Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 334
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин финансылык жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтүүчү шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо, кадрлардын тез-тез алмашуусун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин борбордук аппаратын каржылоого республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды өз алдынча колдонуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана кызматчыларын алардын ишин баалоого негизденүү менен сыйлоо тартибин жөнгө салуучу ведомстволук актты бекитсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1. Негизги жоболор
1. Бул Ресурстук макулдашуу ушул Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Тараптары деп аталуучу, Жобонун негизинде аракеттенүүчү Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри ______________ атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги (мындан ары - ЭМСМ) менен Жобонун негизинде аракеттенүүчү Кыргыз Республикасынын финансы министри _________________ атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) ортосунда түзүлдү.
2. Бул Макулдашуунун негизги максаты финансы жана адам ресурстарын бөлүштүрүү жана башкарууда анын жетекчилиги тарабынан оптималдуу чечимдерди кабыл алуу аркылуу ЭМСМга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча эң мыкты жыйынтыктарга жетишүү болуп саналат.
2. Макулдашуунун предмети
3. Бул Макулдашуунун предмети ЭМСМдин жетекчилигине финансылык жана адам ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү болуп саналат.
4. Бул Макулдашуу ЭМСМ үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүнү карабайт. Ошону менен бирге эле үнөмдөлгөн финансылык ресурстар толук боюнча ЭМСМнын тескөөсүндө калат.
3. Финансылык жана адам ресурстары
5. Эмгекке акы төлөө фондун кошкондо республикалык бюджетте ЭМСМнын борбордук аппаратын каржылоого каралган каражаттар финансылык ресурстар болуп саналат.
6. ЭМСМнын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары адам ресурстарына кирет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
7. ЭМСМ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ЭМСМ үчүн тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде квартал боюнча сметалык багыттамаларга экономикалык классификациялоонун чыгымдарынын беренелери боюнча белгиленген тартипте Финансы министрлигине кабарлоо менен өзгөртүү киргизүүгө;
2) иштөө процессинде бошогон финансылык каражаттарды өз алдынча пайдаланууга, анын ичинде төмөнкүлөргө:
3) ЭМСМнын борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана кызматчыларын сыйлоого;
4) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары окуп жаткан кызматкерлер менен кызматчылардын баруусу жана жашашы менен байланышкан чыгымдарды каржылоого;
5) кызматкерлер менен кызматчыларды кызматтык командировкага жиберген учурда командировкалык чыгымдарын төлөөгө.
8. ЭМСМ финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлигине финансылык ресурстардын пайдалангандыгы тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.
9. Финансы министрлиги күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурда республикалык бюджетке кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык ЭМСМны каржылоону, андан ары ЭМСМ үчүн учурдагы жылга республикалык бюджетте бекитилген чыгымдарды кыскартуу тууралуу сунуштарды киргизүү менен жүргүзөт.
10. Финансы министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Тараптар менен макулдашылган сметалык багыттамаларга ылайык ЭМСМга республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды өз учурунда ай сайын бөлүүнү толук көлөмдө жүргүзүүгө;
- ЭМСМнын сунушу боюнча ЭМСМнын борбордук аппаратынын чыгымдар сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.
5. Күтүлбөгөн жагдайлар
11. Күтүлбөгөн жагдайлар болуп республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнө алып келе турган жагдайлар таанылат.
6. Корутунду жоболор
12. Бул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
13. Бул Макулдашуу аны колдонуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин өзгөртүлүүгө жана бир тараптуу тартипте бузулууга жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
экономика жана монополияга финансы министри
каршы саясат министри
__________________________ __________________________
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
2012-жылдын "___" ___________ 2012-жылдын "___" ____________