Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 869
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 183-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"183-статья. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)
(1) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда, төмөндөгү атайылап жасалган жосундардын бирин жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерди ээлөөгө, пайдаланууга же тескөөгө мыйзамдуу түр берүү:
1) мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булагын жашыруу же билгизбөө максатында же предикаттык кылмыш кылууга катышкан ар кандай жак өзүнүн жосундары үчүн жоопкерчиликтен качып кете алышы үчүн аларга көмөк көрсөтүү максатында, эгерде мүлк кылмыштан алынган киреше болгону белгилүү болсо ушундай мүлктү өзгөртүп түзүү (конверсиялоо) же которуу боюнча ар кандай иш-аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо;
2) эгерде мүлк кылмыштан алынган киреше экени белгилүү болсо ушундай мүлктүн чыныгы мүнөзүн, булагын, жайгашкан жерин, тескөө ыкмасын, которуштурулушун, ага болгон укуктарды же тиешелүүлүгүн жашыруу же билгизбөө;
3) эгерде мындай мүлк предикаттык кылмышты жасоонун натыйжасында алынгандыгы ошол жакка маалым болсо, предикаттык кылмышты жасоого катышпаган жак тарабынан мүлктүн жашырылып-жабылышы же үзгүлтүксүз кармалышы;
4) эгерде мүлк кылмыштан алынган киреше экени белгилүү болсо ушундай мүлктү алуу, ээлик кылуу жана (же) пайдалануу, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарды ээлөө жана белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз экиден төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө жана белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз төрттөн жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, ири өлчөмдө же уюшкан кылмыштуу кошуун, же болбосо уюшкан кылмыштуу кошуундун лидери же мүчөсү тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарды ээлөө жана белгилүү бир кызматтарда иштөө укугунан ажыратуу менен же ансыз жетиден он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүүлөр:
1) ири өлчөм - кылмыш жасалган кезде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген он миң эсептешүү көрсөткүчүнөн ашкан сумма;
2) предикаттык кылмыш - ушул Кодексте же чет мамлекеттердин кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) объектиси болгон кылмыштуу киреше алынган ар кандай негизги кылмыш. Предикаттык кылмыш үчүн алдын ала же бир убакта соттоо кылмыштуу кирешелерди легалдаштырганы (адалдагандыгы) үчүн соттоого зарыл шарт болуп саналбайт;
3) кылмыштуу киреше - кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же табылган ар кандай экономикалык пайда же мүлк;
4) мүлк - ар кандай мүлк: материалдык же материалдык эмес (көзгө көрүнгөн же көрүнбөгөн), кыймылдуу же кыймылсыз, ошондой эле банк насыяларын, жол чектерин, банк чектерин, почталык которууларды, баалуу кагаздарды кошо алганда, ошондой мүлккө же ошол мүлктөгү үлүшкө болгон укукту ырастоочу ар кандай формадагы (кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү) юридикалык документтер же актылар.";
2. 226-228-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"226-статья. Терроризм (террористтик акт)
(1) Терроризм (террористтик акт) - төмөндөгү атайылап жасалган жосундардын бирин чогуу же өзүнчө формасында чагылдырылган террористтик иш:
1) адамдардын курман болуу коркунучун жараткан, олуттуу мүлктүк зыян келтирген, же болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттерди жараткан жардыруу, өрттөө же башка аракеттер жасалганда, эгерде бул аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары же эл аралык уюмдар тарабынан чечим кабыл алууга таасир көрсөтүү максатында жасалса, ошондой эле аталган аракеттерди ошол эле максаттарда жасайм деп коркутканда, -
2) төмөндө көрсөтүлгөн иш-аракеттердин бирин жасоо:
а) зомбулукту колдонуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, же болбосо коркутуунун каалагандай формасын колдонуу менен ошол аба кемесинин бортундагы ар кандай адам тарабынан учуп бараткан аба кемесин мыйзамсыз басып алуу же алардын үстүнөн контролду мыйзамсыз ишке ашыруу;
б) аба кемесинин бортундагы адамга карата зомбулук актысын мыйзамсыз жасоо, эгерде ошондой акт ошол аба кемесинин коопсуздугуна коркунуч туудурса;
в) иштетилип жаткан аба кемесин талкалоо же ошол аба кемесине аны катардан чыгара турган же анын учуп бараткандагы коопсуздугуна коркунуч туудура турган зыян келтирүү;
г) иштетилип жаткан аба кемесине ар кандай методдор жана ыкмалар менен ушул аба кемесин кыйратышы же ага зыян келтириши, же болбосо аны катардан чыгарышы же ага зыян келтириши, же учуп баратканда анын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон түзүлүштү же затты жайгаштыруу же жайгаштырууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасоо;
д) аэронавигациялык жабдууну кыйратуу же зыянга учуратуу, же аны иштетүүгө тоскоол болуу, эгерде мындай иш-аракет учуп баратканда аба кемелеринин коопсуздугуна коркунуч туудурса;
е) учуп бараткан аба кемесинин коопсуздугуна коркунуч туудура турган жалган маалыматтарды атайылап билдирүү;
е) өлүм алып келе турган же алып келиши мүмкүн болгон же адамдын ден соолугуна оор залал келтириши, же болбосо эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттун же аэропортто жайгашкан жана иштетилбей турган аба кемесинин жабдуусун жана курулмасын кыйратышы же олуттуу зыянга учуратышы, же болбосо аэропорттогу кызматтардын ишин бузушу мүмкүн болгон ар кандай түзүлүштү, затты же куралды колдонуу менен зомбулук актысын эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттогу адамга карата мыйзамсыз жасоо, эгерде мындай акт ошол аэропорттогу коопсуздукка коркунуч туудурса же туудурушу мүмкүн болсо;
ж) эл аралык коргоого алынган адамды өлтүрүү, уурдоо же анын инсандыгына же эркиндигине каршы башка кол салуу же эл аралык коргоого алынган адамдын расмий бөлмө жайына, турак жайына же транспорт каражатына анын инсандыгына же эркиндигине коркунуч туудурушу мүмкүн болгон же зордукчул кол салуу, аны менен катар ошондой кол салуу болот деп коркутуу;
з) компетенттүү органдардын уруксатысыз ар кандай адамдын өлүмүн алып келе турган же алып келиши же анын денесине оор жаракат келтириши, же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон ядролук материалды алуу, ээлөө, колдонуу, өткөрүп берүү, түрүн өзгөртүү, жок кылуу же чачыратуу;
и) ядролук материалды уурдоо же карактоо жолу менен тартып алуу;
й) алдамчылык жол менен ядролук материалды ээлеп алуу же алуу;
к) компетенттүү органдардын уруксатысыз Кыргыз Республикасына (же андан) ядролук материалды ташып келүү, жиберүү же өткөрүү;
л) ядролук түзүлүшкө каршы же ядролук түзүлүштүн иштетилишине кийлигишүү боюнча аракет, бул ишти мыйзам бузуучу атайылап жасаса же бул иш нурлануунун же радиоактивдүү заттын чыгышынын кесепетинен кимди болбосун өлүмгө дуушарлантаарын же олуттуу мертинтээрин, же менчикке же айлана-чөйрөгө орчундуу зыян келтирээрин билсе жана эгер бул иш ядролук түзүлүш аймагында турган катышуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык жасалбаса;
м) зомбулукту колдоном деп коркутуу менен же коркутуп-үркүтүүнүн кандайдыр бир башка формасынын жардамы менен ядролук материалды берүү тууралуу талап;
н) ар кандай адамга өлүмдү же олуттуу майыптыкты алып келүү, мүлккө же айлана-чөйрөгө бир далай зыян келтирүү максатында ядролук материалды пайдаланам деп коркутуу же болбосо террористтик максаттарда ядролук материалды пайдаланам деп коркутуу;
о) зомбулукту колдонуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу менен же болбосо коркутуп-үркүтүүнүн ар кандай башка формасы аркылуу деңиз кемесин мыйзамсыз басып алуу же аны үстүнөн мыйзамсыз контролдоо;
п) деңиз кемесинин бортундагы адамга каршы зомбулук актысын жасоо, эгерде бул акт ушул кеменин коопсуз сүзүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болсо, же деңиз кемесин кыйратса, деңиз кемесине же анын жүгүнө ошол кеменин коопсуз сүзүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон зыян келтирсе;
р) деңиз кемесин кыйратышы, ошол кемеге же анын жүгүнө зыян келтириши, ошол кеменин коопсуз сүзүшүнө коркунуч туудурган же коркунуч туудурушу мүмкүн болгон түзүлүштү же затты ар кандай метод жана ыкма менен деңиз кемесинин бортунда жайгаштыруу же жайгаштыруу максатында иш-аракеттерди жасоо;
с) деңиздин навигациялык жабдуусун кыйратуу же ага зыян келтирүү, же аны иштетүүгө олуттуу тоскоолдук жаратуу, эгерде мындай иш-аракет кеменин коопсуз сүзүшүнө коркунуч туудурушу мүмкүн болсо;
т) деңиз кемесинин коопсуз сүзүшүнө коркунуч туудурган жалган маалыматтарды атайылап билдирүү;
у) кемеге (динамикалык кубаттоо принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же ар кандай сууда сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө такай бекитилбеген ар кандай типтеги кемеге) каршы же анын ичинде кандайдыр бир жардыргыч затты, радиоактивдүү материалды же биологиялык, химиялык жана ядролук куралды мыйзамсыз колдонуу же болбосо аларды өлүм же денеге оор жаракат же материалдык чыгым алып келе тургандай же алып келиши мүмкүн болгондой кылып кемеден ыргытуу, же болбосо нефтини, суюлтулган табигый газды же башка кооптуу же зыяндуу затты өлүм жана денеге оор жаракат же материалдык чыгым алып келе тургандай санда же концентрацияда кемеден ыргытуу, же болбосо кемени өлүм жана денеге оор жаракат же материалдык чыгым алып келе тургандай кылып мыйзамсыз пайдалануу, аны менен катар ушундай иш-аракеттерди жасайм деп коркутуу;
ф) кеменин (динамикалык кубаттоо принциби бар кемени, суу астындагы аппараттарды же ар кандай сууда сүзүүчү каражаттарды кошо алганда, деңиз түбүнө такай бекитилбеген ар кандай типтеги кеме) бортунда мыйзамсыз ташуу:
- террористтик максаттарга арналганын билип туруп кандайдыр бир жардыргыч затты же радиоактивдүү материалды;
- ал биологиялык, химиялык жана ядролук курал болуп саналарын билип туруп ар кандай биологиялык, химиялык же ядролук куралды;
- алар ядролук жардыруу менен байланышкан иште же МАГАТЭ менен толук камтылган гарантиялар тууралуу макулдашууга ылайык гарантияларда камтылбаган башка ядролук иште колдонуу үчүн арналганын билип туруп ар кандай баштапкы материалды, атайын жарылуучу материалды же жабдууну, же болбосо атайын жарылуучу материалды иштетүү, пайдалануу же өндүрүү үчүн атайын арналган же даярдалган материалды;
- террористтик максаттарда пайдалануу ниетинде биологиялык, химиялык жана ядролук куралды долбоорлоого, өндүрүүгө же жеткирүүгө олуттуу салым кошуучу ар кандай жабдууну, материалды же программалык камсыздоону же болбосо тийиштүү технологияны мыйзамсыз ташып жүрүү;
х) террористтик ишти жасаган адамды кылмыштын жазасынан качууга жардамдашуу максатында кеменин бортунда (динамикалык кубаттоо принциби бар кеме, суу астындагы аппараттар же ар кандай сууда сүзүүчү каражаттарды, деңиз түбүнө такай бекитилбеген ар кандай типтеги кеме) мыйзамсыз жана атайылап ташып жүрүү;
ц) ушул статьянын 1-бөлүгүнүн "у-ц" пунктчаларында көрсөтүлгөн кандайдыр бир жосундарды жасоого байланыштуу адамдын денесине мыйзамсыз жана атайылап ар кандай жаракат келтирүү же өлүмгө дуушарлантуу;
ч) күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу менен, же болбосо коркутуунун ар кандай бөлөк формалары аркылуу стационардык платформаны мыйзамсыз басып алуу же анын үстүнөн контролдоо;
ш) стационардык платформадагы адамга каршы зомбулук актысын жасоо, эгерде бул акт стационардык платформанын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болсо;
щ) стационардык платформаны кыйратуу же ага анын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон зыян келтирүү;
ы) стационардык платформаны кыйратышы же анын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон түзүлүштү же затты ар кандай метод же ыкма менен стационардык платформага жайгаштыруу же стационардык платформага жайгаштыруу максатында аракет жасоо;
э) стационардык платформага коркунуч жаратам деп террористтик максатта коркутуу;
ю) кандайдыр бир жардыргыч затты, радиоактивдүү материалды же биологиялык, химиялык же ядролук куралды өлүм же денеге оор жаракат, же материалдык чыгым алып келе тургандай же алып келиши мүмкүн болгондой кылып стационардык платформага каршы колдонуу, же стационардык платформадан ыргытуу же нефтини, суюлтулган табигый газды же башка коркунучтуу же зыяндуу затты өлүм же денеге оор жаракат, зыян келтире тургандай же келтириши мүмкүн болгондой санда же концентрацияда стационардык платформадан ыргытуу, аны менен катар ушундай иш-аракеттерди жасайм деп коркутуу;
я) коомдук пайдалануудагы жайлардын, мамлекеттик же өкмөттүк объекттин (стратегиялык объекттер), коомдук транспорт системасынын объектинин же инфраструктура объектинин чектеринде террористтик максатта же өлүмгө дуушарлантуу, же денеге оор жаракат келтирүү, мындай кыйратуу ири экономикалык зыян алып келген же алып келиши мүмкүн болгон кезде андай жайларды, объектти же системаны оор кыйроого учуратуу максатында, жарылуучу же башка өлүм алып келүүчү түзүлүштү мыйзамсыз жеткирүү, жайгаштыруу, аракетке келтирүү же жардыруу;
3) куралдуу кагылышуу кырдаалында согуштук иш-аракеттерге активдүү катышпаган ар кандай жаранга же башка адамды өлүмгө дуушарлантуу, же анын денесине оор жаракат келтирүү, же болбосо мүлктү жана башка материалдык объекттерди жок кылуу (жабыркатуу), олуттуу мүлктүк (экономикалык) зыян алып келүү же башка адамдарды өлүмгө дуушарлантуу коркунучун жаратуучу коомго коркунучтуу оор кесепеттерди алып келүү, адамдын ден соолугуна же адамдардын белгисиз тобунун мүлкүнө зыян келтирүү максатында, башка ар кандай жосунду жасоо, ошондой эле ушул жосундарды жасайм деп коркутуу, эгерде ушул жосун (жосундар) террористтик максаттарда жасалса, -
сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;
2) кылмыштуу кошуун, уюшкан кылмыштуу кошуундун лидери же мүчөсү тарабынан жасалса;
3) адамдардын өлүмүн же алардын денесине оор жаракат же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүчү куралды, ок-дарыларды, жардыргыч, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү затты же ядролук, химиялык, биологиялык куралды жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн же ошолор катарында пайдаланылуучу предметтерди колдонуу менен жасалса, -
он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар согуш чыгаруу же эл аралык мамилелерди бузуу максатында жасалса, -
жыйырма жылдан тартып, же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүүлөр:
1) террористтик иш - ушул Кодекстин 226-228-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү кылмыштардын бирин жасоо;
2) олуттуу (орчундуу) зыян - кылмыш жасалган кезде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген он миң эсептешүү көрсөткүчүнөн ашкан акча эквивалентиндеги мүлктүк (экономикалык) зыян;
3) террористтик максат - коомчулуктун үшүн алуу, коомдук коопсуздукту бузуу же жеке же юридикалык жакты, Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин мамлекеттик бийлик органын же эл аралык уюмду кандайдыр бир иш-аракетти жасоого же жасатпоого мажбурлоо, же болбосо башка саясий, идеологиялык, диний максаттарга жетүү боюнча максат;
4) эгерде террористтик актыны даярдоого катышкан адам бийлик органдарына өз убагында эскертүү менен же башка ыкма менен террористтик актынын жасалышын болтурбоого өбөлгө болсо жана анын аракеттеринде башка кылмыштын курамы жок болсо, анда ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат;
5) стационардык платформалардагы мыйзамга жат аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адам чет мамлекеттин аймагында жайгашкан стационардык платформаларда же аларга карата кылмыш жасагандыгы үчүн тартылат;
6) ушул беренеде пайдаланылган терминдер Кыргыз Республикасынын "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамында аныкталат.
226-1-статья. Террористтик ишти каржылоо
(1) Террористтик ишти каржылоо, башкача айтканда, каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду каржылоо же болбосо террористтик ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону каржылоо үчүн толук же жарым-жартылай арналган же пайдаланылат деген ниетте же ойдо, түз же кыйыр түрдө каражаттарды атайылап жана мыйзамсыз түрдө берүү, финансылык тейлөө кызматтарын көрсөтүү же ар кандай методдор же ыкмалар менен каражаттарды топтоо, -
мүлкүн конфискациялоо менен төрттөн сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адам өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасаса;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;
3) уюшкан кылмыштуу кошуун же уюшкан кылмыштуу кошуундун лидери же мүчөсү тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүүлөр:
1) финансылык тейлөө кызматы - террористтик мүнөздөгү кылмышты жасоону даярдаган же аны жасаган жактарга таандык каражаттарды же террористтик уюмдун контролдугу астында турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо ушундай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же ушундай каражаттарды тескөө;
2) террористтик ишти каржылагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги төмөнкүдөй учурларда болот:
- эгерде берилген же топтолгон каражаттар же көрсөтүлгөн финансылык тейлөө кызматтары террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан же террористтик ишти уюштурууда, даярдоодо же жасоодо иш жүзүндө пайдаланылбаса да;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта турган террористтерди же террористтик уюмдарды (топторду) каржылагандыгы же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жасалган же жасоо пландалган террористтик актыны каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган ар кандай жакка же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандарына же Кыргыз Республикасынын чегинде турган, Кыргыз Республикасында такай жашаган жарандыгы жок адамдарга карата;
3) ушул беренеде колдонулган "каражаттар", "террорист", "террористтик уюм" терминдери Кыргыз Республикасынын "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамында аныкталат.
226-2-статья. Адамды террористтик ишти жасоого тартуу же аларды жасоого башка көмөк көрсөтүү
(1) Адамды террористтик ишти жасоого тартуу же адамды террористтик уюмдун ишине катышууга көндүрүү же террористтик ишти жасоо максаттарында (максаттарысыз) террористтерге жана террористтик уюмдарга башка көмөк көрсөтүү (каржылоону кошпогондо, курал-жарак менен жабдуу, адамды окутуу жана даярдоо), -
үчтөн алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле иш-аракеттер адам тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасалса, -
миңден беш миң эсептешүү көрсөткүчүнө чейинки өлчөмдөгү айып менен бештен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
Эгерде ушул статьяда каралган кылмышты жасаган адам бийлик органдарына өз убагында эскертүү же башка ыкма менен ушул статьяда көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбай коюуга же бөгөт коюуга өбөлгө болсо жана анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, анда ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
226-3-статья. Көпчүлүк алдында террористтик ишти жасоого чакыруу же терроризмди пропагандалоо же көпчүлүк алдында актоо
(1) Террористтик ишти жасоого көпчүлүк алдында чакыруу же болбосо терроризмди пропагандалоо же көпчүлүк алдында актоо, аны менен катар ушундай мазмундагы материалдарды таратуу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адам тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасалса;
2) коомдук бирикменин жетекчиси тарабынан жасалса;
3) массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иштерде иштөө укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
Бул статьяда терроризмди көпчүлүк алдында актоо деп терроризм идеологиясын жана практикасын туура жана колдоо, ошондой кылыш керек деп көпчүлүк алдында айтуу түшүнүлөт.
226-4-статья. Террористтик топту же уюмду түзүү жана аларга катышуу
(1) Террористтик ишти жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында террористтик топту же уюмду түзүү, ошондой эле ушундай топту же уюмду же болбосо террористтик уюмга кирген топту же уюмду жетектөө, ошондой эле террористтик топтордун же уюмдардын уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, -
бештен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Террористтик топко же террористтик уюмга катышуу, -
үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Террористтик топтордун же уюмдардын уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмесине катышуу, -
бештен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Эгерде ушул статьянын 1-3-бөлүктөрүндө каралган жосундар адам тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасалган болсо, -
жетиден он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
Эгерде террористтик топко же уюмга катышуусун ыктыярдуу түрдө токтоткон адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, анда ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
227-статья. Адамдарды барымтага алуу
(1) Барымтага алынган адамды бошотуунун түз же кыйыр шарты катары кандайдыр бир иш-аракетти жасоого же жасатпай коюуга мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) мажбурлоо максатында, же террористтик максатта адамды барымтага алуу же кармап туруу, аны менен катар ушундай аракеттерди жасайм деп коркутуу, -
бештен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, эгерде:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;
2) уюшкан кылмыштуу кошуун же болбосо уюшкан кылмыштуу кошуундун лидери же мүчөсү тарабынан жасалса;
3) пайда табуу максатында же жалдануу боюнча жасалса;
4) өмүргө же ден соолукка үчүн коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүү менен же болбосо өлтүрөм деп коркутуу менен жасалса;
5) курал же курал катарында пайдаланылуучу башка предметтерди колдонуу менен жасалса;
6) эки же андан көп адамга карата жасалса;
7) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон адамга карата жасалса;
8) айыпкерге, кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата жасалса;
9) мамлекеттик же коомдук ишмерге карата же аны менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата жасалса, -
ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса жана барымтага алынган адамдын ден соолугуна оор зыян келтирсе же өлүмгө дуушарлантса, -
он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
228-статья. Террористтик акт жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо
Даярдалып жаткан террористтик акт же бөлөк террористтик иш жөнүндө атайылап жалган билдирүү, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук ишке тартууга же жүздөн беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнө чейинки өлчөмдөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2. 294- жана 376-статьялар күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) терроризм - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
2) террористтик акт - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
3) террористтик топ - террористтик ишти жасоо максатында бириккен жеке адамдардын тобу;
4) террористтик уюм - төмөндөгүлөрдү жасаган ар кандай террористтердин тобу:
- ар кандай каражаттар менен, түз же кыйыр түрдө, мыйзамсыз түрдө жана алдын ала ниеттенип террористтик актыларды жасаган же жасоого аракеттенген;
- террористтик актыларга шерик катары катышкан;
- террористтик актыларды жасоого жеке адамдарды жана (же) юридикалык жактарды уюштурган же аларды жөнөткөн;
- жалпы максат менен чыккан жеке адамдардын террористтик актыларды жасашына көмөктөшкөн, ошол топтун террористтик актыны жасоого ниетин билүү менен атайылап жана террористтик актыны жасоого жардамдашуу максатында көмөктөшкөн;
- террористтик ишти жасоо үчүн түзүлгөн же түзүлө турган уюм же террористтин (террористтердин), ошондой эле террористтин (террористтердин) атынан же ошолордун көрсөтмөсү боюнча иш жүргүзгөн адамдардын жана уюмдардын менчигинде же контролу астында түз же кыйыр түрдө турган уюм;
5) террорист - төмөндөгүлөрдү жасаган ар кандай жеке адам:
- ар кандай ыкмалар менен түз же кыйыр түрдө, мыйзамсыз жана аң-сезимдүү түрдө террористтик актыларды жасаган же жасоого аракеттенген;
- террористтик актыларга шерик болуп катышкан;
- террористтик актыларды жасоого башкаларды уюштурган же аларды жөнөткөн;
- жалпы максат менен чыккан жеке адамдардын террористтик актыларды жасашына көмөктөшкөн, ошол топтун террористтик актыны жасоого ниетин билүү менен атайылап жана террористтик актыны жасоого жардамдашуу максатында көмөктөшкөн;
6) барымтага алынган адам - барымтага алынган жана (же) кармалып турган адамды бошотуу шарты катары кандайдыр бир иш-аракетти жасоого же жасатпай коюуга мамлекетти, жеке же юридикалык жактарды мажбурлоо максатында террористтер тарабынан колго түшүрүлгөн жана (же) кармалып турган жеке адам;
7) терроризмге каршы аракеттенүү - мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын:
- терроризмдин алдын алуу, анын ичинде террористтик актыларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды айкындоо жана аларды жоюу (терроризмдин алдын алуу) боюнча;
- террористтик актыны айкындоо, алдын алуу, токтотуу, бетин ачуу жана тергөө (терроризмге каршы күрөшүү) боюнча;
- терроризмдин кесепеттерин азайтуу боюнча иштери;
8) террористтик иш - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-228-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү кылмыштардын бирин жасоого багытталган иш;
9) террористтик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
10) каражаттар - алыныш ыкмасына карабастан материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз ар түрдүү активдер (анын ичинде мыйзамдуу же мыйзамсыз булактан алынган), ошондой эле ушундай активдерге укукту же аларга катышууга болгон кызыкчылыкты, мунун ичинде банктык кредиттерди, жол чектерин, банк чектерин, почталык которууларды күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же цифралык түрдөгү актылар, бирок алар менен эле чектелбейт;
11) эл аралык терроризм - террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан башка мамлекеттердин конституциялык түзүлүшүн, же болбосо эл аралык укук тартибин же жалпы эл аралык мамилелерди бузуу максатында жасалуучу эл аралык террористтик иш;
12) эл аралык террористтик иш:
- террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан бирден ашуун мамлекеттин аймагында жасалуучу же бирден ашуун мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү;
- бир мамлекеттин жарандары тарабынан башка мамлекеттин жарандарына карата же башка мамлекеттин аймагында жасалуучу;
- террорист дагы, терроризмдин курмандыгы дагы бир эле мамлекеттин же ар башка мамлекеттердин жарандары болгон, бирок кылмыш ошол мамлекеттердин аймагынан сыртта жасалган;
- бир мамлекетте жасалуучу, бирок аны даярдоонун, пландаштыруунун, жетектөөнүн же контролдоонун орчундуу бөлүгү башка мамлекетте орун алган;
- бир мамлекетте жасалган, бирок кылмыштуу ишин бирден ашуун мамлекетте жүргүзүп жаткан террористтик уюмдун (топтун) катышуу менен жасалган;
- бир мамлекетте жасалган, бирок анын олуттуу кесепеттери башка мамлекетте болгон террористтик иш;
13) антитеррористтик операция - мамлекеттик органдар тарабынан аскердик техниканы, куралды жана атайын каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн жана террористтик актыны болтурбоого, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга, террористтерди, жарылуучу түзүлүштөрдү зыянсыздандырууга, ошондой эле террористтик актылардын кесепеттерин азайтууга багытталган атайын, операциялык-күжүрмөн, аскердик жана башка иш-чаралардын комплекси.
Антитеррористтик операцияларга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка адамдардын, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекет, өкмөт башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилдеги коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар да кирет;
14) антитеррористтик операцияны жүргүзүү зонасы - жер үстүнүн, суу объекттеринин айрым участоктору же аба мейкиндиги, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, бөлмө жай жана антитеррористтик операция жүргүзүлө турган алардын жанындагы аймактар же акваториялар;
15) адамдар көп топтолгон жерлер - аймагында бир эле убакта 500 (беш жүз) же андан көп адам топтолушу мүмкүн болгон соода, спорт, оюн-зоок, транспорттук курулуштар, билим берүү мекемелеринин жана башка объекттердин жер орундары;
16) эл аралык коргоого алынган адам:
- мамлекет башчысы, анын ичинде тийиштүү мамлекеттин конституциясына ылайык мамлекет башчысынын функцияларын аткаруучу коллегиялуу органдын ар бир мүчөсү же чет мамлекетте жүргөн өкмөт башчысы же тышкы иштер министри, ошондой эле анын кошо жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү;
- мамлекеттин ар кандай өкүлү же кызмат адамы, же ар кандай кызмат адамы же өкмөттөр аралык эл аралык уюмдун бөлөк агенти, ошондой эле аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү;
17) жардыргыч же башка түзүлүш төмөнкүлөрдү билдирет:
- өлтүрүүчү, денеге жаракат келтирүүчү же олуттуу материалдык зыянга дуушарлантуучу жарылгыч же тутануучу курал же түзүлүш;
- уулуу химиялык, биологиялык заттарды же токсиндерди, же ошол сыяктуу заттарды, же болбосо радиоактивдүү материалды чыгаруунун, чачуунун же таасир этишинин натыйжасында өлтүрүү, денеге жаракат келтирүү же олуттуу материалдык зыянга дуушарлантуу үчүн арналган курал же түзүлүш;
18) инфраструктура объекти - калктын кызыкчылыктарында суу менен жабдуу, канализация, энергия менен камсыздоо, отун же байланыш менен камсыздоо сыяктуу кызматтарды көрсөтүүчү же бөлүштүрүүчү мамлекеттик же жеке менчиктеги ар кандай объект;
19) коомдук транспорт системасы - адамдарды же жүктөрдү ташуу боюнча жалпыга жеткиликтүү тейлөө кызматтарын көрсөтүү максатында же тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн жүрүшүндө пайдаланылуучу мамлекеттик же жеке менчиктеги транспорт каражаттары жана көмөкчү элементтер;
20) мамлекеттик же өкмөттүк объект - мамлекеттин өкүлдөрү, өкмөттүн мүчөлөрү, мыйзам чыгаруучу же сот органынын өкүлдөрү, же мамлекеттин же ар кандай башка мамлекеттик органдын же мекеменин кызматчылары, же өкмөттөр аралык уюмдун кызматчылары же кызмат адамдары тарабынан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу пайдаланылуучу же ээленүүчү ар кандай туруктуу же убактылуу объект же транспорт каражаты;
21) ядролук түзүлүш - ядролук материалды өндүрүү, иштетүү, пайдалануу, иштеп чыгуу, сактоо же көмүү ишке ашырылчу түзүлүш (аны менен байланышкан имараттар жана жабдуулар дагы кошо) эгерде ушундай түзүлүштүн бузулушу же иштетилишине кийлигишүү орчундуу нурланууга же радиоактивдүү материалдардын орчундуу чыгарылышына алып келиши мүмкүн болсо;
22) аба кемеси - жүк жүктөлгөндөн кийин анын бардык тышкы эшиктерин жапкан кезден тартып жүк түшүрүү үчүн мындай эшиктердин кайсынысын болбосун ачкан кезге чейинки убакта учуп бараткан аба кемеси, же ар бир конуудан кийин жыйырма төрт саат өткөнгө чейин конкреттүү учуу үчүн жердеги персонал же экипаж тарабынан аба кемесинин учуу алдындагы даярдыгы башталгандан эксплуатацияланып жаткан аба кемеси;
23) деңиз кемеси - динамикалык колдоо принциптери бар кемени кошо алганда, деңиз түбүнө туруктуу бекитилбеген ар кандай кеме, суу алдындагы аппараттар же ар кандай башка сүзүүчү каражаттар;
24) темир жолдо жүрүүчү состав - темир жол менен жылуучу жана адамдарды ташуучу локомотивдер жана вагондор;
25) стационар платформа - ресурстарды чалгындоо же иштетүү, же башка экономикалык максаттар үчүн деңиз түбүнө туруктуу орнотулган жасалма арал, түзүлүш же курулма.".
2. 20-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
3. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Террористтик ишке катышы бар жеке же юридикалык
жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуу жана
каражаттарын жылдырбоо
1. Террористтик ишке катышы бар жеке же юридикалык жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуу жана каражаттарын жылдырбоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Террористтик ишти каржылоону өз убагында айкындоо жана токтотуу максатында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте террористтик ишке катышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмесин түзөт жана жарыялайт.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|