Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 856
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бажы кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартибинде:
- 4-пункттагы "бөлүмчөнүн сыйлоо фондунун эсебинен кызматкерди ай сайын сыйлоону жөнгө салууну жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин жана кызматкерлерди отчеттук кварталдын жыйынтыгы боюнча баалоо жол-жобосу";
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу тартиби мурда бекитилген иш-планын жана жүктөлгөн функционалдык милдеттердин аткарылышынын негизинде, кызматкердин отчеттук кварталдагы ишинин жыйынтыгын тикелей жетекчи тарабынан талдоо жана баалоо жүргүзүүсү болуп эсептелет.";
- 9-пункттагы "айына" деген сөз "кварталына" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы ар кандай жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "квартал" деген сөз менен алмаштырылсын.
- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"14. Түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисинин/кызматкеринин ишин баалоо критерийи, критерийлердин салыштырма салмагы жана түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисинин/кызматкеринин ишин баалоо-отчетунун формасы стандарттуу болот жана МБКнын чечими менен бекитилет.";
- 15-пункттагы "сыйлык фондунун" деген сөздөр "эмгек акы төлөө фондунун (мындан ары - бөлүмчөнүн ЭАТФ)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"18. Кызматкерди төраганын сыйлоо фондунан сыйлоо бөлүмчөнүн ЭАТФсынын чегинде гана жүргүзүлөт";
- 21-23-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 27-пункттун 1-пунктчасындагы "мезгил" деген сөз "квартал" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 28-пункттун 1 жана 2-пунктчаларындагы ар кандай жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "квартал" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- МБКны күтүүгө республикалык бюджеттен каралган каражаттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоонун башка булактары. Жылдын башында коллегиянын чечими менен төраганын фондунун жалпы көлөмү бекитилет, ал жеткиликтүү ресурстарга жараша кайра каралышы мүмкүн;";
- 36-пункттагы "анын бөлүмчөнүн фондунун алкагында алган кварталдагы орточо баасына" деген сөздөр "бекитилген формалар боюнча отчеттук кварталдагы ишинин жыйынтыгынын баасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 43-пункттун "б" пунктчаларындагы "апелляциялык комиссияга" деген сөздөр "МБКнын төрагасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 48-пункттагы "Борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчиси" деген сөздөр "Тикелей жетекчи" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-1-пункттун экинчи абзацындагы "бөлүмдөрдүн сыйлоо фондунан жана" деген сөздөр алып салынсын;
50-пункттагы "апелляциялык комиссияга" деген сөздөр "апелляциялык арыз менен МБКнын төрагасынын дарегине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"51. МБКнын төрагасы арызды апелляциялык арызды карап чыгууга ыйгарым укуктуу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмчөсүнө жиберет. Апелляциялык арыз берилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат. Аталган арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмчөсү МБКнын төрагасынын бекитүүсүнө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизет.";
- 52-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |