Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 682
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ишин уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу жайларынын ички тартибинин тиркелген эрежелери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |