Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 852 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 токтому менен бекитилген |
Киришүү
1. Кырдаалды талдоо
1.1. АИВ-инфекциясы жаатындагы кырдаалды талдоо
1.2. АИВ-инфекциясы жаатында мамлекеттик башкаруу саясаты
2. Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программасынын түзүмү
2.1. Программанын стратегиялык багыттары
2.2. Мамлекеттик программаны башкаруу
2.3. Мамлекеттик программаны каржылоо
2.4. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
2.5. Мүмкүн боло турган тобокелдиктер жана аларды чечүү жолдору
Киришүү
Кыргыз Республикасы АИВ аз тараган өлкө бойдон калууда. Анткен менен акыркы жылдарда АИВ-инфекциясына байланышкан жаңы окуялардын саны тез өсүүдө. БССУ/ЮНЭЙДС маалыматына караганда, Кыргызстан эпидемиянын өсүү темпи абдан жогору болгон дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн катарына кирет. Алсак, акыркы беш жылда АИВ-инфекциясына байланышкан окуялардын саны үч эсеге өсүп, эгер 2005-жылы 826 болсо, 2010-жылы 2468ге чейин жеткен.
АИВ-инфекциясына чалдыккан аялдардын саны да жогорулоодо. Эгер 2001-жылы мындай аялдардын саны 9,5% түзсө, 2010-жылы 30% жеткен (2008-жылы алардын саны 33,6% болчу). АИВ менен жашаган аялдардын саны акыркы 10 жылда 77 эсеге өстү, ал эми акыркы 3 жылда 2,4 эсеге көбөйүп, 2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен 822ни аялдар түздү. Ушул эле себептен АИВнын вертикалдуу түрдө берилиши 2005-жылы 0 пайыз болсо, 2010-жылы катталган ВЖАнын ичинен 2,4 пайызга чейин көбөйгөн. АИВ-позитивдүү аялдардын жана балдардын санынын өсүшү эпидемиянын инъекциялык баңгизатты колдонуучулардын (ИБК) чөйрөсүнөн жалпы популяцияга өтүп бараткандыгынан кабар берет.
Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин (Миң жылдыктагы өнүгүүнүн максаттары, 2000-жыл; АИВ/ИЖОС менен күрөшүү ишине берилгендик жөнүндө декларация, 2001-жыл; Саясий декларация, 2006-жыл) аткарууга умтулуу менен АИВ-инфекциясынан арылуу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоодо. Анткен менен өткөөл мезгилдин социалдык-экономикалык көйгөйлөрү, ошондой эле эпидемиянын АИВнын баңгизаттарды ийне саюу жолу менен колдонуу учурунда берилишине байланыштуу өзгөчөлүктөрү андан арылуу ишинде олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Өлкө эл аралык донорлордун бараандуу жардамы аркасында, анын ичинде - ИЖОС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каражаттарын колдонуу менен элдин АИВ-инфекциясына чалдыгууга мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон топторунун арасында максаттуу иш-аракеттерди жасап, алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана колдоо көрсөтүү программаларынан универсалдуу түрдө пайдаланууга шарт түзүүнү камсыз кылууда.
Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программанын (мындан ары - Мамлекеттик программа) максаты болуп Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын таралуу темпин турукташтыруу жана акырындап азайтуу саналат.
Мамлекеттик программа эпидемиянын өнүгүү стадиясын эске алуу менен өзүнүн артыкчылыктуу багыттарын АИВ-инфекциясынын, баарыдан мурда инъекциялык жол менен, ошондой эле жыныстык, оорукана ичинде жана энеден балага өтүү жолдору менен андан ары таралышын болтурбоону камсыз кыла тургандай кылып түзөт. АИВ менен жашаган адамдардын диагноз койдурууга, дарыланууга, өздөрүнө кам көрүлүшүнө жана колдоого алынышына мүмкүнчүлүктүү болушуна, саламаттык сактоо системасын күчөтүүгө, ошондой эле Мамлекеттик программаны координациялоо, башкаруу, мониторинг жана баалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
1. Кырдаалды талдоо
1.1. АИВ-инфекциясы жаатындагы кырдаалды талдоо
2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында АИВ менен жашаган 3288 адам катталган, анын ичинде аялдары - 822 (25%), эркектери 2293 (75%).
Саламаттык сактоо министрлигинин берген баасына ылайык, (БССУнун "СПЕКТРУМ" программасы), өлкөдө АИВ менен жашаган адамдардын саны расмий катталгандардан 3,4 эсеге көп жана 10500 адамга чейин жетет.
2000-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде АИВ-инфекциясынын Кыргыз Республикасында таралуусу 55,2 эсеге (ар бир 100 миң адам үчүн 1,1 ден 60,7ге чейин) өскөн, бул АИВга тесттен өткөрүлгөндөрдүн бардыгынын арасында АИВ-инфекциясы табылгандардын саны көбөйгөндүгү менен да ырасталат (1-сүрөт).
1-сүрөт. 2000-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын
арасында АИВ-инфекциясынын табылуусунун динамикасы
АИВ-инфекциясы кездешкен учурларды каттоого алуунун жалпы мезгили ичинде 427 АИВ менен жашаган адам каза болду. Алардын 155и ИЖОСтон, анын ичинде - кургак учуктан 90 адам көз жумду (58%). АИВ-инфекциясы менен кургак учук айкалышкан жабыр тарткан 547 адам 1 катталган.
2006-2010-жылдары АИВ-инфекциясы көбүрөөк кездешип гана тим болбостон, каттоого алынып жаткан жаңы окуялардын түзүмүндө, ошондой эле алардын өлкө региону боюнча таратылышында олутту сапаттык өзгөрүүлөр байкалган. Алсак, 2006-жылга чейин АИВдин таралышы жана АИВ-инфекциясынын жаңы учурларын каттоо боюнча Ош шаары алдыда болсо, 2007-жылдан баштап бул оору кездешкен жаңы учурлар Ош, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында көбөйө баштаган. Ушул эле мезгил ичинде Талас облусунда да мындай көрүнүштөр алгачкы жолу катталып, алардын саны 20га жеткен; Ысык-Көл облусунда 3 адамдан 42 адамга чейин, Нарын облусунда бир адамдан 21 адамга чейин өскөн. Мында 2006-2007-жылдарда АИВ-инфекциясынын өлкөдө кездешкен учурлары дээрлик эки эсеге көбөйгөн, ал эми 2006-2010-жылдарда буга чейинки эпидемиянын мезгилине (1987-2005) салыштырмалуу 3 эсеге көбөйгөн.
АИВ-инфекциясынын инъекция аркылуу таралуу жолу мурдагыдай эле жуктуруунун негизги жолдорунун бири болуп калуу менен республикадагы эпидемиянын мүнөзүн аныктап турат. Алсак, инъекциялык баңгизаттарды колдонуучулар (мындан ары - ИБК). Өлкөдөгү катталган АИВ-инфекциясынын жуккан учурларынын жалпы санынан 65,4 пайызын (2184), анын ичинде пенитенциардык системада - 26,7% түзгөн (889). 2012-жылы жүргүзүлгөн эпидемиологиялык көзөмөлдөө күзөтүнүн (ДЭН) маалыматына караганда, АИВ-инфекциянын ИБК арасында таралуусу 2007-жылга салыштырганда эки эсеге (7,7%дан 14,6% га чейин), ал эми өлкөнүн айрым региондорунда (Ош шаарында) 30% дан ашык өскөн. АИВ-инфекциянын камактагылардын арасында таралышы 2007-жылдагы 3,3%дан 2010-жылы 13,7%га чейин көбөйгөн.
ИБКлардын арасынан АИВ-инфекциясы аныкталган региондор кыйла кеңейди, бул жерлерде буга чейин инъекция жолу менен баңгизат колдонуу учурлары расмий түрдө катталган эмес болчу. Алсак, Нарын облусунун Кочкор районунда 2011-жылдын 6 айында АИВ-инфекциясы кездешкен учурлар 3 эсеге көбөйгөн, алардын тарашынын негизги жолу - баңгизаттарды ийне саюу жолу менен пайдалануу болгон (17 учурдун 13ү ИБКда болгон). Ысык-Көл облусунда АИВ-инфекциянын жаңы учурларынын катталышы көбөйдү, 2006-жылы 8 учур болсо, 2010-жылы - 42ни, алардын 49%ын ИБК түзгөн. Талас облусунда биринчи катталган учур 2006-жылы болгон, кийинки жылдары жыл сайын 3-7 учур катталууда.
Баңгизаттарды колдонуу
Өлкөнүн баңгизат трафигинин жолунда жайгашкандыгына байланыштуу баңгизатты колдонуу учурларынын көбөйүшүү белгиленүүдө. Алсак, 2006-жылдан тартып, баңгизат колдонуучулардын саны 16%га көбөйдү. 2011-жылдын 1-январына карата 10171 баңгизат колдонуучулар катталса, алардын ичинен 7474 адам (73,5%) баңгизатты инъекциялык жол менен пайдаланат. [4]. Пенитенциардык системада наркологиялык эсепке алууда баңгизатка көз каранды болуп калган 413 адам (эркинен ажыратуу жайларындагы адамдардын жалпы санынын 5% катталган. Анткен менен баңгизатты колдонуучулардын жалпы жонунан баалаган саны расмий каттоодон өткөн адамдардын санынан алда канча көп. Алсак, баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын калкынын 0,8%ы опиоиддерди (опий, героин) пайдаланат. U№ODC маалыматы боюнча, (2006-жыл) Кыргызстанда баңгизатына көз каранды 26000 адам бар, анын ичинде - ИБК 25000 адам. 2008-жылдагы "ИЖОС КФ Чыгыш-Батыш Фондусунун" изилдөөлөрү маалыматы боюнча, инъекциялык жол менен баңгизат колдонгон камактагылардын саны КТСтин (мекемелеринде) жалпы камактагылардын санынын 19%ын түзгөн.
Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын болушу (мындан ары ЖЖЖИ) бейтаптардын АИВ жуктуруп алуу коркунучун кыйла жогорулатат жана АИВга чалдыгып калышы мүмкүн болгон адамдардын тобунун көп экендигинен кабар берет. Расмий статистикалык маалымат боюнча, 2006-2010-жылдарда ЖЖЖИге чалдыккан 218932 адам катталган, анын ичинде 6287 бейтап котон жарадан, 5274 адам - гонореядан жабыр тартаары аныкталган.
Акыркы жылдарда котон жарадан жабыркагандардын саны эки эсеге азайгандыгына карабастан (100 миң адамга 2006-жылда 32,7 адам туура келсе, 2010-жылы (16,5 адам туура келген), анын деңгээли жогору бойдон калууда. Котон жарага чалдыккандардын 898 учурунун 44,2%ын аялдар, алардын ичинен кош бойлуулары 14,7%ын түзгөн. 2010-жылы өлкөдө котон жарага чалдыгуунун 1035 учуру катталып, анын 35%ын аялдар түзгөн.
ЖЖЖИ менен ооругандардын жарымынан көбү - 20дан 34 жашка чейинкилер (котон жара - 62,9%, гонорея - 75,5%). Балдардын (гонорея - 1,0%, котон жара - 1,8%) жана өспүрүмдөрдүн (гонорея - 3,4%, котон жара 0,7%) да бул ооруларга чалдыгуусу кездешет. Котон жаранын тубаса, кийин пайда болгон жана жашыруун өтүүчү формаларын каттоо өлкөнүн региондорундагы (Бишкек жана Ош шаарынан тышкары) лабораториялык базанын начардыгынан улам ЖЖЖИи так эмес каттоонун учурлары болгондугун жана статистикалык маалыматты жыйноонун жөнгө салынбагандыгын айгинелейт. Алсак, 2010-жылы котон жаранын жашыруун түрдө өтүүчү формасы 79,7% бейтапка туура келип, ал эми тубаса котон жара 1,7%ды түзгөн. БССУ эксперттеринин берген баасы боюнча, 2005-2007-жылдарда КМШ өлкөлөрүнүн ичинде тубаса котон жарага чалдыккан адамдардын эң көп саны Кыргызстанда катталган (100 миң адамга 0,86-0,41).
2004-жылдан тартып Кыргыз Республикасында АИВны оорукана ичинде жуктуруп алуу учурлары катталган. 2011-жылдын 1-январына карата катталган бардык АИВ менен жашаган адамдардын ичинен 172 (5,2%) оруну оорукана ичинде жуктуруп алгандыгы катталган. Оорукана ичинде жуктуруп алуунун бардык учурлары 10 жашка чейинки балдардан табылган.
АИВнын оорукана ичинде донордук кан же анын компоненттерин куюу аркылуу жуктуруп алуу тобокелчилиги сакталууда. Айталы, донорлордун түзүмүндө 26,7% гана акысыз донорлор бар, болжол менен 70% бейтаптардын донор болуп берген туугандары түзөт жана алар гемотрансмиссивдик инфекцияларды жугузуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон опурталдуу категориядагы донорлор болуп саналышат.
2010-жылы донорлук кандын жалпы көлөмүнүн 12,1% жараксыз болуп чыккан жана инфекциянын маркери боюнча бар делинип жок кылынган. Кандын жараксыз болуп калуусунун негизги себептеринин ичинен вирустук гепататтер алдынкы орунду ээлейт: В вирус гепатити - 4,6%, С вирус гепатити 2,6%. АИВ-инфекциясы боюнча донорлук кандын жалпы көлөмүнүн 0,5%, ал эми котон жара боюнча - 1,3% жок кылынды.
Донорлук канды скринингден өткөрүүчү лабораториялардын жарымына жакыны (45%) 2011-жылы өткөрүлгөн Сапатты сырттан баалоо программасында АИВге лабораториялык тест өткөрүү учурунда катачылыктарды кетирген, ошентип донордук кандын 55% гана сапаттын зарыл стандарттарына шайкеш шартта текшерилген.
Аялдар арасында АИВны жугузуп алгандардын саны өскөндүгү байкалууда. Эгер 2001-жылы мындай аялдар 9,5% түзсө, 2010-жылы 26,4% түзүп, 2008-жылы (33,6%) жогорку чекке жеткен. АИВ менен жашаган аялдардын саны акыркы 4 жылда 4,5 эсеге өсүп, 2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен 812 аялдарды түзгөн Ушул себептен улам АИВ менен катталгандардын жалпы түзүмүндө АИВдин вертикалду өтүшүү көбөйүп 2005-жылы 0% болсо 2010-жылы 2,4%га өскөн.
Кыргызстан төрөлүүнүн деңгээли жогору өлкөлөргө кирет. Алсак, 1997-2010-жылдарда жылына 120-130 миң төрөт катталган, 1997-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта АИВ менен жашаган 292 аял катталып, алардын 105и (36%) Ош облусунан, 49 (16,8%) Ош шаарынан, 46 (15,7%) Бишкек шаарынан, 45и (15,4%) Чүй облусунан.
1997-2009-жылдар аралыгында АИВ оорусу бар аялдардан төрөлгөн 169 ымыркайдын 74үндө (43,8%) АИВ инфекциясы бар деген диагноз коюлган. Арийне, 2009-жылы АИВ оорусу бар аялдардан төрөлгөн 99 ымыркайдын 7синде (7%) гана АИВ инфекциясы катталган. Бул алдын алуу чараларынын натыйжалуулугу өскөндүгүнөн кабар берет.
2011-жылдын 1-июлуна карата диспансердик эсепте АИВ оорулуу аялдардан 2010-2011-жылдары төрөлгөн 132 бала турат, алардын 62и (47%) уул балдар, 70и (53%) кыз балдар.
АИВ инфекциясынын катталган жаңы учурларынын түзүмүндө АИВ менен ооруган аялдардын жана балдардын санын өсүүсү эпидемиянын ИБК чөйрөсүнөн жалпы чөйрөгөё тарап жаткандыгынан кабар берет.
АИВ инфекциясы көпчүлүк учурда тукум улоого жөндөмдүү курактагы адамдарда жайылып келет. АИВ инфекциясынын көп учурлары 59%ды - 25-39 жаштагы курактык топто катталган.
Жаштар
2011-жылдын 1-январына карата 14-28-курактагы жаштардын саны 1680351 (Кыргызстан калкынын 31%ын түзүп), алардын 847282 эркектер, 833069ун аялдар түзгөн {13}. Кыргыз Республикада жаштарынын жалпы санынын 70%ынан ашыгы айыл жеринде жашашат. Республиканын 2191 жалпы билим берүүчү мектеп, 111 баштапкы кесиптик-техникалык, 111 орто кесиптик, 54 жогорку кесиптик окуу жайы бар, аларда 742550 адам окуйт (Кыргыз Республикасынын жаштарынын жалпы санын 44,8%ын түзөт).
Жаштар баңги заттарын инъекциялык жол менен кабыл алуу, корголбогон жыныстык катнашга болуу жана өнөктөштөрүн тезден алмаштыра берүү сыяктуу жогорку тобокелдиктеги жүрүм-турумду өнөкөткө айландырып алгандыктан АИВ инфекциясын жугузуп алуу коркунучу аларда көбүрөөк. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыныстык жашоо менен жашап баштаган уландардын орто курамы 14,6 жаш болсо, кыздардыкы 15,1 жашка туура келет, ал эми өспүрүмдөрдүн 32,3%ы 15 жашка чейин эле жыныстык жашоонун алгачкы тажрыйбасынан өтөт. Республикалык дерматовенерология борборунун маалыматтары боюнча, 2010-жылга карата 4190 же жыныстык жол менен таралуучу баардык расмий катталган инфекциялардын учурларынын (котон жара, гонорея, трихомониаз) 57,8%ы 15тен 29 жашка чейинки улан-кыздарда аныкталган, анын ичинен ЖЖЖИнин 2744,учуру (66,2%) кыздарга тиешелүү болсо, 1416сы (33,2%) уландар арасында аныкталган.
Баңгизатын 10-12 жаш курагында эле (жалпы билим берүүчү мектептин 5-7-классы) татып көрөөрү белгиленип келет. Республикалык наркология борборунун маалыматтарына таянсак, 15-29 жаштагы расмий катталган баңгизат колдонуучуларынын саны 2497 адамды түзгөн (баңгизат колдонуучулардын катталган жалпы санынын 24,6%ы), алардын ичинен 2278 эркек (91,2%), 316 аял (8,8%). Алардын опиат колдонуучулары 1467 адамды (187 аял), ийне саюу менен баңгизатын колдонуучулар 1030 адамды (134 аял) түзөт.
2011-жылдын 1-январына карата 15-29 жаштагы АИВ оорулуу жаштардын саны 1126 адамга жеткен (АЖАнын жалпы санынын 36%ы), алардын 704ү эркек жана 422си аял.
АИВ-инфекциясы боюнча программаларга катышкан саламаттык сактоо уюмдары
Бүгүнкү күндө ИЖОСту алдын алуучу жана аны менен күрөшүүчү 9 борбор, 54 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинен кургак учукка каршы 21 уюм, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 10 уюм жана ЖАМКтын 12 медициналык мекемеси АИВ-инфекциясы боюнча анын ичинде АИВди консультацияло жана тестирлөө кызматын көрсөтүшүүдө. АИВге карата тестирлөө ИЖӨСту диагностикалоочу 46 лабораторияда жүргүзүлөт.
ЖЖЖИ менен жабыркагандарга Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 мамлекеттик дерматовенерология борбор жана калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар (71 тери-венерологиялык кабинет) тарабынан медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ЖЖЖИни аныктоону жана дарылоону 23 жеке менчик клиникалар жана кабинеттер ишке ашырат.
Саламаттык сактоо системасында жалпысынан жогорку, орто медициналык билими бар 12488 адис эмгектенип, алардын 774ү ИЖОС кызматтарында иштешет. 2010-жылга карата ИЖОС кызматына адистер 76,9% топтолгон. Өткөрүлгөн окутуу иш-чараларына карабастан, айрым булактардан алынган маалыматтарга караганда адистердин билими тайкы бойдон калууда, мисалы, Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин АИВны алдын алуу маселелери боюнча билимин текшерүүдө тандалып суралган 19 кызматкердин 17си жетишээрлик билимге ээ эмес экендиктерин көрсөтүшкөн. АИВ-инфекциясы боюнча программаларга 100дөн ашык ИЖОС-сервис уюмдары тартылган.
Өлкөдө АИВ-инфекциясына байланыштуу программаларды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бирок, стигма жана басмырлоо алдын алуу программаларын өркүндөтүүдө, дарыланууда жана билим алууда, социалдык жардамды жана маалыматты алууда тоскоолдуктарды жаратып келет. АИВге байланыштуу стигма жана андан аркы басмырлоо үй-бүлөлөрдүн бузулушуна, жумуштан айрылууга, балдарды мектепке чейинки мекемелерге берүүдө терс жооп алуусуна алып келди. Стигматизациядан корккон көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке алып баруудан, дарылануу кам көрүү жана колдоо үчүн
кайрылуудан, социалдык жөлөкпулдардан баш тартышат. Стигма жана бармырлоо дарылануу, багуу жана колдоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук түзөт; АИВ-статусту жашырууга, анын айынан, АИВди жыныстык өнөктөрүнө жуктурууга алып келет.
АЖАга каршы пикир калк арасында да, тобокели жогору топтордо да орун алган. Алсак, ЭСЭ жана СКнын 30%ынан ашыгы АЖА менен баарлашууга даяр эмес, 50% жаш адамдар АИВ менен жашаган адамдарга карата жагымсыз позицияда болушкан.
АИВ-инфекциясына байланыштуу иш-чаралардын каржыланышы
Өлкөнүн өкмөтүнүн БУУнун Ассамблеясында кабыл алынган милдеттемелерди аткарууну колдоосу жана алдын алуу чараларынын натыйжалуу аткарылышы эл аралык донорлордун кызыгуусун жаратты, демек бул тармакка бир кыйла инвестицияларды тартууну камсыз кылды. 2004-жылдан баштап ИЖОС, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдуу фонддун каражатынын эсебинен АИВ-инфекциясы боюнча программаларды каржылоо бир кыйла өстү. Кыргызстан бир катар региондук долбоорлорго, токтоп айтканда АИВ/ИЖОС боюнча Борбордук Азиялык программасына (Улуу Британия Өкмөтүнүн Тышкы өнүктүрүү министрлиги), ИЖОСту контролдоо боюнча Борбордук Азиялык долбооруна (Дүйнөлүк банк), USAID тарабынан каржыланган "Потенциал" долбооруна катышууда (1-таблица).
1-таблица
АИВ-инфекциясын алдын алуу жана дарылоо боюнча программалардын 2005-жылдан 2010-жылга чейин каржыланышы (АКШ доллары)
┌──────────────────┬──────────────────────────────────────────────────┐
│ Каржылоо │ Каржылоо мезгили (жыл) │
│ булактары ├───────┬───────┬───────┬────────┬────────┬────────┤
│ │ 2005 │ 2006 │ 2007 │ 2008 │ 2009 │ 2010 │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│Мамлекеттик │ 462800│ 507500│ 553200│ 1655264│ 1501495│ 1407901│
│мекемелер │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│Эл аралык уюмдар │5029051│6697606│6840420│ 8657331│10652301│ 9827360│
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│GFSTM │2677280│3487420│3969735│ 5144593│ 6008375│ 5836715│
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│Дүйнөлүк банк │ 0│ 493800│ 464750│ 597294│ 463080│ 388607│
│(СААР) │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│CARHAP │ 21354│ 413070│ 458186│ 483640│ 200646│ 319578│
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│KfW │ 199500│ 95760│ 133000│ 490400│ 1980200│ 1128900│
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│АИВ/ИЖОС боюнча │ 672200│ 451000│ 417577│ 1641404│ 1600000│ 1753560│
│БУУнун мамлекеттик│ │ │ │ │ │ │
│программасы │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│AFEW │ 189204│ 177671│ 227172│ нд │ нд │ нд │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│USAID │ 907000│1003000│ 820000│ нд │ нд │ нд │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│"Сорос-Кыргызстан"│ 362513│ 575885│ 350000│ 300000│ 400000│ 400000│
│фонду │ │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┤
│Бардыгы: │5491851│7205106│7393620│10312595│12153796│11235261│
└──────────────────┴───────┴───────┴───────┴────────┴────────┴────────┘
АИВ-инфекциясы боюнча программаларга сырттан берилген каржылык жардам бул максаттарга багытталган ресурстардын жалпы суммасынын 90%ын ашыгын түздү. Муну менен бирге АИВ/ИЖОС кургак учук, безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдуу фонд бөлүнгөн акча каражатынын өсүү тенденциясы менен өлкөдөгү каржылоо көлөмүн 50%га камсыздап, эң ири донор болуп калды. Ошол эле убакта акыркы жылдары мамлекеттик ресурстар финансы каражаттарынын 9 пайызынан ашпай калды. АИВ инфекциясы боюнча программаларды мамлекеттик каржылоо 1-таблицада мамлекеттин бюджетинен негизинен ССМга караштуу "ИЖС" жана "Кан" борборлоруна чыгымдарды гана камтыйт.
2006-2010-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасында АИВ/ИЖОС эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа донорлордун колдоосунан улам; аткарылып келди. Донордук каржылоо программаларды кеңейтүүгө, БССУ/U№AIDSтин сунуштарына негизделген жаңы ыкмаларды киргизүүгө жана калктын тобокелчилиги жогору топторун жана АЖАдагы адамдарды профилактикалоо, дартын аныктоо, кам көрүү жана колдоо көрсөтүү программаларынан кеңири пайдалана алуусун камсыздоого мүмкүндүк түздү. Аталган мезгил аралыгында өлкөдө донор уюмдары менен долбоорлорунун ишмердүүлүгү мамлекеттик программанын артыкчылыктарына шайкеш келтирилген. Донорлук коомчулуктун өкүлдөрү Өлкөлүк координациялык механизмге киришти. ИЖОС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдуу фонддун долбоору (мындан ары - ИКБГФ) Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарда АИВ эпидемиясын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаны каржылоонун негизи булагы болуп келген. Аталган каражаттын эсебинен жогорку тобокелчиликтеги баардык топтордо (ИБК, СК, ЭСЭ, баардык дарылоо программалары, анын ичинде оппортунисттик инфекцияларды дарылоо) жана ЭБЖАга баардык программалар каржыланган.
Борбордук Азияда ИЖОСту контролдоо боюнча долбоор. Бул долбоордун алкагында АЖАга кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана АИВ инфекцияга каршылык көрсөтүү жаатында борбордук азиядагы региондук байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле баалоону, эпидемиологиялык көзөмөл күзөтүн жүргүзүүгө, мамлекеттик, өкмөттүк эмес сектордук адамдык ресурстарынын потенциалын бекемдөөгө салым кошулду.
DFID каржылоосу АИВ/ИЖОС боюнча Борбордук Азиялык региондук программа (CARHAP) зыяндуулугун азайтуу боюнча программаларды колдоого алат. 2006-2010-жылдар аралыгында CARHAP Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ошондой эле пенитенциардык сектордо ишке ашырылган 43 долбоорду каржылады. Программанын ишмердүүлүгүнүн аяктоо мөөнөтү - 2012-жыл. Гранттык компоненттен тышкары CARHAP Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/ИЖОСко кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк координациялык комитетке техникалык жардам көрсөтөт, АИВ инфекциясынын зыяндуулук төмөндөтүү программаларын адвокациялоо иш-чараларына колдоо көрсөтөт, грант алуучуларынын дараметин арттырууга жардам берет жана АИВди алдын алуу боюнча программаларын мониторинг жана баалоо системасын, анын ичинде каржылык мониторингди өнүктүрөт, ошондой эле улуттук саясатты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Герман өнүктүрүү банкы (KfW) саламаттык сактоо системасынын мекемелеринде АИВ инфекциясынын диагностикасы боюнча лабораториялык кызматтын жабдылышын колдойт. KfW гранттын алкагында Саламаттык сактоо системасынын мекемелерин 34 лабораториясы дарт аныктоочу жабдуу менен камсыздалды.
Герман техникалык кызматташтыгынын (GIZ) алкагындагы долбоор (2010-2018) 2 чечүүчү багытка багытталган: медициналык уюмдарды колдоо жана ден соолук маселелери боюнча билим берүү программаларын колдоо. Программалык көп эмес аспекти жарандык секторду колдоого багытталган 2010-жылы GIZ ИКБ ГФСТМ гранты камтыбаган зыяндуулукту азайтуу боюнча 5 долбоорду колдоду. Аталган долбоор Жаштар иштери боюнча министрлик жана Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып, 2010-2011-жылдары АИВ жаатындагы улуттук маалыматтык коммуникациялык өнөктүгүн колдоого алган. USAID 2009-жылы "АИВ жана кургак учук боюнча диалог" жаңы 5 жылдык региондук долбоорун баштаган. Бул долбоордун алкагында техникалык жардам көрсөтүлөт, калктын оору жуктуруу тобокели жогору болгон топтору үчүн кургак учук жана АИВ инфекцияны алдын алуу боюнча сапаттуу кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында окутуу жүргүзүлөт. 2010-жылы USAID "Сапаттуу саламаттыкты сактоо" долбоорун ишке киргизүүнү баштаган, мында кургак учук жана АИВ инфекцияга каршылык күрөшүү маселелери негизги компоненттердин бири болуп саналат. Долбоор баштапкы медициналык-санитардык жардам жана коомдук саламаттык сактоонун сапаттуу кызматтарына калктын тобокели жогору топторуна жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында маалыматтык материалдарды, жабдыктарды берет, окутат, техникалык көмөк көрсөтөт. "ИЖС Чыгыш-Батыш фонду" (AFEW) АИВ/КУ Борбордук Азиядагы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча долбоорду ишке ашырат жана өкмөттүк эмес уюмдар, пенитенциардык мекемелер менен иштейт. Бул долбоор өлкөдө алгачкылардан болуп социалдык коштоо программаларын өнүктүрдү.
"Сорос-Кыргызстан" фонду жарандык коомдун өкүлдөрүн чечим кабыл алуу жараянына тартуу жолу менен коомдук саламаттык сактоо системасын реформалоого жана коомдун аялуу катмары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдоого алат. Фонд ошондой эле жарандык коомдун потенциал жогорулатуу жана ИИМ академиясынын билим берүү программаларынын жана медициналык, юридикалык факультеттерде медициналык укук боюнча программалардын алкагында АИВге байланышкан укуктук аспектилерди көтөрүү боюнча да иш жүргүзүлүүдө. 2010-жылдан тартып ал С вирустук гепатитин дарылоону жана паллиативдик кам көрүүнү илгерилетүү боюнча иштерди баштады.
БУУ агенттиктери ар бир уюмдун мандатына жараша АИВ-инфекциясынын ар кандай маселелерине техникалык колдоосун көрсөтүшөт. U№AIDS БУУ агенттиктеринин бул жааттагы иштеринин жалпы координациясы үчүн жооп берет. U№FPA АИВ жана репродуктивдүү саламаттык боюнча жаштар менен иштейт, презерватив менен камсыздайт; U№ICEF ЭБЖАны, балдардагы АИВ оорусун алдын алуу жана дарылоо иштерин колдойт; U№ODC баңгизатын колдонуучулар арасында АИВди алдын алуу боюнча программаларын колдоого алат; U№ESCO ченемдик базанын иштеп чыгуу жана билим берүү системасында АИВ боюнча алдын алуу программаларынын кадрдык потенциал күчөтүү ишин жүргүзөт. WHO - саламаттык сактоо жаатындагы саясатты жана стандарттарды, АИВдин алдын алуу, дарылоо жана кам көрүү, медициналык аспекттерин, кандын коопсуздугун колдойт. БУУӨП "Кыргыз Республикасындагы АИВ/ИЖОС эпидемиясы менен күрөшүүгө Өкмөттүн колдоосу" программасын ишке ашырат. Бул программа жагымдуу саясый шарттарды түзүүгө, улуттук өнөктөштөрдүн дараметин көтөрүүгө, юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө, стигма жана дискриминацияны жеңүүгө, мыйзамдарды жакшыртууга, медициналык жана медициналык эмес кызматкерлерди АИВ жаатында аралыктан окутууга багытталган. БУУӨП GFSTMдин принципиалдуу реципиенти катары GFSTMдин 10 раундунун грантын аткаруу мезгилинде (2012-2016-жылдарга) GFSTMдин негизги субреципиенттеринин жана аялуу топтордун дараметин көтөрүү үчүн каражат салууну пландоодо.
2010-жылы Борбордук Азия республикалары үчүн саламаттык сактоо системасын күчөтүү боюнча (HIP/USAID) жана PEPFAR долбоорду ишке ашыруу башталган.
Мурда башталган иш-чараларды институтташтыруу жана АИВ-инфекциясынын алдын алуучу туруктуу комплекстүү тутумду түзүү зарылчылыгы тийиштүү деңгээлдеги каржылоону талап кылат. Саламаттык сактоо секторун каржылоо методдорун өзгөрүшү АИВге байланышкан программаларга таасир эткен жок. Саламаттык сактоо уюмдарын, анын ичинде ЖЖЖИ, АИВ жана ИЖОС менен күрөшүүгө жоопкер ар кандай ведомстволор мекемелерди каржылоо иштин акыркы жыйынтыктарына эмес, ресурстук камсыздоонун көрсөткүчтөрүнө негизделген. Башка секторлорго АИВ-инфекциясы боюнча иш-чараларга акча каражаты жетишсиз бөлүнүүдө.
1.2. АИВ-инфекциясы жаатында мамлекеттик башкаруу саясаты
2006-2011-жылдарга АИВ/ИЖОС боюнча мамлекеттик программа калктын АИВди (ИБК, СК, ЭСЭ) жугузуп алуу коркунучу жогору болгон негизги топторуна артыкчылык берүү менен, ошондой эле АЖАнын дарыланууга камкордук көрүүгө жана колдоо алууга универсалдуу шарттарды түзүү менен өлкөнүн баардык региондорунда ишке ашырылды.
Ар түрдүү өнөктөштөрдүн: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн, АЖА коомчулуктарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн эл аралык донор уюмдардын жана техникалык өнүктүрүү агенттиктеринин өз ара аракеттенүүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу АИВ/ЖОСко кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин (мындан ары - СМКК) алкагында координацияланат. БУУнун АИВ/ИЖОС боюнча Тематикалык Тобу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоону реформалоонун "Манас таалими" Улуттук программасынын Биргелешкен Ар жылкы серептери Саламаттык сактоо министрлигинин, БУУ мекемелеринин жана өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн координациялоо үчүн тиешелүү механизм болуп эсептелет.
Арийне, өлкөдөгү саясий өзгөртүүлөрдөн, жогорку кызматтагыларды тез-тез алмаштыруудан, ошондой эле СМКК түзүмүнүн өзгөрүүсүнөн, улам өлкөлүк координациялык механизмдин натыйжалуу иши боюнча маселелер толук түрдө чечилген жок. 2011-жылы СМКК реформаланды, жаңы курам бекитилип, анын мүчөлөрү окутулду.
GFSTMдин аудитинин жыйынтыгы боюнча (2009-2010-жылдар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү GFSTMдин баардык гранттары боюнча негизги реципиенттин ролун өзүнө алуусун суранып БУУӨПкө кайрылган. Аталган келишимдердин алкагында БУУӨП ошондой эле келечекте Негизги Реципиенттин ролун аларга өткөрүп берүүнү камсыз кылуу үчүн улуттук өнөктөштөрдүн дараметин бекемдөөгө колдоо көрсөтөт.
Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо секторундагы баардык ишмердүүлүктүн координациясы үчүн жооп берет. Бирок, иш жүзүндө Саламаттык сактоо министрлигинин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, көптөгөн маселелер GFSTMдин принципиалдуу реципиенти катары Республикалык ИЖС борборунун кароосуна калтырылган. Натыйжалуу башкаруу жоопкерчиликти так аныктап алып, айкындуулукту жана отчеттуулукту талап кылат, мурдагы жылдары мындай натыйжа болгон эмес. Саламаттык сактоо мекемелери биринин милдетин бири кайталап калгандыктан, АИВ-инфекциясы боюнча кызматтардын иштери, ошондой эле мониторинг жана баа берүү жумуштары абдан көбөйүп, начар координацияланып калууда.
Мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын АИВ жаатындагы мыйзамдары өлкөнүн чечкиндүүлүгүн жана эл аралык укуктук ченемдерге ыктай тургандыгын көрсөтөт. 2006-2010-жылдарга АИВ/ИЖОС боюнча мамлекеттик программасын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине баңгизатын колдонуучуларын жазалоо чараларын өзгөртүүгө, ошондой эле жазалоону гумандаштырууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилген (б.а. баңгизатын сатуу максаты жок алып жүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-б.). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен заттарды баңгизаттарына жана прекурсорлорго киргизүү критерийлери жана мыйзамсыз жүгүртүү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылуучу аталган заттардын жана курамына баңги заты бар өсүмдүктөрдүн өлчөмү белгиленген. Бул ченемдик актыларды киргизүү жазалоону гумандуу кылууга жана 2006-2009-жылдар аралыгында пенитенциардык мекемелердеги спецконтингентти дээрлик 40%га кыскартууга алып келди.
Юстиция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен буйругу менен пенитенциардык мекемелерде апийимди алмашуучу метадон терапиясын колдонуу боюнча үч пилоттук программа киргизилген. Метадон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эң маанилүү дары каражаттарынын тизмесине киргизилген.
"Кыргыз Республикасынын АИВ/ИЖОС жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өлкөдө ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча Иштер да жүргүзүлдү. Бул иштин жыйынтыгында АИВге медициналык күбөлөндүрүү эрежелери жакшыртылды, алар "Кыргыз Республикасындагы АИВ/ИЖОС жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 58580} ишке ашыруу тууралуу", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген жана АИВге тестирлөө өтүшүн ыктыярдуулугуна жана макулдугуна кепилдик берүүнү камсыздоого, ошондой эле психосоциалдык кеңеш берүү менен камсыз кылууга багытталды. Саламаттык сактоо министрлигинин, ЖАМК, ИИМ жана башка мамлекеттик органдардын бир катар башка директивалык документтери жакшыртылды.
Бирок, укуктук нигилизм, бекитилген ченемдерди бузуу, курулай ишенимдердин айынан калктын жогорку тобокелчиликтеги топторунун арасында АИВдин алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелип, ушундан улам АИВ бул топтордун арасында билинбей таралышына жол берилет. "Кыргыз Республикасындагы АИВ/ИЖОС жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында стигма жана дискриминациядан коргоо боюнча жоболор каралган. Бирок, укук бузуу, диагноздун купуялуулугун бузуу фактылары жок эмес. Документтеринин, каттоосунун жана жарандыгынын жоктугу да АИВдин алдын алуу жана дарылануу укуктарынан пайдаланууга тоскоолдук жаратууда.
Баңгизатын инъекциялык жол менен кабыл алуучулар арасында АИВди жугузуп алуу тобокелчилигин азайтуу
Баңгизатын инъекциялык жол менен кабыл алуучулар (мындан ары ИБК) 2001-жылдан баштап эпидемиянын өлкөдө таралуу мүнөзүн аныктап келишет жана Кыргыз Республикадагы мамлекеттик үч программанын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Акыркы жылдарда өлкө АИВ инфекциянын зыянын азайтуу программаларына ИБКнын катышуусун камсыздоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкен.
Шприц алмаштыруу жайларынын саны (мындан ары - ШАЖ) 29дан 49га чейин өскөн, анын ичинде ЖАМКтын 12 мекемесинде 13төн 19га көбөйгөн. Туруктуу кардарлардын саны 8496дан 15690 ИБКга жетип, 54% түздү. Мурда камтылбаган райондордо ШАЖдар ачылды анын натыйжасында 2009-жылы Чүй облусундагы ИБК арасында АИВ-инфекциясын аныктоо жеңилдеди (255 учур катталган), бул жалпы өлкө боюнча АИВ менен катталгандардын эң жогорку көрсөткүчүн аныктады (687 адам). Бирок, кээ бир региондордо адистердин мындай кызмат керек дегенине карабастан, ШАЖдар ачылган жок (Каракол, Нарын).
2010-жылга карата орун алмаштыруучу колдоочу метадон терапиясы (ОКМТ) боюнча программалардын саны 2ден 9га чейин өскөн. Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында баардыгы 20 ОКМТ пункттары ачылган. Алардын 17си Саламаттык сактоо министрлигинин системасындагы уюмдарда жана ЖАМКнын 3 мекемесинде (№ 47 ТК, Бишкек шаарындагы 1-СИЗО, Ош шаарындагы 5-СИЗО) иштейт. 2011-жылдын башына карата орун алмаштыруучу метадон терапиясы боюнча программага 1013 ИБК тартылып, алардын 119у ЖАМКтан болушкан. 2010-жылга карата ОКМТга катышуучуларында позитивдүү социалдык өзгөрүүлөр байкалган: 41,3% - жумушка орношкон, 10,7% - документтерин калыбына келтиришкен, 12,5%ы үй-бүлө курушкан же үй-бүлөсү менен элдешишкен.
2009-жылы "Опиоиддерди ашкере колдонуудан өлүмгө дуушар болуунун санын азайтуу" боюнча 14 программага Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан 2500 ИБК тартылган. Натыйжада баңгизатын ашкере колдонуудан өлүмгө учурагандардын саны ИБК арасында 14,2%га азайган.
2006-жылдан баштап социалдык коштоо программасы аркылуу ИБКнын медициналык жана социалдык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейди. 12 социалдык бюро пенитенциардык мекемелерде иштеп жатышат. 2009-жылдан баштап ИБКны социалдык-психологиялык жактан колдоо боюнча 8 программа иштеп баштады.
ШАП жана ОКМТ программалары 16756 ИБКны камтып, алардын 67%ын түзгөнү менен ИБКнын жүрүм-туруму дароо өзгөрүп кеткен жок, өлкөдө бул топто АИВ инфекциясын жугузуп алгандардын улам жаңы саны катталууда. Бул ИБК санынын так эместигине байланышкан, демек программалар баарын камтый албай калгандыгын жаратат. Ресурстар жетишсиз болгондуктан, кызмат көрсөтүүлөрдүн эң минималдуу пакети да камсыздалган эмес (көбүнчө бир гана кызмат сунушталат), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүккө кабылган учурлар да бар, анын кесепетинен кооптуу практика кайра башталып калат. Кеңеш алганга чейин тесттен өтүүгө түрткү берүү, антиретровирустук терапия, кам көрүү жана колдоо боюнча кызматтары интеграцияланбайт. Зыянды азайтуу программаларын кичи шаарларда жана айыл жергесинде өнүктүрүүнүн механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү жок. Зыянды азайтуу программаларынын алкагында гендерлик аспектилер эске алынбайт.
Секс кызматкерлери арасында АИВ инфекцияны жугузуп алуу коркунучун азайтуу
Секс кызматкерлери арасында АИВ-инфекциясын алдын алуу иштерине мамлекеттик программалардын үчөөндө тең артыкчылык берилген. Бул жыныстык өнөктөштөрдүн көп санда болушу сексуалдык жүрүм-турумдун коркунучтуу формаларынын орун алышы, ошондой эле зомбулук фактыларынын бар болуусу менен байланышкан, мунун өзү секс кызматкерлеринин коопсуз жүрүм-турумда болушуна же тандоосуна мүмкүндүк бербейт.
ЭСЭ арасында АИВ-инфекциясын жугузуп алуу коркунучун азайтуу
2011-жылдын 1-январына карата алдын алуу программалары 1700 ЭСЭди камтыган (Бишкек шаарында - 700, Кара-Балта шаарында - 700, Ош шаарында - 300).
2006-жылы Кыргызстанда ЭСЭ маселелери менен бир гана уюм алектенсе, 2010-жылы алардын саны 9 жетти. 2009-жылдын 1-мартынан 2011-жылдын 31-мартына чейин 107438 презерватив таркатылып берилген (бул программага катышкан 1 кардарга 2 жылга 74 презерватив туура келген), маалымдоочу материалдардын 2605 нускасы таркатылган.
ЭСЭ арасында алдын алуу программалары менен иштеген уюмдардын саны көбөйгөнүнө карабастан, ЭСЭ коомчулугуна жигердүүлүктүн жетишпегендиги жана АИВ инфекциясы жараткан көйгөйлөрдү аңдап-түшүнүүнүн деңгээли төмөн бойдон калуусу негизги маселе болуп келет. АИВге анализди купуя берүүчү жайлар тууралуу көпчүлүк респонденттер (72,86%) кабардар. Бирок, суралган ЭСЭдин, жарымы гана (53,25%) АИВге тестирлөөдөн өтүшкөн. Бул өзүн өзү стигмалоодон жана мотивациянын жоктугунан кабар берет.
Жалпы коом тарабынан стигма жана дискриминацияга кабылуу сыяктуу эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ЭСЭге жасаган мамилеси бул топтогулар үчүн негизги көйгөйдү жаратууда. Ушунун кесепетинен ЭСЭ арасында алдын алуу программаларын иштетүү кыйынга туруп жатат. Алдын алуу программалары ЭСЭни толук камтый албай натыйжасы төмөн бойдон калууда.
Жаштар арасында АИВ-иифекциясын жугузуп алуу коркунучун азайтуу
Жаштар арасында АИВ-инфекциясын алдын алуу жаатындагы программалары Билим берүү жана илим министрлигинин, Жаштар иштери боюнча министрликтин (2010-жылдан баштап) системасындагы уюмдар, укук коргоо органдары тарабынан аткарылган. Бул иш жаштарды жана тренерлерди (мугалимдери, тарбиячыларды ж.б.) окутуу, методологиялык ыкмаларды иштеп чыгуу, маалыматтык программаларды өнүктүрүү багыттарында жүргүзүлөт.
АИВ-инфекциясын жана баңгичиликти алдын алуучу тематикалык сабактар киргизилген мектептер 2006-жылы 55,3 % түзсө 2009-жылы 84,2% жеткен. Ушул убакыт аралыгында АИВ маселеси боюнча 980ден ашык мектеп мугалимдери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, республиканын ЖОЖдорунун педагогика адистигинде окуп жаткан студенттер окутулган. АИВ-инфекциясын жана наркоманияны алдын алуу маселелери боюнча 8 аталыштагы окуу методикалык пособиелер жана маалымат жыйнактары, анын ичинде педагогдор үчүн интерактивдүү электрондук курс, кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыгып, жалпы нускасы 6 миңден ашык нуска менен чыккан.
Орто билим берүү мекемелеринин окуу программасына ден соолукту чыңдоо боюнча 24 сааттык курс киргизилген. ИИМ академиясына АИВ-инфекциясынын укуктук аспектилери боюнча 36 сааттык атайын курс киргизилген. Жыл сайын бул курстан 200 курсант өтөт. АИВ жана ага чектеш проблемалар боюнча тематикалык бөлүмдөрдү камтыган "Ден соолукту чыңдоочу программаларды мектептин окуу процессине интеграциялоо" аттуу курсу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология факультетиндеги студенттер үчүн окуу планга киргизилген. Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө аскер кызматчылары үчүн жылына 2 жолу АИВ-инфекциясын алдын алуу боюнча 4 сааттык сабактар өтүлүп турат. Окутуунун инновациялык ыкмалары "коопсуздук маршруту" киргизилген, ошондой эле жаштар акциялары "өмүрүңдү бий менен кошто" өткөрүлүп келет. 2011-жылы Жаштар иштери боюнча министрлик тарабынан өлкөнүн баардык регионун камтыган социалдык маалыматтык компания ишке кирди. АИВ-инфекциясы, ЖЖЖИ, наркомания көйгөйлөрүн чагылдырган 184000 нускада брошюралар, буклеттер, баракчалар чыгарылган.
Бирок жаштардын бул жааттагы билим деңгээли төмөн бойдон калууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 16-24 жаштагы улан-кыздардын 54,9% гана АИВден сактануунун негизги ыкмаларын билишет. Жаштарды бул жаатта окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин системасында институционалдашкан эмес. Билим берүүчү алдын алуу программаларын иштетүү үчүн даяр педагогдорго болгон муктаждык 38%га гана канааттандырылган. 2006-2010-жылдарга АИВ/ИЖОС боюнча мамлекеттик программасынын жаштарга арналган компонентин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.
Көпчүлүк жаштар, өзгөчө, уюшпаган жана айылдык жаштар дагы эле сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык боюнча программалардан, АИВдин алдын алуу үчүн кызматтардан жана социалдык колдоодон маалыматы жок. Балдар үйлөрүнүн жана жатак мектептердин тарбиялануучуларын, атайын муктаждыктарга ээ өспүрүмдөрдү алдын алуу программалары камтыган эмес.
АИВ-инфекциясын жана наркоманияны алдын алуу боюнча программаларын ишке ашырууга окуучулардын ата-энелери, айылдык саламаттык комитеттери, диний ар кандай конфессиялардын жетекчилери толук тартылган эмес. Бирдиктүү стандарттар алдын алуучу билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү жапа баа берүү системасы жок. Алдын алуучу билим берүүнү ишке ашырууну контролдоо механизмдери натыйжасыз болууда, анткени, тиешелүү сектор аралык орган жана маалыматтарды чогултуу тартиби аныкталган эмес.
Жыныс жолу аркылуу жуккан инфекциялык ооруларды (ЖЖЖИ) алдын алуу жана дарылоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Республикалык жана Ош облус аралык дерматовенералогиялык борборлорунун түзүмү жана лабораториялык жабдуулары жакшыртылган.
Саламаттык сактоонун баардык деңгээлиндеги врачтар үчүн лабораториялык диагностика боюнча практикалык колдонмо жана сифилис, гонорея жана хламидиозду диагностикалоо боюнча клиникалык протоколдор иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык 18ге чыга элек, сифилис оорусу табылган адамдар бекер дарыланышат.
2006-2010-жылдар аралыгында бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн базасында калктын аялуу топторунун өкүлдөрү үчүн ЖЖЖИны диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызматтарды 16 достук кабинет көрсөткөн. 2009-2010-жылдары 9606 адам бул кызматтарга кайрылып, 8 кабинеттин гана базасында 8204ү (85,4%) дарыланышкан. Каржынын жетишсиздигинен жана мындай кызматтардын кичи шаарларга жана айыл жерлерине жетпегендигинен улам жогорудагы ишмердүүлүк жогорку тобокелчиликтеги топтордун муктаждыктарын толук канааттандырбагандыгын белгилей кетүү керек.
Жогорку активдүүлүктөгү антиретровирустук терапиядан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу (ВААРТ)
АИВ менен жашаган адамдардын жогорку активдүү антиретровирустук терапиядан өтүүгө шарт түзүү жана оорулууларга байкоо салуу үчүн саламаттык сактоонун жалпы системасына баштапкы медициналык-санитардык деңгээлинде АИВ инфекциясы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо жүрүп жатат. Интеграциялоо Бишкек шаарынан тышкары бардык облустарда өткөрүлгөн. Мындай кызматтар клиникалык протоколго ылайык, жалпы практиканын окутулган адистери тарабынан көрсөтүлөт. 2006-2010-жылдары АЖАга кызмат көрсөтүүчү мекемелердин саны 7 эсеге өскөн. АИВ-инфекциясы боюнча 13 клиникалык протоколдор кайра каралып, бекитилген.
Өлкөдө иммундук статусту жана вирустук жүктү аныктоо үчүн база дагы эле начар бойдон калууда. Ушундан улам ооруну убагында аныктап, убагында АРТ дайындоо, ошондой эле АИВ менен ооруган энелерден төрөлгөн наристелердин АИВ статусун (18 айында эмес, 6 айында) аныктоо мүмкүнчүлүгү да чектелүүдө. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында CD4гү аныктоо үчүн 599 изилдөө иштери, ал эми вирустук жүктү аныктоо үчүн 23 изилдөө иштери жүргүзүлгөн (клиникалык протоколдорго ылайык, мындай изилдөөлөр квартал сайын жүргүзүлүшү керек).
2005-жылдан баштап республикада ВААРТ өткөрүлөт. 2010-жылы байкоодо 2627 АЖА турса, алардын 1074ү (41%) гана жеткиликтүү болушкан. Антиретровирустук терапия боюнча кызматтар (дарылоону дайындоо, клиникалык байкоо жүргүзүү) 66 мекеме тарабынан көрсөтүлөт. 2011-жылдын 1-январына карата АРВ терапиясын 356 АЖА алышат, алардын 231и эркектер, 125и аялдар; чоң адамдар 219ун түзсө, 137син балдар түзөт; баңгизатын инъекциялык жол менен кабыл алуучулар - 139 адам. АРВны жактагандардын саны бир кыйла өстү. Алсак, 116 (82%) АЖА дарылоо курсу дайындалгандан тартып 12 ай бою АРТ алса, 5 (8%) АЖА гана 60 ай бою АРТ алышууда.
Оппортунисттик инфекцияларды, анын ичинде кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу
ДССУ сунуштарына ылайык, "Кургак учук жана АИВ-инфекциясы: эки инфекцияны тең алып жүргөн оорулууларды көзөмөлдөө тактикасы" аттуу 1-3-деңгээлдеги клиникалык протокол иштелип чыккан. 2010-жылы БМСЖнын фтизиаторлук кызматтарынын, пенитенциардык системанын 75 медициналык кызматкери "Кургак учук жана АИВ-инфекциясы: эки инфекцияны тең алып жүргөн оорулууларды көзөмөлдөө тактикасы" аттуу клиникалык протоколду ишке ашыруу үчүн окутулган. 125 үй-бүлөлүк дарыгер жана саламаттык сактоонун биринчи деңгээлиндеги инфекционисттер АЖАны аныктоону, дарылоону, кам көрүүнү жолго коюу маселелери боюнча U№AIDS PAFтын каражатынын эсебинен окутулган.
Азыркы мезгилде АИВ/КУ инфекциясы менен диспансердик каттоодо 314 (284 эркек, 30 аял) оорулуу турат. Кургак учук менен ооруган 155 АЖАга АРТ дайындалган, алардын 87и дарыланышууда, ал эми 68 адам АРТтан баш тартышкан.
Кургак учукту алдын алуу үчүн 2009-жылы 58 АЖА (45 эркек, 13 аял) 2010-жылы 18 (11 эркек, 7 аял) адам изониазид менен алдын ала дарыланышкан. 2010-жылы АИВ менен жашаган 565 адам (21%) рентген текшерүүсүнөн өтүшкөн.
2009-жылы пневмоцисттик пневмониянын алдын алуу үчүн 77 АЖА (36 эркек, 41 аял), 2010-жылы 278 (190 эркек, 88 аял) АЖА котримоксазол менен химиялык профилактиканы алышкан.
Бишкек жана Ош шаарларындагы наркологиялык диспансерлердин базасында паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн ОКМТ каражатына 2 хоспис ачылды. Болгону 106 АЖА паллиативдик жардам алышкан, 2010-жылы хоспистерде 27 АЖАга паллиативдик жардам көрсөтүлгөн.
АИВдин энеден балага өтүүсүн алдын алуу (ЭБӨА)
"Балдардагы АИВ-инфекциясын алдын алуу (АИВдин энеден балага өтүшүн алдын алуу)" аттуу клиникалык протокол иштелип чыккан.
Оорунун энеден балага өтүүсүнүн алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр саламаттык сактоонун баардык деңгээлинде жүргүзүлөт. АИВдин энеден балага өтүүсүн алдын алуу үчүн өз убагында АРВ жана химиялык профилактиканы дайындоо максатында бардык кош бойлуу аялдар АИВге тесттен милдеттүү түрдө (билдирип макулдугун алуу менен) өтүшөт. Кош бойлуу маалында АИВди аныктоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлбөсө, 2010-жылдан баштап төрөт бөлүмдөрүндө кош бойлуу аялдарды АИВ-инфекциясына карата экспресс-тестирлөөдөн өткөрүшүүдө. Облустук жана райондук деңгээлдеги баардык төрөт бөлүмдөрү АИВ-инфекциясын диагностикалоо үчүн экспресс-тесттер, АИВдин энеден балага өтүшүнүн алдын алуучу антиретровирустук препараттар менен, камсыз болушкан.
2010-жылдан тартып Ош облусундагы АИВ оорулуу энелерден төрөлгөн баардык наристелер эне сүтүн алмаштыруучу азыктар менен камсыздалышкан. Оорунун энеден балага өтүүсүнүн алдын алууну ЭПУга интеграциялоо боюнча 36 машыктыруучу, кош бойлуу маалында АИВди текшерүүдө тестке чейинки кеңеш берүүчү 25 машыктыруучу даярдалган.
155 аял (66,8%) жана 161 ымыркай (69,4%) АРВ алдын алуудан өтүшкөн.
Стигма жана дискриминацияны алдын алуу
U№AIDS/U№ICEF тарабынан 2010-жылы жүргүзүлгөн сапаттык кошумча изилдөөлөрдүн негизинде 2010-2012-жылдарга карата Ош облусунда АИВге байланыштуу стигманы жана дискриминацияны азайтуу боюнча Коммуникациялык стратегия иштелип чыккан. Ош облустук мамлекеттик администрациянын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ош облустук ИЖОС борборунун, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү АИВ менен жашаган балдардын ата-энелери жана АИВ оорулуу аялдар менен консультативдик жолугушууларды өткөрүштү. Бул жолугушуулардын максаты АИВге байланыштуу стигмага жана дискриминацияга карата өзгөрүүлөрдү аныктоо болуп саналган. "АИВге байланышкан стигма: Бул эмне? Эмне кылуу керек?" аттуу практикалык колдонмо иштелип чыккан.
АЖА коомчулугун өнүктүрүү
Өлкөдө АЖАга кызмат көрсөтүүчү 22 коомдук бейөкмөт уюм катталган, алардын көпчүлүгү Бишкек шаары, Чүй, Ош облусунда (Бишкек шаары - 8, Чүй облусу - 4, Ош шаары/Ош облусу - 7, Жалал-Абад - 1, Ысык-Көл - 1, Талас - 1) жайгашкан. Бирок, АЖА коомчулугуна реалдуу жардамын жана колдоосун 9дан ашпаган уюмдар көрсөтүүдө.
Эки ассоциация катталган: "АИВ менен жашаган адамдардын өлкө боюнча түйүнү" жана "АЖА биримдиги". Булар 1130 АЖАны жана ЛВПны камтыйт. АЖА уюмдарынын жигердүүлүгүнүн өсүүсү байкалууда. 2006-жылы 1 уюм болсо, 2011-жылы 18 уюмга жеткен. Ош облусунун Ноокат районунда оорукана ичиндеги инфекциянын балдар арасында таралышы айкын болгондон кийин, Ош шаарында жана Ош облусунда жогорудагыдай уюмдар арбын түзүлө баштаган.
АЖА коомчулуктарынын өкүлдөрү СМКК жыйындарында, АИВ/КУ жана эркинен ажыратуучу жайларда АИВ менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешмелерде чечим кабыл алуу процессине катышат.
АИВ боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн баштапкы
медициналык-санитардык жардамга жана саламаттык сактоонун башка
деңгээлдерине интеграцияланышы.
АИВге тестирлөө жана консультациялоо
АИВ/ИЖОСко каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик үчүнчү программаны ишке киргизүүнү жүрүшүндө калкка биринчи медициналык-санитардык жардам берүүнүн деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдүн интеграциясы кеңейтилди. Эгер 2005-жылы биринчи медициналык-санитардык жардамды берүүсүнүн деңгээлиндеги кызмат көрсөтүүлөр Чүй облусунда гана орун алса, 2010-жылы алар өлкөнүн бардык аймактарында (Бишкек шаарынан тышкары) иштей баштаган. АЖАны диспансерлик көзөмөлдөө, дарылоо жана кам көрүү биринчи медициналык-санитардык жардам берүүнүн деңгээлинде ИЖОСко каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борборлору тарабынан да ишке ашырылат.
АИВдин энеден балага өтүүсүн АРВ препараттары менен экспресс-тестирлөө жана химиопрофилактика төрөткө көмөктөшүүчү мекемелерде жүргүзүлөт. 2006-жылдан 2010-жылга чейин АИВ-инфекциясына карата тестирлөөдөн өткөндөрдүн саны 2 эсе көбөйгөн. Отчеттук формалар тестке чейинки жана тесттен кийинки консультациялардын саны, АИВге карата тестирлөөдөн өткөндөрдү жаш курагы жана жынысы боюнча маалыматтар менен толукталган. Ош облусу боюнча биринчи медициналык-санитардык жардам берүүчү 41 медициналык кызматкери отчеттук формаларды, толтуруу боюнча окуудан өтүшкөн.
АИВге карата тестирлөө райондук (36 лаборатория), облустук (7 лаборатория) деңгээлдердеги жана Бишкек шаарындагы (3 лаборатория) ИЖОСту аныктоочу лабораторияларда жүргүзүлөт. Жыл сайын АИВге болжол менен 350 миң адам тестирлөөдөн өтөт. Сапатты контролдоону тышкы жана ички баалоо боюнча АИВди лабораториялык диагностикалоо боюнча базалык тренингдин алкагында ИЖОС кызматынын 34 лабораториясынын 68 адиси окутулду.
ИЖОС кызматынын 34 лабораториясы АИВди ИФА ыкмасы аркылуу тестирлөө үчүн жабдуулар менен камсыз болушкан ("АИВ/ИЖОСту Кыргыз Республикасында профилактикалоо" кыргыз-немис долбоорунун алкагында). Ош облустук ИЖОС менен күрөшүү жана алдын алуу борборунун лабораториясы АИВди ПЦР диагностикалоочу шайман менен жабдылган.
Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын сырттан баалоо программасы киргизилген, анын алкагында АИВди жана АИВ-ассоциацияланган инфекцияларды (вирустук В, С гепатиттери, сифилис, жөнөкөй герпес вирусу, цитомегаловирус, токсоплазмоз, хламидиоз) лабораториялык диагностикалоонун сапатын баалоо иштери жүрүүдө. Бирок, каражаттын жетишсиздигинен бул программанын алкагындагы баалоо иштери туруктуу механизмге ээ эмес.
АИВге тестирлөөдөн өтүү негизинен кош бойлуу аялдардын эсебинен көбөйгөндүгүн белгилей кетишибиз керек. Мисалы, ИБКны рутин тестинен өткөрүүнүн көлөмү 2005-2008-жылдар аралыгында республика боюнча болгону 4% өскөн. Муну менен бирге эле ИБК арасында текшерүүдөн өткөндөрдүн саны катталган санына караганда 38,4төн 30,4%га азайган, ал эми текшерүүдөн өткөндөрдүн ИБК арасынан АИВ-инфекциясы табылгандардын саны 1,9%дан 3,9%га көбөйгөн.
АИВ-инфекциясын жугузуп алуу тобокелчилиги жогору топтор тестирлөөдөн тышкары саламаттык сактоо уюмдарында гинекологиялык, стомотологиялык жана башка медициналык кызматтардын кеңири болушуна муктаж.
Калктын жогорку тобокелчилигиндеги топторуна карата стигма жана дискриминация, медициналык персоналдардын сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон түрткүнүн төмөндүгү, дарыгерлердин, анын ичинде саламаттык сактоонун баштапкы бөлүмүндөгү дарыгерлердин ишинин көптүгү медкызматкерлердин дараметин көтөрүүнү жана оорулууларды кайра багыттоонун оптималдуу тутумун түзүүнү талап кылат.
АИВ-инфекциясынын оорукана ичинде жуктурууну алдын алуу
Оорукана ичинде таралуучу инфекциялардын таралышын азайтуу максатында 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен "Кыргыз Республикасындагы медициналык таштандыларды жана ооруканада жуккан инфекцияларды контролдоо боюнча максаттуу программа" бекитилген. Аталган программаны ишке ашыруу алкагында инфекциялык контролдоо үчүн инфраструктура түзүлгөн: "Алдын алуучу медицина" аталышындагы илимий-өндүрүштүк бирикменин алдында инфекциялык контролдоо боюнча республикалык илимий-практикалык борбор уюштурулган; саламаттык сактоонун бардык уюмдарында инфекциялык контролдоо комитеттери түзүлгөн жана инфекциялык контролдоо адисинин кызматы штатка киргизилген. Ооруканада жуккан инфекцияларды алдын алуу жана медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча 20дан ашык ченемдик документтер иштелип чыккан. Саламаттык сактоо уюмдарынын аккредитациялык стандарттарына инфекциялык контролдоо боюнча талаптар киргизилген. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо стандарттарына инфекциялык көзөмөл боюнча талаптар киргизилген. Оорукана ичиндеги инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөлдү уюштуруу жана стационарлардагы медициналык таштандыларды башкаруу боюнча көрсөтмөлүү жана иликтөө долбоорлору иштеген, 40 стационардык адис, көбүнчө Нарын, Талас облустарындагы жана Бишкек шаарындагы адистер окутулган.
Донорлук кандын коопсуздугу
Республиканын кан борборунун маалыматы боюнча 2010-жылы донорлук канды инфекцияга карата текшерүү 100% түзгөн.
2006-2010-жылдар аралыгында кайтарымсыз донорлук боюнча 38 адамды камтыган волонтерлордун тобу түзүлгөн жана окутулган (2008-жылы бүткүл республика боюнча 28 адам, 2010-жылы Бишкек шаары боюнча 10 адам волонтер), маалымдоочу-билим берүүчү материалдар 4200 нускада басылып чыккан. Барган жериндеги шарттарда кан даярдоо боюнча 5 бригада түзүлгөн. Аталган мезгилде кайтарымсыз донорлук 2006-жылдагы 4%дан, 2010-жылы 26,7%га чейин өскөн (2-сүрөт), бул көрүнүш кан борборлорунун кайтарымсыз донорлукту активдештирүү боюнча жакшы иштегендиги жана Бишкек шаарындагы апрель окуялары менен байланышкан.
2-сүрөт. Кайтарымсыз донордордун өсүү динамикасы
Бирок кайтарымсыз донорлукту өнүктүрүү боюнча иш-чаралар убактылуу жана кыска мөөнөтүү мүнөзгө ээ.
Бардык кан борборлору жана көп трансфузиология бөлүмдөрү (39дан 31) донорлордун маалымат базасын түзүү үчүн бирдиктүү программалык камсыздоо жана компьютерлер менен камсыз болушкан. Бирок азыркы мезгилде коммуникациялык кызматтарга төлөөгө байланыштуу проблемалар болгондуктан, донорлордун маалымат базасы ар бир кан борборунда локалдуу чектелген, кан борборлор ортосунда маалымат алмашуу жок. Мындан тышкары, донор боло албагандар тууралуу профилдик медициналык уюмдар (ИЖОС, наркология борборлору, мамсанэпидкөзөмөл ж.б.) ортосундагы оперативдүү жана үзгүлтүксүз маалымат алмашуу уюштурулган эмес.
Кан донорлорун медициналык күбөлөндүрүү, донор канын жана анын компоненттерин даярдоо, иммуносерология, канды жана анын компоненттерин бактериологиялык контролдоо боюнча нускамалар, кан кызматы боюнча баштапкы эсептик отчет документтери ДСУнун сунуштарына ылайык, кайра каралган.
2008-жылга чейин кан компоненттерин колдонуу азаюу тенденциясы болсо, 2009-жылдан баштап кан компоненттерин куюу өскөн, 2010-жылдагы маалыматтар боюнча эритроцитардык массаны пайдалануу 2005-жылдагы деңгээлге жеткен, ал эми жаңы тоңдурулган плазманы пайдалануу 5 миң литрден ашкан.
Донор канын куюунун альтернативдүү ыкмалары киргизилүүдө, алсак Кыргыз Республикасынын Улуттук госпиталында жана Бишкектеги травмтология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда канды реинфузиялоо үчүн эки аппарат орнотулган.
Бирок трансфузиялык жардамды контролдоонун жана талдоонун системасы улуттук деңгээлде түзүлгөн эмес. Саламаттык сактоо уюмдарында трансфузиялык жардамды документтештирүү жана эсепке алуу тартиби тиешелүү деңгээлде эмес жана донор канынын компоненттерин талаптагыдай пайдаланууну үзгүлтүксүз жана толук талдоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Плазманы карантинизациялоо үчүн республикалык, Ош жана Жалал-Абад кан борборлорунда 3 камера сатылып алынган жана орнотулган. Бирок Ошто 3 жыл бою камера күч берүүчү кабелдин жоктугунан иштебей келген.
Донорлор боюнча маалыматтар базасы түзүлүп, плазманы карантинизациялоо үчүн шарттар түзүлгөн, АИВге жана вирустук гепатитке тестирлөөнүн сапатын контролдоо программалары кеңейтилгендигине карабастан, трансмиссивдик инфекциялардын (АИВ, ВВГ, СВГ, сифилис ж.б.) жугуу коркунучу сакталып келет. Ушуга байланыштуу жүрүм-турумунда тобокелчилиги азыраак донорлорду тандоого, канды жана анын компоненттерин клиникалык пайдаланууну чектөөгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.
Саламаттыкты сактоонун кадрдык потенциалын өнүктүрүү
Адистерди аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык, медициналык кызматкерлер ар бир 5 жылда КММАДжККда адистешүүдөн өтүп турат. АИВ инфекциясынын маселелерине окутуунун бардык курстары жана циклдери үчүн 8 сааттык окуу убактысы арналат. Мындан тышкары, узактыгы 12, 24 жана 72 саат болгон АИВ инфекциясы боюнча адистештирилген курстар өткөрүлүп турат, ошондой эле үч айлык дистанттык окутуу курсу киргизилген. Бирок ресурстардын чектелүү болушу окутууга камтылгандардын санын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Алсак, бардыгы болуп жылына дистанттык окутуунун 2-3 курсу өткөрүлүп, ага жалпысынан 100гө жакын адам катышат, КММАДжКК базасында 2% гана медициналык профилдеги адистер окутуудан өткөн. Интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу да дистанттык окутуунун, медициналык кызматкерлердин маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюуда. Курстардын окутуучулары алдыңкы эл аралык институттардын базасында АИВ инфекциясы боюнча атайын курстардан өткөн эмес. Материалдык-техникалык жана методологиялык базанын начардыгы, адистердин мотивациясынын төмөндүгү байкалат.
Саламаттык сактоо адистери тренингдерде, семинарларда жана жумушчу орундарында окутулууда. Алсак, саламаттык сактоо уюмдарынын отчетуна ылайык 2008-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде жылына орточо эсеп менен дарыгерлердин 60% жана орточо медициналык кызматкерлердин 70% АИВ инфекциясынын маселелери боюнча окутуудан өтүп, АИВ боюнча адистердин жалпы санынан тиешелүү түрдө 54% жана 65% аттестациядан өткөн. Бирок адистердин басымдуу бөлүгү (93%) саламаттык сактоо уюмдарынын базасында окушат. Өлкөдө жергиликтүү деңгээлде иштөө үчүн квалификациялуу машыктыруучуларды даярдоо системасы түзүлбөгөндүктөн, мындай окутуу формалдуу жана аз натыйжалуу болуп калууда. Буга байланыштуу АЖАларга стигматизациялоонун жана басмырлоонун, анын ичинде медициналык кызматкерлердин арасында да, жогорку деңгээли сакталууда.
АИВ-инфекциясы боюнча даярдыктан өткөн кадрлардын жумушта тез-тезден алмашып турушуна байланышкан факты да маанилүү болуп саналат. Алсак, акыркы үч жылда ИЖОС кызматынын жогорку билимдүү адистеринин жарымынан көбү жаңыланган, буга байланыштуу жаңы келген адистерди үйрөтүү үчүн кошумча каражат талап кылынууда. Ошондой эле БМСЖ адистеринин жетишсиздиги байкалат.
Эл аралык уюмдар өткөрүп жаткан көп сандаган тренингдер көп учурларда туруксуз болууда, медициналык кызматкерлер диплом алганга чейинки жана диплом алгандан кийинки окуу курстарына интеграцияланган эмес жана медкызматкерлердин билиминин сапатын баалоо системасы жок.
Мониторинг жана баалоо (МжБ), стратегиялык маалымат
Кыргыз Республикасында Мониторинг жана Баалоо улуттук планы иштелип чыккан. Өлкө ар бир эки жылда U№GASS (БУУнун Башкы Ассамблеясынын Атайын сессиясы) алкагында отчет берет. Ушундай жол менен буга чейин төрт отчет берилген. Бардык региондордо экинчи муундагы эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасы киргизилген.
2009-жылы "ИЖОС" Республикалык бирикмесинин базасында мониторинг жана баалоо бөлүмү уюштурулган. 2009-жылдан тартып саламаттык сактоо уюмдарынын базасында шприцтерди алмаштыруу программалары (ШАП) Республикалык наркология борборунун (РНБ) патронаждыгына өткөрүлүп берилген. Азыркы мезгилде РНБда өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте зыяндуулукту азайтуу программаларынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн индикаторлор иштелип чыгып, ошондой эле программанын кардарынын уникалдуу идентификациялык коду иштелип чыккан.
Бирок АИВге жана кургак учукка эпидемиологиялык көзөмөл кылуу системалары пассивдүү болуп эсептелет, анткени тиешелүү медициналык жардамды алуу үчүн кайрылууларга негизделген. Анын айынан эпидемиологиялык көзөмөл кылуунун көрсөтүлгөн системасы АИВ менен жашаган адамдардын жана кургак учук менен ооругандардын бир бөлүгүн гана каттоого алат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Медициналык таштандыларды башкаруу жана ооруканалардын ичиндеги инфекцияларды контролдоо боюнча максаттуу программасын" ишке ашырат. Бул программанын алкагында 2004-жылы "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин, Республикалык инфекциялык контролдоо илимий-практикалык борбору базасында түзүлдү, ал оорукананын ичиндеги инфекция боюнча функциялар аралык координацияны, оорукананын ичиндеги инфекцияларга тосоттук көзөмөл кылуу жана ооруканалардын ичиндеги инфекциялардын алдын алуу жана медициналык таштандыларды башкаруу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоону ишке ашырат. Ошондой эле Инфекциялык ооруларды лабораториялык диагноздоонун сапатын контролдоо республикалык илимий-практикалык борбору АИВди лабораториялык диагноздоонун сапатына сырттан жана ичтен контролдоо программаларын киргизүүнү ишке ашырат.
АИВ эпидемиясына улуттук жооптун МжБнын азыркы системасын баалоо, ошондой эле системаны чыңдоо боюнча сунуштарды жана жумушчу планды иштеп чыгуу үчүн 2011-жылдын 25-28-июлунда "Кыргыз Республикасында АИВ жаатындагы мониторинг жана баалоо системасын күчөтүү" улуттук семинары өткөрүлдү. Семинарды өткөрүүнүн жыйынтыгында азыркы МжБнун системасынын ар кандай деңгээлдеги сүрөттөлүшү берилген, күчтүү жактары, ошондой эле кошумча көңүлдү жана иштеп чыгууну талап кылган маселелер белгиленип, системанын ар бир компонентин күчөтүү боюнча сунуштар берилген. Мындан тышкары, иштин жүрүшүндө 2011-2012-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы МжБ системасын күчөтүү планы түзүлгөн.
Корутунду
Кыргызстандагы АИВ инфекциясынын эпидемиясы акыркы он жылда жогорку темпте өсүп бараткандыгы менен мүнөздөлөт, бул АИВ-инфекциясынын таралышы 55,2 эсе жогорулагандыгын көрсөтүп турат.
ИБК арасында С вирустук гепатити көп таралгандыгы менен катар эле опурталдуу инъекциялык жана жыныстык жүрүм-турумдун сакталышы, күзөт топтордун арасында котон жаранын жогорку деңгээлде болушу АИВ-инфекциянын өлкөдө мындан ары инъекциялык жана жыныстык жол менен таралышы боюнча олуттуу коркунучтун бар экендигин тастыктайт. ИБК арасында АИВнын жогорку темпте таралышынан, ошондой эле корголбогон жыныстык катнаштар аркылуу опурталдуу жүрүм-турумдун айынан эпидемиянын генерализациялануу коркунучу сакталып келет.
АИВ-позитивдүү аялдар менен балдардын санынын көбөйүшү, ооруканалардын ичинде инфекцияны жуктуруп алган учурлардын катталышы эпидемиянын ИБК арасынан жалпы популяцияга өтүп бараткандыгын айгинелеп турат.
АЖА жана жогорку тобокелчиликтеги топторду стигмациялоо жана басмырлоонун жогорку деңгээли, ошондой эле АИВ алдын алуу маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин билиминин жетишсиздиги алдын алуу программалардын, дарылоо, кам көрүү жана колдоого алуу программаларынын натыйжалуу өнүгүшүнө жолтоо болууда.
Өткөрүлгөн ишке карабастан, АИВ эпидемиянын турукташышына жетишүү мүмкүн болгон жок. Бул жогорку тобокелчиликтүү жүрүм-турумдагы топтордун көлөмүн сапаттуу эмес баалоого байланыштуу. Алсак, ар кайсы жылдардагы баалоо боюнча (2002 жана 2006-жылдар), ИБКнын саны 4 эсеге айырмаланат. Пландоо баалоочу маалыматтарга негизделгендиктен, сапатсыз баалоо максаттуу топту камтууга таасирин тийгизет. Эгерде ал 60%га жетпесе, демек, профилактикалык программалар зарыл болгон натыйжаны бере албайт. Каржылоонун үзгүлтүккө учурашы өткөрүлгөн АИВди алдын алуу боюнча программалардын, анын ичинде калкка негизги кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуунун натыйжалуулугун кыйла төмөндөттү. Таза инструментарийди берүү тыйылып калса эле инъекциялык жүрүм-турумдун опурталдуу формалары жанданып, буга чейинки жетишилген жыйынтыктарды жокко чыгарууга алып келет. Ошондой эле өлкө баңгизат трафигинин негизги үч жолунун биринде жайгашкан, ошондуктан, баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу ташып бара жатканда, бир бөлүгү жолдо калып жатат.
Эпидемиянын ушул этабынын өзгөчөлүгү болуп АИВ-инфекциясынын айылдарда жана чакан шаарларда тез таралган учурлардын көбөйүшү эсептелет, мындай көрүнүш Чүй жана Нарын облустарында байкалган. АИВ эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча көптөгөн программалар негизинен шаарларда өнүктүрүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын акциялык мүнөзгө ээ болушу жана калктын ар кандай топторунун арасында (мисалы, жаштардын) иш-аракеттердин спорадикалык мүнөздө жасалышы дагы бир бөгөт болуп калды. Уюштурулбаган жаштар үчүн программалар ишке ашырылган эмес, ал эми уюштурулгандар үчүн алар институцияланган эмес.
АИВ-инфекциясынан арылуу боюнча программаларды пландоодо жана ишке ашырууда гендердик фактор эске алынган эмес. ИБК менен АЖА жыныстык өнөктөштөрү менен иш жүргүзүлгөн эмес, анын айынан АИВ-инфекциясы жогорку тобокелчиликтеги топтордун арасынан жыныстык жол аркылуу жалпы популяцияга өтүү, жүрүм-туруму анчейин тобокелчиликте болбогон аялдардын ооруну жуктуруп алуусу башталды.
Саламаттык сактоо системасынын ар кыл кызматтарынын жана деңгээлдеринин интеграциялануусунун, алдын алуу, дарылоо, кам көрүү жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүүгө баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кеңири тартуунун маселелеринде кыйла жетишкендиктер бар. Анткен менен саламаттык сактоо уюмдарынын жетишсиз каржыланышы, инструментарийдин жетишсиздиги, АИВ-инфекциясына лабораториялык диагноз коюунун сапатын контролдоонун жана инфекциялык контролдоо системасынын начардыгы, медициналык адистердин билим деңгээлине мониторинг жүргүзүлбөшү, ошондой эле донорлук кандын көп пайдалануунун калыптанып калган салттуу практикасы АИВди оорукананын ичинде жуктуруп алуу коркунучунун сакталышына алып келет.
Профилактикалык программаларды өнүктүрүү боюнча иш-чараларга коомдоштуктардын өкүлдөрү аз катышат, бул болсо коопсуз жүрүм-турумда болууга аракет кылуунун мотивациясынын, дарыланууга умтулуунун төмөн болушуна алып келет. Стигманын жана дискриминациянын жогорку деңгээлде болушу, ошондой эле укук коргоо органдарынын кысымга алышы жогорку тобокелчиликтеги топтор менен байланышта болууга жана АИВ инфекциясын натыйжалуу алдын алууга жолтоо болот.
Тиешелүү мониторинг жана баалоо системасынын жоктугу өз убагында таасир этип, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берген эмес.
2. Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программасынын түзүмү
Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга АИВ-инфекциясынын эпидемиясын турукташтыруу боюнча мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) АИВ-инфекциясы жаатында бул чөйрөдөгү 2001-жылдан тартып аткарылып жаткан үч улуттук жана мамлекеттик программалардын иш-чараларын улантууга жана күчөтүүгө багытталган. Бул программада буга чейинки программаларды ишке ашыруунун сабактары, эл аралык эксперттердин сунуштары жана баалоонун материалдары эске алынган.
Бул Мамлекеттик программанын максаты болуп 2016-жылга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын турукташтырып, таралышынын темпин бара-бара азайтуу болуп саналат.
Мамлекеттик программа мурдагылардан айырмаланып, эпидемияны турукташтырууга арналган артыкчылыктуу багыттарга басым жасайт. Буга байланыштуу анда стратегиялык багыттардын саны (5) жана милдеттери (16) азайтылган. Стратегиялык багыттар артыкчылыктуу даражасын эске алуу жана АИВ эпидемиясына таасир этүү деңгээлин эске алуу менен берилген.
2.1. Программанын стратегиялык багыттары
1-стратегия. Баңгизатты иньекциялык жол менен колдонуучулардын алсыздыгын төмөндөтүү
1-милдет. Инъекциялык баңгизатты колдонуучулардын (мындан ары ИБК), анын ичинде ИБК аялдардын арасында АИВ-инфекциясынын таралышын турукташтыруу.
Күтүлгөн жыйынтык: ИБКнын (болжолду санынан) 60% жана андан ашыгыраагы 2016-жылга карата АИВ учурунда алдын алуу, дарылоо жана кам көрүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүдөн пайдалана алышат.
Артыкчылыктуу иш-аракеттер:
Бекитилген стандарттар менен протоколдорго, ИБК муктаждыктарына ылайык зыянды азайтуу программалары боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо, буга чейин алдын алуучу программалар камтыбаган аймактарга жаңы 8 стационардык жана 7 мобилдүү ШАПты ачуу пландалууда, ошондой эле иштеп жаткан 30 ШАПтын ишине, анын ичинде КТСтеги мекемелериндегилерге да колдоо көрсөтүлөт. Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы ИБК үчүн 3 жаңы коммьюнити борборлор ачылат, Бишкек жана Ош шаарларында эки достук фармацевтикалык сервис программалары уюштурулат. ИБК үчүн алмаштыруучу терапия программаларын кеңейтүү пландалууда, Метадон алмаштыруучу терапиясынын жаңы 14 пункт, анын ичинде КТСте ачылат. Бишкек жана Ош шаарларында иштеп жаткан 2 хосписке, ИБК үчүн күн-түн иштеген "ишеним телефонуна" колдоо көрсөтүлмөкчү. Чүй жана Жалал-Абад облустарында эки жаңы юридикалык клиника түзүлөт, ӨЭУда ИУК программалык стандарттары ишке киргизилет, Ош жана Жалал-Абад облустарында зыянды азайтуу боюнча программалардын мониторингин жана ӨЭУ ишке ашырган СВ программаларын картирлөө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү максатка ылайык, калктын аялуу топтору арасында ВГС таркалышы жана сапаттуу медициналык кызматтарга жана препараттарга ИБК муктаждыктарын билүү иштери жасалат. АИВден зыянды азайтуу боюнча ӨЭУнун машыктыруучулары үчүн тренингдер, КТС мекемелеринде камактагылар үчүн тренингтер, семинарлар уюштурулат жана өткөрүлөт, мында "теңдеш-теңдешке" окутуу методу пайдаланылат; АИВ инфекциясын алдын алуу жана дарылоо маселелери боюнча семинарлар; коомдоштуктун өкүлдөрү үчүн ИБК укуктарын сактоо маселелери боюнча семинарлар; укук коргоо органдары жана медкызматкерлер үчүн ИБК укуктарын сактоо маселелери боюнча семинарлар өткөрүлөт. АИВ инфекция боюнча маалыматтык-билим берүү материалдары 7200 нускада иштелип чыгат жана таркатылат, ИБК үчүн АИВ зыянын азайтуу боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген уюмдар ортосунда тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.
ИБКнын жана алардын жыныстык өнөктөштөрүнүн АИВге жана аны коштогон ооруларга байланыштуу алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо, социалдык-психологиялык колдоо алуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет, АИВди жана АИВди коштогон инфекцияларды, вирустук гепатиттерди, ЖЖЖИни, коштогон ооруларды атайын мекемелердеги ИБКда жана баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде диагностикалоонун жана дарылоонун, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. ИБК коомдошторун колдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, толук реабилитациялык программадан өтүү үчүн шарт түзүү, социалдык-психологиялык программаларга ИБК жетишин камсыз кылуу, зыянды азайтуу боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, психосоциалдык колдоону кеңейтүү, зыянды азайтуу боюнча программаларда гендердик аспекттерди күчөтүү жана АИВге консультацияга чейин тестирлөө боюнча кызматтарга камактагылардын жетишин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү пландаштырылууда. КУ, ВГС дарылоого жана тестирлөөгө ИБК жетишин кеңейтүү, ВГС диагностикалоо жана дарылоонун клиникалык протоколун иштеп чыгуу жана АИВ, КУ, ВГС боюнча программаларды ишке ашырууга жолтоо болгон кырдаалдарга жооп берүү үчүн коммуникациялык мейкиндик түзүү керек. ИБКнын "Налоксопго" КТС мекемелеринде жеткиликтүүлүгү жана ашыкча доза алууну жана өлүмдөрдү болтурбоо иш-чаралары камсыз кылынат, АРТны жактоочулугун жогорулатуу жана СВ программаларынын алкагында ИБК үчүн мультидисциплинардык командалардын ишмердүүлүгү боюнча сунуштар иштелип чыгат жана ишке киргизилет. "Атлантис" реабилитациялык борборлордун, реабилигация жана социалдык адаптация борборунун инфраструктурасы жана ишмердүүлүгү, КТС мекемелеринде социалдык коштоп жүрүү программалары жакшыртылат.
Медициналык-алдын алуучу программаларды жүзөгө ашырууда комплекстүүлүктү жана натыйжалуу аракеттешүүнү, ырааттуулукту камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик кызматтардын өкмөттүк эмес уюмдар жана донорлор менен АИВ инфекцияны алдын алуу чөйрөсүндө иш-чараларды координациялоо маселелери боюнча жолугушуулар болуп өтөт.
Зыянды азайтуу боюнча программаларды каржылоонун мониторинги жана адвокациясы үчүн мыйзамдык база жакшыртылат. ЗА боюнча усулдук сунуштар иштелип чыгат, ӨЭУ, жергиликтүү администрациялардын кызматкерлери, жарандык калк арасында ЗА программаларынын мониторинги жаатында окутуучу тренингдер өткөрүлөт. Окуу материалдардын, модулдардын жана тренингдик программалардын электрондук китепканасын түзүү пландаштырылууда. Калктын аялуу топторуна коомдун толеранттуу жана колдоочулук мамилесин калыптандыруу боюнча PR-кампаниялар өткөрүлөт, ошондой эле зыянды азайтуу программалары боюнча кызматтардын сапатын жогорулатуу, инновациялык ыкмаларды колдонуу жана ишке киргизүү маселелери боюнча мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү менен, ӨЭУлардын катышуусунда "тегерек столдор" өткөрүлөт.
2-стратегия. АИВ-инфекциясынын жыныстык жол менен жугушунун алдын алуу
1-милдет. Секс-кызматкерлер менен алардын кардарларынын арасында АИВ-инфекциясынын таралышын чектөө.
Күтүлгөн жыйынтык: 2016-жылга карата секс-кызматкерлердин кеминде 60%ы кызмат көрсөтүүнүн базалык топтому менен камсыздалат.
Артыкчылыктуу иш-аракеттер:
Секс-кызматкерлердин АИВнын алдын алуу жана диагноз коюу, Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда ЖЖЖИни дарылоо боюнча көрсөтүлгөн кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн секс-кызматкерлердин топторун баалоо жана АИВ-инфекциясы менен ЖЖЖИнин алдын алуу программалары менен камтуу жогорулатылат. Секс-кызматкерлерин жамааттык борборлордун иштери аркылуу АИВ-инфекциясы/ЖЖЖИнин алдын алуу жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтүү жерлерине кайрадан жиберүү жүргүзүлөт. АИВ-инфекциясы/ЖЖЖИге байланышкан кызмат көрсөтүү туурасында маалыматтык материалдар кыргыз, орус тилдеринде иштелип чыгып, таратылат. СКлардын керектөөлөрүнө арналган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде өлкөгө алынып келип жаткан коргонуу каражаттарынын санына жана сапатына, ошондой эле социалдык маркетинг программаларындагы баалар саясатына экспертиза жүргүзүү системасын түзүү пландаштырылууда.
Секс-кызматкерлеринин коомдоштугун СК арасында профилактикалык программаларды илгерилетүү боюнча адвокациялык иш-чараларды кеңейтүүгө мобилизациялоо, стигманы жана басмырлоону азайтуу үчүн СК түйүнү түзүлүп, колдоого алынат.
2-милдет. Эркектер менен секс жасаган эркектердин (ЭСЭ) АИВнын алдында алсыздыгын азайтуу
Күтүлгөн жыйынтык: ЭСЭнин 30%дан ашыгы 2016-жылга карата кызмат көрсөтүүнүн базалык топтомуна камтылат.
ЭСЭ арасында профилактикалык программаларды кеңейтүү үчүн ЭСЭни медициналык мекемелерге ЖЖЖИни дарылоо үчүн жөнөтүү системасы түзүлөт, ошондой эле Чүй жана Ош облустарында ЭСЭ үчүн профилактикалык программалар да кеңейтилмекчи.
Бекитилген стандарттарга, ошондой эле ЭСЭ муктаждыктарына ылайык, АИВ-инфекциясы жана ЖЖЖИ боюнча профилактикалык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн, анын ичинде пенитенциардык системада да, ЭСЭ арасында АИВнын алдын алуу боюнча программалар иштелип чыгып, ишке киргизилет.
ЭСЭ коомдоштугун ЭСЭ арасында профилактикалык программаларды илгерилетүү боюнча адвокациялык иш-чараларды кеңейтүүгө, стигма менен басмырлоону азайтууга мобилизациялоо үчүн ЭСЭ түйүндөрүн колдоо жүргүзүлөт.
АИВ-инфекциясы боюнча үч баскычтуу өз каалоосу менен консультация берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр камсыз кылынат: бирдей абалдагылардын кеп-кеңеши, общиналык борборлордун базасына консультация берүү, адистердин консультациясын алууга жана АИВге тестирлөөгө жолдомо берүү. ЭСЭ үчүн БӨУ жана мамлекеттик уюмдардын базасында көрсөтүлө турган кызматтардын стандарты иштелип чыкмакчы.
3-милдет. Жогорку тобокелдиктеги топторго ЖЖЖИ алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күтүлгөн жыйынтыктар: 2016-жылга карата жогорку тобокелчиликтеги топтордун арасында котон жаранын таралышы 50%га кыскарат.
АИВ, сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук (СРД) жаатында кызмат көрсөтүүнү интеграциялоо, ЖЖЖИ алдын алуу жана дарылоо боюнча координациялык механизмдерди иштеп чыгуу үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде ишмердүүлүктүн ырааттуулугун жана ЖЖЖИ диагноз коюу жана дарылоо боюнча кызмат көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарынын отчеттуулугун жана ишмердүүлүктөгү жол жолдоочулукту камсыздоону караштырган ченемдик укуктук акт иштелип чыкмакчы.
Жогорку тобокелчиликтеги топтордун жана алардын өнөктөштөрүнүн ЖЖЖИ диагноз коюу жана дарылоо боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн "Достук кызмат көрсөтүү" түйүнү кеңейтилет (12 кабинет). КТС медицина кызматкерлери ЖЖЖИ дарылоого синдромдук мамиле кылууга окутулат, 1250-1500 абактагылар текшерүүдөн өтүүсү жана көрсөткүчтөр боюнча ЖЖЖИ дарылоосу камсыз кылынат.
ЖЖЖИни дарылоодо синдромдук мамилени пайдаланууну кеңейтүү үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде ЖЖЖИден жапа чеккен бейтаптарды синдромдук дарылоо боюнча клиникалык протокол киргизилип, акушерлер, гинекологдор, урологдор, дерматовенерологдор жана ФАП медициналык кызматкерлери окутулат, буга 2000ден ашык медициналык кызматкерлер камтылат.
4-милдет. Жаштардын АИВ-инфекциясынын жана ЖЖЖИнин алдындагы алсыздыгын төмөндөтүү.
Күтүлгөн жыйынтык: 2016-жылга карата 15 жаштан 24 жашка чейинки жаш эркектердин жана аялдардын 60%ына АИВ-инфекциясынын алдын алуу боюнча программаларынын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат.
Артыкчылыктуу иш-аракеттер:
Ченемдик-укуктук жана методикалык базанын, жаштар менен иштеген министрликтер менен ведомстволордун кадрдык потенциалын ушул программанын максаттары жана милдеттерине ылайык келтирүү, АИВ инфекцияны, ЖЖЖИни жана баңгиликти алдын алуу боюнча тематикалык бөлүмдөрдү бардык билим берүү уюмдарынын окуу-тарбия процессине киргизүү, пенитенциардык системадагы жаштар жана уюштурулбаган жаштар менен иштөө боюнча ыкманы иштеп чыгып, ишке киргизүү аркылуу ушундай жыйынтыкка жетишүү керек.
Жаштар лидерлеринин, ЖМКнын, жергиликтүү коомдоштуктардын, диний ишмерлердин жана ата-энелердин, педагогикалык адистиктеги студенттердин профилактикалык программаларга катышуусу, бирдей окутуунун программасын киргизүү, ошондой эле жаштарга репродуктивдүү ден-соолукту сактоого жана АИВ-инфекциясынан коргоо каражаттары менен камсыздоого керектүү достук кызматтарды жаштарга көрсөтүү жаштардын АИВ-инфекциясынын жана ЖЖЖИнин алдын алуу программаларынан пайдалануусуна жетишүүгө, АИВ-инфекциясынын алдында алсыз болууну азайтуу боюнча жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга жетишүүдө көмөктөшөт.
АИВ менен жашаган жаштардын, балдардын укуктарын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүү, алардын билим берүүдөн, медициналык тейлөөдөн пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү болуусун камсыздоо педагогдордун, медициналык кызматкерлердин, ата-энелердин АЖА укуктарын сактоону, АИВ-позитивдүү балдар менен жаштарга толеранттуу мамилени калыптандырууну, методикалык сунуштарды иштеп чыгууну, роликтерди жаратууну, семинарларды, тегерек столдорду, кайрымдуулук акцияларын жана өнөктүктөрдү өткөрүүнү билдирет.
3-стратегия. АИВ менен жашагандардын дарылануусуна, аларга кам көрүлүшүнө жана колдоо алышына шарт түзүүнү камсыздоо
1-милдет. Жогорку активдүү антиретровирустук терапиянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу (ЖААРТ).
Күтүлгөн жыйынтык: 2016-жылга карата ЖААРТ муктаж болгондордун 80% камтуу жана алардын 85% 12 айдан ашык убакыт бою дарыланышын камсыз кылууга жетишүү.
АИВ-инфекциясын эртерээк аныктоону жана дарылоону камсыздоо үчүн клиникалык протоколдорго, ошондой эле БССУ жана ЮНЕЙДСтин сунуштарына ылайык АЖАларга такай байкоо жүргүзүү жана консультация берүү өткөрүлүп турмакчы (бардык АЖАлар CD 4 жана ПЦР аркылуу квартал сайын медициналык кароодон өткөрүлүп турмакчы), бул КТС мекемелеринде АРВТнын өз убагында жана үзгүлтүксүз берилиши үчүн жасалат. АЖАларда коштогон ооруларды өз убагында айкындоо жана диагностикалоо үчүн медицина мекемелеринде, а.и. КТС мекемелери жана өкмөттүк эмес уюмдар КУ, ВГС, хламидия, ЦМВ жана жөнөкөй герпес вирусу менен токсоплазмозго тесттер менен камсыз кылынат.
АЖАларды дарылоо, кам көрүү жана колдоо программаларынан кетирбөө үчүн аларды, анын ичинде КАС мекемелеринде, ошондой эле камактан бошоп чыгып жаткандарды социалдык жактан колдоого алуу программалары жана механизмдери жакшыртылат.
АЖАлардын дарылоону жактоочулугу боюнча программаларга, АЖАларды психологиялык жана социалдык колдоого жетүүсүн камсыз кылуу үчүн АЖАЛар, анын ичинде камактагылар да, ЖААРТка жактоочулугун калыптандыруу боюнча өнөктүктөр менен камтылат.
Өзүнө өзү жана бирине бири дарылоону жактоочулугу боюнча жардам берүү топторун түзүү жана өнүктүрүү үчүн АЖА камактагылар тартылат жана алардын бейөкмөт, диний жана башка уюмдар менен аракеттешүүсү камсыз кылынат.
2-милдет. АИВ менен жашаган адамдарга оппортунисттик инфекцияларды, анын ичинде - кургак учук, С вирустук гепатитин алдын алуу, дарылоо жана диагноз коюлушу универсалдуу жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.
Күтүлгөн жыйынтык: 2016-жылга карата АИВ менен жашаган адамдардын кургак учуктан каза болушун 20-50% азайтуу.
АИВ менен жашаган адамдарда оппортунисттик инфекцияларды, анын ичинде кургак учук менен С вирустук гепатитин ошондой эле пенитенциардык системада да эртерээк аныктоо, алдын алуу жана дарылоо үчүн ДССУнун сунушу менен оппортунисттик инфекциялар, АИВ/КУ боюнча клиникалык протоколдор кайрадан каралып чыкмакчы.
Клиникалык протоколдорго ылайык АИВ менен жашаган адамдардын оппортунисттик инфекцияларын, анын ичинде кургак учукту жана вирустук гепатиттерди өз убагында диагностикалап, профилактикасын өткөрүп дарылоо караштырууда. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен АИВ/КУ ко-инфекциясы бар пациенттерге социалдык колдоо көрсөтүлөт.
ЖАМК медициналык кызматтары менен саламаттыкты сактоо системасынын уюмдарынын ортосунда, анын ичинде АИВ/КУ бейтаптарын дарылоо маселелери боюнча да, жолун жолдоочулук жана өз ара аракеттешүү камсыздалмакчы.
АИВ менен жашаган адамдарды вакцина аркылуу башкарууга мүмкүн болгон инфекцияларга (В гепатити ж.б.) каршы эмдөөнү киргизүү каралган.
3-милдет. АИВ-позитивдүү кош бойлуу аялдарды АИВнын энеден балага жугушунун алдын алуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн комплекси менен камсыздоо (мындан ары - ЭБЖА).
Күтүлгөн жыйынтык: АИВнын вертикалдуу жугушу 2016-жылдын аягына чейин 3%га чейин азаят.
Бул милдеттин аткарылышы АИВнын энеден балага жугушун АИВга чалдыккан кош бойлуу аялдарга жана ымыркайларга ДССУнун жана ЮНЕЙДСтин сунуштарына, клиникалык протоколдорго ылайык өз убагында ЭБЖА кызматын көрсөтүү жолу аркылуу болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн бардык кош бойлуу аялдар ҮМБ, ҮДТ үй-бүлөлүк дарыгерлери аркылуу каттоого алуу учурунда психосоциалдык консультация алууга жана өз каалоосу менен АИВ-инфекцияга тестирлөө менен камтылат. Төрөт үйлөрү экспресс-тесттер жана антиретровирустук препараттар менен төрөй турган аялдарда жана ымыркайларда АИВ-инфекциясын алдын алуу үчүн камсыздалышат. ДССУнун жаңы сунуштарына ылайык, ЭБЖА боюнча улуттук протоколдор кайрадан каралып чыгып, көбөйтүлөт жана таркатылат. ҮМБ акушер-гинекологдорун, дарыгерлерин кош бойлуу аялдарды АИВ жана ЭБЖА боюнча тестирлөөгө жана психосоциалдык консультация берүүгө окутуп-үйрөтүү каралган.
АИВ менен жашаган аялдар, ошондой эле эпидемияга учураган аялдар контрацептивдер, презервативдер, ошондой эле репродуктивдик саламаттык маселелери боюнча консультация менен камсыздалышат.
ЭБЖА баалоо жана мониторинг жыйынтыктары боюнча "тегерек столдор" өткөрүлөт. ЭБЖАнын саламаттык сактоо системасынын өзүндө жарандык сектордун уюмдары менен кызматташтыкта натыйжалуу жол жолдоочулук боюнча иш-чаралар кеңейтилмекчи.
4-милдет. АИВ-позитивдүү аялдарга, балдарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүүнүн жана социалдык жактан колдоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
Күтүлгөн жыйынтык: АИВ-позитивдүү аялдардын жана балдардын 90%нан ашыгы социалдык колдоо жана кам көрүү программалары менен камтылат.
АИВ менен жашаган аялдардын жана балдардын, ошондой эле эпидемияга чалдыккан балдар менен үй-бүлөлөрдүн жашоосунун сапатын арттыруу үчүн социалдык колдоо жана кам көрүү программалары өнүктүрүлмөкчү, медициналык кызмат жана социалдык колдоо көрсөтүү, секторлор аралык кызматташтыктын комплекстүү интеграцияланган системасы түзүлөт.
Эпидемияга учураган балдарга, аялдарга жана үй-бүлөлөргө психологиялык, социалдык жана башка жардам көрсөтүү каралган. АИВ менен жашаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык кызматты ишке ашыруу жоопкерчилиги саламаттык сактоо түзүмдөрүнө жүктөлөт; кам көрүү, жардам берүү жана колдоого алуу, өз ара жана өзүнө өзү жардам берүү топторун өнүктүрүү жана ден-соолук боюнча айылдык коомдоштуктардын, айылдык ден соолук комитеттердин деңгээлиндеги программалардын ишке ашырылышына жарандык коом мекемелери жооптуу болушат.
5-милдет. Кызматтардын универсалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча АИВ менен жашаган адамдардын коомдоштуктарынын потенциалын өнүктүрүү
Күтүлгөн жыйынтык: Кайрадан аныкталган АИВ менен жашаган адамдардын 60% АЖА коомдоштуктары тарабынан кам көрүү жана колдоо кызматын алышат.
АИВ менен жашаган адамдарга общиналык деңгээлде кам көрүү жана колдоого алуу үчүн АИВ менен жашаган адамдарга кызмат көрсөтүп, колдоого алган 9 общиналык уюмдар колдоого алынмакчы. Кам көрүү жана колдоого алуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн стандарттары иштелип чыгып, киргизилмекчи, социалдык жана укуктук колдоо көрсөткөн мамлекеттик түзүмдөр жана мекемелер ортосунда маалымат алмашуу механизмдери иштелип чыгат.
20 жамааттык уюмдардын кызматкерлери лидерлик, өнөктөштүк, ресурстарды тартуу, дарылоону жактоочулук, АИВ-инфекция учурунда кам көрүү жана колдоого алуу маселелери боюнча окутулуп-үйрөтүлөт.
АЖА коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик саясатты түзүүдө, АИВге байланышкан программаларды пландаштырууда, мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо, болжолдоодо катышуусун камсыз кылуу үчүн АИВ коомдоштуктардын уюмдарынын потенциалын өнүктүрүү программасы иштелип чыгат, АЖА коомдоштуктарынын бардык деңгээлде чечим кабыл алууга тартылуу деңгээлин баалоо үчүн АЖА общиналык уюмдарынын лидерлик жолугушуулары өткөрүлөт. АИВ менен жашаган адамдардын дарыланууга, кам көрүлүшүнө, колдоого алынууга жана башка кызматтарга бирдей мүмкүнчүлүк алуусун адвокациялоо боюнча эл алдындагы иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда (пресс-конференциялар, акциялар).
АЖА жамааттык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү үчүн республиканын бардык региондорунда БӨҮ уюштуруу потенциалын бекемдөө боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, алар коомдоштукка, менеджментке, пландаштырууга, жалпы башкарууга, мониторинг жүргүзүүгө жана коммуникацияга негизделмекчи.
6-милдет. АИВ менен жашаган адамдарга жана жогорку тобокелчиликтеги топторго толеранттуулукту калыптандыруу.
Күтүлгөн жыйынтык: Коомдо АИВ-инфекциясына байланыштуу стигманын жана басмырлоонун азайышы. Тегерегиндеги социалдык жактан мааниси бар адамдардын 60% ашыгы АИВ менен жашаган адамдарга толеранттуу мамиле жасашына жетишүү.
АИВ менен жашаган адамдарга жана аялуу топтордун өкүлдөрүнө саламаттык сактоо, укук коргоо, билим берүү, социалдык кызмат кызматкерлери, диний ишмерлер жана үй-бүлөсү тарабынан толеранттуу мамилени калыптандыруу максатында АИВ менен жашаган адамдарды жана жогорку тобокелчиликтеги топторду дискриминацияга жана стигмага жол бербөө боюнча ведомстволук программалар иштелип чыкмакчы.
Адвокация жана өз укуктарын коргоо боюнча коомдоштуктардын потенциалын арттыруу үчүн сот органдарынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын, адвокаттардын, АИВ жана ИЖОСтун социалдык жана укуктук аспектилери боюнча укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуулар өткөрүлөт.
4-стратегия. АИВ-инфекциясына жооп берүүдө саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун күчөтүү жана камсыздоо
1-милдет. Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлинде АИВ-инфекция менен байланышкан сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо.
Күтүлгөн жыйынтык: АИВ менен жашаган адамдардын 60% баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) деңгээлинде сапаттуу медициналык кызматтан пайдалана ала турган болот.
АИВ боюнча медицина кызматкерлеринин иш милдеттеринин жана көрсөтүлө турган кызматтардын көлөмү аныкталат жана саламаттык сактоонун бардык деңгээлинде АИВ-инфекциясына байланыштуу көрсөтүлө турган кызматтардын алгоритми Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен ишке киргизилет.
АИВге тестирлөө учурунда консультация берүү үчүн саламаттык сактоонун бардык деңгээлинде психосоциалдык консультация берүү маселелери боюнча машыктыруучулар республиканын бардык облустарында АЖА мамлекеттик мекемелердин, бейкоммерциялык уюмдардын адистеринин ичинен даярдалат.
АИВ менен жашаган адамдарга сапаттуу диспансерлик байкоо жүргүзүүнү камсыздоо үчүн (СД-4 жана вирустук машакатты аныктоо, ЖААРТ, оппортунисттик инфекциялардын алдын алуу жана дарылоо, анын ичинде КУну, сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук боюнча кызмат көрсөтүү) БМСЖ деңгээлинде АИВны жана АИВ-ассоциацияланган инфекцияларды дарылоо боюнча клиникалык протоколдор кайрадан каралып чыгат жана таратылат, 48 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери үчүн окутуучу семинарлар өткөрүлүп, дарылоо боюнча 10 улуттук машыктыруучу даярдалат. СД-4 клеткаларды эсептөө үчүн портативдүү эсептегичтер сатылып алынат жана ИЖОС кызматынын дарыгер-лаборанттары СД-4 клеткаларын эсептөө жана вирустук машакатты аныктоо ыкмаларына үйрөнүшөт.
АИВ жана АИВ-ассоциацияланган инфекцияларды тестирлөөнүн сапатын камсыздоо үчүн ИЖОС кызматынын 34 лабораториясынын кызматкерлери окутуудан өткөрүлөт, жылына ИЖОС кызматынын 40 лабораторияларынын жана ЖЖЖИ диагностикалоо лабораторияларынын иштерин сырттан баалоо өткөрүлөт.
2-милдет. АИВ-инфекциясынын оорукана ичинен жугушун болтурбоо.
Күтүлгөн жыйынтыктар: 2016-жылга карата АИВ-инфекциясын оорукана ичинде жугузууга таптакыр болбой тургандай шарт түзүлөт.
Саламаттык сактоонун 71 уюмунун, анын ичинде пенитенциардык системанын медициналык мекемелеринин да медициналык персоналын ооруканалардын ичинде гемоконтакттуу инфекциялардын жугушун алдын алуу чараларына окутуу аркылуу инфекциялык контролдоо системасы бекемделет. Саламаттык сактоо уюмдарында ооруканалардын ичиндеги гемоконтакттык инфекциялар жана биоаварияларга эпидемиологиялык байкоо жүргүзүү системасы иштелип чыгып, ишке киргизилет, аймактык ооруканалардын жана ҮМБнын 106 инфекциялык контролдоону жүргүзүү адистери ооруканалар ичиндеги гемоконтакттык инфекцияларга эпидкөзөмөл жүргүзүү ыкмаларына үйрөнүшөт.
Медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыздоонун туруктуу механизмин түзүү үчүн саламаттык сактоонун бардык уюмдары инфекциялык көзөмөл, анын ичинде - медициналык процедуралардын коопсуздугунун стандарттары боюнча ченемдик-укуктук документтер менен камсыз кылынат. Медициналык процедуралардын коопсуздук стандарттары боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлөт. Медициналык процедуралардын коопсуздук маселелери КММАнын күндүзгү окутуу жана КМКДжКЖМИ менен медициналык окуу жайларынын диплом алгандан кийинки даярдыгынын программаларына киргизилет. Саламаттык сактоо уюмдары жана КАС медициналык мекемелери үчүн медициналык куралдар, медперсоналдын жеке коргонуу каражаттары жана медициналык куралдарды стерилизациялоо үчүн жабдуулар сатылып алынат.
Донорлук кандын, органдардын жана ткандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн донордук кандын, органдардын жана ткандардын АИВ-инфекциясына 100 пайыздык тестирлөө камсыз кылынат. Өз каалоосу менен бекер донорлук кылуу боюнча улуттук машыктыруучулар окутуудан өткөрүлөт, республиканын бардык региондорунда өз каалоосу менен бекер донорлук кылууну өнүктүрүү боюнча волонтерлор тобу уюштурулат. Өз каалоосу менен бекер донорлук кылуу боюнча эки тилде маалыматтык материалдар иштелип, басылып чыгарылат. Кан препараттарын жана анын компоненттерин пайдалануунун клиникалык протоколдору кайра каралып чыгып, бекитилет. Донорлук канды жана анын компоненттерин пайдалануунун коопсуздугу боюнча модулдук сабактар КММАнын жана КМКДжКЖМИ окуу программаларына киргизилет. Кан кызматы уюмдарынын маалымат базаларынын жана бирдиктүү компьютердик түйүндүн иши кеңейтилет.
Инфекцияланган медициналык таштандылардын залал келтирбөөсүн камсыздоо максатында Бишкек шаарынын, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын 140 саламаттык сактоо уюмдарында таштандыларды антоклавдоо технологиясы жана шприцтерди коопсуз пайдалануу системасы ишке киргизилмекчи.
АИВ-инфекциянын постконтакттык профилактикасы өз убагында жеткиликтүү болушу камсыз кылуу үчүн тез жардам станциялары жана 9 ИЖОС борборлору АРВ препараттары жана экспресс-тесттери менен камсыздалат. Тез медициналык жардам станцияларынын кызматкерлери постконтакттык профилактикасы боюнча окутуудан өткөрүлөт.
3-милдет. Саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын өнүктүрүү.
Күтүлгөн жыйынтыктар: 2016-жылга карата бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын АИВ-инфекциясына жана инфекциялык контролдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүчү адистеринин 80% окутуу процессинен өтүп, белгиленген үлгүдөгү сертификат алышат.
Саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын өнүктүрүү максатында АИВ-инфекциясы боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары КММА, КРСУ, КМКДжКЖМИ жана медициналык окуу жайлары үчүн иштелип чыгып, бекитилмекчи. Саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине АИВге жана ОИИнин алдын алуунун универсалдуу чараларына байланышкан маселелер боюнча окутуунун ар кандай формалары менен (анын ичинде жумуш ордунда окутуу формасы менен да) камсыздалышат.
5-стратегия. Мамлекеттик саясатты стратегиялык координациялоо жана башкарууну жакшыртуу
1-милдет. Мамлекеттик саясатты стратегиялык координациялоо жана башкарууну жакшыртуу.
Күтүлгөн жыйынтыктар: Үчилтик принцип туруктуу түрдө иштей турган болот: бирдиктүү мамлекеттик программа, өлкөлүк координациянын бирдиктүү системасы жана 2016-жылга карата бирдиктүү мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы.
Ушул Мамлекеттик программанын аткарылышынын бирдиктүү улуттук координациялоо системасы катары Өлкөлүк координациялоо комитети (ӨКК) чыгат жана ал программанын ишке киргизилишинин жүрүшүн ӨККнын Кыргыз Республикасындагы АИВ жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жылына жасоочу доклады менен жылына такай 4 жолудан кем эмес уюштурула турган отурумдарда карайт. ӨККнын натыйжалуу иштешине жетишүү максатында ӨККнын АИВ программаларын ишке ашыруу боюнча көзөмөл кылуучу сапарлары уюштурулат. ӨККнын координациялоочу ролу алдында ушул программаны каржылоону колдоого алууга өлкөлүк табыштамалар иштелип чыгат. Координациялык механизмдин (ӨКК жана анын секретариатынын) пландаштыруу жана каражаттарды, анын ичинде донорлук уюмдар бөлүп берген каражаттарды макулдашылган негизде пайдалануу жаатында иш-чараларды пландоо жана каржылоо боюнча эксперттик-талдоо топторун түзүү жолу менен күчөтүү пландаштырылууда.
Мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн жарандык сектордун мекемелери, жогорку тобокелчиликтеги топтордун, АИВ менен жашаган адамдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттешүү боюнча жобо иштелип чыгып, тышкы фонддор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр каржылаган АИВ-инфекциясы боюнча программаларды талкуулоо жана макулдашууга арналган "тегерек столдор" өткөрүлөт.
2-милдет. Мамлекеттик программанын туруктуу каржылануусун камсыз-
доо
Күтүлгөн жыйынтыктар: Мамлекеттик программаны жалпы каржылоодогу мамлекеттин салымы 2016-жылдын аягына карата 20%дан аз эмес болот.
АИВ-инфекциясынын таралышынын алдын алуу боюнча туруктуулугун камсыздоо максатында негизги сегменттер: алдын алуу, диагностика, дарылоо жана реабилитация боюнча комплекстүү пландаштыруу өткөрүлмөкчү. Бул үчүн ар бир сегмент жана өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын наркынын аткаруучу сектору боюнча керектөөлөрдү баалоо жүргүзүлөт. Пландаштырылып жаткан чыгымдарды иш-чараларга жана сегменттерге ар кыл булактардын: мамлекеттик бюджеттин, донорлук уюмдардын каражаттары ортосунда бөлүштүрүлөт.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын экономикалык натыйжалуулугун аныктоо боюнча ыкмалар иштелип чыгып, бардык кызыкдар тараптардын программаларды ишке ашыруусун координациялоо үчүн ушул ыкмаларды пайдаланып баалоо жүргүзүлөт.
Кошумча ресурстарды, анын ичинде жергиликтүү жана облустук деңгээлде бөлүнүп берилген, ошондой эле жеке сектордун каражаттарын тартуу пландаштарылууда жана аларды пландаштыруу учурунда эсепке алуу жүргүзүлөт.
Финансы агымдарын жөнгө салуу жана контролдоо үчүн "АИВ жана ИЖОС боюнча улуттук эсептер" системасын жана өлкө бюджетинде АИВ жана ИЖОС боюнча иш-чараларды каржылоого тиешелүү сапты түзүү пландаштырылууда.
3-милдет. Мониторинг жана баалоо (МжБ) системасын жакшыртуу.
Күтүлгөн жыйынтыктар: МжБ бирдиктүү системасы киргизилип, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде иштейт.
Ар бир министрликте жана ведомстводо МжБнын бирден адисин, ал эми ИЖОС кызматынын 2ден адисин окутуу жүргүзүлөт.
Жылына АИВ-инфекциясы катталган учурларга күндөлүк эпидкөзөмөл жүргүзүлүп, планга ылайык (эки жылда 1 жолу) калктын негизги топторунун арасында жана ооруканалардын ичиндеги гемоконтакттык инфекцияларга күзөттүк эпидкөзөмөл жүргүзүлөт. Республикада өткөрүлүп жаткан АИВ-инфекциясына байланышкан изилдөөлөр боюнча маалыматтар базасын жаңыртуу жана бардык өнөктөштөр үчүн алардын жеткиликтүү болушун камсыздоо пландаштырылууда.
Программага тартылган бардык министрликтерде, ведомстволордо, АИВ боюнча статистикалык каттоо-отчеттук формалары кайрадан каралып чыгып, ушул Мамлекеттик программага ылайык келтирилет. Министрликтер менен ведомстволордун адистерин АИВ боюнча жаңы отчеттук-каттоо документациясы боюнча окутуу жүргүзүлөт.
Ушул Мамлекеттик программанын индикаторлоруна ылайык улуттук жана жергиликтүү деңгээлде статистикалык маалыматтардын толук топтолушуна жана сапаттуу болушуна мониторинг жүргүзүлөт. АИВ-инфекциясына чалдыккан аялдар менен балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө интеграциялык мамиле кылуунун мониторинги жана бааланышы жүргүзүлөт, АМЖК өткөрүүгө, медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөл жүргүзүүнүн абалын көзөмөлгө алууга, кандын компоненттерин рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга, зыянды азайтуу программаларын изилдөөгө, региондордогу общиналык уюмдарга мониторингдик максатта барып келүүгө, АИВ/ИЖОС профилактикасы жана ЗА программалары боюнча финансы каражаттарды пайдаланууга мониторинг жүргүзүлөт.
2.2. Мамлекеттик программаны башкаруу
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу проблемалардын комплекстик мүнөзүн эске алуу менен көп сектордук мамиле кылууга негизделген жана бардык кызыкдар болгон тараптардын, анын ичинде - мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык, билим берүү, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, ошондой эле АИВ менен жашаган адамдардын жана жогорку тобокелчиликтеги адамдар тобунун өкүлдөрүнүн катышуусун карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик программага ылайык АИВ-инфекциясы жаатындагы иш-чаралардын жалпы башкаруусун жана координациялоосун жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- АИВ-инфекциясы жаатындагы мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашыруу;
- Мамлекеттик программанын ишке ашырылышы үчүн шарт түзүү;
- Мамлекеттик программанын алкагында бардык кызыкдар болгон тараптар жүргүзүп жаткан АИВ-инфекциясынын таралышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Мамлекеттик программанын аткарылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүү жана эл аралык донорлордон жана жеке түзүмдөрдөн кошумча каражат тартып келүү;
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү, жылдык отчетторду бекитүү;
- АИВ/ИЖОС жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- АИВ-инфекциясы жаатында программаларды ишке ашыруу боюнча топтолгон тажрыйбаны жакшыртуу;
- Жогорку квалификациядагы кадрларды тартуу, АИВ-инфекциясы жаатындагы улуттук кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына катышкан негизги министрликтер, мамлекеттик органдар жана уюмдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга эл аралык уюмдар: БУУ Агенттиктери - БУУнун ИЖОС боюнча Тематикалык топторунун мүчөлөрү, эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу уюмдары жана агенттиктери, ИКБГФ, ошондой эле эл аралык бейөкмөт уюмдар. Алар АИВ жаатындагы программаларды өз мандаттарынын негизинде мамлекеттик саясатка жана ушул Мамлекеттик программага ылайык аткарышат.
Жарандык сектор миссиясына АИВ жана ИЖОС маселелери кирген жарандык коомдун бардык уюмдарынан турат. Программа АИВ менен жашаган, жүрүш-турушу жогорку тобокелчиликке ылайык келген топтордун коомдоштугуна же ушул коомдоштуктун кызыкчылыгын коргогон адамдарга негизделген бейөкмөт уюмдарды ишке тартууга багытталган.
Бейөкмөт уюмдар өткөрүп жаткан АИВ-инфекция боюнча окутуп-үйрөтүүчү семинарлар жана тренингдер программалары Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылат. АИВ-инфекциясы боюнча тренинг өткөргөн бейөкмөт уюмдар Саламаттык сактоо министрлигине окутуп-үйрөтүүдөн өткөн адистер/машыктыруучулардын маалыматтык базасын түзүү үчүн окуудан өткөн улуттук жана региондук машыктыруучулар боюнча маалымат берет.
Мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн Өлкөлүк координациялоочу комитет (ӨКК) координациялайт. Бул - паритеттүү башталышта бардык секторлордун өкүлдөрүн - б.а. мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык сектордун, АИВ, кургак учук жана безгек менен жашаган адамдардын, ЖМК өкүлдөрүнүн, донорлук уюмдардын өкүлдөрүн камгыган коомдук орган болуп саналат. ӨКК Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобонун негизинде иштейт. ӨКК мүчөлөрү ачык жана айкын процесстин негизинде кесипкөйлүгү мыкты болгон адистерден жана тиешелүү секторлордун өкүлдөрүнөн тандалып алынат. ӨККнын мүчөлөрү жана жумушчу эксперттик топтору кызыкдар болгон министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго, ошондой эле жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнө кеңеш берүүчүлүк жардам көрсөтөт.
Мамлекеттик программанын ишке ашырылышы туурасында отчет жылына министрликтер менен ведомстволор тарабынан берилип турат, ӨККнын отурумунда тандоого алынын, бекитилип турат.
Программаны ишке ашыруунун алгачкы эки жылында жогорку тобокелчиликтеги топтордун санын баалоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт, анын негизинде кийинчерээк артыкчылык багыттагыларды каржылоо жана иш-чаралар планы кайрадан каралып чыгып, бул программага тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу учурунда көз карандысыз эксперт тарабынан анын ишке ашырылышына орто мөөнөттүү жана жыйынтыктоочу баа берилет. Орто мөөнөттүү баалоонун жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү коррекциялоочу иш-чаралар киргизилет. Жылдык иш планды ӨКК төрагасы ӨКК мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарындагы негизги өнөктөштөр менен макулдашуунун негизинде бекитет.
2.3. Мамлекеттик программаны каржылоо
Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык абал мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүнгөн учурдагы Мамлекеттик программанын бюджетинин 15,4% түзгөн каражат АИВ-инфекциясын алдын алуу боюнча иш-чараларды толугу менен каржылоого мүмкүнчүлүк бере албайт. Бул каражат Мамлекеттик программанын негизги аткаруучусу катары министрликтерге, ведомстволорго бөлүнгөн тастыкталган каржылоону өзүнө камтыйт. Бекитилген донордук каражат 68,6% (66,2 млн. АКШ долларын) түзөт. 2012-2016-жылдарга 55,0 млн. доллардан ашуун өлчөмүндө каражат алуу күтүлүп жаткан малярия, кургак учук жана СПИДге каршы күрөшүүнүн Глобалдуу Фонду негизги донор болуп калууда. Башка донорлорго Улуу британия эл аралык өнүктүрүү министрлиги, БУУ, ШАГО, Германия эл аралык кызматташтык коомчулугу сыяктуу эки же андан көп тараптуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кирет. Бул каражаттардын баары Кыргыз Республикасынын бекитилген табыштамаларынын негизинде каржылоо гранты катары же эки тараптуу келишимдин негизинде сунушталат. Каржылоо тиешелүү келишимдер менен белгиленген мөөнөттө, же донорлордун программалык циклдарына ылайык мезгил-мезгили менен жүргүзүлөт.
Азыркы учурдагы каржы каражатынын көлөмү АИВ - инфекциясына байланыштуу колдоо, анын алдын алуу, ага кам көрүү максатындагы чыгымды жабууга жетишсиз болгондуктан кошумча ресурстарды мобилизациялоо Саламаттык сактоо министрлигинин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн артыкчылыктуу маселесине кирет.
Каражаттардын негизги бөлүгүн АИВ таркалышын алдын алуунун комплекстүү системасын курууга жана бардык секторлордо жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатууга колдонуу пландаштырылууда. 2-таблицада көрсөтүлгөндөй, эң көп чыгым 1-стратегияга жумшалмакчы, ал Мамлекеттик программанын жалпы чыгымынын 40,9% түзөт. Бул ушул стратегиянын артыкчылыктуу экендигине, анткени ал баңгизат колдонуучулардын тобунун арасында АИВ-инфекциянын таралышын чектөөгө багытталгандыгына байланыштуу, анын үстүнө, баңгизат колдонуучулар азыркы убакка чейин АИВны жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү аз болгон адамдардын арасында (сексуалдык өнөктөштөр, балдар) да эпидемиянын мүнөзүн аныктап турат эмеспи. Бул кийлигишүүлөр артыкчылыктуу болуп саналат, анткени аларды натыйжалуу ишке ашыруу өлкөдө АИВ-инфекциясынын таралышын жайлатат.
Саламаттыкты сактоо системасын жалпы күчөтүүгө байланышкан 4-стратегияны ишке ашырууга бюджеттин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн сарптоо пландаштырылууда (31,8%). Негизги чыгымдар алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн деңгээлинде АИВга тестирлөө, анын алдын алуу жана дарылоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну камсыз кылууга, донорлук кандын коопсуздугун камсыздоого, АИВны жана АИВ-ассоциациялангаы инфекцияларды лабораториялык шартта диагностикалоонун сапатын жакшыртууга, АИВнын ооруканалардын ичинде жуктуруп алууну алдын алууга жана АИВ-инфекциясын постконтакттык профилактикасына мүмкүнчүлүктөрдүн болушун камсыздоого багытталган иш-чараларды колдоого алууга байланышкан.
3-стратегиянын да чыгымы көп (13,5%) десек болот, анткени ал элдин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында АИВ менен жашаган адамдардын ар кандай кызмат көрсөтүүдөн пайдалануусуна, анын ичинде АИВнын энеден балага жугушунун алдын алуу, АРТ, социалдык колдоо боюнча кызмат көрсөтүүдөн пайдалануусуна универсалдуу мүмкүнчүлүгү болушун камсыздоого багытталган, ошондой эле ошол адамдар менен тыгыз байланышы болгонунан улам АИВ жуктуруу тобокели азаят, бул коопсуз жүрүм-турумду калыптандырууга жана дарылоонун натыйжасында вирустук жүктүн азайышына көмөктөшөт.
АИВнын жыныстык жол аркылуу жугушунун алдын алуу жана мамлекеттик саясатты башкаруу маселелери жалпы бюджеттин тиешелүү түрдө 8,4% жана 5,4% түзөт.
2.4. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы (МжБ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык деңгээлде пайдаланылып келаткан отчеттуулук, ошондой эле АИВ-инфекциясынын таралышы боюнча кырдаал жөнүндө, аткарылып жаткан иштер жана анын жыйынтыктары туурасындагы маалыматты издөө, талдоо, сактоо, чогултуу жана жайылтуу механизми болуп саналат.
Мамлекеттик программага мониторинг жүргүзүү жана баалоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо МжБнын 12 компонентин камтыйт жана ушул Мамлекеттик программанын курамдык бөлүгү болуп саналат. Окутулуп-үйрөтүлгөн адистер бардык жүргүзүлүп жатка иш-чаралардын натыйжалуулугун баалап, каражаттарды эсепке алуунун жана администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мамлекеттик программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышкан айрым уюмдар өз ишмердүүлүгүнө тиешеси бар көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды чогултууга, ошондой эле өз компетенциясында болгон маселелер боюнча жыл сайынкы отчетторду берүүгө жооптуу болушат.
Мамлекеттик программанын аткарылышына бейкоммерциялык уюмдар, аялуу топтордун коомдоштуктарынын өкүлдөрү, АИВ менен жашаган адамдар, көз карандысыз эксперттер, жеке түзүмдөр программанын милдеттеринин ишке ашырылышына, финансылык каражаттар өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине жана аялуу топтордун муктаждыктарына ылайык натыйжалуу чыгымдалышына коомдук көзөмөл болушун камсыздайт.
Мамлекеттик программа 2012-2016-жылдардын аралыгында иштей турган болот. 2013-жылы алгачкы жыйынтыктары алдын-ала каралып, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде бардык кызыкдар болгон тараптардын Мамлекеттик программанын ишке ашырууга кошкон салымы бааланат.
Мамлекеттик программаны сырттан баалоо программаны аткаруунун үчүнчү жана бешинчи жылдарында (2014 жана 2016-жылдары) көз карандысыз эксперттик топтун катышуусу менен өткөрүлөт.
2.5. Мүмкүн боло турган тобокелдиктер жана аларды чечүү жолдору
Мамлекеттик программаны жүзөгө ашырууда аткаруучулар адам ресурсу жана финансы каражатынын жетишсиздигине байланышкан тобокелдиктерге дуушар болуусу мүмкүн.
1-тобокелдик. Дүйнөлүк каржы кризиси мамлекеттик программаны сырткы каржылоонун төмөндөөсүнө алып келүүсү мүмкүн.
Чечүү жолдору: кошумча ресурстарды тартуу боюнча интенсивдүү иш алып баруу; эл аралык институттардын долбоорлорунун жана программаларынын алкагында милдетин алган өлкөлөрдүн натыйжалуу аткаруусу үчүн мамлекет тарабынан көзөмөл; жаңы донорлорду издөө жапа тартуу; мамлекеттик каржылоо үлүшүн жогорулатуу; чыгымды кыскартуу жана программанын натыйжалуулугун арттыруу.
2-тобокелдик. Саясий абалдын туруксуздугу.
Чечүү жолдору: алган эл аралык милдеттенмени ээрчүү жана АИВ-инфекциясына каршы күрөшүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын чечимин улантуу.
3-тобокелдик. Диний экстремизм.
Чечүү жолдору: түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кадыр-барктуу коомдук жана диний лидерлерди тартуу.
4-тобокелдик. Коррупция.
Кыскартуулардын тизмеси:
АРТ - Антиретровирустук терапия;
ЖЖАРТ - Жогорку жигердүүлүктөгү антиретровирустук терапия;
СВГ - С вирустук гепатити;
АИВ(ВИЧ) - Адамдын иммунодефицит вирусу;
БССУ (ВОЗ) - Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму;
ССБ - Сапатын сырттан баалоо;
ЖАМК - Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
БКМК - Баңгизаттарга көзөмөл кылуу мамлекеттик кызматы;
ИКБГФ - ИЖОС, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд;
ИККШБ - ИЖОСтун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүчү шаардык борбор;
ТКБ - Тестке чейинки кеңеш берүү;
ЖДКК - Жаштар үчүн достук кызмат көрсөтүү;
ЖСМ - Жашоонун сергек мүнөзү;
МААТ - Метадон менен алмаштыруу жана алдын-алуу терапиясы;
ИК - Инфекциялык контролдоо;
МБМ - Маалыматтык-билим берүүчүлүк материалдар;
ЖЖЖИ - Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар;
ИУК - Идентификациялык универсалдуу код;
ИФА - Иммундук-ферменттик анализ;
КММА - Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясы;
КДжКДКММИ - Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Мамлекеттик медицина институту;
КР - Кыргыз Республикасы;
АЖА - АИВ менен жашаган адамдар;
ФЖА - Фонддун жергиликтүү агенти (ИКБГФ);
ИИМ - Ички иштер министрлиги;
ЖЭжИКМ - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш ме-
нен камсыз кылуу министрлиги;
ССМ - Саламаттык сактоо министрлиги;
КМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Мо-
МжБ - ниторинг жана баалоо;
МжТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги;
МТ - Медициналык таштандылар;
КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
ББИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;
ЭСЭ - Эркектер менен секс кылган эркектер;
КЭУ - Коммерциялык эмес уюмдар;
БӨУ - Бейөкмөт уюмдар;
ЗАБӨУ - Зыянды азайтуу боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар;
УСК - Улуттук статистикалык комитет;
ЕККУ - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму;
ССУ - Саламаттык сактоо уюму;
КФ - Коомдук фонд;
ИАККОБ - ИЖОСтун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүчү облустук борбор;
ИБК - Инъекциялык баңгизаттарды колдонуучулар;
АМСЖ - Алгачкы медиктик-санитардык жардам;
ШАП - Шприцтерди алмаштыруучу пункт;
ЭБЖА - АИВнын энеден балага жугушунун алдын алуу;
БУУӨП - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы;
РБ - Республикалык бирикме;
РБ - Реабилитациялык борбор;
ДВРБ - Республикалык дерматологиялык-венерологиялык борбор;
РНБ - Республикалык наркология борбору;
ИЖОС РБ - ИЖОС Республикалык борбору;
ЗА - Зыянды азайтуу;
ӨККК - Өлкөлүк көп секторлуу координациялык комитет;
ИЖОС - Иммундук жетишсиздик оору синдрому;
СК - Секс кызматкерлери;
АКШ - Америка Кошмо Штаттары;
КУ - Кургак учук;
МүТ - Машыктыруучулар үчүн тренинг;
КАС - Кылмыш-аткаруу системасы;
РСАБ - Реабилитациялоо жана социалдык адаптация борбору;
U№ICEF - БУУнун Балдар фонду;
САDАР - Борбордук Азияда баңгизаттарынын таратылышын болтурбоо программасы;
CARHAP - АИВ/ИЖОС боюнча Борбордук Азиялык регионалдык программасы;
СДС - Ооруларга көзөмөл кылуу борбору (Атланта, АКШ);
GIZ - Техникалык кызматташтык боюнча германиялык коом;
OSI - Ачык коом институту;
PSI - Populatio№ Services I№ter№atio№al (эл аралык бейөкмөт уюму);
ЮНЕЙДС (U№AIDS) - АИВ/ИЖОС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Биргелешкен программасы;
ЮНЕСКО (U№ESCO) - Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму;
U№FPA - Бириккен Улуттар Уюмунун калкты жайгаштыруу фондусу;
USAID - Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги.
|
|