Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-майы № 306
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 "АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 "АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө" токтому менен бекитилген АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитеттин курамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- биринчи абзацтагы "3" цифрасы "2" цифрасы менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри (альтернат -1);".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|