Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 31-июлу № 548 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген |
Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жеке жактардын камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) топтоо эсеби - камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптар жана туумдар, регресстик доолор, капиталдаштырылган суммалар, ички ведомстволук эсептер боюнча которулган каражаттар түрүндө алынган акча каражаттарынын болушун жана анын кыймылын чагылдырган камсыздоочунун банктык эсеби;
2) камсыздандырылган адам - анын пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу ишке ашырылуучу жеке жак;
3) жеке камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адамдын эмгектик жана башка иш мезгили үчүн социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган жана пенсияны, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча башка төлөөлөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу документ;
4) патент - салык төлөөчүнүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укугун жана иштин бул түрү боюнча салык төлөгөндүгүн, ошондой эле патент күчүндө турган мезгилдин ичинде киреше алгандыгын ырастаган салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү же төлөм терминалы аркылуу салык төлөөчү тарабынан алынуучу документ;
5) жекелештирилген эсеп - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн ар бир камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды жекече эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү;
6) жеке идентификациялык номер (ЖИН) - социалдык камсыздандыруу органдары тарабынан жеке адамдарга берилүүчү жана аларда өмүр бою сакталуучу жеке номер;
7) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларынын камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген мурунку календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү;
8) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - камсыздоочу) - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу тутумунун аткаруу органы;
9) камсыздандыруу төгүмү - камсыздандыруучу камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн акы;
10) камсыздандыруу полиси - жеке жак тарабынан белгилүү бир мезгилге белгилүү бир өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрдүн төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
11) камсыздандыруу стажы - камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүп турган эмгектик жана башка иш мезгилинин жалпы узактыгы;
12) камсыздандыруучу - жарандарды эмгек келишими (контракт) боюнча жалдаган жарандар, юридикалык жактар (менчигинин формасына жана ишинин түрүнө көз карандысыз ишкана, уюм, мекеме же башка чарбалык субъект) жана жеке жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле эл аралык уюмдар, дипломатиялык мекемелер жана өкүлчүлүктөр;
13) пенсиялык топтоо фонду боюнча эсеп - Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү түшүп турган камсыздандыруучунун банктык эсеби;
14) жеке жактар:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жана убактылуу жашаган башка мамлекеттин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далили жок, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүгө уруксаты бар жарандыгы жок адамдар;
- жеке ишкерлер - мамлекеттик статистиканын аймактык органдарында мамлекеттик каттоодон кийин, ошондой эле патенти болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аталган органдардан каттоодон өтпөстөн өз ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (убактылуу) жашаган жарандыгы жок адамдар;
- текстиль жана тигүү өндүрүштөрүнүн жумушчулары - ишинин түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү "Экономикалык иштин түрлөрү" Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик классификаторунун "СВ" чакан секциясынын 13, 14 жана 15-бөлүмдөрүнө туура келген жумушчулар;
15) юридикалык жак - менчигинде, чарбасында же ыкчам башкаруусунда обочолонгон мүлккө ээ жана өз милдеттери боюнча ошол мүлккө жооп берген, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди сатып ала жана ишке ашыра ала турган, сотто доочу жана жоопкер боло ала турган уюм.
2. Камсыздандыруу полистерин сатып
алуу тартиби жана анын наркы
3. Камсыздандыруу полиси патент күчүндө турган мезгилге жеке жактын ишмердик ишти жүргүзгөн же жашаган жери боюнча камсыздоочунун региондук органдарында берилет.
4. Камсыздандыруу полиси атайын салык режимин колдонгон уюмду түзбөстөн жеке ишкерлерге төмөнкү документтер көрсөтүлгөндө берилет:
- паспорт же ким экендигин ырастаган документти;
- патентти;
- жеке идентификациялык номерин (ЖИН);
- камсыздандыруу төгүмүнүн тиешелүү суммасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны, чекти же төлөм тапшырмасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка орношууга уруксатты (чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адамдар үчүн).
5. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган жумушчулар үчүн камсыздандыруу полиси камсыздандыруучу төмөнкүлөрдү көрсөткөндө берилет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн ведомостту;
- ведомостто көрсөтүлгөн ар бир жалданган жумушчу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тиешелүү суммасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны, чекти же төлөм тапшырмасын.
6. Камсыздандыруу полиси камсыздоочунун региондук органынын жетекчисинин жана анын ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү жана колу болгондо жарактуу деп саналат. Камсыздандыруу полисинин биринчи нускасы жеке жакка берилет, экинчиси - камсыздоочунун региондук органында калат.
7. Камсыздандыруу полисин же анын көчүрмөсүн ишкердик кылуу максатында башка адамга берүүгө тыюу салынат.
8. Камсыздандыруу полиси жоголгон учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүгө калган камсыздандыруу мезгилине "Жоголгондун ордуна" деген белги менен камсыздандыруу полиси берилет.
9. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлерди кошпогондо, уюмду түзбөстөн патенттик негизде атайын салык режимин колдонгон жеке ишкерлер үчүн, эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда жумуш/кызмат аткаруучулар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар үчүн, тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштеген жалданган жумушчулар, ошондой эле базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу полисинин наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген патенттин наркынан 25% өлчөмүндө белгиленет.
10. Текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу полисинин наркы орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 12 пайызды түзөт, алардын ичинен:
а) иш берүүчүлөр - ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө, алардын ичинен:
Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар:
1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдар - 6 пайыз өлчөмүндө, алардын ичинен:
Пенсиялык фондго - 4 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
- 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар - Пенсиялык фондго 6 пайыз өлчөмүндө;
- пенсионерлер - Пенсиялык фондго 4 пайыз өлчөмүндө.
11. Контейнерде, павильондордо, күркөлөрдө, лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн республиканын региондору боюнча камсыздандыруу полисинин наркы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык өлчөмдөрдө белгиленет.
12. Кыргыз Республикасына убактылуу келген жана патенттик негизде, анын ичинде базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу полисинин наркы патенттин наркынан 30 пайызы өлчөмүндө белгиленет, ал Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө түшөт.
13. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн, берилген лицензиялардын негизинде иштешкен жана калем акы (сыйлык) алышкан жеке жактар алган калем акыларынан (сыйлыгынын) 9,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт, алардын ичинен:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
14. Жеке жактардын жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнүн пайдасына Пенсиялык фондго жана (же) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жеке жактар, юридикалык жактар тарабынан өз ыктыярлары менен төлөнүшү ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 8 пайыздан кем эмес жана (же) Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2 пайыздан кем эмес ишке ашырылса болот.
14. Жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн банк мекемелери же төлөм терминалдары аркылуу төлөшөт.
15. Банк мекемелери жок калктуу конуштарда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары камсыздоочунун региондук органынын камсыздандыруу полисин жазып берүүчү ыйгарым укуктуу өкүлүнө төлөнөт. Мында жеке жактан алынган камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздоочунун региондук органынын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан камсыздоочунун эсебине банк мекемеси аркылуу 2 иш күнүнүн ичинде которулат.
16. Уюм түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптары, аларга теңештирилген адамдар жана Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары, I жана II топтогу майыптар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
3. Эсепке алуу жана отчеттуулук
17. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жеке жактардын пайдасына төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү кимдин атына төлөнсө, ошол адамдын жеке эсебине эсептелет.
18. Камсыздоочунун региондук органдары ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча сатылган камсыздандыруу полистеринин реестрин жума сайын түзүшөт.
19. Камсыздандыруу полистеринин бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.
20. Камсыздандыруу полистеринин бланктарын даярдоого тапшырык камсыздоочунун региондук органдарынын табыштамалары боюнча "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде камсыздандыруучунун жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
| Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө иштеген жалданма
жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө
ВЕДОМОСТУ
Ведомость
уплаты страховых взносов за наемных работников,
занятых в текстильном и швейном производствах
__________________________________________________________________
(Социалдык фонддун органдарында катталган номери/
Регистрационный номер в органах Социального фонда)
_______________________________________________________________________
(ОКПО коду/Код ОКПО)
_______________________________________________________________________
(ЖИН/ПИН)
_______________________________________________________________________
(Төлөөчүнүн аталышы, дареги/Наименование, адрес плательщика)
_______________________________________________________________________
(Ведомость жибериле турган Социалдык фонддун райондук, шаардык
_______________________________________________________________________
башкармалыгынын аталышы/Наименование районного, городского управления
_______________________________________________________________________
Социального фонда, куда направляется ведомость)
┌──┬─────────────────┬─────────┬───────────────────┬──────────────────┐
│№ │ Жеке │ Аты-жөнү│ Төлөнгөн │ Камсыздандыруу │
│ │идентификациялык │ ФИО │ камсыздандыруу │төгүмдөрү төлөнгөн│
│ │ номери (ЖИН) │ │төгүмдөрдүн суммасы│ мезгил │
│№ │ Персональный │ │ Сумма уплаченных │Период, за который│
│пп│идентификационный│ │ страховых взносов │уплачены страховые│
│ │ номер (ПИН) │ │ │ взносы │
│ │ │ │ ├─────────┬────────┤
│ │ │ │ │ тартып │ чейин │
│ │ │ │ │ с │ по │
├──┼─────────────────┼─────────┼───────────────────┼─────────┼────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├──┼─────────────────┼─────────┼───────────────────┼─────────┼────────┤
├──┼─────────────────┼─────────┼───────────────────┼─────────┼────────┤
├──┼─────────────────┼─────────┼───────────────────┼─────────┼────────┤
└──┴─────────────────┴─────────┴───────────────────┴─────────┴────────┘
__________________________________________________________________
(Жеке ишкердин, иш берүүчүнүн аты-жөнү/ФИО индивидуального
предпринимателя - работодателя)
Колу жана кол коюлган күн, мөөр (эгер мөөрү болсо)
Дата и подпись, печать (при наличии печати) ______________________
| Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Контейнерде, павильондордо, күркөлөрдө, лотоктордо,
соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда
ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактар үчүн республиканын
региондору боюнча камсыздандыруу полисинин наркынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ
┌──┬──────────────────┬───────────┬───────────┬───────────┬───────────┐
│№ │Шаардын, облустун │Көлөмү 10 т│Көлөмү 3төн│ Павильон- │Лотоктордо │
│ │ аталышы │жана андан │10 тоннага │дордо жана │жана соода │
│ │ │ жогору │ чейинки │күркөлөрдө │орундарында│
│ │ │контейнерде│контейнерде│ товар │ товар │
│ │ │ товар │ товар │саткан жеке│саткан жеке│
│ │ │саткан жеке│саткан жеке│жактар үчүн│жактар үчүн│
│ │ │жактар үчүн│жактар үчүн│камсыздан- │камсыздан- │
│ │ │камсыздан- │камсыздан- │ дыруу │ дыруу │
│ │ │ дыруу │ дыруу │ полисинин │ полисинин │
│ │ │ полисинин │ полисинин │наркы (сом)│наркы (сом)│
│ │ │ наркы │наркы (сом)│ │ │
│ │ │ (сом) │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│1 │Бишкек шаары │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│2 │Чүй облусу │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│3 │Ош шаары │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│4 │Ош облусу │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│5 │Жалал-Абад облусу │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│6 │Ысык-Көл облусу │ 200 │ 150 │ 150 │ 100 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│7 │Талас облусу │ 150 │ 100 │ 100 │ 80 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│8 │Нарын облусу │ 150 │ 100 │ 100 │ 80 │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│9 │Баткен облусу │ 150 │ 100 │ 100 │ 80 │
└──┴──────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┴───────────┘
| Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Сатылган камсыздандыруу полистеринин
РЕЕСТРИ
20_-жылдын ____ тартып ______ чейинки мезгил үчүн
______________________________________________
(камсыздандыруу полистери сатылган
______________________________________________
участоктун аталышы)
______________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
______________________________________________
региондук органынын аталышы)
┌──┬─────────────────┬───────────┬───────────┬───────┬───────┬────────┬
│№ │ Жеке │ Аты-жөнү │Камсыздан- │ Төлөм │Тариф- │Тарифтин│
│ │ идентификациялык│ │ дыруу │ коду │ тин │ коюму │
│ │ номери (ЖИН) │ │ полиси │ │ түрү │ │
│ │ │ │берилген │ │ │ │
│ │ │ │ күн │ │ │ │
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
├──┼─────────────────┼───────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┼
└──┴─────────────────┴───────────┴───────────┴───────┴───────┴────────┴
┬─────────┬───────────┬───────────────┬──────────────────┬────────────┐
│ Камсыз- │ МПТФга │Камсыздандыруу │ Камсыздандыруу │Камсызданды-│
│дандыруу │ камсыздан-│ төгүмдөрүнүн │ төгүмдөрү │ руу │
│ төгүмү │ дыруу │ суммасы │ төлөнгөн мезгил │полисинин № │
│ (сом) │ төгүмдөрү │ (сом.) ├─────────┬────────┤ │
│ │ (сом) │ │ тартып │ чейин │ │
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
│ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
┼─────────┼───────────┼───────────────┼─────────┼────────┼────────────┤
┴─────────┴───────────┴───────────────┴─────────┴────────┴────────────┘
Эскертүү: МПТФ - Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду
__________________________________________________________________
(Реестрди түзгөн Социалдык фонддун жооптуу
кызматкеринин кызматы, аты-жөнү)
__________________________
(колу жана күнү)