Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 858
"Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасындагы пенсиялык тутумду андан ары реформалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фондунун укуктук жобосун аныктайт, аларды уюштуруунун жана алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.
2. Пенсиялык топтоо фондун түзүүдө, анын ишин жүргүзүүдө жана аталган фонддорду жоюуда пайда болуучу мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду түзгөн Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун (мындан ары - Соцфонд) ишин жөнгө салбайт.
2-берене. Пенсиялык топтоо фонду
1. Пенсиялык топтоо фонду (мындан ары - фонд) - социалдык максаттарды көздөгөн жана ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюм:
мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча;
милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү пенсиялык топтоону камсыздандыруу боюнча системага катышуучу катары.
2. Фондго катышуучуларды мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча фонддун иши ыктыярдуу негиздерде ишке ашырылат жана пенсиялык төлөмдөрдү жыйноону, мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттарды инвестициялоону, фонддун пенсиялык милдеттенмелеринин эсебин алууну, фонддун катышуучуларына мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоону жана төлөп берүүнү камтыйт.
Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучу катары фонддун иши пенсиялык топтолгон каражаттарды жыйноону, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттарды инвестициялоону уюштурууну, камсыздандырылган адамдардын топтолгон пенсиялык каражаттарынын эсебин алууну жана камсыздандырылган адамдарга пенсиянын топтолгон бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү камтыйт.
3. Фонддор милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча ишти жүргүзгөндүгүнө карабастан мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча ишти жүргүзөт.
4. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми фонд болсо өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелерине жооп бербейт.
Фонд мүлктөрдү фонддун уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.
5. Акча салуучулар, катышуучулар, камсыздандырылган адамдар, ошондой эле мамлекет фонддун милдеттенмелерине жооп бербейт, ага тете эле фонд акча салуучулардын, катышуучулардын жана мамлекеттин милдеттенмелерине жооп бербейт.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
актуарий - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте фонддордун ишине актуардык баалоону жүргүзгөн жактар үчүн белгиленген талаптарга жооп бере турган жак;
акча салуучу - пенсиялык келишимдин тарабы болгон жана пенсиялык фондго пенсиялык төгүмдөрдү төлөп туруучу жеке же юридикалык жак;
сатып алуу суммасы - пенсиялык келишим бузулган учурда фонд тарабынан акча салуучуга, катышуучуга, камсыздандырылган адамга же болбосо пенсиялык келишим токтотулган учурда башка фондго которулуучу акча каражаты;
мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу келишими - фонд менен фонддун акча салуучусунун (мындан ары - акча салуучу) ортосунда фонддун катышуучусунун пайдасында түзүлгөн келишим, ага ылайык акча фондго пенсиялык акыларды төлөөгө милдеттенет, ал эми фонд катышуучуга (мындан ары - катышуучуга) мамлекеттик эмес пенсияны төлөөгө милдеттенет;
милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча келишим - камсыздандырылган адамдын пайдасына фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосундагы келишим, ага жараша фонд пенсиялык негиздер болгон учурда камсыздандырылган адамга эмгектик пенсиянын топтолгон бөлүгүн дайындоого жана төлөп берүүгө милдеттүү;
фонддун кызмат адамдары - фонддун ишинин негизги багыттарын аныктаган же фонддун ишине катышууга расмий укугу бар адамдар. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү, фонддун аткаруу органынын төрагасы, мүчөлөрү, анын ичинде төраганын орун басарлары жана башкы бухгалтер кызмат адамдары болуп саналат;
топтолгон пенсиялык каражаттарды инвестиция кылуудан алынган кирешелер - баалуу кагаздар боюнча, ошондой эле банктык депозиттер боюнча дивиденддер жана пайыздар (киреше), топтолгон пенсиялык каражаттарды инвестиция кылуу боюнча операциялардан алынган кирешелердин башка түрлөрү;
мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча инвестициялык портфель - башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) башкаруусуна фонд ишенип берген милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттардын эсебинен түзүлгөн активдер;
милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча инвестициялык портфель башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) башкаруусуна фонд ишенип берген милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттардын эсебинен түзүлгөн активдер;
камсыздандырылган адам - милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим түзгөн адам;
пенсиянын топтолгон бөлүгү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимге жараша камсыздандырылган адамга фонд дайындаган жана төлөп бере турган ай сайын төлөнүүчү акча каражаты;
мамлекеттик эмес пенсия - пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык катышуучуга үзгүлтүксүз түрдө төлөнүп туруучу акча каражаты;
пенсиялык схема - пенсиялык акыларды жана мамлекеттик эмес пенсияларды төлөөнүн тартибин аныктоочу шарттардын жыйындысы;
мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтоолор - пенсиялык келишимдерге ылайык катышуучулардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн дайындалган жана фонддун менчигинде турган каражаттардын жыйындысы;
милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолор милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун милдеттенмелерин аткаруу үчүн дайындалган жана фонддун менчигинде турган каражаттардын жыйындысы;
пенсиялык негиз - катышуучунун мамлекеттик эмес пенсияны алуусуна болгон негиз, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтолгон бөлүгүн алуу укугуна камсыздандырылган адам ээ болгон негиз;
пенсиялык акы - пенсиялык келишимдин шарттарына жараша катышуучунун пайдасына акча салуучу төлөгөн акча каражаттары;
пенсиялык эсеп - акча салуучунун, катышуучунун же камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун милдеттенмесин чагылдырган фонддогу талдоо эсебинин түрү;
мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуучу пенсиялык эсеп - пенсиялык акылардын келип түшүшүн, кирешелердин кошулуп эсептелишин, мамлекеттик эмес пенсиялардын төлөнгөндөрүнүн кошулуп эсептелишин жана катышуучуга сатып алуу суммалары төлөнгөндүгүн, ошондой эле пенсиялык келишим бузулган учурда башка фондго которуу үчүн катышуучуга сатып алуу суммалардын чегерилишин чагылдырган фонддогу талдоо эсебинин түрү;
пенсиянын топтолгон бөлүгүнүн пенсиялык эсеби - пенсиялык топтоо каражаттарынын, камсыздандырылган адамга пенсиялык топтоо бөлүгүнүн кошулуп эсептелишинин жана төлөнүшүнүн, ал эми камсыздандырылган адам өлгөн учурда ал дайындалганга чейин - мураскорлорго төлөнүшүнүн кыймылын чагылдырган фонддогу жекече талдоо эсебинин түрү;
фонддун эрежеси - пенсиялык келишимдер (фонддун пенсиялык эрежеси), милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдер (фонддун камсыздандыруу эрежеси) боюнча фонддун милдеттенмелерди аткарышынын тартибин жана шарттарын аныктоочу документтер;
фонддун маалыматтарды бериши - көрсөтүлгөн маалыматтарды белгилүү чөйрөдөгү адамдардын алышына же аны белгилүү чөйрөдөгү адамдарга берүүгө багытталган фонддун аракети;
пруденциялык ченемдиктер - пенсиялык топтоо фондунун жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууну жүргүзгөн башкаруучу компаниянын каржылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экономикалык талаптар;
фонддун маалыматтарды ачып бериши - анын болушун жана алынышын кепилдеген жол жоболорго ылайык фонддун иши жөнүндө маалыматтардын адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
фонд жөнүндө маалыматтарды таркатуу - мындай маалыматтарды адамдардын белгилүү эмес чөйрөсүнүн алышына же мындай маалыматтарды адамдардын белгилүү чөйрөсүнө берүүгө багытталган аракеттер;
камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдын пайдасына пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу акысын которууга милдеттүү болгон жеке же юридикалык жак;
камсыздандыруу акысы - камсыздандырылган адамдын арызы боюнча Соцфонд фондго өткөрүп берген, пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр;
ыйгарым укуктуу орган - пенсиялык топтоо фонддорунун ишин жөнгө салуу, ошондой эле көрсөтүлгөн ишке көзөмөлдүк боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлик органы;
катышуучу - акча салуучу менен фонддун ортосунда түзүлгөн пенсиялык келишимге жараша мамлекеттик эмес пенсия төлөнүүгө тийиш болгон же төлөнүп жаткан адам. Катышуучу өзүнүн пайдасына акча салуучу катары эсептелет.
2. Бул мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногу тууралуу мыйзамдардагы башка түшүнүктөр жана терминдер мыйзамдардын бул тармагында кандай пайдаланылса ошондой мааниде колдонулат.
4-берене. Фонддун аталышы
1. Фонддун аталышы "пенсиялык топтоо фонду" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык пенсиялык топтоо фонддору деп таанылбаган юридикалык жактар өз аталыштарында "пенсиялык топтоо фонду" деген сөздөрдү ар кандай жөндөмөлөрдө пайдаланууга укугу жок.
3. Өзүнүн аталышында фонддорго "мамлекеттик", "улуттук", "борбордук", "өкмөттүк", "кепилдик берүүчү", "кепилдик кылынган" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрдө, ар кандай тилде пайдаланууга тыюу салынат.
5-берене. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүү
1. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
2. Мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып фонд, фонддун филиалдары (өкүлчүлүктөрү) түзүлдү деп эсептелинет.
3. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары фонддун уюштуруучулары (уюштуруучусу) боло алат.
4. Фондду уюштуруучулар аны түзүү жөнүндө, фондду уюштуруу боюнча алардын биргелешип иштөө тартибин аныктоо келишимин өз ара түзүшөт.
5. Уюштуруу жыйналышында уюштуруучулар уставды бекитет, фондду башкаруу органдары шайланат.
6. Уставдын талаптарын аткаруу үчүн фонддун өзү, анын уюштуруучулары, фонддун кызмат адамдары милдеттүү. Фонддун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечими боюнча киргизилет.
7. Фонддун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат:
1) акыркы бүткөн каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун ишинин чыгашалуу эместиги;
2) филиалды ачуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан мурдагы үч айдын ичинде пруденциялык ченемдерди фонддун сакташы.
6-берене. Фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) кайра уюштуруу жана жоюу
1. Фондду кайра уюштуруу, ошондой эле фондду, фонддун филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүзүнө ашырылат.
2. Фонд жоюлган учурда мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттар пенсиялык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу, сатып алуу суммаларын төлөө, акча салуучунун же катышуучунун тандоосу боюнча башка фондго, мындай тандоо болбогон учурда пенсия эрежелеринде көрсөтүлгөн фондго (фонддорго) которулуучу сатып алуу суммасын которуу үчүн пайдаланылат.
3. Фонд жоюлган учурда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон каражаттар пенсиялык каражаттар үч айлык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Соцфондго толук көлөмдө берилет, Соцфонд алынган каражаттар боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салган мыйзамдардын алкагында берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын чегинде милдеттүү болот.
4. Фонд жоюлган учурда милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттардын эсебинен акча салуучулардын жана катышуучулардын талаптарын канааттандырууга жана мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча топтолгон пенсиялык каражаттардын эсебинен камсыздандырылган адамдардын талаптарын канааттандырууга жол берилбейт.
5. Фонддун менчиги болуп саналган жана анын уставдык ишин камсыз кылуу үчүн дайындалган мүлктөрдү сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар, топтолгон пенсиялык каражаттар жана башка баардык насыялар жетишсиз болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кезектүүлүккө жараша акча салуучулардын, катышуучулардын, камсыздандырылган адамдардын талаптарын канааттандырууга бирдей үлүштө жумшалат.
6. Фонддо калган акча каражаттары, анын ичинде анын мүлктөрүн сатуудан түшкөн акчалар бардык милдеттенмелер аткарылгандан кийин фонддун уставында көрсөтүлгөн максаттарга жумшалат.
7. Каттоочу орган тиешелүү чечим кабыл алган учурдан тартып фондду жоюу бүттү, ал эми фонд өз ишин токтотту деп эсептелинет.
8. Пенсиялык камсыздоо жөнүндө колдонуудагы келишимдер жана (же) ачылган жеке пенсиялык эсептер болбогон учурда гана фонддун жалпы чогулушу фондду ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Кайра уюштурулган фонд, ошондой эле жоюу процессинде турган фонд же болбосо фонддун филиалы (өкүлчүлүгү) акча салуучуларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга маалымдоо максатында мамлекеттик жана расмий тилдерде эки басма сөздө тиешелүү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү.
7-берене. Фонддун кызмат адамдарына коюлуучу талаптар
1. Төмөнкүдөй адамдар фонддун кызмат адамы болуп дайындалышы (шайланышы) мүмкүн:
1) жогорку билими барлар;
2) каржылык рыногунда ушул беренеде белгиленген иш стажы барлар;
3) башкаруучу компаниянын, фонддун депозитарийинин жана аудиторунун аффилирленген адамдарына кирбеген, ошондой фонддун мүлкүн баалоону жүргүзүү келишими түзүлгөн адамдар;
4) кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жоктор, же ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган же алына электер;
5) фондго дайындалууга (шайланууга) документтерди берген учурда бир жылдын ичинде каржы рыногундагы ишине байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылбагандар.
2. Жекече аткаруу органынын функциясын иш ашырган же башкаруучу компаниянын коллегиялуу аткаруу органынын, депозитарийдин, акционердик инвестициялык фонддун, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун, кредиттик уюмдун, камсыздандыруу уюмунун же пенсиялык топтоо фондунун курамында бул уюмдар мажбурлап жоюлган, банкрот деп табылган учурда же бул уюмдар укук бузуулар жасап, ал үчүн алардын тиешелүү иш түрүн ишке ашыруу лицензиясы жокко чыгарылган учурда кирген адам, эгерде мындай жокко чыгаруу учурунан тартып эки жылдан аз убакыт өтсө фонддун кызмат адамы болуп дайындалышы (шайланышы) мүмкүн эмес.
3. Фонддун капиталынын он жана андан ашуун пайызына ээлик кылган уюштуруучулар фонддун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалбайт (шайланбайт). Фонддун кеңешиндеги уюштуруучунун өкүлү жана фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөсү фонддун башкармалыгынын төрагасы жана мүчөсү боло албайт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган талапка ылайык келүү үчүн төмөнкүдөй иш стажы болушу керек:
1) фонддун башкармасынын төрагасы, башкы бухгалтери кызматтарына талапкерлер үчүн - каржылык рыногунда үч жылдан кем эмес;
2) фонддун башкармасынын мүчөлөрүнүн кызматына талапкерлер үчүн каржылык рыногунда эки жылдан кем эмес.
5. Фонддун кеңешинин төрагасы жана Фонддун кеңешинин мүчөлөрү кызматтарына талапкерлер үчүн каржылык рыногунда иш стажынын болушу талап кылынбайт.
6. Башкы бухгалтер кызматына талапкер тиешелүү сертификаттар менен ырасталган бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттордун эл аралык стандарттарынын билимине ээ болушу керек.
7. Бул Мыйзам менен аныкталган иш стажына чарбалык иш жүргүзүү менен байланышкан иштер киргизилбейт.
8-берене. Фонддун жалпы мүлкү
Фонддун жалпы мүлкү төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн дайындалган фонддун мүлкү;
2) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары;
3) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары.
9-берене. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү
1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган фонддун мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) уюштуруучулардын (уюштуруучунун) фонддун мүлкүнө кошкон салымдарынан;
2) фонддун эрежесинде жана тиешелүү келишимде каралган администрациялык чыгымдарды жабууга жумшалган пенсиялык акылардын суммаларынын бөлүгүнөн. Мында пенсиялык акынын суммасынын бөлүгүнүн өлчөмү акынын суммаларынын 3 пайызынан ашпайт.
3) фонддун мүлкүн пайдалануудан, анын ичинде инвестициялоодон түшкөн фонддун кирешесинен;
4) кайрымдуулук акыларынан жана башка мыйзамдуу чегерүүлөрдөн.
2. Мүлккө өз билгениндей кожоюндук кылууга, анын ичинде аны ижарага берүүгө жана ижара акысы түрүндө киреше алууга фонддун укугу бар. Фонддун мүлкү инвестициялык активдерге инвестициялынышы мүмкүн.
3. Фонддун мүлкүн фонддун уставдык ишине байланышпаган максаттарга чыгымдоого, ошондой эле, ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуудан тышкарыда чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына катышууга тыюу салынат.
10-берене. Фонддордун уставдык капиталын түзүүнүн өзгөчөлүгү
1. Уставдык капитал уюштуруучулардын менчик каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
2. Фонддун уставдык капиталынын эң кичине өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Фонддун уставдык капиталы толугу менен улуттук валютадагы акча каражаттары менен төлөнөт.
4. Пенсиялык топтоо фонддорунун ишин жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө арыз берилген учурда уставдык капитал толугу менен төлөнүүгө жана коммерциялык банктын топтоо эсебинде топтолууга тийиш.
11-берене. Пенсиялык топтоо каражаттары
1. Катышуучулардын алдындагы милдеттенмелер боюнча өзүнүн акы төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн фонд мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын түзөт.
Камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелер боюнча өзүнүн акы төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн фонд милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын түзөт.
2. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттары пенсиялык акылардын жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешенин эсебинен түзүлөт.
Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) камсыздандырылган адамдын арызы боюнча фондго берилген пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоонун камсыздандыруу акыларынын суммаларынан;
2) инвестициялоодон түшкөн кирешелерден;
3) келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка түшүүлөрдөн.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынан фонддун (анын катышуучуларынын алдындагы фонддун карыздарынан башкасына), акча салуучулардын, камсыздандыруучулардын, башкаруучу компаниялардын (башкаруучу компаниянын), депозитарийдин жана башка үчүнчү жактардын, анын ичинде камсыздандырылган адамдардын жана катышуучулардын карыздарын төлөө өндүрүлбөйт, ошондой эле аларга билдирилген талаптарды камсыз кылуу, анын ичинде мүлккө камак салуу колдонулбайт.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынан фонддун (камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун милдеттенмелеринен башка) акча салуучулардын, камсыздандыруунун, башкаруучу компаниянын (пенсиялык топтоо каражаттарын ишеничтүү башкаруу боюнча анын ишин жүргүзүү менен байланыштуу келип чыккан милдеттенмелердин башка), депозитарийдин жана башка адамдардын, анын ичинде камсыздандырылган адамдардын жана катышуучулардын милдеттенмелерин төлөө өндүрүлбөйт, ошондой эле аларга билдирилген талаптарды камсыз кылуу, анын ичинде мүлккө камак салуу колдонулбайт.
5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча акча салуучулардын, катышуучулардын милдеттенмелерин аткаруу милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн эмес.
6. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдардын милдеттенмелерин аткаруу мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн эмес.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүдөй максаттарга гана колдонулушу мүмкүн:
1) катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын пайдасына киреше алуу максатында инвестициялоого;
2) пенсиялык төлөмдөрдү төлөп берүүгө;
3) пенсиялык топтоо каражаттарын башка фондго которууга;
4) туура эмес чегерилген пенсиялык акыларды жана башка туура эмес чегерилген акча каражаттарын кайтарып берүүгө;
5) башкаруу компаниясынын көрсөткөн кызматтарына акы төлөөгө;
6) депозитарийдин көрсөткөн кызматтарына акы төлөөгө;
7) фондду администрациялык башкарууга байланышкан фонддун кызматтарына акы төлөөгө.
12-берене. Фонддун башкаруу органдары
1. Уюштуруучулардын жалпы чогулушу фондду башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
2. Фонддун уюштуруучуларынын чогулуштарынын ортосундагы мезгилде анын жогорку башкаруу органы фонддун Кеңеши болуп саналат.
3. Фонддун аткаруу органы - фонддун ишине учурдагы жетекчилик ишти жүргүзгөн орган, коллегиялуу же жекече башкаруучу орган болуп саналат. Аткаруу органынын түрү уюштуруучулардын жалпы чогулушунда аныкталат жана фонддун уставында чагылдырылат.
4. Текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) - фонддун көзөмөлдөө органы.
5. Аткаруу органынын жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү) бир мезгилде фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткара албайт.
13-берене. Уюштуруучулардын жалпы чогулушу
1. Жалпы чогулуштун гана компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
1) уставды бекитүү, фонддун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) фондду кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) уставда аныкталгандан жогору нарктагы бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
4) фонддун Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;
5) фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнө, фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүгө) төлөнүүчү акынын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү;
6) фонддун Кеңешинин, фонддун аткаруу органынын расмий укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
7) фонддун жылдык бюджетин, жылдык отчетторду, фонддун бухгалтердик баланстарын, аудитордук уюмдун, актуарийдин, текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) корутундуларын бекитүү;
2. Фонддун уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун гана компетенциясына ыйгарылган маселелер ал тарабынан фонддун башка органдарынын чечүүсүнө берилиши мүмкүн эмес;
3. Уюштуруучулардын жылдык жалпы чогулушун фонддун Кенеши чакырат, ал орунду, күндү, убакытты аныктайт жана фонддун каржылык жылы бүткөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбей жана аудитордук корутундуну алгандан мурда эмес жылдык чогулушту өткөрөт.
Уюштуруучулардын бардык жалпы чогулуштары, жылдык чогулуштан башкасы кезексиз болуп саналат.
4. Эгерде уюштуруу документинде башкача каралбаса, фонддун ар бир уюштуруучусу фонддун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу добуш санына ээ.
5. Уюштуруучулардын жалпы чогулушундагы чечим добуштардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен, ал эми ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган маселелер боюнча добуштардын жалпы санынын 2/3си менен кабыл алынат.
6. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, фонддун уюштуруучусу өзүнүн расмий укуктарын жалпы чогулушта мыйзамдарда каралган тартипте фонддун башка уюштуруучусуна берүүгө укуктуу.
7. Фонддун уюштуруучуларынын курамы өзгөргөн учурда уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши керек.
14-берене. Фонддун кеңеши
1. Ушул Мыйзам менен уюштуруучулардын жалпы чогулушунун компетенциясына гана берилген маселелерден тышкары, фонддун кеңеши фонддун ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт.
2. Фонддун кеңеши үчтөн кем эмес мүчөдөн турууга тийиш.
3. Фонддун кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) фонддун ишине көзөмөлдүк жүргүзүү жана ишинин жана саясатынын багыттарын аныктоо;
2) фонддун уюштуруучуларынын жылдык жана кезексиз чогулуштарын чакыруу;
3) фонддун ички документтерин кабыл алуу жана бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4) фонддун жетекчисин жана коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүн же фонддун жекече аткаруу органынын иш-милдетин жүргүзгөн адамды шайлоо жана төлөнүп берилүүчү акылардын өлчөмдөрүн белгилөө;
5) аткаруу органынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) фонддун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча сунуштарды уюштуруучулардын жалпы чогулушуна берүү;
7) фондду аудиторун жана актуарийин шайлоо жана көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо;
8) фондду уюштуруучулардын жалпы чогулуштарынын чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;
9) фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн (текшерүүчүнү) шайлоо.
4. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда фонддун кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
15-берене. Фонддун аткаруу органы
1. Фонддун аткаруу органынын компетенциясына уюштуруучулардын жалпы чогулушунун жана фонддун Кеңешинин гана компетенциясына киргизилген маселелерден башка фонддун учурдагы ишине жетекчиликтин бардык маселелери кирет. Фонддун аткаруу органы уюштуруучулардын жалпы чогулушунун жана фонддун кеңешинин чечимдеринин аткарылышын уюштурат.
2. Фонддун аткаруу органынын иш-милдеттери, ишинин тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү фонддун уставы жана фонддун ички документтери менен белгиленет.
3. Аткаруу органы фонддун жылдык бюджетин, жылдык отчетторун, фонддун бухгалтердик баланстарын уюштуруучулардын жалпы жылдык чогулушуна бериши керек.
4. Аткаруучу орган дайыма, бирок кварталда бир жолудан кем эмес фонддун кеңешинин алдында фонддун каржылык-чарбалык иши жана фонддун максаттарынын жана саясатынын иш жүзүнө ашырылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берет.
5. фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда фонддун кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
16-берене. Фонддун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү)
1. Фонддун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүсүн) фонддун кеңеши фонддун уставында аныкталган мөөнөткө шайлайт. Фонддун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны фонддун уставы менен аныкталат.
2. Фонддун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү) кандай учурда болсун фонддун каржылык-чарбалык ишин текшерүүгө жана фонддун ишине тиешелүү бардык документтерди алууга укуктуу. Фонддун текшерүү комиссиясынын талабы боюнча фонддун аткаруу органынын кызмат адамдары жана фонддун башка кызматкерлери оозеки же кат жүзүндө зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
3. Фонддун текшерүү комиссиясы (текшерүүчүсү) фонддун Кеңеши жылдык отчетту бекиткенге чейин милдеттүү түрдө фонддун жылдык отчетун текшерүүнү жүргүзөт.
4. Фонддун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) ишинин тартиби фонддун уставында жана фонддун текшерүү комиссиясы жөнүндөгү жободо аныкталат.
17-берене. Фонддун аффилирленген адамдары
Тикелей жана (же) кыйыр түрдө чечимди аныктоочу жана (же) фонд кабыл алып жаткан чечимге таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке жана юридикалык жактар (берилген ыйгарым укуктарынын алкагында бул фонддун ишин жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүргүзгөн мамлекеттик органдан башка), ошондой эле аларга карата фонд мындай укуктарга ээ болгон ар кандай жеке жана юридикалык жактар фонддун аффилирленген адамдары болуп саналат.
2. Фонддун аффилирленген адамдары деп милдеттүү түрдө таанылуучулар:
1) фонддун уюштуруучулары, фонддун депозитарийи, фонддун башкаруучу компаниясы;
2) фонддун Кеңешинин мүчөлөрү, фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү, фонддун штаттык кызматкерлери жана көрсөтүлгөн адамдардын туугандары.
18-берене. Фонддун иш-милдеттери
1. Фонд өзүнүн ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, фонддун уставына жана эрежелерине ылайык иш жүзүнө ашырат.
2. Фонд төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:
1) фонддун эрежелерин иштеп чыгат;
2) пенсиялык келишимдерди, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишимдерин түзөт;
3) пенсиялык акыларды жана пенсиялык топтоо каражаттарын жыйнайт;
4) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун пенсиялык эсебин жүргүзөт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен пенсиянын топтоо бөлүгүнүн пенсиялык эсебин жүргүзөт;
6) көрсөтүлгөн эсептердин абалы жөнүндө акча салуучуларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга маалымдайт;
7) фонддун ишин уюштуруу, маалымдоо жана техникалык камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө башка уюмдар менен келишимдер түзөт;
8) пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланганда инвестициялык стратегияны аныктайт;
9) уставдык ишти камсыздоо үчүн дайындалган мүлктөрдү түзөт жана анын активдерин түзгөндөрдү инвестициялайт;
10) пенсиялык резервдерди түзөт;
11) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоону уюштурат;
12) башкаруучу компаниялар, депозитарийлер, мамлекеттик эмес пенсия менен жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу менен камсыз кылуучу башка субъекттер жана катышуучулар менен келишимдерди, мамилелерди түзөт;
13) башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) жана депозитарийлердин пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө отчетторун карайт;
14) башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) жана депозитарийлер менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде бузат;
15) ишенимдүү башкаруу келишими бузулуп (токтотулуп) жаткан башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) карамагында турган фонддун каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрөт;
16) белгиленген тартипте бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзөт;
17) фонддун уставдык ишин, мамлекеттик эмес пенсия менен жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу менен камсыз кылуу үчүн дайындалган мүлктөрдүн өзгөчө эсебин жүргүзөт;
18) актуардык эсеп-кысаптарды жүргүзөт;
19) катышуучуларга мамлекеттик эмес пенсияларды дайындайт жана төлөөлөрдү жүргүзөт;
20) пенсияны дайындоо укугу келген учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга пенсиясынын топтолгон бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү жүргүзөт;
21) акча салуучуларга жана (же) катышуучуларга сатып алуу суммаларын төлөп берүүнү же камсыздандырылган адам башка фондго же Соцфондго өткөн учурда пенсиялык топтоо каражаттарын башка фондго которууну ишке ашырат;
22) камсыздандырылган адам өлгөн учурда анын мураскорлоруна төлөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат;
23) камсыздандырылган адам туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинин тышкары кеткен учурда топтолгон пенсиялык каражаттарды төлөп берүүнү ишке ашырат;
24) акча салуучулардын пенсиялык акыларды толук жана өз убагында төлөөлөрүн камсыз кылуу боюнча чара көрөт;
25) Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгилеген тартипте өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды берет;
26) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн башка иш-милдеттерди ишке ашырат.
19-берене. Фонддун укуктары жана милдеттери
1. Пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча пенсиялык топтоо системасынын субъекттери жана катышуучулары менен эриш-аркак аракеттенип фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын ишке ашырат жана акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт.
2. Фонд башкаруучу компания менен ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу. Ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү жана бузуу тартиби жарандык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
3. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акча салуучуларды, катышуучуларды жана камсыздандырылган адамдарды фонддун эрежеси менен жана ага киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тааныштырууга;
2) акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин эсебин алууну мамлекеттик эмес пенсия менен камсыздоонун пенсиялык эсептерин жана пенсиялык топтоо бөлүгүнүн пенсиялык эсептерин жүргүзүү түрүндө ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебин өзүнчө жүргүзүүнү ишке ашырууга;
3) акча салуучуларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга алардын пенсиялык эсептеринин абалы жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолу берүүгө;
4) пенсиялык келишимдин шарттарына жараша мамлекеттик эмес пенсияны же сатып алуу суммасын төлөп берүүгө;
5) пенсиялык келишимдин шарттарына жараша акча салуучунун же катышуучунун тапшырмасы боюнча сатып алуу суммасын башка фондго которууга;
6) акча салуучу тандап алган пенсиялык схеманын шарттарын бузган же пенсиялык акчаларды салууну токтоткон учурда пенсиялык эсепте топтолгон суммага үстөк пайыздарды пенсиялык келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин чегерүүгө;
7) камсыздандырылган адам өлгөн учурда келишимдин жабылышы жана камсыздандырылган адамдын мураскоруна каражаттын төлөнүп берилиши же алардын Соцфондго которулушу жөнүндө Соцфондго билдирүүгө;
8) акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктарын бузуучу чечимдерди кабыл албоого;
9) биринчи пенсиялык келишимди (милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимди) түзгөн күндөн кечиктирбей депозитарий менен кызмат көрсөтүү келишимин түзүүгө;
10) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "жууп-тазалоого" каршы күрөш жүргүзүү чараларын көрүүгө.
4. Акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо максатында чүнчү жактардын милдеттенмелерди аткаруусу үчүн кепилдикти өзүнө алууга, пенсиялык топтоо каражаттарын күрөөгө берүүгө, уюштуруучулук-укуктук түрү уюштуруучулардын толук мүлктүк жоопкерчилигин талап кылган уюмдардын уюштуруучусу (уюштуруучу) катары чыгууга, баалуу кагаздарды чыгарууга фонддун укугу жок.
4. Башкаруучу компаниялар жана депозитарийлер менен келишимдердин түзүлүшү, өзгөрүшү жөнүндө же алардын колдонулушун токтотулушу тууралуу, ошондой эле жыл сайын аудитордук текшерүүнү өткөрүү жөнүндө аудитор менен жана көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде фонддун ишине актуардык баалоо жүргүзүү жөнүндө актуарий менен түзүлгөн келишим жөнүндө фонд ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
20-берене. Фонддун эрежеси
1. Фонддун эрежеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат жана Фонддун кеңеши тарабынан бекитилет.
2. Пенсиялык келишим боюнча фонддун милдеттенмелеринин аткарылышынын тартибин жана шарттарын аныктаган фонддун пенсиялык эрежесинде төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) фонд колдонгон пенсиялык схемаларынын түрлөрүнүн тизмесин жана алардын сыпатталышын;
2) акча салуучулардын жана катышуучулардын алдындагы фонддун жоопкерчилиги жөнүндө жобону жана фонддун милдеттенмелеринин жаралышынын жана токтотулушунун шарттарын;
3) фондго пенсиялык акыларды төгүүнүн тартибин жана шарттарын;
4) пенсиялык резерв каражаттарын жайгаштыруу багыттары жана тартиби жөнүндө жобону;
5) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун пенсиялык эсептерин жүргүзүүнүн жана алардын абалы жөнүндө акча салуучуларга жана катышуучуларга маалымдоонун тартибин;
6) пенсиялык негиздердин тизмесин;
7) мамлекеттик эмес пенсияны дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин жана шарттарын;
8) пенсиялык келишимди, ишенимдүү башкаруу келишимин жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишимди түзүүнүн, өзгөртүүнүн же токтотуунун тартибин;
9) акча салуучулардын, катышуучулардын жана фонддун укуктарынын жана милдеттеринин тизмесин;
10) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун кылуунун тартибин;
11) сатып алуу суммаларын эсептөөнүн тартибин;
12) бул Мыйзамдын талаптарына жараша фонд келишим түзгөн башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) жана депозитарий тууралуу маалыматтарды акча салуучуларга жана катышуучуларга берүүнүн тартибин;
13) фонддун милдеттенмелеринин актуардык эсептерин ишке ашыруунун методикасынын сыпатталышын;
14) фонддун, башкаруучу компаниянын жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин;
15) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу акча салуучуларга жана катышуучуларга маалымдоо тартибин кошуп алганда, фонддун пенсиялык эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин жана шарттарын.
3. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдер боюнча фонддун милдеттенмелерди аткарышынын тартибин жана шарттарын аныктаган фонддун камсыздандыруу эрежеси төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун жоопкерчилиги жөнүндө жобону жана фонддун милдеттенмелеринин жаралышынын жана токтотулушунун шарттарын;
2) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун шарттарын;
3) пенсиянын топтоо бөлүгүнүн пенсиялык эсептерин жүргүзүүнүн жана алардын абалы жөнүндө камсыздандырылган адамдарга маалымдоонун тартибин;
4) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимди, ишенимдүү башкаруу келишимин жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишимди түзүүнүн, өзгөртүүнүн же токтотуунун тартибин;
5) камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын башка фондго же Соцфондго которуунун тартибин;
6) камсыздандырылган адамдардын жана фонддун укуктарынын жана милдеттеринин тизмесин;
7) бул мыйзамдын талаптарына жараша фонд келишим түзгөн башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) жөнүндө жана депозитарий тууралуу маалыматтарды камсыздандырылган адамдарга берүүнүн тартибин;
8) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу камсыздандырылган адамдарга билдирүүнүн тартибин кошуп алганда, фонддун камсыздандыруу эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин жана шарттарын;
9) пенсиялык негиздердин тизмесин;
10) камсыздандырылган адамга пенсиялык топтоо бөлүгүн дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин жана шарттарын;
11) фонддун, башкаруучу компаниянын жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин.
4. Фонддун эрежесине киргизилген өзгөртүүлөр фонддун Кеңеши бекиткенден кийин колдонууга киргизилет. Фонддун эрежесине киргизилген өзгөртүүлөр мурда түзүлгөн келишимдерге таркатылбайт, эмгек пенсиялары жөнүндө жана пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын инвестиция кылуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурлардан башкасында.
5. Фонддун эрежеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.
6. Фонддун эрежеси бул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеши керек.
21-берене. Акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери
1. Акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары, фонддун эрежелери, пенсиялык келишимдер жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишимдери менен аныкталат.
2. Акча салуучулардын төмөнкүдөй укуктары бар:
1) пенсиялык келишим боюнча милдеттенмени толук көлөмдө аткарууну фонддон талап кылууга;
2) фонддун алдына өздөрүнүн кызыкчылыктарын коюуга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук тартипте фонддун аракеттерине даттанууга;
3) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимге ылайык сатып алуу суммасын төлөп берүүнү же аларды башка фондго которууну фонддон талап кылууга;
4) фонддун аракеттерине сот тартибинде даттанууга.
3. Катышуучулардын төмөнкүдөй укуктары бар:
1) пенсиялык келишимдин шарттарына жараша мамлекеттик эмес пенсияны төлөө боюнча фонддун милдеттенмесинин аткарылышын фонддон талап кылууга;
2) пенсиялык негиз жаралган учурда бул Мыйзамга, пенсиялык келишимдин шарттарына, фонддун эрежесине жана тандалып алынган пенсиялык схемага жараша мамлекеттик эмес пенсияны алууга;
3) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимдин шарттарына жараша мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуунун шарттарын өзгөртүүнү фонддон талап кылууга;
4) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимдин шарттарына жараша сатып алуу суммасын төлөп берүүнү же аларды башка фондго которууну фонддон талап кылууга;
5) пенсиялык схеманы тандап алууга;
6) фонд жоюлуп кеткенде алардын пенсиялык эсептеринде топтолгон пенсиялык топтоолорду алууга, же пенсиялык эсептердеги каражаттарды инвестицияланган суммаларды эске алуу менен башка фонддорго которууга;
7) Кыргыз Республикасынан тышкары жакка туруктуу жашоого кетип жатканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоолорду алып кетүүгө;
8) фонддун аракеттерине сот тартибинде даттанууга.
4. Акча салуучулар фонддун эрежесинде жана пенсиялык келишимде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө акча каражаттары менен гана акы төгүүгө милдеттүү. Өздөрүнүн фонддун алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышына таасир этүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө фондго билдирүүгө акча салуучулар жана катышуучулар милдеттүү.
5. Акча салуучулар жана катышуучулар бул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, фонддун эрежесинде жана пенсиялык келишимде каралган башка укуктарга жана милдеттерге да ээ болушу мүмкүн.
6. Камсыздандырылган адамдардын төмөнкүдөй укуктары бар:
1) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык милдеттенмени аткарууну фонддон талап кылууга;
2) пенсиялык негиз жаралган учурда бул Мыйзамга, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин жана фонддун камсыздандыруу эрежесинин шарттарына ылайык пенсиянын топтолгон бөлүгүн алууга;
3) өзүнүн пенсиясынын топтоо бөлүгүнүн пенсиялык эсебинин абалы жөнүндө маалыматтарды фонддон алууга;
4) бул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акыларында белгиленген, бирок жылына бир жолудан ашык эмес тартипте милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө жаңы келишимди башка фонд менен түзүүгө же Соцфондго өтүү жөнүндө арыз берүүгө;
5) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетип бара жатканда топтолгон пенсияны алып кетүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн топтолгон пенсиясын мураска калтырууга;
7) фонддун аракеттерине сот тартибинде даттанууга.
22-берене. Фонддун бухгалтердик эсеби, отчеттуулугу жана аудити
1. Фонд бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
2. Бухгалтердик эсепти уюштуруу бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына ылайыктуу мазмундагы жана формалардагы отчетторду алууну камсыз кылууга тийиш.
3. Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн багышталган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсия менен камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн жана милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн чатташуусуна жол бербөөгө милдеттүү.
4. Фонд пенсиялык топтоо каражаттарынын жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча тиешелүү төлөөлөрдүн, милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча төлөөлөрдүн эсептерин өз өзүнчө жүргүзөт.
5. Пенсиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткара баштаган күндөн баштап үч жылдын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыз кылууга фонд милдеттүү.
6. Фонддун өз иши тууралуу отчет берүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
7. Пенсиялык эсептердеги пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебин алуу үчүн фонд маалыматтык базаны түзүүгө тийиш.
8. Камсыздандырылган адамдын өмүрү өткөнчө, ал өлгөндөн кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык иштерди сактоонун тартибинде каралган мөөнөттөрдүн ичинде пенсиянын топтолгон бөлүгүнүн пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыз кылууга фонд милдеттүү.
9. Фонддун иши жыл сайын милдеттүү аудиттен өткөрүлүүгө тийиш.
10. Фонддун каржылык отчетуна аудит аудитордук иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлөт.
11. Фонддун каржылык отчетуна текшерүү жүргүзгөн аудитор фонддун аффилирленген адамы, анын башкаруучу компаниясы, депозитарийи, уюштуруучусу жана кызмат адамы боло албайт.
12. Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы ыйгарым укуктуу органга жана Соцфондго берилет.
23-берене. Фонддун ишин маалыматтык камсыз кылуу
1.Фонддун иши тууралуу таркатылган же жарыкка чыгарылган бардык маалыматтар фонддун толук аталышын, лицензиянын номерин жана ал берилген датаны камтууга тийиш.
2. Өзүнүн жарнамасы, өзү жөнүндө жана пенсиялык топтоону камсыздоо боюнча иш тууралуу таркатылган же жарыяланган маалыматтардын мазмуну жана түзүлүшү үчүн, анын ичинде бул мыйзамда каралган маалыматтардын өз убагында эмес таркатылышы же жарыяланышы үчүн, ошондой эле маалыматтарды таркаткандыгы же жарыялагандыгы үчүн фонд жоопкерчиликтүү болбойт.
3. Таркатуу же жарыялануу үчүн берилген маалыматтар фонддун уставына жана эрежелерине ылайык келиши керек.
4. Фонддун жарнамалык материалдары фонддун мүлкүнүн эсебинен жарыяланат.
5. Таркатуу же жарыялоо үчүн берилген фонд жөнүндөгү бардык маалыматтарда төмөнкүлөр камтылбашы керек:
1) жалган, адепсиз, атайлап чындыкты бурмалаган маалыматтар;
2) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун келечектеги натыйжалуулугу жана кирешелүүлүгү, анын ичинде өткөндөгү реалдуу кирешелүүлүк жөнүндө маалыматтарга негизденген кандайдыр бир кепилдиктерди, убадаларды берүүлөр;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын фонддун ишин жактыргандыгы жөнүндөгү документтик тастыктоосу жок кандайдыр бир маалыматтарга таянуулар;
4) инвестициялардын коопсуздугуна жана көрсөтүлгөн инвестициялар менен байланышкан алына турган кирешелердин жана чыгымдардын туруктуу өлчөмдөрү тууралуу кепилдикти камтыган келечектеги инвестициялар жөнүндө билдирүүлөр;
5) фонддун башкаруучулук тажрыйбасы же мүнөздөмөсү жөнүндө, ошондой эле анын мамлекеттик бийлик, башкаруу органдары менен болгон байланыштары тууралуу ашыра мактаган же тастыкталбаган билдирүүлөр;
6) фонддун ишинин өткөндөгү жетишкендиктери келечекте дагы кайталанары тууралуу билдирүүлөр;
6. Башка фонддордун ишиндеги кемчиликтерди көрсөтүү жолу менен салыштырма жарнамаларды, мындай маалыматтар чындыкка жатар, жатпастыгына карабастан пайдаланууга тыюу салынат.
7. Чындыкка жатпаган же ушул Мыйзамдын талаптарын бузган фонддун жарнамалык материалдарын таркатууга тыюу салынат.
8. Фонд, анын кызматкерлери жана фонддун өкүлү катары чыккан адамдар төмөнкүгө укуксуз:
1) жарнама же жарнама мүнөзүндөгү материалдар түрүндө атайлап адаштырууга багытталган же жалган маалыматтарды камтыган фонд же анын башкаруучу компаниясы жөнүндө билдирүүлөрдү оозеки жана жазуу жүзүндө берүүгө;
2) фонддун инвестициялык иштеринин келечектеги натыйжаларына тиешелүү билдирүүлөрдү же божомолдорду акча салуучуларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга билдирүүгө.
9. Бул берененин талаптарына жарнамалык мүнөздөгү материалдардын ылайык келбей тургандыгы аныкталган учурда фонд талаптагыдай оңдолгон материалдарды жарыялоого милдеттүү.
24-берене. Коммерциялык жашыруун сыр
1. Пенсиялык эсептердеги пенсиялык акылардын жана пенсиялык төлөмдөрдүн чоңдугу жөнүндө маалыматтар коммерциялык жашыруун сырды түзөт.
2. Коммерциялык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жакка берүүгө фонддун укугу жок. Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана берилиши мүмкүн.
3. Милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттары тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарга кирет.
25-берене. Фонддун акы төлөө жөндөмдүүлүгүнүн кепилдиги
1. Фонддун каржылык туруктуулугун жана акы төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында милдеттүү сактоо үчүн пруденциялык ченемдиктер белгиленет.
2. Пруденциялык ченемдиктердин тизмеси, алардын ченемдик маанилери, эсептөө ыкмалары, ошондой эле тиешелүү отчеттордун түрлөрү жана аны берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
26-берене. Пенсиялык резервдерди түзүү
1. Акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн фонд пенсиялык резервдерди түзөт.
2. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
27-берене. Фонддун ишин актуардык баалоо
1. Пенсиялык камсыздандырууну топтоо боюнча фонддун иши каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын актуардык баалоодон өткөрүлүшү керек.
2. Фонддун ишине текшерүү жүргүзүүчү актуарий фонддун, анын башкаруучу компаниясынын, депозитарийдин, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын аффилирленген адамы болбоого тийиш.
28-берене. Ассоциациялар (кошундар)
1. Фонддор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ассоциацияларды (кошундарды) түзүүгө укуктуу.
2. Фонддордун кесипкөй иштерин натыйжалуу шарттар менен камсыз кылуу жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн фонддор тарабынан ассоциациялар (кошундар) түзүлөт.
3. Фонддордун ассоциациялары (кошундары) төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерде өздөрүнүн мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактайт;
2) өз мүчөлөрүнүн же мүчөлөр топторунун, ошондой эле алардын акча салуучуларынын, катышуучуларынын жана камсыздандырылган адамдарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларына жана аракеттерине соттук тартипте даттанууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ассоциациялардын (кошундардын) уюштуруучулук документтеринде белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4) ассоциация (кошун) үчүн өздөрүнүн мүчөлөрү ачып бере турган өз мүчөлөрүнүн иштери тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана сактоону уставда жана фонддордун ассоциацияларынын (кошундарынын) башка документтеринде белгиленген отчеттор түрүндө, тартипте жана мезгилдүүлүк менен иш жүзүнө ашырууга.
29-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо принциптери
Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырылат:
1) көрсөтүлгөн каражаттардын сакталышын камсыз кылуу;
2) инвестициялык портфелдердин кирешелүүлүгүн, диверсификацияланышын жана өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу;
3) сан жагынан баалап турган объективдүү критерийлердин негизинде инвестициялык стратегияны аныктоо;
4) баалуу кагаздардын ишенимдүүлүгүн эсепке алуу;
5) фонд, анын акча салуучулары, катышуучулары жана камсыздандырылган адамдары үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессинин маалыматтык ачыктыгы;
6) тескөөнүн жана көзөмөлдүн мамлекеттик, коомдук органдары, депозитарий үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессинин айкындыгы жана алардын контролдуулугу;
7) инвестициялык процессти кесипкөй башкаруу.
30-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо
1. Фонддор башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) аркылуу гана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоону ишке ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишенимдүү башкаруу келишиминин (келишимдеринин) негизинде гана фонд пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияга (башкаруучу компанияларга) берет.
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга берүү аларга болгон менчик укугунун башкаруучу компанияга (башкаруучу компанияларга) өтүп кетишине алып келбейт.
4. Пенсиялык топтоо каражаттарынын курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптар, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо жана аларды жайгаштырууну контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо үчүн уруксат берилген активдерге гана пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланышы мүмкүн.
6. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралбаган инвестициялоо объекттерине, фондулук биржада же башка соода тутумунда бааланбаган акцияларга, облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга, баалуу кагаздар жана башка каржылык активдер менен байланышкан туунду баалуу кагаздарга, опциондорго, фьючердик, форварддык жана башка контракттарга пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жол берилбейт.
31-берене. Башкаруучу компаниялар
1. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү тиешелүү лицензиясы бар башкаруучу компания менен пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
2. Бир эле учурда эки же андан ашуун фонддор менен пенсиялык активдерди башкаруу келишимдерин түзүүгө башкаруучу компания укуктуу.
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Келишимдин жазуу жүзүндөгү түрүн сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.
4. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкарууга берилген топтолгон пенсиялык каражаттардан өзүнчө бөлүнүп чыгарылышы керек.
5. Пенсиялык топтоо каражаттарынан башкаруучу компаниянын карызы өндүрүлбөйт.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген брокерлердин кызматтарын пайдаланып, фонддун башкаруусуна берилген каражаттары менен бүтүмдөрдү жасоого башкаруучу компания укуктуу.
7. Башкаруучу компанияларга жана алардын кызмат адамдарына коюлуучу талаптар "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башкаруучу компаниялардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
32-берене. Башкаруучу компаниянын укуктары, милдеттери жана ишин чектөөлөр
1. Башкаруучу компаниянын төмөнкүдөй укуктары бар:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматтарын пайдаланууга, фонддун башкаруусуна берилген пенсиялык топтоо каражаттарына карата бүтүмдөрдү иш жүзүнө ашырууга, келишимдерди бузууга жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыра албай калган учурларда акча каражаттарын доолап алып келүү чараларын көрүүгө;
2) сый акыларды төлөөгө жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоого байланышкан керектүү чыгымдардын ордун толтурууга.
2. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого;
2) пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу үчүн ушул Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;
3) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын өзүнчө жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын өзүнчө инвестициялоого;
4) депозитарий менен келишим түзүүгө жана анын көзөмөлү алдында фонддун башкаруусуна берилген пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды иш жүзүнө ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө башкарууда турган активдердин учурдагы рыноктук нарктарын жана таза активдердин нарктарын эсептеп чыгарууга;
6) бул Мыйзамда жана пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиянын топтолгон бөлүгүн төлөп берүү үчүн каражаттарды фондго которууга;
7) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин бузуудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон өз жоопкерчилигинин тобокелдигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда камсыздандырууга;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте башкарууда турган активдердин жалпы суммаларына карата болгон өз каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн сактоого;
9) башкарууда турган баалуу кагаздарды рыноктук баадан төмөн эмес баада сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рыноктук баадан жогору эмес баада сатып алууга. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн рыноктук баа деп, ошол фондулук куралдын соода-сатык эрежесине ылайык аныкталган баа түшүнүлөт. Рыноктук баадан четтөө менен өткөрүлгөн бүтүмдөр жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматты ачууга;
11) депозитарийдин аффилирленген адамы же болбосо анын аффилирленген жактары болбоого;
12) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо кылуу жөнүндө отчетту, ошондой эле инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчетту фондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык фонддорду, үлүштүк инвестициялык фонддорду жана пенсиялык топтоо фонддорун башкаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын кайра алынышы жөнүндө же токтотулушу тууралуу, башкаруучу компаниянын уюштуруучулук документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө фондго жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө билдирүүгө;
14) башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарын насыялык уюмдардагы өзүнчө банктык эсепке бөлүүгө, пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жасоо үчүн эсеп жүргүзүүгө;
15) пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда фондго ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтоо каражаттарын берүүнү пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө камсыз кылууга.
3. Фонддун акча салуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында башкаруучу компанияга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) акциялардан тышкары баалуу кагаздардын башка түрлөрүн чыгарууга;
2) ар кандай жолдор менен карыздарды берүүгө;
3) фондго таандык эмес баалуу кагаздарды сатуу жөнүндө ("кыска сатуулар") келишимдерди түзүүгө;
4) ар кандай түрдөгү милдеттерди жана кепилдиктерди берүүгө, пенсиялык активдер менен күрөө бүтүмдөрүн жасоого;
5) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча кирешелер кепилдиктерин же убадаларын камтыган маалыматтарды жарыялоого.
4. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну үчүнчү жактарга берүүгө укуксуз.
33-берене. Башкаруучу компаниянын жоопкерчилиги
1. Башкаруучу компания төмөнкүдөй жоопкерчиликтерди тартат:
1) фонддун алдындагы өзүнүн милдеттери боюнча ага таандык бардык мүлкү менен;
2) пенсиялык топтоо каражаттарынын сакталышы жана кайтарымдуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
3) башкаруучу компанияга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле башкаруучу компания менен фонддун ортосунда түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууга болгон эки тараптуу келишимге ылайык жоопкерчиликтерди тартат.
34-берене. Баалуу кагаздарга инвестицияланган кылынган пенсиялык топтоо каражаттарын сактоо
1. Пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздардын эсебин алуу жана аларга укук берүү депозитарий кызматына болгон келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар боюнча депозитарийлик кесипкөй ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий боло алат.
3. Фондго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсебин депозитарий өзүнө же башка адамга таандык мүлк укуктарына өзүнчө эсеп ачуу жолу менен айырмалуу жүргүзүүгө тийиш.
5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсебин алууну депозитарий милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттары инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсебин алуудан өзүнчө жүргүзүшү керек.
6. Депозитарий фонддун баалуу кагаздарын башка максаттарга, анын ичинде кредиттик жана валюталык операциялар жасоо, ошондой эле өзүнүн карыздарын жана башка милдеттенмелерин төлөө үчүн пайдалана албайт.
7. Фонд менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн депозитарий Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
35-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарды төлөө
1. Фонддун уставдык ишин камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чыгымдарды кошпогондо фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн дайындалган мүлктөрдөн төлөнүп берилет.
2. Милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча тиешелүү пенсиялык топтоо каражаттарынан төлөнүп берилет.
3. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдар тиешелүү мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоо каражаттарынан төлөнүп берилет.
4. Фондго акы төлөөнүн чоңдугунун чеги инвестициялык кирешенин 10 пайызынан ашпаган чектерде фонд тарабынан белгиленет.
5. Башкаруу компания пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сый акыны алууга, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууда жумшалган керектүү чыгымдардын ордун толтуруу акысын алууга укуктуу.
6. Отчеттук жылда ишенимдүү башкаруучу алган мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык топтоолорду инвестициялоодон алынган кирешенин чоңдугунун 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө сый акы катары ишенимдүү башкаруучуга төлөнүп берилет. Эгерде жыл жыйынтыгы боюнча башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга берилген таза активдердин наркы өспөсө, аталган сый акы төлөнүп берилбейт. 1-январдан тартып 31-декабрды кошуп алганга чейинки календарлык жыл отчеттук жыл болуп саналат.
7. Башкаруучу компаниялардын зарыл болгон чыгымдарын төлөп берүү боюнча фонддун чыгымдарынын суммасы отчеттук жылдагы тиешелүү келишим боюнча башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан ашпайт, анын ичинде депозитарийдин кызматына акы төлөө пенсиялык таза активдердин орточо наркынын 0,05 пайызынан ашпайт.
8. Башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга берилген каражаттар менен тикелей байланышкан чыгымдар, ошондой эле депозитарийдин (башкаруучу компанияларга депозитарийлик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишими болгон учурда), аудиторлордун, жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучулардын, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин башка катышуучуларынын көрсөткөн кызматтарына акы төлөөлөр пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча чыгымдарга кирет.
36-берене. Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддорунун жана башкаруучу компаниялардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы пенсиялык топтоо фонддорунун жана башкаруучу компаниялардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча иш-милдеттер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) пруденциялык ченемдиктерди белгилөөнү;
2) лицензияларды берүүнү, аны токтотууну жана кайрып алууну;
3) пенсиялык топтоо каражаттарын коргоо боюнча диверсификациялык иш-чараларды көрүүнү;
4) фонддун отчетторду берүү тартибин белгилөөнү;
5) фонддордон жана башкаруучу компаниялардан, депозитарийлерден алардын каржылык иши тууралуу зарыл болгон маалыматтарды алууну, алынган маалыматтар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү талап кылууну;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонддун жана башкаруучу компаниялардын иштерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын жана санкцияларды колдонот;
8) пенсиялык топтоону камсыздоо боюнча иш жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды оңдоо боюнча көрсөтмөлөрдү фондго жана башкаруучу компанияларга берүүнү, ал эми алар аткарылбаган учурда бети ачылган укук бузуулар жоюлганга чейин ошол фонддордун лицензияларынын аракетин токтото турууну чектөөнү, же болбосо лицензияны кайрып алуу чечимин кабыл алууну;
9) фонддорду мажбурлап кайра уюштуруу жана жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруучу компаниялар жасаган баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сотко кайрылууну;
10) акча салуучулардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу мониторинг аркылуу коргоону жана ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын тиешелүү талаптарынын ишке ашырылышын камсыз кылууну.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы топтолмо пенсиялык фонддордун жана башкаруучу компаниялардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана ага көзөмөл коюу боюнча иш-милдеттерди иш жүзүнө ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
37-берене. Фондго карата колдонулуучу таасир кылуучу чаралар
1. Пруденциялык ченемдиктерди жана башка милдеттүү түрдө сакталууга жаткан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдери жана талаптары бузулгандыгы табылган, фонддун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин укукка жат аракеттери же аракетсиздиктери айкындалган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондго жана (же) фонддун кызмат адамдарына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй таасир кылуу чараларын колдонот:
1) айкындалган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттөрдө жоюу жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмөлөр берет;
2) фонддун кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан четтетүү маселесин уюштуруучулардын алдына коет;
3) милдеттенме катты талап кылат;
4) лицензияларды токтото турат жана кайра алат.
2. Кемчиликтердин орун алгандыгы моюнга алуу фактысы жана пландаштырылган иш-чаралардын тизмесин көрсөтүү менен белгилүү так мөөнөттөрдө аларды жоюу боюнча жана (же) мындай бузуулар мындан ары болбой тургандыгына фонддун жетекчилигинин кепилдиги фонддун милдеттенме-катында камтылышы керек.
3. Милдеттенме катты жана (же) ошол документте көрсөтүлгөн мөөнөттө жазуу жүзүндөгү келишимди аткаргандыгы жөнүндө фонддун маалымдоосунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
4. Таасир кылуу жана жаза чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Фонд жана (же) фонддун кызмат адамдары пенсиялык топтоо фонддорунун иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда аларга мурда таасир кылуу чаралары колдонулгандыгына карабастан администрациялык жана башка жоопкерчиликтерге кириптер болот.
38-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн фонддор өздөрүнүн иштерин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2001-жылдын 8-августу, № 57);
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 7-февралы, № 9).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|