Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 870
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча 2013-жылга иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилеген 2013-жылга иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Бул токтом менен аныкталган Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилеген 2013-жылга иммиграциялык квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилеген 2013-жылга иммиграциялык квотаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 870 токтомуна тиркеме |
┌───────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐
│ Региондун аталышы │ Саны (адам) │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Бишкек шаары │ 300 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ош шаары │ 25 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Баткен облусу │ 10 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 30 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 15 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Нарын облусу │ 10 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Ош облусу │ 25 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Талас облусу │ 10 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Чүй облусу │ 200 │
├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤
│Жыйынтыгы │ 625 │
└───────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘
|
|