Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 89 токтому менен бекитилген
I. Киришүү
II. Программанын максаты жана милдети
III. Жайыт чарбасы чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү
IV. Артыкчылыктуу багыттар жана иш-аракеттер планы
V. Программаны ишке ашыруу механизми
VI. Күтүлүүчү жыйынтыктар жана натыйжалар
VII. Корутунду
I. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулар, токойлор, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз-Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларына таандык болушу мүмкүн, жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес. Муну менен Кыргызстандын эли үчүн, өзгөчө өлкөнүн калкынын жалпы санынын үчтөн экисине жакын бөлүгүн түзүүчү Кыргыз Республикасынын айылдык калкынын материалдык жетишкендигин камсыздоодо артыкчылыктуу фактор болгон малды көбөйтүү жана багуу үчүн жайыттардын коомдук мааниси баса белгиленет. Демек, айыл чарбанын андан ары өнүгүшү, дыйкан жана фермерлердин кирешесинин өсүшү жайыт ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга түздөн-түз көз каранды болот.
Ушуга байланыштуу экономикада, социалдык жана экологиялык чөйрөдө конкреттүү натыйжаларга жетүү максатында бул Программада жайыттарды башкарууну жакшыртуу, жайыттарды деградацияга учуроодон коргоо, алардын күрдүүлүгүн арттыруу, өзү калыбына келүүчү жаратылыш циклдерин жандандыруу боюнча укуктук, уюштуруучулук жана инвестициялык чаралар комплексин ишке ашыруу биринчи планга чыгууда.
II. Программанын максаты жана милдети
Жалпы милдет: Кыргызстандын элинин бакыбаттыгын арттыруу, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун жетиштүү деңгээлге алып чыгуу жана айлана-чөйрөдөгү жайыт экосистемасынын экологиялык бүтүндүгүн сактоо.
Коюлган максатка жетүү үчүн биринчи кезекте төмөнкү негизги маселелерди чечип алуу зарыл:
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайыт ресурстарын башкарууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айылдагы коомчулуктун жана жайыт пайдалануучулардын күчтөрүн жана каражаттарын бириктирүү;
- жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү;
- жайыт пайдалануу жана башкарууда жаңы методдорду жана ыкмаларды ишке киргизүү;
- жайыт пайдалануучулардын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү;
- жайыт инфраструктурасын реабилитациялоо.
III. Жайыт чарбасы чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү
1. Ченемдик укуктук актылар
Кыргызстанда жер ресурстарын, анын ичинде жайыт ресурстарын башкаруу жаатында мыйзам базасы түзүлгөн; адамдын ден соолугун жана адамдын таза айлана-чөйрөгө болгон табигый укуктарын коргоо артыкчылыгы менен социалдык, экологиялык жана экономикалык кызыкчылыктардын илимий негизделген айкалышын камсыз кылууда жаратылыш ресурстарын пайдалануунун укуктук негизи жана кепилдиктери белгиленген.
Жайыт чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан бир катар мыйзамдар иштеп чыгарылган жана кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Атайын "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайыттардын бардык түрлөрүн башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контролдоо функциялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт пайдалануучуларга өткөрүп берилген. Бул Мыйзам жергиликтүү жамааттар тарабынан жайыт пайдалануучулар бирикмелерин жана алардын аткаруу органдары болуп эсептелген жайыт комитеттерин түзүү сыяктуу маанилүү маселелерди жөнгө салат, жайыт белетин алуунун негизинде мал башынын санына жараша жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмө принцибин ишке киргизет, ошондой эле Мыйзамда жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын узак мөөнөттүү планы, жайыт пайдалануунун жылдык планы сыяктуу маанилүү операциялык документтерди иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө жоболор жана башка нормалар бар.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому кабыл алынган, анын негизинде төмөнкүлөр бекитилген:
- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы;
- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо;
- Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү комиссиялар жөнүндө жобо;
- Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо;
- Жайыт белетинин типтүү формасы.
Мындан тышкары, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн 2010-жылдын 16-мартында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык жайыт пайдалануу үчүн жер салыгын алуу жол-жобосу өзгөртүлгөн.
2. Администрациялык башкаруу
Жайыт башкаруунун мурдагы системасынын негизги кемчилиги үч деңгээлге бөлүнгөн администрациялык башкарууда болгон, анда айыл жанындагы жайыттар жергиликтүү өз алдынча башкарууга таандык болчу, ургаалдуу пайдалануудагы жайыттар ижарага райондук мамлекеттик администрация тарабынан берилчү, ал эми алыскы жайыттар облустук мамлекеттик администрациялардын карамагында турчу. Бул система жайыт пайдалануучуларын жайыт башкарууга түздөн-түз катышуудан бөлүп салган, натыйжада жайыт сыяктуу маанилүү жаратылыш ресурсунун деградацияга учурашынын жана сарамжалсыз пайдалануунун негизги себептеринин бири болгон.
3. Ресурстук камсыз кылуу
Айыл чарба чөйрөсүнүн мүлктүк комплекси менчиктештирилгенге чейин жайыт чарбасында узундугу 1600 км болгон суу түтүгү жана сугаруучу аянтчалары бар 613 скважина жана 755 каптаж (бардыгы 1368) иштеп турган, алар 2,5 млн. га жайыттарды суу менен камсыз кылчу, 18 чарбалык-маданий борбор, анын ичинде зооветучастоктор, ооруканалар, интернаттары менен мектептер, дүкөндөр, радиостанциялар, мейманканалар иштеп турган, адистер жана тейлөөчү кызматкерлер үчүн турак жайлар берилип келген. Облустук деңгээлде 5 облустук жайыт-мелиорациялык курулуш башкармалыгы (ОПМСУ, 16 чарбалык-эсептеги эксплуатациялык участоктор (ХЭУ), 4 көчмө механикалаштырылган колонналар (ПМК), долбоорлоо-изилдөө конторасы (ППК) жана анын Оштогу филиалы, 10 мал чарба-машина станциялары (МЖС) иштеп турган.
Жайыт инфраструктура объектилеринин көпчүлүк бөлүгү ремонтко жана кармоого каражаттын жоктугунан катардан дээрлик чыккан. Мал айдап өтчү жолдор жана көпүрөлөр селден жана башка таасирлердин кесепетинен бузулуп калгандыктан жайыттардын кырк проценти, өзгөчө алыскы жайкы жайыттар пайдаланылбай келүүдө.
Жайытты жакшыртуу максатында республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо калдык принцибинде жүргүзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт департаментинин маалыматтары боюнча 1997-2010-жылдар үчүн бүткүл республика боюнча бардыгы болуп 18,11 млн. сом суммада 99 скважина жана каптаж оңдоодон өткөн.
Жайыттардын учурдагы абалы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт:
Бүткүл Кыргызстан боюнча жайыттардын жалпы аянты 9,147 млн. гектарды түзөт. Сезондуулугу боюнча жайыттар кышкы, күзгү-жазгы, жайкылар болуп бөлүнөт.
Калктуу конуштардын жанындагы жайыт участоктору кыйла ургаалдуу пайдаланылат, анткени көпчүлүк жеке фермерлер транспорт каражаттары жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жоктугуна байланыштуу алыскы жайкы жайыттарга мал айдап өтө албайт. Бир жайытка ашыра мал жаюу, экинчисине аз жаюу жайытта чөптөрдүн начарлашына, жайыт өсүмдүктөрдүн кыртышы жана жердин механикалык түзүмү бузулушуна жана эрозиясына алып келет. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун маалыматы боюнча жайыттардын орчундуу аянты (25%ке жакыны) орто жана өтө деградацияланган.
Каржылоо булагы катары жайыттарды жакшыртуу үчүн ижара институту өзүн-өзү актабай, жайыттарды жакшыртууга каражаттарды тартууга өбөлгө түзүп бере алган жок. Айыл жанындагы жайыттарга, кийин ургаалдуу жана алыскы жайыттарга малын жайып өткөн фермер ижара жыйымын үч ар түрдүү бийлик түзүмдөрүнө төлөшү керек болчу. Жайыт ижарасы тууралуу келишимдерди расмий түрдө тариздөө дээрлик жок болгон, бирок ушундай учурларда акылар натуралай же накталай түрүндө жыйым чогултуунун расмий системасынан тышкары жүргүзүлүп, бюджеттик киреше катары катталбай келген.
Жыйынтыгында жайыт тоютунун түшүмдүүлүгү жана запасы азайып, жайыт чөп курамында жегиликсиз, зыяндуу жана уулуу өсүмдүктөр көбөйүп, жайыттарды бадал басуу күчөп (өзгөчө тикенек бадалдар), жайыт жана суу эрозиясы күчөп (жайыттагы малдын издери, суу жеген чуңкурлар, аңдар ж.б.), жайыт чөп курамынан айрым өсүмдүк түрлөрү жоголо баштап, үстөмдүк кылуучу өсүмдүк жамаатынын алмашуусу байкалат.
(процент менен)
┌───────────────────┬───────────┬───────────┬────────────┬────────────┐
│ Жайыттын тиби │Аянты (миң │ % менен │ Деградация │ Деградация │
│ │ га) │ │ аянты │ даражасы │
│ │ │ │ │ (% менен) │
├───────────────────┼───────────┼───────────┼────────────┼────────────┤
│Жайкы │ 3951,0 │ 43 │ 1432,0 │ 36 │
├───────────────────┼───────────┼───────────┼────────────┼────────────┤
│Жазгы-күзгү │ 2756,0 │ 30 │ 1378,0 │ 50 │
├───────────────────┼───────────┼───────────┼────────────┼────────────┤
│Кышкы │ 2440,0 │ 27 │ 1718,0 │ 70 │
├───────────────────┼───────────┼───────────┼────────────┼────────────┤
│Жалпы аянты │ 9147,0 │ 100 │ 4528,0 │ 49 │
└───────────────────┴───────────┴───────────┴────────────┴────────────┘
Деградацияга кабыл болуу процесси жылдан-жылга күчөө менен олуттуу аймактарда калыбына келгис мүнөзгө айланган, ал жерлерде ушул процесстин кесепетин тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү аркылуу гана токтотууга болот. Акыркы 20 жылдын ичинде шарттуу таза болуп эсептелген жайыт аянттары 3544,8 миң гектардан 2741 миң гектарга чейин (же 23 процентке) азайган.
Жайыттардын түшүмдүүлүгү жайыттардагы деградациялык процесстердин негизги индикатору. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгү боюнча ар түрдүү булактардан ("Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы) алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүү 70-жылдардын башында жайкы жайыттардын түшүмдүүлүгү 8,6 ц/га кургак массасын түзсө, 90-чу жылдары гектарына - 5,7 центнерди түзгөн, 2004-жылы алынган акыркы маалыматтарга ылайык кышкы жайыттардын орто түшүмдүүлүгү 2,7 ц/га кургак массаны түзгөн. Тиешелүү түрдө республика боюнча орто түшүмдүүлүк гектарына 3,1 центнерге чейин азайган. Акыркы жарым кылымдын ичинде түшүмдүүлүк проценти 3 эсеге кыскарган. Жайыттарды чегинен ашыра пайдалануу алардын продуктуулугунун азайышына алып келип, натыйжада жыл сайын 11,5 млн. тонна табигый тоют коромжулукка учуроодо.
4. Күч келүү
Малдын саны көбөйүшү жана табигый тоют жерлердин начарлашы жайыттарды ашыкча оорчулукка дуушарланткан. Эгерде 2003-жылы айыл жанындагы жайыттарга болгон оорчулук 1 гектарга - 1,18 шарттуу кой-эчки башын жана 0,24 шарттуу ири мүйүздүү мал башын түзсө, анда 2010-жылы тиешелүү түрдө 1,43 жана 0,28 шарттуу мал башын түзгөн, бул болсо экологиялык негизделген нормалардан 1,5-2 эсеге ашып кеткен. Айрым айыл жанындагы жайыттарга күч келүү (өзгөчө түштүк облустарда) нормадан 3-4 эсеге ашкан учурлар кездешет.
Ушуга байланыштуу бул Программанын маанилүү компоненттеринин бири болуп жайыттарга мониторинг жүргүзүү эсептелет. Учурдагы кырдаалда жайыттарга толук кандуу мониторинг жүргүзүү жайыт ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берет, анткени мониторингдин негизги максаты терс процесстердин алдын алуу жана жоюу үчүн биринчи кезекте антропогендик жана техногендик өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоодо жана аларга баалоо жүргүзүүдө турат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын жайыттарынын учурдагы абалына картографиялык материалдарды түзүү, ар түрдүү типтеги жайыттардын тоюттук потенциалын аныктоо, оптималдуу жайыт жүктөмүнүн методикасын иштеп чыгуу, облустардын, райондордун, айыл округдарынын деңгээлинде аба-ырайынын шарттарына жараша түшүмдүүлүк динамикасын аныктоо жана жайыт пайдалануу менен байланышкан башка бир катар маанилүү маселелерди чечүү актуалдуу болуп калууда.
Буга чейин тиешелүү ведомстволор толук көлөмдө аткарып келген борбордоштурулган картографиялык ченөөлөр, жайыттардын өтүмдүүлүк жөндөмдүүлүгү жана алардын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде балансталган жайыт пайдаланууну камсыздап келген, бирок бул иш-чаралар азыркы учурда дээрлик аткарылбай келүүдө.
Жайыт ресурстарын пайдалануу ишиндеги маанилүү маселенин бири жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу маселеси, аларга төмөнкүлөр кирет, бирок булар менен чектелбейт: мергенчилик, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди чогултуу, чөп чабуу, отун даярдоо, аз көлөмдө пайдалуу кен казуу, туризм жана жарандардын эс алуусу. Жайыттарды жамааттык пайдаланууну караштырган мал чарбачылыкка салыштырмалуу жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун өзгөчөлүгү пайдалануунун жекече мүнөзүндө камтылган, бул болсо жайыт участогунун чек аралары жана башка маселелерди чечүүдө так маалыматтардын болушун камсыз кылат. Мисалы, геологиялык-чалгындоо иштери, жайыт аркылуу суу түтүктөрүн өткөрүү. Башка максаттар үчүн жайыт пайдалануу боюнча жалпы эрежелердин жоктугу натыйжалуу эмес пайдаланууга жана талаш маселелерди чечүү үчүн укуктук каражаттардын жок болушуна алып келет.
Кыргызстандын Фергана өрөөнү менен чектеш участокторунда коңшу мамлекеттердин айыл тургундары тарабынан Кыргызстандын жайыттарын башаламан пайдалануу маселеси өтө курч турууда, ушуга байланыштуу чектеш жамааттар ортосунда жаңжалдар чыгууда. Бул проблема коңшу мамлекеттердин тургундарынын өз ара мамилесине терс таасирин көрсөтүүдө. Азыркы учурда эреже катары бул жаңжалдар сезондуу мүнөзгө ээ болуп, жазында жана күзүндө, өзгөчө айыл чарба жумуштарынын жана жайын сезонунун башталышында жана аягында курчуй баштайт. Бул проблеманы чечүү үчүн колдонуудагы мыйзамдардын алкагында чектеш аймактарда жайгашкан жайыттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча ар бир тараптардын өз ара кызыкчылыктарын белгилөө менен иштиктүү диалог түзүү зарыл.
Жайыт чарбасында реформаларды, анын ичинде "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын жайыт чарбасын өнүктүрүүнүн ушул беш жылдык программасын ишке ашыруу үчүн максаттуу аудиторияны, башкача айтканда кимге тиешеси бар болсо ошолорду ишке активдүү тартуу зарыл.
Кандай программа болсо да анын информациялык сапаты жүргүзүлчү реформалардын ийгиликтүүлүгүнө өбөлгө түзөт. Ири масштабдуу маалыматтык кампаниясыз ал жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө карабастан коомчулук тарабынан колдоого ээ болбойт. Ошондуктан коомчулукка жайыт чөйрөсүндөгү реформалардын жүрүшү тууралуу тааныштыруу максатында республикалык жана региондук жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен активдүү маалыматтык кампания жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда агрардык сектордо, мал чарба продуктуларын чыгарууда майда фермерлер үстөмдүк кылаары маанилүү, жана товар өндүрүүчүлөрдүн ушул тобу айыл чарба секторунда кыйла өсүп келе жаткан динамикалуу звено. Бул Программа экономикалык өнүгүүнүн жана жакырчылыкты азайтуунун негизги булагы болгон ушул өсүштүн туруктуулугун колдоого жана камсыз кылууга багытталган. Мал чарба секторун өнүктүрүү жана анын өсүшү базардагы суроо-талаптын жана сунуштун күчү менен аныкталат жана ушул секторго натыйжалуу жардамчы кызмат көрсөтүүлөр, улуттук саясат жана ченемдик укуктук база талап кылынат.
Мамлекеттик менчиктеги жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндө жергиликтүү жамааттарга, алардын өкүлдүк жана тескөөчү органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликти өткөрүп берүү жана жүктөө аркылуу жайыт ресурстарын башкарууга жайыт пайдалануучуларды активдүү тартуу менен бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген жайыт башкаруу жана пайдалануунун комплекстүү жана туруктуу системасын ишке киргизүү зарыл.
IV. Артыкчылыктуу багыттар жана иш-аракеттер планы
1. Ченемдик укуктук база
Бул чөйрөдөгү иштин негизги багыты республикадагы жайыт ресурстарды башкаруунун укуктук негиздерин өркүндөтүүдө турат, анын милдеттери төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен жайыт чөйрөсүндөгү мамилени жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү.
Жайыттарды пайдалануунун белгиленген режимин бузгандык үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу.
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануунун тартиби жөнүндө жайыт берүүнүн жана пайдалануунун тартибин оптималдаштыруучу жобонун долбоорун иштеп чыгуу, ал;
- жайыт пайдалануу маселеси боюнча башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле методикалык материалдарды иштеп чыгуу.
2. Администрациялык башкаруу
Бул чөйрөдөгү иштин негизги багыты төмөнкүдөй:
- жайыт чарбасы үчүн түзүмдүк жана кадрдык потенциал;
- айылдык аймактардын ортосунда жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө;
- чек ара боюндагы жайыттарды пайдалануу.
Жайыт чарбасы үчүн структуралык жана кадрлык потенциал жагындагы милдеттер:
- жогорку окуу жайларда жана кесиптик техникалык билим берүү системасында квалификациялуу кадрларды даярдоо. Азыркы учурда республикада атайын жайыт боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлбөйт;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт департаментинде маалыматтар базасын түзүп программалык камсыздоону иштеп чыгуу;
- кызматкерлерди маалыматтарды каттоо жана сактоо боюнча атайын программалар менен иштөөгө үйрөтүү.
Айыл аймактарынын ортосунда жайыттын тышкы чек араларын белгилөө боюнча иштер:
- жайыттардын чек араларын белгилөө маселеси жана "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул маселе боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
- республиканын бардык айыл аймактарындагы жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө. Бул үчүн чек араларды белгилөө боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин активдештирүү, ушул ишке көз карандысыз кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу, жайыттардын белгиленген чек араларын өз убагында жана сапаттуу каттоо боюнча чараларды көрүү керек;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл аймактар боюнча жайыттардын белгиленген чек араларын бекитүү жөнүндө токтомунун долбоорун иштеп чыгуу.
Чек ара жанындагы аймактардагы жайыттарды пайдалануу жагындагы иштер:
- чек арага жанаша жайгашкан жайыттарды натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны түзүү;
- чек арага жанаша жайгашкан жайыттарды биргелешип пайдалануу боюнча токой чарбасы менен жайыт комитеттеринин ортосунда өз ара мамиле түзүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- жайыт комитеттерин чек арага жанаша жайгашкан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу принциптерине окутуу.
3. Ресурстук камсыздоо
Ресурстук камсыздоодогу негизги багыттар төмөнкүдөй:
- деградациянын деңгээлин төмөндөтүү, жайыттардын абалын жакшыртуу;
- жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу;
- илимий-методикалык иш;
- маалыматты таратуу;
- иштерди каржылоо;
- Программаны ишке ашыруу боюнча жумуштарды аткаруунун жүрүшүн жана жумуштардын натыйжалуулугун мониторингдөө жана контролдоо.
Деградациянын деңгээлин төмөндөтүү, жайыттардын абалын жакшыртуу жагындагы милдеттер:
- жайыт комитеттери, жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан мал жаюу планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу аркылуу жайыттардын сезондуулугун, аралыгын жана учурдагы абалын эске алуу менен жайыттарга малды адаттагы сезондук жаюу системасын ишке киргизүү;
- жайыттарды тазалоо максатында Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен бирдикте геоботаникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана бул ишке бардык кызыкдар тараптардын потенциалын жана каражаттарын тартуу менен жайыт участокторундагы жегиликсиз отоо чөптөрдүн жайылышын чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- жайыттарды бир жылдык эс алдыруу менен жер семирткичтин химиялык жана органикалык түрлөрүн айрым тандап алынган жерлерге чачуу, маданий жайыттарды түзүү жана башка чаралар аркылуу жайыт жеринин күрдүүлүгүн жакшыртуу. Жайыт пайдалануучуларды окутуу үчүн ар бир региондо демонстрациялык участокторду түзүү;
- алыскы жайкы жайыттарды пайдалануу үчүн шарттарды түзүү максатында скважина жана каптаждарды калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу аркылуу табигый жайыттарга жана чабындыларга суу чыгарууну жакшыртуу;
- мурда үрөн себилген чабындыларды жана жайыттарды реабилитациялоо максатында өтө начарлаган жайыттарга ак сокто, жылтыркан, тарак баш сыяктуу чөптөрдү жана башка тоют өсүмдүгүн себүүнү уюштуруу;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча Жергиликтүү жамааттардын пландарын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды, эрежелерди, колдонмолорду даярдоо;
- табигый чабындыларды жана жайыттарды жакшыртуу жана жасалма жайыттарды түзүү үчүн тоют жана жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүн өнүктүрүү;
- жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана жакшыртуу маселесинде, жайыт пайдалануучуларга жайыт пайдаланууну пландоо, жайыт пайдалануу үчүн мал ээлеринен акы төлөм алуу маселесин, алардын укуктарын жана милдеттерин, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин, жайыт комитеттеринин ишин уюштурууга окутуу аркылуу жайыт пайдалануучулардын потенциалын жогорулатуу.
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жагындагы милдеттер:
- бүткүл республика боюнча жайыт инфраструктура объекттеринин жалпы абалына баалоо жүргүзүү;
- инфраструктура объекттерин реабилитациялоо планын иштеп чыгуу;
- чарба аралык жана район аралык мааниге ээ болгон инфраструктура объекттери (көпүрө, жол, каптаж, маданий борборлор, байланыш, транспорт ж.б.) боюнча реабилитациялык иштерди жүргүзүү жана каражаттарды тартуу. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 20-июнунда кол коюлган, "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөр" (№ Н 371-КG) долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөр" (№ Н 390-КG) долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде түзүлгөн "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоорунун каражаттарынын эсебинен, бардык түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмелери үчүн гранттык каражаттарды жана чакан инфраструктура объекттеринин проблемаларын чечүү үчүн гранттык каражаттарды берүү;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин каражаттарынын эсебинен инфраструктура объекттеринде курулуш иштерин жүргүзүүчү райондор аралык чарбалык-эсептик бөлүмдөрдү уюштуруу.
Илимий-методикалык иштер жагындагы милдеттер:
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин, жайыт комитеттеринин агрардык профилдеги илимий уюмдар жана мекемелер менен кызматташуусу жана байланыштарды чыңдоо, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жайыт пайдалануунун алдыңкы ыкмаларын изилдөө жана колдонуу;
- деградациялык процесстерди азайтуу жана табигый жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жайыттарды пайдалануу жана баалоо боюнча заманбап ыкмаларды, инновациялык технологияларды, илимий изилдөөлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыт комитеттери үчүн төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- жайыттардын абалы жөнүндө, жайыт участоктордун учурдагы пайдаланылышы жөнүндө, мал жаюу үчүн жайыт белеттерин берүү жана каттоо жөнүндө, жайыт пайдалануу үчүн акыны белгилөө жана алуу жөнүндө, малды эмдөө жөнүндө, маалымат издөө, отчетторду түзүү жөнүндө, жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу боюнча, жана башка маалыматтар.
Маалыматты таратуу жагындагы милдеттер:
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу маселелеринде жайыт пайдалануучулардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу;
- материалдарды республикалык жана региондук басылмаларга чыгаруу, маалыматты электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берүү;
- жайыт тематикасы боюнча маалыматтык-методикалык брошюраларды, буклеттерди жана справочниктерди чыгаруу;
- жайыт чарбасынын көйгөйлүү маселелери жөнүндө видеороликтерди тартуу;
- "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоорунун сайтын жана анын ичинде "Жайыттарды башкаруу жана жакшыртуу" веб-барагын түзүү.
Иш-чараларды каржылоо жагындагы милдеттер:
21. Чет өлкөлүк донор уюмдардан, жайыт пайдалануу бирикмелеринен, демөөрчүлөрдөн каражаттарды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана негиздөө.
- жайыт инфраструктурасын реабилитациялоого жана жайыт абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу.
Кыргызстандын жайыт инфраструктурасын реабилитациялоо иштерин каржылоо 2011-2015-жылдарга карата күтүлгөн эсептөөлөр
┌──┬─────────────────────┬──────────────────────────────────┬─────────┐
│№ │ Уюмдун аталышы │ Жылдар │ Бардыгы │
│ │ ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤ млн. сом│
│ │ │ 2011 │ 2012 │ 2013 │ 2014 │ 2015 │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│1 │Жайыт пайдалануучулар│ 33,6 │ 43,2 │ 52,8 │ 62,4 │ 72,0 │ 264,0 │
│ │бирикмеси │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│2 │"Айыл чарба │ 90,0 │ - │ - │ - │ - │ 90,0 │
│ │инвестициялары жана │ │ │ │ │ │ │
│ │кызмат көрсөтүүлөр" │ │ │ │ │ │ │
│ │долбоору, Дүйнөлүк │ │ │ │ │ │ │
│ │банк │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│3 │САМР "Ала-Тоо" │ 1,5 │ 1,5 │ 1,5 │ - │ - │ 4,5 │
│ │коомдук фонду │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│4 │"Бийик тоолуу Памирде│ 2,0 │ 2,0 │ 2,0 │ - │ - │ 6,0 │
│ │жана Памир-Алайда жер│ │ │ │ │ │ │
│ │пайдаланууну туруктуу│ │ │ │ │ │ │
│ │башкаруу" (РАLМ) │ │ │ │ │ │ │
│ │долбоору │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│5 │"Руал Девелопмент │ 1,4 │ 1,4 │ 1,4 │ - │ - │ 4,2 │
│ │Фанд" коомдук фонду │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│6 │"Суусамыр өрөөнүндө │ 3,8 │ 3,8 │ 3,8 │ - │ - │ 11,4 │
│ │тоодогу жайыттарды │ │ │ │ │ │ │
│ │туруктуу башкарууну │ │ │ │ │ │ │
│ │демонстрациялоо, │ │ │ │ │ │ │
│ │Кыргызстан" │ │ │ │ │ │ │
│ │ГЭФ/ПРООН долбоору │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────────┤
│ │Бардыгы │132,4 │ 51,9 │ 61,5 │ 62,4 │ 72,0 │ 380,1 │
└──┴─────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴─────────┘
Программаны аткаруунун жүрүшүнө жана ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо жагындагы милдеттер:
- мониторинг жүргүзүү жана баалоонун планын жана индикаторлорун иштеп чыгуу;
- салымдарды жана жыйынтыктарды өлчөө үчүн Программанын иш-чаралары боюнча иш-аракеттерге дайыма мониторинг жүргүзүп туруу;
- Иш-аракеттер планын жүзөгө ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү.
V. Программаны ишке ашыруу механизми
Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү көздөйт, алар:
- Программаны жана Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- жайыттардын абалын жана сапатын баалоонун, мониторингдөөнүн мамлекеттик стандарттарын жана методдорун аныктоо;
- жайыттардын абалын мониторингдөө программаларынын ишке ашырылышын байкоого алуу;
- жайыттарды пайдалануу маселеси боюнча типтүү жоболордун, нускамалардын, эрежелердин жана башка нормативдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык материалдардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жамааттардын жайыттарды башкаруу боюнча пландарды жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу пландарын колдонуусун мониторингдөө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитеттерге жайыттарды пайдалануу боюнча техникалык жана башка жардамдарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жайыттарын туруктуу башкарууну, пайдаланууну жана жакшыртууну камсыздоого багытталган иштерди республикалык жана региондук деңгээлдерде координациялоо.
Жамааттардын жайыттарды башкаруу боюнча пландарын колдонууну жана жайыттарды пайдалануучулар бирикмелеринин жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын колдонуусун байкоого алуу бул программаны ишке ашыруунун кыйла натыйжалуу ыкмасы болмокчу. Жамааттын жайытты башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарын аткаруунун чегинде конкреттүү иштердин аткарылышын баалоо буларга мүмкүндүк түзөт:
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу процессине оңдоолорду киргизүү боюнча алдын алуучу чараларды көрүүгө;
- алардын айылдык аймактагы жайыттардын жалпы абалына тийгизген таасирин баалоого.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Жайыттар департаменти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттын жайытты башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарын иштеп чыгуунун тартиби, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыт комитеттеринин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өздөрүнүн пландарын ишке ашыруу жөнүндө маалыматты жана отчетту тапшыруусунун тартибин, убактысын жана формасын тактоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшөт жана семинарларды өткөрүшөт.
VI. Күтүлүүчү жыйынтыктар жана натыйжалар
1. Социалдык аспект
Ушул программанын социалдык мүнөздө багытталган негизги маселелери төмөнкүлөр болуп эсептелет: адилеттүүлүк (ресурстарга жана маалыматка ээ болуу), башкаруу (жамааттын бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарында ресурстарды пайдаланууну уюштуруу), потенциалды калыптандыруу (социалдык, техникалык, башкаруучулук, коомдук-маалыматтык) жана ишке тартуу (кабыл алынган чечимдер жана иш-аракеттер бардык тараптардын кызыкчылыктары камсыз болуусу зарыл). Жайыттарды башкарууда, бөлүштүрүүдө жана пайдаланууда жарандардын активдүү катышуусу бөлүштүрүүнүн адилеттүү жана социалдык кабыл алгылыктуу системасын түзүүгө жөндөм берип, натыйжалуу коомдук көзөмөл жүргүзүүнү (отчет берүү жана ачык-айкындык) камсыз кылат жана ошону менен бирге жергиликтүү деңгээлде башкаруу системасын жакшыртат.
2. Экономикалык натыйжа
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин пайдалануусуна жайыттарды берүү жана бардык жайыт түрлөрүн жана алардын ресурстарын башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын консолидациялоо менен катары жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде киреше алууга жана пайдаланууга укуктарды сактоо төмөнкүлөр үчүн өбөлгө түзөт:
- децентралдашыруу процессинин кыйла активдешүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролунун жогорулашына;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринен жайыт ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөм жыйноо системасы аркылуу жергиликтүү бюджеттерге олуттуу киреше түшүүсүнө;
- мал чарбасында арзан жана экологиялык таза продукция өндүрүүгө.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргызстанда 454 жайыт пайдалануучулар бирикмеси түзүлгөн жана катталган, бул бирикмелердин жайыт комитеттери аталган Мыйзамдын негизинде жайыт пайдалануу үчүн акынын өлчөмүн өз-өзүнчө белгилеп, жыйымды өз алдынча чогултат. Мал башына киргизилген акынын натыйжасы анык болуп турат, мисалы, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин жайыттар үчүн жер салыгы, жайыт пайдалануу үчүн ижара жана акы төлөм катары жергиликтүү бюджетке келип түшүүлөр жылына 8 млн. сомдон ашчу эмес, ал эми 2010-жылы жайыт комитеттеринин эсептерине 33 млн. сомдон ашык пайда түшкен. Кийинки жылдарда жайыт ресурстарын пайдалануу үчүн каражаттарды жыйноо өлчөмүнүн андан ары олуттуу көбөйүшү күтүлүүдө. 2015-жылга карата жайыт пайдалангандык үчүн акы жыйноо 150 млн. сом өлчөмдө болжолдонууда. Алардын ичинен 30 млн. сомдон ашыгы жер салыгы катары жергиликтүү бюджетке түшөт, ал эми 72 млн. сому бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана жайыттарды жакшыртууга багытталмакчы.
Жайыт пайдалануу үчүн акынын түшүүсүнүн күтүлгөн өлчөмү (2011-2015-жылдар) млн. сом
┌─────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬────────┐
│ Аталышы │ 2011 │ 2012 │ 2013 │ 2014 │ 2015 │ 5 жыл │
│ │ │ │ │ │ │ үчүн │
│ │ │ │ │ │ │бардыгы │
├─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
│Акча каражаттын жалпы │ 60,0 │ 90,0 │110,0 │130,0 │150,0 │ 540,0 │
│жыйымы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
│анын ичинде, жергиликтүү │ 14,0 │ 18,0 │ 22,0 │ 26,0 │ 30,0 │ 110,0 │
│өз алдынча башкаруу │ │ │ │ │ │ │
│органдарыиын бюджетине │ │ │ │ │ │ │
└─────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴────────┘
3. Экологиялык аспект
Кыргызстанда жаратылыштык-климаттык өзгөчөлүктөрдөн улам экологиялык таза продукция чыгарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бул болсо айлана-чөйрөгө болгон глобалдык антропогендик уланып келе жаткан таасирдин шарттарында өтө актуалдуу. Малдын саны туруктуу түрдө көбөйүп жаткан тенденцияда мал жаюу системасын пайдалануу, жайыт пайдаланууну жакшыртуу боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу, экологиялык жактан балансталган чарба жүргүзүүчү формаларды ишке киргизүү республикадагы экосистеманын абалын жалпысынан жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жайыт комитеттери тарабынан иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңештер бекиткен жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планынын негизинде жайыт пайдалануунун башка субъекттеринин активдүү катышуусунда жайыт ресурстарын пайдалануу өсүмдүк жана жаныбар дүйнөсүнүн (сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан, ошондой эле Кызыл китепке киргизилген) объекттерин сактоо үчүн шарттарды түзөт.
Жамааттын жайытты башкаруу жана пайдалануу боюнча планы бардык жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, айылдык аймакта болгон ресурстарды, ал ресурстарды пайдаланууга муктаждыкты баалоонун, жайыттарды пайдалануу процессин пландоонун жана жөнгө салуунун, абалын жакшыртуунун жана мониторингдөөнүн негизинде колдо болгон жайыттык табигый ресурстарды туруктуу, экологиялык жактан сарамжалдуу пайдалануунун жолу болуп эсептелет.
VII. Корутунду
Мамлекет менен жайыт пайдалануучулардын күч-аракеттерин бириктирүү менен, агрардык сектордо экономиканын өсүшүн жана узак мөөнөттүү экологиялык туруктуулукту камсыздоочу чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу аркылуу бул Программаны ишке ашыруу маанилүү табигый жана экономикалык ресурсту - мамлекеттик жайыттарды башкарууну жакшыртуу үчүн шарт түзөт. Жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн тартуу жайыттык ресурстарды экономикалык жактан майнаптуу, социалдык жана экологиялык жактардан натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болот.