерин колдонуп
Токтом кылам:
___________________________________________ байланыштуу шектенүүчү
(эгерде мыйзамда көрсөтүлгөн
кармоо мөөнөтү аяктаса)
____________________________________________________________ бошотулсун
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
тергөөчүнүн же прокурордун кызмат орду, наамы (колу)
Бошотуу "__" ______ 20__-жылдын "___" ______ ____саат ___ минутада жүргүзүлгөн.
__________________________________________
(бошотулган адамдын колу)
Кыргыз Республикасынын
Улуттук коопсуздук органдарынын
убактылуу кармоочу жайларындагы
ички тартип эрежелерине
14-тиркеме
Штамп
Маалымкат
__________________________________________________________________
(аты-жөнү)
200_-жылдын "___" __________ баштап 202__-жылдын "___" __________ чейин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кылмыш жасоого шектүүлөр жана айыпкерлер кармалган убактылуу кармоочу жайларында кармалган.
УКЖ башчысы ________________
(колу)
____________________________
(аты-жөнү)
"___" ________ 20__-жыл