Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 852 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 867
Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын эпидемиясын алдын алуу, АИВ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралардын натыйжалуулугун көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик программаны ишке ашырууну мониторингдөөнүн жана баалоонун улуттук планы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-мартына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Мамлекеттик программаны аткаруунун, жана Мамлекеттик программаны ишке ашырууну мониторингдөөнүн жана баалоонун улуттук планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИДдин, жыныстык жана инъекциялык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу чаралары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 498 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 680 "2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында ВИЧ/ЖИКС эпидемиясынын жана анын социалдык-экономикалык залалдарынын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны 2012-жылга чейин узартуу жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |