Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик классификацияны бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды андан ары сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Бюджеттик классификацияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу жана ыкчам киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыначылыгынын негизги жоболору жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик классификацияны бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үч күндүк мөөнөттө белгиленген жол-жоболорго ылайык Бюджеттик классификациянын жаңы редакциясын бекитсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 768 "Бюджеттик классификация жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментине өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |