Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 326
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2000-жылдын 25-февралы, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын аткарууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлиги органы.".
2. Төмөнкү мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу
чөйрөсүндөгү аткаруу бийлиги органдарынын тутуму
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.".
3.4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу
чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым
укуктары
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
- өз компетенциясынын чегинде йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо;
- йоддолгон туздардын сапатына мамлекеттик жана жарандык контроль жүргүзүү үчүн материалдык-техникалык жактан камсыздалышын, йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну уюштуруу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эндемиясын жоюу үчүн материалдык резервдерди түзүү.".
4. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу
чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын
компетенциясы
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө максаттуу программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу ооруларды болтурбоого багытталган илимий иштерди уюштуруу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга карата жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу аркылуу калкка кабар берүүнү жогорулатуу;
- йоддолгон туздардын өндүрүлүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга катышуу;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо;
- калк арасында йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын таралуу деңгээлине, тиешелүү алдын алуу жана дарылоо иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана болжолдоо;
- йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адамдарга өз мезгилинде жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу.
Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасында тамак-аш тузун өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга контролдук жүргүзүү;
- йоддолгон туздун сапатынын коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүргүзүү;
- йоддун жетишсиздигинеи болуучу оорулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келишине экспертизадан өткөрүү үчүн тамак-аш жана тоют туздарынын үлгүлөрүн тандап алуу.".
5. 6-беренеде түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого
талаптар
Тузду таңгактоого, маркалоого, ташууга, сактоого талаптар тиешелүү техникалык регламенттер менен аныкталат.".
7. 12-беренедеги "чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "чөйрөсүндө саясат иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Йддолгон туздун сапатынын коопсуздугун коомдук
контролдоо
Кыргыз Республикасынын жарандары жана коомдук уюмдар йоддолгон туздун сапатына жана коопсуздугуна коомдук контролдук жүргүзүүгө укуктуу.".
9. 14-берене күчүн жоготту деп табылсын.
10. 18-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-статья. Негизги түшүнүктөр │1-берене. Негизги түшүнүктөр │
│ │ │
│Йоддун жетишсиздигинен болуучу │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│оорулар - организмде йоддун │оорулар - организмде йоддун │
│болушунун төмөндөшү менен │болушунун төмөндөшү менен │
│шартталган, тамак бездеринин │шартталган, тамак бездеринин │
│аткарган кызматынын бузулушуна │аткарган кызматынын бузулушуна │
│байланышкан организмдин │байланышкан организмдин │
│патологиялык абалы. Йоддун │патологиялык абалы. Йоддун │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│чөйрөсүнө кара күч жана акыл-эс │чөйрөсүнө кара күч жана акыл-эс │
│жактан өнүгүүнүн бузулушу, │жактан өнүгүүнүн бузулушу, │
│кретинизм, богок оорусу, аялдардын│кретинизм, богок оорусу, аялдардын│
│репродукциялык функциясынын │репродукциялык функциясынын │
│бузулушу, балдардын жашоонун │бузулушу, балдардын жашоонун │
│биринчи жылында өлүшүнүн │биринчи жашында өлүшүнүн │
│жогорулашы кирет. │жогорулашы кирет. │
│Йоддун жетишсиздигинен болуучу │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│оорулардын алдын алуу - йоддун │оорулардын алдын алуу - йоддун │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│алдын алууга багытталган │алдын алууга багытталган │
│иш-чаралардын тутуму. │иш-чаралардын тутуму. │
│Тузду йоддоштуруу - йоддун │Тузду йоддоштуруу - йоддун │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│массалык алдын алуу үчүн тузду йод│массалык алдын алуу үчүн тузду йод│
│менен байытуу. │менен байытуу. │
│Тузду таркатуучулар - менчигинин │Тузду таркатуучулар - менчигинин │
│түрүнө жана ведомстволук баш │түрүнө жана ведомстволук баш │
│ийүүчүлүгүнө карабастан тузду │ийүүчүлүгүнө карабастан тузду │
│ташып келүүнү же сатып өткөрүүнү │ташып келүүнү же сатып өткөрүүнү │
│жүзөгө ашыруучу юридикалык жана │жүзөгө ашыруучу юридикалык жана │
│жеке жактар. │жеке жактар. │
│ │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│ │саясатты иштеп чыгуу боюнча │
│ │ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган │
│ │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │тарабынан йоддун жетишсиздигинен │
│ │болуучу оорулардын алдын алуу │
│ │чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө │
│ │салууга ыйгарым укук берилген │
│ │аткаруу бийлиги органы. │
│ │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│ │көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча │
│ │ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган │
│ │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │тарабынан йоддун жетишсиздигинен │
│ │болуучу оорулардын алдын алуу │
│ │чөйрөсүндө көзөмөлдөө-контролдоо │
│ │функцияларын аткарууга ыйгарым │
│ │укук берилген аткаруу бийлиги │
│ │органы. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │3-1-берене. Йоддун жетишсиздигинен│
│ │ болуучу оорулардын │
│ │ алдын алуу │
│ │ чөйрөсүндөгү аткаруу │
│ │ бийлиги органдарынын │
│ │ тутуму │
│ │ │
│ │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│ │мамлекеттик башкаруу Кыргыз │
│ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │жүргүзүлөт. │
│ │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│ │саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө │
│ │жана контролдоо Кыргыз │
│ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │аныкталуучу ыйгарым укуктуу │
│ │мамлекеттик орган тарабынан │
│ │жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-статья. Йоддун жетишсиздиктен │4-берене. Йод жетишсиздигинен │
│ болуучу оорулардын алдын│ болуучу оорулардын алдын│
│ алууга мамлекеттик │ алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз│
│ контроль │ Республикасынын │
│ │ Өкмөтүнүн ыйгарым │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │ укуктары │
│йоддун жетишсиздигинен болуучу │ │
│оорулардын алдын алууга │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│мамлекеттик контроль жагында: │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│- максаттуу программаларды иштеп │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│чыгат жана аларды каржылайт, │ыйгарым укуктары. │
│йоддун жетишсиздигинен болуучу │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│оорулардын алдын алууну камсыз │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│кылуу жагында Кыргыз │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│Республикасынын мыйзамдарын │ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр │
│өркүндөтөт; │кирет: │
│- йоддоштурулган туздун сапатына, │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│йоддун жетишсиздигинен болуучу │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│оорулардын алдын алууга │мамлекеттик саясатты аныктоо; │
│мамлекеттик жана жарандык │- өз компетенциясынын чегинде │
│контролду жүзөгө ашыруу үчүн │йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│материалдык-техникалык камсыз │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│кылууну уюштурат; │ченемдик укуктук актыларды кабыл │
│- йоддоштурулган тузду өндүрүүнү │алуу, ошондой эле алардын │
│өнүктүрүүгө инвестицияларды │сакталышын контролдоо; │
│тартууну камсыз кылат; │- йоддолгон туздардын сапатына │
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │мамлекеттик жана жарандык контроль│
│оорулардын эпидемиясын жоюу үчүн │жүргүзүү үчүн │
│материалдык резервдер түзөт; │материалдык-техникалык жактан │
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │камсыздалышын, йоддун │
│оорулардын алдын алууга катышкан │жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│мамлекеттик органдардын ишине │алдын алууну уюштуруу; │
│контролдукту жүзөгө ашырат. │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│Калктын йоддун жетишсиздигинен │оорулардын эндемиясын жоюу үчүн │
│болуучу оорулар менен │материалдык резервдерди түзүү. │
│ооругандыгынын абалына мамлекеттик│ │
│контроль, ошондой эле │ │
│йоддоштурулган тузду колдонууда │ │
│калктын ооруп калуу тобокелинин │ │
│даражасына баа берүү Кыргыз │ │
│Республикасынын саламаттык сактоо │ │
│жагындагы ыйгарым укуктуу │ │
│мамлекеттик органы тарабынан │ │
│жүзөгө ашырылат. │ │
│Тамак-аш тузун Кыргыз │ │
│Республикасынын аймагына алып │ │
│келүүгө мамлекеттик контролду │ │
│ыйгарым укуктуу мамлекеттик │ │
│органдар жүзөгө ашырышат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. Кыргыз Республикасынын │5-берене. Йоддун жетишсиздигинен │
│ Саламаттык сактоо │ болуучу оорулардын алдын│
│ жагындагы ыйгарым │ алуу чөйрөсүндө ыйгарым │
│ укуктуу мамлекеттик │ укуктуу мамлекеттик │
│ органынын йоддун │ органдардын │
│ жетишсиздигинен болуучу │ компетенциясы │
│ оорулардын алдын алуу │ │
│ жаатындагы │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ компетенциясы │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│ │саясатты иштеп чыгуу боюнча │
│Кыргыз Республикасынын Саламаттык │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу │органдын компетенциясына │
│мамлекеттик органынын йоддун │төмөнкүлөр кирет: │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│алдын алуу жаатындагы │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│компетенциясына: │максаттуу программаларды иштеп │
│- мамлекеттик бийликтин аткаруучу │чыгуу, ошондой эле Кыргыз │
│органдарын, менчигинин түрүнө жана│Республикасынын мыйзамдарын │
│ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө │өркүндөтүү; │
│карабастан юридикалык жана жеке │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│жактардын, анын ичинде чет │ооруларды болтурбоого багытталган │
│өлкөлүктөрдүн йоддун │илимий иштерди уюштуруу; │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│алдын алуу жаатындагы ишин │оорулардын алдын алууга карата │
│координациялоо; │жалпыга маалымдоо каражаттарында │
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │чагылдыруу аркылуу калкка кабар │
│оорулардын калктын арасында │берүүнү жогорулатуу; │
│жайылышына, тиешелүү алдын алуу │- йоддолгон туздардын өндүрүлүшүн │
│жана дарылоо иш-чараларын │өнүктүрүүгө инвестицияларды │
│өткөрүүнүн натыйжалуулугуна көз │тартууга катышуу; │
│салуу, ага баа берүү жана анын │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│деңгээлин божомолдоо; │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн│мамлекеттик органдардын, │
│кароосуна йоддун жетишсиздигинен │менчигинин түрүнө жана │
│болуучу оорулардын алдын алуунун │ведомстволук баш ийүүсүнө │
│маселелери боюнча сунуштарды │карабастан юридикалык жана жеке │
│киргизүү; │жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк│
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │жактардын ишин координациялоо; │
│оорулардын алдын алуунун │- калк арасында йоддун │
│маселелери боюнча Кыргыз │жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│Республикасынын ушул Мыйзамынын │таралуу деңгээлине, тиешелүү алдын│
│жана башка ченемдик укуктук │алуу жана дарылоо иш-чараларын │
│актыларынын талаптарынын │өткөрүүнүн натыйжалуулугуна байкоо│
│аткарылышын контролдоону жүзөгө │жүргүзүү, баа берүү жана │
│ашыруу; │болжолдоо; │
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│оорулардан жабыр тарткан адамдарга│оорулардан жабыр тарткан адамдарга│
│өз убагында жана сапаттуу │өз мезгилинде жана сапаттуу │
│медициналык-санитардык жардам │медициналык-санитардык жардам │
│көрсөтүүнү камсыз кылуу кирет; │көрсөтүүнү камсыз кылуу. │
│- йоддун жетишсиздигинен болуучу │Йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│оорулардын алдын алуу боюнча │оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө │
│Улуттук программаны иштеп чыгуу │көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча │
│жана ишке ашыруу кирет. │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│ │органдын компетенциясына │
│ │төмөнкүлөр кирет: │
│ │- Кыргыз Республикасында тамак-аш │
│ │тузун өндүрүүгө, сактоого, ташууга│
│ │жана сатууга контролдук жүргүзүү; │
│ │- йоддолгон туздун сапатынын │
│ │коопсуздугуна мамлекеттик │
│ │контролду жүргүзүү; │
│ │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│ │оорулар жөнүндө мыйзамдардын │
│ │талаптарына ылайык келишине │
│ │экспертизадан өткөрүү үчүн │
│ │тамак-аш жана тоют туздарынын │
│ │үлгүлөрүн тандап алуу. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. Йоддун жетишсиздигинен │6-берене. Йоддун жетишсиздигинен │
│ болуучу оорулардын алдын│ болуучу оорулардын алдын│
│ алуу боюнча чаралар жана│ алуу боюнча чаралар жана│
│ аларды жүргүзүүнүн │ аларды жүргүзүүнүн │
│ принциптери │ принциптери │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында йоддун │Кыргыз Республикасында йоддун │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│алдын алуу боюнча иш-чаралар │алдын алуу боюнча иш-чаралар │
│Кыргыз Республикасынын ушул │Кыргыз Республикасынын ушул │
│Мыйзамынын жана башка ченемдик │Мыйзамынын жана башка ченемдик │
│укуктук актыларынын негизинде жана│укуктук актыларынын негизинде жана│
│аларда белгиленген тартипте │аларда белгиленген тартипте │
│өткөрүлөт. │өткөрүлөт. │
│Мамлекеттик бийликтин аткаруучу │Мамлекеттик органдар жана │
│органдары жана жергиликтүү өз │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│алдынча башкаруу органдары │органдары тарабынан өткөрүлүүчү │
│тарабынан өткөрүлүүчү йоддун │йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│оорулардын алдын алуу боюнча │
│алдын алуу боюнча иш-чаралар: │иш-чаралар: │
│- Кыргыз Республикасынын аймагында│- Кыргыз Республикасынын аймагында│
│йоддоштурулган тузду өндүрүүгө, │йоддоштурулган тузду өндүрүүгө, │
│ташып келүүгө, сатып өткөрүүгө │ташып келүүгө, сатып өткөрүүгө │
│жана пайдаланууга карата │жана пайдаланууга карата │
│талаптардын сакталышын камсыз │талаптардын сакталышын камсыз │
│кылуу үчүн мамлекеттик бийликтин │кылуу үчүн мамлекеттик │
│аткаруучу органдарынын, менчигинин│органдарынын, менчигинин түрүнө │
│түрүнө жана ведомстволук баш │жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө│
│ийүүчүлүгүнө карабастан юридикалык│карабастан юридикалык жана жеке │
│жана жеке жактардын │жактардын жоопкерчилигинин; │
│жоопкерчилигинин; │- йоддун жетишсиздигинен болуучу │
│- йоддун жеташсиздигинен болуучу │оорулардан жабыр тарткан │
│оорулардан жабыр тарткан │адамдардын саламаттык сактоонун │
│адамдардын саламаттык сактоонун │мамлекеттик, коммуналдык же менчик│
│мамлекеттик, коммуналдык же менчик│тутумунун мекемелеринде │
│тутумунун мекемелеринде │квалификациялуу медициналык жардам│
│квалификациялуу медициналык жардам│алуусунун жеткиликтүүлүгүнүн жана │
│алуусунун жеткиликтүүлүгүнүн жана │алышынын; │
│алышынын; │- туздун зыяндуу таасиринен ден │
│- туздун зыяндуу таасиринен ден │соолугун жоготкон учурда │
│соолугун жоготкон учурда │жарандардын укуктарын коргоо жана │
│жарандардын укуктарын коргоо жана │тузду өндүрүүчүлөр менен │
│тузду өндүрүүчүлөр менен │таркатуучулар тарабынан ден │
│таркатуучулар тарабынан ден │соолукка келтирилген зыяндын ордун│
│соолукка келтирилген зыяндын ордун│толтуруунун принциптеринде жүзөгө │
│толтуруунун принциптеринде жүзөгө │ашырылат. │
│ашырылат. │Кыргыз Республикасынын аймагында │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана │
│жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана │жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзам │
│жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзам │тарабынан белгиленген бардык │
│тарабынан белгиленген бардык │укуктардан жана милдеттерден │
│укуктардан жана милдеттерден │Кыргыз Республикасынын жарандары │
│Кыргыз Республикасынын жарандары │менен бирдей пайдаланат. │
│менен бирдей пайдаланат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-статья. Тузду пачкалоого, │10-берене. Тузду таңгактоого, │
│ маркировкалоого, │ маркалоого, ташууга, │
│ ташууга, сактоого │ сактоого талаптар │
│ коюлуучу талаптар │ │
│ │Тузду таңгактоого, маркалоого, │
│Тузду пачкалоого, маркировкалоого,│ташууга, сактоого талаптар │
│ташууга, сактоого коюлуучу │тиешелүү техникалык регламенттер │
│талаптар стандартташтыруу жана │менен аныкталат. │
│метрология боюнча мамлекеттик │ │
│орган тарабынан аныкталат улуттук │ │
│стандарттар, технологиялык │ │
│нускамалар, ыйгарым укук берилген.│ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│12-статья. Йоддоштурулган туздун │12-берене. Йоддоштурулган туздун │
│ сапатынын жана │ сапатынын жана │
│ коопсуздугунун │ коопсуздугунун │
│ кепилдиктери │ кепилдиктери │
│ │ │
│Менчигинин түрүнө жана │Менчигинин түрүнө жана │
│ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө │ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө │
│карабастан йоддоштурулган тузду │карабастан йоддоштурулган тузду │
│өндүрүүнү жөнөтүүгө, сатып │өндүрүүнү жөнөтүүгө, сатып │
│өткөрүүнү жана жарнамалоону жүзөгө│өткөрүүнү жана жарнамалоону жүзөгө│
│ашыруучу юридикалык жана жеке │ашыруучу юридикалык жана жеке │
│жактар керектөөчүлөргө │жактар керектөөчүлөргө │
│йоддоштурулган туздун сапатына │йоддоштурулган туздун сапатына │
│жана коопсуздугуна, анын Кыргыз │жана коопсуздугуна, анын Кыргыз │
│Республикасынын милдеттүү │Республикасынын милдеттүү │
│мамлекеттик стандарттарына ылайык │мамлекеттик стандарттарына ылайык │
│келишине кепил болууга милдеттүү. │келишине кепил болууга милдеттүү. │
│Йоддоштурулган туздун │Йоддоштурулган туздун │
│сертификацияланышы жөнүндө │сертификацияланышы жөнүндө │
│маалыматты керектөөчүгө берүүнүн │маалыматты керектөөчүгө берүүнүн │
│түрү жана тартиби керектөөчүлөрдүн│түрү жана тартиби керектөөчүлөрдүн│
│укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз │укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдары менен │Республикасынын мыйзамдары менен │
│аныкталат. │аныкталат. │
│Кыргыз Республикасынын саламаттык │Саламаттык сактоо чөйрөсүндө │
│сактоо жарандагы ыйгарым укуктуу │саясат иштеп чыгуу боюнча ыйгарым │
│мамлекеттик органы белгилеген │укуктуу мамлекеттик органы │
│йоддоштурулган тузду сактоонун │белгилеген йоддоштурулган тузду │
│мөөнөтү аяктагандан кийин, │сактоонун мөөнөтү аяктагандан │
│жер-жерлерде (базарлардын, соода │кийин, жер-жерлерде (базарлардын, │
│уюмдарынын, түйүндөрүнүн, │соода уюмдарынын, түйүндөрүнүн, │
│дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери │дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери │
│тарабынан) менчигинин түрүнө │тарабынан) менчигинин түрүнө │
│карабастан тамак-аш тузун алып │карабастан тамак-аш тузун алып │
│келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, │келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, │
│сактоону жана сатып өткөрүүнү │сактоону жана сатып өткөрүүнү │
│жүзөгө ашырган юридикалык жана │жүзөгө ашырган юридикалык жана │
│жеке жактардын өздөрүнүн │жеке жактардын өздөрүнүн │
│каражаттарынын эсебинен туз │каражаттарынын эсебинен туз өнөр │
│өнөр жайлык кайра иштетилүүгө жана│жайлык кайра иштетилүүгө жана │
│йоддоштурулууга тийиш. Сактоо │йоддоштурулууга тийиш. Сактоо │
│мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун│мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун│
│сатууга жол берилбейт. │сатууга жол берилбейт. │
│Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун │Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун │
│саткан жактар Кыргыз │саткан жактар Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык жоопкерчиликке тартылышат. │ылайык жоопкерчиликке тартылышат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│13-статья. Йоддоштурулган туздун │13-берене. Йоддолгон туздун │
│ сапатын жана │ сапатынын коопсуздугун │
│ коопсуздугун контролдоо│ коомдук контролдоо │
│ │ │
│Мамлекеттик бийлик органдарынын │Кыргыз Республикасынын жарандары │
│кызмат адамдары йоддоштурулган │жана коомдук уюмдар йоддолгон │
│туздун сапатын жана коопсуздугун │туздун сапатына жана коопсуздугуна│
│өз компетенциясынын чегинде │коомдук контролдоо жүргүзүүгө │
│контролдойт. │укуктуу. │
│Кыргыз Республикасынын жарандары │ │
│жана коомдук бирикмелери │ │
│йоддоштурулган туздун сапатын жана│ │
│коопсуздугун коомдук контролдоону │ │
│жүзөгө ашырууга укуктуу. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14-статья. Мамлекеттик бийлик │14-берене күчүн жоготту деп │
│ органдарынын кызмат │табылсын. │
│ адамдарынын жана │ │
│ йоддоштурулган туздун │ │
│ сапаты менен │ │
│ коопсуздугуна коомдук │ │
│ контролду жүзөгө │ │
│ ашыруучу адамдардын │ │
│ ыйгарым укуктары │ │
│ │ │
│Белгиленген тартипте ыйгарым укук │ │
│берилген мамлекеттик бийлик │ │
│органдарынын кызмат адамдары тамак│ │
│- аш жана тоют тузунун үлгүлөрүн │ │
│йоддун жетишсиздигинен болуучу │ │
│оорулардын алдын алуу жөнүндө │ │
│мыйзамдардын талаптарына ылайык │ │
│келүүсүн экспертизадан өткөрүү │ │
│үчүн тандап алууну жүзөгө ашырууга│ │
│укуктуу. │ │
│Ыйгарым укук берилген мамлекеттик │ │
│органдардын кызмат адамдарынын │ │
│жана йоддоштурулган туздун сапаты │ │
│менен коопсуздугун коомдук │ │
│контролдоону жүзөгө ашыруучу │ │
│адамдардын ыйгарым укуктары Кыргыз│ │
│Республикасынын мыйзамдары менен │ │
│аныкталат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│18-статья. Эл аралык кызматташтык │18-берене. Эл аралык кызматташтык │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын башка │Кыргыз Республикасынын башка │
│мамлекеттер менен йоддун │мамлекеттер менен йоддун │
│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│жетишсиздигинен болуучу оорулардын│
│алдын алуу жаатындагы эл аралык │алдын алуу жаатындагы эл аралык │
│кызматташтыгы эл аралык │кызматташтыгы эл аралык │
│келишимдердин негизинде жүзөгө │келишимдердин негизинде жүзөгө │
│ашырылат. │ашырылат. │
│Эгерде Кыргыз Республикасынын эл │ │
│аралык келишими тарабынан ушул │ │
│Мыйзам менен каралгандан башка │ │
│эрежелер белгиленсе, анда эл │ │
│аралык келишимдин эрежелери │ │
│колдонулат. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Бийликтин аткаруу бутагынын органдарын административдик реформалоону өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан негиз болуучу эки (2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 жана 2012-жылдын 12-январындагы № 12) документ кабыл алынып, аларда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө каралган, ошондой эле Өкмөткө баш ийген административдик ведомстволордун жаңы түзүмү аныкталган.
Ушул реформа Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 23-декабрындагы токтому менен бекитилген Өкмөттүн Программасында баяндалган Премьер-министр тарабынан аныкталган мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына байланыштуу өткөрүлүүдө.
Атап айтканда, административдик реформа өткөрүү максатында жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп мамлекеттик органдардын текшерүү-көзөмөлдөө функцияларын эки мамлекеттик органдын бирине алардын компетенциясына ылайык өткөрүп берүү эсептелет.
Өкмөттүн Программасын талаптагыдай жүзөгө ашыруу максатында Премьер-министрдин 2012-жылдын 10-январындагы № 5 буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана аларга аткаруу бийлигинин тутумун реформалоодон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу түзүлгөн.
Ушул жумушчу топтун ишин Юстиция министрлиги координацияламакчы.
Аталган топтун ишинин алкагында Юстиция министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик органдар менен бирге тиешелүү багыттар боюнча бир мамлекеттик орган саясатты аныктоо жана анын аткарылышы үчүн көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды кошо аткаруусуна жол бербөө максатында бир катар ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе иштелип чыккан.
Юстиция министрлиги тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте мыйзамдардын тизмеси, анын ичинде, "Йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныкталган да, анын жоболорун жогорудагы топтун ишинин алкагында кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Тактап айтканда, ушул мыйзам долбоору аркылуу йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында саясатты иштеп чыгууда жана ушул саясаттын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө каралууда.
Мындан тышкары мыйзам долбоору аркылуу "йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" жана "йод жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын-алуу тармагында көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" тутумун, ыйгарым укуктарын жана түшүндүрмөлөрүн аныктоо сунушталып жаткандыгын белгилейбиз.
Жогорудагы жалпыланган атоолор жогоруда аталган органдардын аталышы үчүн колдонулуу менен, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоодо мамлекеттик органдардын аталыштары кайрадан өзгөрүшү мүмкүн экендигинен улам мыйзамдарга түзөтүүлөрдү улам-улам киргизүү түйшүгүнөн кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле сунуш кылынган мыйзам долбоорунун иштөө тармагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин компетенциясына киргендиктен, ушул долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан каралган учурда аталган органдын министрин Өкмөттүн расмий өкүлү катары аныктоону сунуштайбыз.
Министр | А.Шыкмаматов
|