Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-декабры № 859
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
6-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өздөрүнүн аталыштарында тиешелүү түрдө кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын гана пайдаланууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) аталышында башка алфавиттердин тамгалары жана иероглифтери болсо мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты пайдалануу укугун сакташат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|