Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 866
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Төрөбаев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 866 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Төрөбаев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун жана 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутунду берет.
Азыркы учурда республикада "Эмгек сиңирген" ардак наамы бар, республикалык бюджеттен пенсияга кошумча үстөктөрдү, ар кандай социалдык кепилдиктерди, социалдык муктаждыктар үчүн бир айлык пенсия өлчөмүндөгү жыл сайын берилүүчү акчалай жөлөкпулдарды ж.б. алуучу адамдардын категориясы көп болууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобо менен Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн, анын ичинде "Эл" жана "Эмгек сиңирген" ардак наамдары бар адамдарга пенсияларды белгилөөнүн жана төлөөнүн шарттары жана тартиби аныкталган.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" жаңы ардак наамын уюштуруу республикалык бюджеттин ушул Мыйзам долбоорун ишке ашырууну каржылоонун булактары менен ырасталбаган жана "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү жаратат. Буга республикалык бюджеттин тартыштыгынан улам көбөйүп жаткан көлөмүн жабуу үчүн өлкөбүз акча ресурстарына абдан муктаж болуп жаткан учурда жол бербөө керек.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылуусу республикалык бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар каржылоо булактары менен ырасталмайынча кабыл алынбоого тийиш.
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бюджеттин ресурстары максаттуу болуп эсептелет жана 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пландалган иш-чараларын жана программаларын ишке ашырууга багытталган.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык бюджетти аткаруу процессиндеги бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен бюджеттерде каралган өлчөмдүн чегинен ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-беренесине ылайык ишкердик болуп пайда алууга багытталган, мыйзамда белгиленген тартипте ушундай сапатта катталган адамдар тарабынан өз алдынча, өзүнүн тобокелге салуусу менен жүзөгө ашырылган иш эсептелээрин эске алууну сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасында кеңири чөйрөдөгү адамдар ишкердик жүргүзөт, алар экономиканын бардык жаатын камтыйт. Ошол эле учурда бизнестин бардык чөйрөлөрүндөгү ишкерлердин ишин изилдөө, талдоо жүргүзүү жана мониторинг өткөрүү, демек алардын салымын баалоо мүмкүн эмес.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери" наамын ишкердикте, инвестициялык жана туристтик иште зор салым кошкондугу, бюджетке салыктык жана социалдык жыйымдарды чегерүүнү көбөйткөндүгү жана маалыматтык технологияларды киргизгендиги ж.б. үчүн ыйгаруу каралган. Жогоруда жазылгандарды эске алып, аталган наамды ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоонун так критерийлерин аныктоо кыйынчылыкты жаратат.
Жогоруда жазылгандарга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
|
|