Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожолдору» мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 7, 2016-жылдын 9-августундагы N 436, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июнундагы № 14 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын, жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуу иштешин жана түзүмүн оптималдаштырууну, ошондой эле бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожолдору» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштурулсун.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ишкананы мамлекеттик кайра каттоо үчүн документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берсин.
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы N 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожолдору» мамлекеттик ишканасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 98 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 токтому менен бекитилди |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмчөсү, Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожолдору» мамлекеттик ишканасынын бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча укук мурастоочусу болуп саналган Департаменттин статусун, милдеттерин, ишмилдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасын катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департаменттин аталышы:
- мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти. Кыскартылган түрү - Жол чарба департаменти;
- расмий тилде - Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики. Кыскартылган түрү Департамент дорожного хозяйства.
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Исанов көчөсү, 42.
6. Департаменттин уюштуруу укуктук таризи - мамлекеттик мекеме.
7. Департаменттин ишин каржылоо республикалык бюджет каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Департаменттин Жобосу, башкаруу түзмөгү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Департаменттин аппаратынын түзүмү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бекитилет.
9. Департамент юридикалык жак укугуна эгедер ведомстволук уюмдарга ээ болот (автомобиль жолдорунун өндүрүштүк-тилкелик башкармалыгы АЖӨТБ, Бишкек-Торугарт, Ош-Сарыташ-Иркештам, Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолдор башкармалыктары жана Бишкек-Ош автомобиль жолу мамлекеттик дирекциясы, ошондой эле жол-эксплуатациялык ишканалар - ЖЭИ).
10. Департамент негизги жана жүгүртүм каражаттарына, өз алдынча теңдемге, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин казына тутумунда эсептерге ээ болот.
11. Департамент өндүрүштүк-техникалык жана чарбалык өз алдынчалыгын сактап калат, жол чарбасын өнүктүрүүгө, курууга, оңдоого, күтүүгө жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын тейлөөгө Департаментке бөлүнүүчү бюджеттик, бюджеттен тышкаркы жана башка каражаттардын тескөөчүсү болуп саналат.
12. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жасылган белгиленген үлгүдөгү бурчмөөрлөргө, бланктарга, башка көрүнөө өздүктөштүрчү каражаттарга, белгилерге ээ болот.
II. Департаменттин негизги милдеттери
13. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча автоунаа каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык сапатын, туруктуулугун, кызмат кылуу мөөнөтүн, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү жана күн сайын тейлөө;
5) илимди жана техниканы өнүктүрүү, иштин тийиштүү чөйрөсүндө жаңы технологияны киргизүү.
III. Департаменттин негизги ишмилдеттери
14. Департамент тапшырылган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүдөй ишмилдеттерди аткарат:
1) белгиленген тартипте заказдарды жайгаштыруу боюнча иш милдеттерди аткарат, жол чарбасынын муктаждыктары үчүн товарларды алып келүүгө, иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө келишимдерди түзөт;
2) жол чарба тармагынын мамлекеттик, тармактык максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын иш милдетин белгиленген тартипте аткарат, республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу курулуштар, реконструкциялар боюнча долбоорлорду, автомобиль жолдорун капиталдык, орто жана учурдагы ремонтторун аткарат;
3) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, анын ичинде салмак габаритин көзөмөлдөө пункттарын күтүү боюнча иштерди башкарууну ишке ашырат;
4) ведомствого баш ийген уюмдардын иштерин координациялайт;
5) белгиленген тартипте тендерлерди жүргүзөт, алардын жыйынтыктары боюнча заказдарды жайгаштыруу, товарларды алып келүү, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү, илимий-изилдөө иштерин жана тажрыйба-конструкторлук иштеп чыгууларды жүргүзүү боюнча келишимдерди түзөт;
6) мыйзамдарда белгиленген тартипте жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор жүк ташуучу жана ири габариттеги транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдарды жыйноону камсыз кылат;
7) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга автомобиль жолдорунун жана жолдордогу курулмалардын абалы жөнүндө, жолдордун айрым участкаларындагы жол жүрүүнүн шарттары тууралуу маалымдайт;
8) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жолдордогу курулмалардын эсебин жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун атласын басып чыгарууну уюштурат;
10) жол-курулуш жана ремонт иштеринин аткарылышынын сапаты боюнча техникалык көзөмөлдү ишке ашырат;
11) курулушу жана реконструкциясы бүткөн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардын участкаларын, тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана башка жасалма курулмаларды пайдаланууга берүүнү кабыл алууга катышат;
12) акы төлөнгөн негизде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жолдордогу курулмаларды пайдаланууга берүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун курулушу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча долбоорлорду даярдоого, алардын сапатын, жол-курулуш жана оңдоо иштерин аткарууну жол-жоболоштурган стандарттардын, нормалардын жана эрежелердин талаптарын камсыз кылууга катышат;
14) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун, жол органдарынын туруктуу иштеп турушу боюнча чараларды, айлана чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алат, мобилизациялык даярдык жана жарандык коргонуу боюнча, өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
15) жолду пайдалануучулар тарабынан табигый кырсыктардан улам жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана жолдордогу курулмаларга келтирилген зыяндын мүнөзүн жана көлөмүн аныктайт;
16) ремонт-курулуш иштеринин аткарылыш көлөмүн аныктайт, тастыктайт;
17) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну, реабилитациялоону, реконструкциялоону, оңдоону жана аларды күтүүнү, жол чарбасын өнүктүрүүнү ресурстук камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
18) жол чарбасынын бюджетин даярдоого жана божомолдоого катышат;
19) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жолдордогу курулмаларды ремонттоого жана күтүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
20) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
21) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сапатынын транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн аныктайт жана аларды жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алат;
22) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору жана жолдордогу курулмалар тууралуу тармактык маалыматтын базасын жүргүзөт;
23) жол-ремонт жана курулуш иштери боюнча бааны аныктоо методологиясын даярдоого катышат;
24) күзгү-кышкы мезгилде иштөө үчүн жолдорду эксплуатациялоочу ишканалардын даярдыгын камсыз кылат;
25) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жолдордогу курулмаларды пайдалануу маселеси боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
26) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жасалгалоо жана кооздоо боюнча иштерди жүргүзөт;
27) өзүнүн компетенциясынын чектеринде мыйзамдарда каралган жыйымдардын өлчөмүн аныктоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
28) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын уюштурууга жана аны жасалгалоо жана орнотуу боюнча иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө катышат;
29) мыйзамда белгиленген тартипте жарандарды кабыл алууну уюштурат, алардын кайрылууларын өз учурунда кароону камсыз кылат;
30) жол чарбасын өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш милдеттерди жүзөгө ашырат.
15. Департамент бул учурда төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) департаменттин кызматкерлерине коопсуз эмгек шартын камсыз кылат жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыяндар үчүн эмгек жана башка мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат;
2) колдонуудагы мыйзамдарда каралган департаменттин кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чараларды кабыл алууну камсыз кылат;
3) департаменттин отчетторун тийиштүү мамлекеттик органдарга өз учурунда берип турат, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөп турат;
4) департаменттин иштөө процессинде пайда болгон архивдик документтерди топтоштуруу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иреттүү жүргүзөт;
5) мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, кызматтык жана башка маалыматтарды сактоого, жайылтпоого багытталган зарыл чараларды камсыз кылат.
IV. Департаменттин укуктары
16. Департамент негизги милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана сырткары жерлерде жайгашкан юридикалык жана жеке жактардын, уюмдардын, ишканалардын иштерине катышууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматташууга;
2) өзүнүн компетенциясынын чектеринде менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана мекемелерден жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун иштерине тийиштүү маселелер жана жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтарды алууга;
3) белгиленген тартипте уюштуруу-укуктук формаларына карабастан башка юридикалык жана жеке тараптар менен накталай жана накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүүгө;
4) сот органдарында доочу жана жоопкер катары чыгууга;
5) келишимдик негизде адистерди окууга, кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жөнөтүүгө;
6) Департаменттин кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө жөнөтүүгө;
7) жол чарбасы маселелери боюнча мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди сыйлоого, социалдык колдоону жүзөгө ашырууга;
9) компетенттүү мамлекеттик органдарга мыйзамда белгиленген тартипте төмөндөгүдөй сунуштарды киргизүүгө:
а) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оперативдүү башкаруу, ошондой эле башка жолдор менен тескөө укугун берүү аркылуу жол органдарына бекитүү жөнүндө;
б) салмак габаритин көзөмөлдөө (СГК) пункттун түзүү жөнүндө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча автотранспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салуу же убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө;
10) белгиленген тартипте өз иш чөйрөсүндө конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш чараларды уюштурууга.
17. Департамент ошондой эле жол чарбасын өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди да аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү тийиштүү лицензияларды алгандан кийин милдеттүү түрдө лицензиялоого жатуучу иштердин айрым түрлөрү менен алекеттенүүгө укугу бар.
V. Департаменттин мүлкү жана анын каржыланышы
18. Департаменттин мүлкү негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан, өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктөн, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда Департаментке бекитилип берилген мүлктөн турат.
19. Ведомстволук караштуулуктагы жол ишканаларын каржылоо Департамент аркылуу жүзөгө ашырылат. Артык баш материалдык баалуулуктар жана каражаттар өндүрүштүк максаттарда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин чечими боюнча Департаментке ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдүн биринен алынуу менен башкаларына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
20. Негизги каражаттарды жокко чыгаруунун, ишке ашыруунун жана өткөрүп берүүнүн тартиби мыйзамдар менен белгиленген тартипте Департамент тарабынан жүзөгө ашырылат.
VI. Департаменттин ишин уюштуруу
21. Департаментке Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу директор башчылык кылат.
22. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине түздөн түз баш иет;
3) Департаменттин атынан ишеним катсыз аракеттенет жана мамлекеттик органдарга, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен тышкаркы коомдук уюмдар менен өз ара мамилелерде анын өкүлү болот;
4) Департаменттин мүлкүн, каржы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди мыйзамдарга ылайык кабыл алат жана каржылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
5) бардык каржы документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ;
6) келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коет жана аларды түзөт;
7) Департаменттин кызматкерлеринин штатын түзөт жана штаттык расписаниени бекитет;
8) эмгекти коргоо жана кызматкерлердин укуктарын мыйзамдарга ылайык сактоо боюнча чараларды камсыз кылат;
9) өз орун басарынын, ведомстволук караштуулуктагы жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттери менен жоопкерчилигин даражасын бөлүштүрөт;
10) сый акы жана материалдык сый акы берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктап, эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитип, эмгек келишимдерин түзүп сый акы берүү жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
11) өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарга белгиленген тартипте көрсөтөт;
12) түзүмдүк бөлүкчөлөр жөнүндө жоболор менен кызматкерлердин кызматтык нускамаларын, ошондой эле Департаменттин аймактык бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
13) Департаменттин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот, алар менен эмгек келишимдерин түзөт;
14) Департаменттин атынан ишеним каттарды берип банктарда же казыначылыкты тейлөөчү эсептешүү-аманат кассаларында эсептөө ачат;
15) өз компетенциясынын чектеринде Департаменттин жана анын бөлүкчөлөрүнүн баардык кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди жана тапшырмаларды чыгарат, жазуу жүзүндөгү жана оозеки көрсөтмөлөрдү берет;
16) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бекитүүгө Департаменттин иши менен балансы жөнүндө жылдык жана кварталдык отчетторду берет;
17) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин чечимдери менен тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
18) Департаменттин ишинин максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
23. Департаменттин директорунун Департаменттин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматынан бошотулуучу бир орун басары болот.
24. Департаментинин директорунун орун басары түздөн түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат. Директор болбогон учурда анын милдеттерин аткарат.
25. Департаменттин ведомстволук караштуулуктагы уюмдарынын жетекчилери Департаменттин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан мыйзамдар менен белгиленген тартипте дайындалат.
VII. Эсеп, отчеттуулук жана контроль
26. Департамент өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик жана статистикалык эсебин мыйзамдар менен белгиленген тартипте жүргүзүп, өзгөчөлөнгөн региондук бөлүкчөлөрүнүн каржылык ишине контролду жүзөгө ашырат.
27. Департамент өз ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга берет.
28. Департаменттин ведомстволук караштуулуктагы региондук бөлүкчөлөрү каржылык жана статистикалык отчеттуулукту Департаментке берет. Департаменттин жана анын бөлүкчөлөрүнүн кошмо балансы менен отчету директор тарабынан бекитилет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.
29. Маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу адамдар колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчилик тартат.
VIII. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
30. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 токтому менен бекитилди |
+------------------------------------+
| Кыргыз Республикасынын Транспорт |
| жана коммуникациялар министрлиги |
+------------------------------------+
+----------------------------+
| Жол чарба департаменти |
+----------------------------+
+---------------------------------------------------------------+
+-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++------++------+
| № 1 || № 3 || № 4 || № 5 || № 6 ||Биш- || Ош -||Биш- || Ош - || Сал- |
|ӨТАЖБ||ӨТАЖБ||ӨТАЖБ||ӨТАЖБ||ӨТАЖБ||кек -||Бат- ||кек -||Сары- ||макты |
| || || || || || Ош ||кен -||На- ||Таш - ||көзө- |
| || || || || ||АЖМД ||Исфа-||рын -||Иркеш-||мөлдөө|
| || || || || || || на ||Тору-|| там ||түтүн-|
| || || || || || || АЖБ ||гарт || АЖБ || дөрү |
| || || || || || || || АЖБ || || жана |
| || || || || || || || || || теш- |
| || || || || || || || || ||кентоо|
| || || || || || || || || ||кызмат|
| || || || || || || || || || баш- |
| || || || || || || || || || кар- |
| || || || || || || || || ||малыгы|
+-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++------++------+
+-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++-----++------+
| № 1 ||№ 8 || № 3 || № 6 ||№ 12 || № 5 ||№ 13 ||№ 34 ||№ 16 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+------|
|№ 25 ||№ 14 || № 4 ||№ 19 ||№ 17 || № 9 || № 2 ||№ 41 ||№ 45 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+------|
|№ 28 ||№ 15 || № 7 ||№ 36 ||№ 27 ||№ 22 ||№ 46 ||№ 955||№ 959 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----++-----|+------|
|№ 40 ||№ 18 ||№ 10 ||№ 47 ||№ 31 ||№ 23 | |№ 957||№ 960 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ | | ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----|+-----|+-----|+-----|+-----| +-----|+------|
|№ 42 ||№ 20 ||№ 11 ||№ 48 ||№ 50 ||№ 30 | |№ 39 ||№ 21 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ | | ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----|+-----|+-----++-----|+-----| +-----|+------|
|№ 43 ||№ 24 ||№ 33 | |№ 51 ||№ 956| |№ 32 ||№ 44 |
| ЖТИ || ЖТИ || ЖТИ | | ЖТИ || ЖТИ | | ЖТИ || ЖТИ |
+-----|+-----++-----| +-----|+-----| +-----++------|
|№ 954| |№ 35 | |№ 52 ||№ 38 | |№ 37 |
| ЖТИ | | ЖТИ | | ЖТИ || ЖТИ | | ЖТИ |
+-----| +-----+ +-----++-----| +------+
|№ 958| |№ 26 |
| ЖТИ | | ЖТИ |
+-----+ +-----+
ӨТАЖБ - Өндүрүштүк тилкелик автожол башкармалыгы
АЖБ - Автожол башкармалыгы
АЖМД - Автожол мамлекеттик дирекциясы
ЖТИ - Жол тейлөө ишканасы