Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-майы № 335
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө" Мыйзамдын долбоору долбоордун преамбуласына ылайык кыргыз элинин тарыхый, маданий жана руханий мурасы катары байыркы кыргыз (энесай) жазмаларын үйрөнүп-билүүгө, изилдөөгө, жайылтууга байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдер "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталаарын белгилейбиз.
Бул Мыйзамдын милдети эл үчүн тарыхый-маданий мурастардын максимум сакталышын камсыздоо максатында аларды коргоо жана пайдалануу жаатындагы социалдык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп эсептелет.
Аталган Мыйзам тарыхый-маданий мурас объекттеринин түрлөрүн аныктайт, анда аталган Мыйзамдын 4-статьясына ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр, ошондой эле тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий дөөлөткө ээ болгон башка эстеликтер таанылат.
Аталган Мыйзамдын 6-статьясында эстеликтерди тарыхый-маданий мурас катары таануу аларды сөзсүз жарыялануучу тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүү менен бекемделери белгиленген. Аталган Мыйзамдын 22-статьясына ылайык Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүү тартиби "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда аталган статьясы менен аныкталат.
Аталган мыйзам актысынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республикасы тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын атынан өз аймагында жайгашкан тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу боюнча толук бийликке ээ болот.
Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген, бирок башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан эстеликтер да корголууга, сакталууга жана пайдаланылууга тийиш.
Андан сырткары аталган Мыйзамдын 5-статьясында тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу, анын ичинде тарыхый-маданий мурастарды табууга, изилдөөгө, алардын эсебин алууга жана аларды пропагандалоого; тарыхый-маданий дөөлөттөргө тарых жана маданият эстеликтеринин статусун берүүгө; эстеликтерди талкалоодон, вандализм актыларынан, бурмалоолордон, мистификациядан, бузуулардан, негизсиз өзгөртүүлөр киргизүүдөн, тарыхый мааниден чыгаруудан коргоону камсыз кылууга багытталган чараларды камтыырын эске алууну сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык байыркы кыргыз жазмасын үйрөнүү, изилдөө, жайылтуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн байыркы кыргыз жазмасын дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү үчүн берилүүчү тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизүү зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш кабыл алуучу жана тиешелүү чөйрөдө кыйла маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт экендигин эске алууну сунуштайбыз. Долбоорго талдоо жүргүзүү анын жоболору декларативдүү мүнөздө экендигин көрсөттү. Мында долбоорго карата маалымкат-негиздемеде көрсөтүлгөн максаттарга "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жетишилиши мүмкүн.
Андан сырткары, Мыйзам долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу, ал кабыл алынган учурда финансылык ресурстун болушуна көз каранды болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Бирок, 2012-жылга республикалык бюджетте жана 2013-2014-жылдарга болжолдо байыркы кыргыз жазмасын түбөлүккө калтыруу жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансы каражаты каралган эмес.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 18 "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Өкмөткө 2012-2013-жылдарда Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү жана кеңири таанытуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тапшырылган. Тиешелүү түрдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин бири катары байыркы кыргыз жазмасын түбөлүккө калтыруу жана жайылтуу менен байланышкан бардык зарыл иш-чаралар жогоруда аталган Программанын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.