Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтомуна тиркеме |
Текшерүү объекттеринин маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тартип текшерүү объекттеринин маалыматтар базасынын иштөө системасын жана Маалыматтар базасын пайдалануу/колдонуу процессинде сакталууга тийиш болгон коопсуздуктун негизги талаптарын аныктайт.
2. "Проверка.кг" маалыматтар базасы (мындан ары - Маалыматтар базасы) Интернетке кирүү укугуна ээ борбордук серверде иштөөчү веб-тиркеме болуп саналат. Маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин серверинде орнотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Маалыматтар базасы мамлекеттик контролдоочу органдар менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы текшерүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашуу, текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоо жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын талдоо процессин автоматташтыруу үчүн пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Маалыматтар базасы төмөнкү блокторду камтыйт:
1) текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон ишкердик субъекттери тууралуу бардык маалыматтарды камтыган ишкердик субъекттеринин тизмеги;
2) ишкердик субъекттеринин тобокелдик даражасы, ишкердик субъектине таандык болгон тобокелдиктин ар кыл тармактарында текшерилүүгө тийиш айрым объекттердин тобокелдик даражасы тууралуу маалыматтарды камтыган ишкердик субъекттеринин тобокелдик-профайлдары;
3) ар бир мамлекеттик контролдоочу органдын контролдугу астындагы тобокелдиктин тармактары, тобокелдиктин критерийлери жана тобокелдиктин тийиштүү тармактарындагы текшерүү барактары, аймактык органдар жана мамлекеттик контролдоочу органдардын бөлүмдөрү тууралуу маалыматты камтыган мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмеги;
4) текшерүүлөр тууралуу милдеттүү маалыматты камтыган мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүү планы;
5) текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты камтыган текшерүүлөр боюнча отчеттор;
6) статистикалык жана аналитикалык отчеттор.
5. 4-пункттун 1-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн блокторду түзүүчү маалыматтарды түзүүнү жана өзгөртүүнү мамлекеттик контролдоочу органдар өздөрү контролдоочу чөйрөлөрдө жүзөгө ашырышат. 4-пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн блоктун мазмуну Маалыматтар базасынын ишинин жыйынтыгы катары автоматтык түрдө жаңыланат.
6. Маалыматтар базасына кирүү укугунун деңгээлдери:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратынын деңгээлинде бардык маалыматтарга кирүү укугу берилет;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактык органдарынын деңгээлинде мамлекеттик контролдоочу органдардын тийиштүү аймактык органдарынын маалыматтарына кирүү укугу берилет;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын борбордук аппараттарынын деңгээлинде ушул мамлекеттик контролдоочу органды жөнгө салуу чөйрөсүнүн чектеринде бардык маалыматтарга кирүү укугу берилет;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын аймактык органдарынын деңгээлинде ушул аймактык органдардын ыйгарым укуктарынын чегинде маалыматтарга кирүү укугу берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Маалыматтар базасына кирүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- системанын администраторлору - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Маалыматтар базасынын иштөөсүнө көз салып туруучу техникалык адистер;
- текшерүүлөрдү макулдашууну, отчетторду кабыл алууну, текшерүүлөр жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери;
- ушул Тартипке ылайык Маалыматтар базасына кирүү укугу берилген мамлекеттик контролдоочу органдардын кызматкерлери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ишкердик субъекттери ошол субъекттерге ыйгарылган тобокелдиктин даражасы, бул субъекттердин текшерүүлөрдүн планына киргизилиши тууралуу маалыматтарга жана ачык кирүү укугунда жайгаштырылган башка маалыматтарга кирүү укугуна ээ болушат.
Ачык кирүү укугунда ушул Тартиптин 4-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Маалыматтар базасына кирүү веб-браузердин жардамы менен Интернет тарамы боюнча жүзөгө ашырылат.
10. Маалыматтар базасына кирүү укугу, 8-пунктта каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде инструктаж өткөндөн кийин 16-пунктта көрсөтүлгөн адам тарабынан виза коюлган мамлекеттик контролдоочу органдын кызматкеринин арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилет. Арыз кагаз түрүндө же электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Арыздын формасын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Арыз төмөнкү маалыматты камтышы керек:
- кирүү укугу берилүүчү адамдын паспорттук маалыматтары;
- кызмат ордунун аталышы, жашаган жеринин дареги, ишке кирген күнү, ырастамасынын номери;
- маалыматка кирүү укуктарынын көлөмү жана Маалыматтар базасы менен иштөөдө ыйгарым укуктарынын көлөмү.
12. Маалыматтар базасына кирүү укугунун токтотулушу иштен бошотулган учурда жана 13-16-пункттарга ылайык кабыл алынган маалыматтык коопсуздук жөнүндөгү жоболордо аныкталган башка учурларда болот.
13. Маалыматтар базасына кирүү укугуна ээ болушкан бардык мамлекеттик органдар функциялык милдеттерине Маалыматтар базасы менен иштөө кирген кызмат орундарынын тизмегин түзүшөт, ошондой эле маалыматтар базасына кирүү укугуна ээ болгон адамдардын жана маалыматтар базасына кирүү укугуна мурда ээ болушкан жана ал укугун жоготушкан адамдардын тизмесин түзүшөт жана аны контролдук абалда сакташат. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мындай тизмени бардык мамлекеттик контролдоочу органдар боюнча, ошондой эле өз кызматкерлеринин тизмесин түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Маалыматтык коопсуздук эрежелери ар бир мамлекеттик органдын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Маалыматтар базасына кирүү укугуна ээ болгон бардык мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат.
15. Төмөндөгүлөр маалыматтык коопсуздук эрежелеринин милдеттүү элементтери болуп саналат:
- Маалыматтар базасына кирүү укугун берүү жол-жобосу;
- Маалыматтар базасына кирүү укугунун токтотулушунун негизи;
- Маалыматтар базасына кирүү укугунун токтотулушунун жол-жобосу;
- Маалыматтар базасы менен иштөө процессинде аткарылуучу милдеттүү талаптардын тизмеги;
- Маалыматтар базасына кирүүгө укуктуу адамдардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн алардын кызмат орундарынын деңгээлине жараша аныктоо.
16. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу буюрумга (буйрукка, жазма буйрукка) кол коюуга ыйгарым укуктуу жетекчилер төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ болушат:
- кызматкерлер алмаштырылган учурда Маалыматтар базасына кирүү укугун алуучу кызмат орундарынын тизмегин аныктоо;
- маалыматка кирүү укуктарынын көлөмүн жана Маалыматтар базасы менен иштөөдө ар бир кызмат орунга туура келген ыйгарым укуктардын көлөмүн аныктоо;
- Маалыматтар базасына кирүү укугун берүүгө болгон арыздарга виза коюу;
- Маалыматтар базасына кирүү укугун токтотуу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
- Маалыматтар базасына кирүү укугуна ээ болушкан адамдардын тизмегиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине дароо маалымдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)