Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-декабры № 863
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн негизги принциптерин андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жободо:
- 1.1-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Жобо Мамлекеттик акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн системаланган бирдиктүү реестрине (тизмесине) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү, мекемелер көрсөтүүчү акы төлөмө кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) белгилөө боюнча методикалык көрсөтмө болот.".
- 2.2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 2.5-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 2.6-пункт менен толукталсын:
"2.6. Мамлекеттик акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн системаланган бирдиктүү реестрине (тизмесине) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине киргизилген кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү, мекемелер акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) бааларынын прейскурантын түзүшөт жана алар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.";
- 3.3 пунктундагы "субъекттердин" деген сөз алып салынсын;
- 4.2 пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.2. Мамлекеттик акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн системаланган бирдиктүү реестрине (тизмесине) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине киргизилген кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү, мекемелер акы төлөнүүчү кызматтын ар бир түрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 5.1 пункттун "Учурдагы ремонт" позициясындагы "баштапкы" деген сөз "баланстык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5.2-пункту төмөнкүдөй редакциядагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бюджеттик каражаттардын эсебинен алынчу негизги каражаттарга эсептелүүчү амортизациянын суммасы;";
- VI бөлүмү күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |