Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 15-апрели № 195
Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-2-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Текшерилүүчү объекттердин автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык базасы (мындан ары - Маалыматтар базасы) болуп "Проверка.кг" маалыматтык системасы аныкталсын, ага Интернет-порталдан www.proverka.kg. дареги аркылуу кирсе болот.
2. Тиркелген Текшерүү объекттеринин маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби бекитилсин.
3. Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдар:
- Маалыматтар базасына кирүү укугун алгандан кийин ишкердик субъекттеринин тобокелдик даражаларын эске алуу менен текшерүүлөрдү жүргүзүү, пландык текшерүүлөрдү макулдашуу, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүү үчүн аны түзүүнү жана пайдаланууну башташсын;
- кварталга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен же бир жылга текшерүүлөрдүн планын түзүүдө отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Маалыматтар базасы аркылуу ишкердик субъекттеринин ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөр тууралуу маалымат берсин;
- Маалыматтар базасы менен иштөөдө ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери тарабынан аткарылууга тийиш болгон милдеттүү шарттарды аныктоочу, маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобону бекитишсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- Маалыматтар базасын киргизүүнү жана анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
- Маалыматтар базасын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдарга этап-этабы менен киргизүү графигин иштеп чыксын;
- бул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык Маалыматтар базасына кирүү укугу берилишин камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине Маалыматтар базасына киргизилүүчү маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 363 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөр боюнча Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - "Контр-Про" программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 16-апрелинде № 29 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |