Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 337
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаментинин укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүн кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Департаменттин ишинин максаты
3. Департаменттин милдеттери
4. Департаменттин функциялары
5. Департаменттин укуктары
6. Департаменттин ишин уюштуруу
7. Департаменттин финансысы жана чарбалык иши
8. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот процессинин процедураларын ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, башка нормативдик укуктук актыларын, министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланкы, Казыналык системасындагы алыш-бериш эсеби жана башка эсептери болот.
Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент";
- расмий тилде: "Департамент по делам банкротства при Министерстве экономики и антимонопольной политики Кыргызской Республики".
2. Департаменттин ишинин максаты
4. Департаменттин ишинин максаты болуп банкрот процессинин процедураларын натыйжалуу жүргүзүүнү күчөтүү эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
5. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- банкрот институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- ишканалардын банкрот болушун (кудуретсиздигин) алдын алууну жүргүзүү жана банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу;
- төлөмгө жөндөмсүз чарбакер субъекттерин банкрот процессинин алкагында чыңдоо;
- жок болгон карызкордун банкротун ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу;
- банкрот процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу.
4. Департаменттин функциялары
6. Департамент жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- банкрот механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- банкрот жаатындагы программаларды ишке ашыруу;
- банкрот маселелери жана банкроттун алдын алуу маселелери боюнча иштеген ата мекендик жана чет элдик ведомстволордун иштөөсүнүн практикасын изилдөө жана жалпылаштыруу;
- банкрот процессинде администратор катары кесиптик иш жүргүзгөн адамдарга талаптарды иштеп чыгуу;
- атайын фонддон каражаттарды алуу үчүн администраторлор жиберген документтерге укуктук экспертиза жүргүзүү;
2) жөнгө салуу функциялары:
- лицензиялык комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу, банкрот процессиндеги администраторлордун ишин лицензиялоону (аттестациялоону) жүргүзүүнү уюштуруу-эксперттик камсыз кылуу;
- банкрот боюнча адистерди (администраторлорду) даярдоонун, кесиптик деңгээлин баалоонун системасын уюштурууну камсыз кылуу, окутуунун тиешелүү программаларын жана окутуучу уюмдарга талаптарды иштеп чыгуу;
- банкрот процессиндеги администратордун ишине талапкер болгон адамдарга карата квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү;
- лицензияларды берүү (кайра тариздөө), токтотуп туруу жана чакыртып алуу, ошондой эле лицензиянын түп нускасы жоголгон (бузулган) учурда лицензиянын дубликатын берүү;
- администратордун ишин жүргүзгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүү;
- уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабай, төлөөгө жөндөмсүз карызкорлорду (анын ичинде экономикалык же социалдык маанилүү субъекттерди) эсепке алуу (мониторинг жүргүзүү);
3) координациялоо жана контролдоо функциясы:
- банкрот процессинин процедураларын ишке ашыруу жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти координациялоо;
- банкрот процессинин процедураларын администраторлор тарабынан жүргүзүүсүнө банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жүргүзүү;
- мамлекет кредитор болуп эсептелген карызкорлордун банкрот процессинин процедураларын жүргүзүү маселесинде мамлекеттин жалгыз өкүлүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте;
- мамлекет катышуучу (менчик ээси) болгон карызкорлордун банкрот процессинде мамлекеттик кызыкчылыктарды билдирүү;
- администраторлордун мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү;
- мыйзамдардын жана лицензиардын талаптарынын лизцензиат тарабынан аткарылышына контролдоо жүргүзүү;
- банкрот процессиндеги администратордун ишине талапкер болгон адамдарды окутуу программаларын жана квалификациясын көтөрүү боюнча курстарды бекитүү жана уюштуруу;
- атайын фонддон берилген акча каражаттарынын администраторлор тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоо жана административдик жазаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүү;
4) кызмат көрсөтүү функциясы:
- банкрот процедурасынын маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттануулары жана арыздары берилген талаш учурларда белгиленген тартипте кароо;
- банкрот жаатындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына консультация берүү;
- администраторлорго методикалык жана юридикалык жардам берүү;
5) колдоо функциясы:
- администраторлордон отчеттук маалыматты жыйноо;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган банкрот процессинин процедуралары колдонулган чарбакер субъекттердин ишин анализдөө жана ушул процедураны колдонуунун практикасын жалпылоо;
- "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген тартипте администраторлорду дайындоо, четтетүү, бошотуу;
- администраторлордун отчету боюнча корутундуларды сотко берүү (банкрот процессин соттук тартипте жүргүзүлгөндө).
5. Департаменттин укуктары
7. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекет кредитор болуп эсептелген карызкорлорго банкрот процессинин процедураларын жүргүзүү маселелеринде мамлекеттин кызыкчылыктарын белгиленген тартипте мамлекеттин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, ошондой эле катышуучусу (менчик ээси) мамлекет болуп эсептелген карызкордун банкрот процессинде мамлекеттин кызыкчылыгын билдирүүгө;
- мамлекет кредитор болуп эсептелген чарбакер субъекттерге алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан банкрот процессинин процедурасын жүргүзүүгө;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, менчигинин формасына карабастан башка уюмдардан, кызмат адамдардан жана жарандардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жактарды жыйындарында угууга;
- жок болгон карызкорлорго банкрот процессин ишке ашыруу максатында атайын фондду белгиленген тартипте түзүүгө;
- белгиленген тартипте окуу борборун түзүүгө;
- Департаменттин контролдук функцияларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана отчетту администраторлордон алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрүүлөрдү талап кылууга;
- администраторлор мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндө маалымат (арыздар, даттануулар) болгон учурда администраторлордун ишин текшерүүнү жүргүзүүгө;
- банкрот процессинин катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуусун алдын алуу максатында төлөөгө жөндөмсүз субъекттердин активдери менен бүтүмдөрдү каттоону токтотуп турууну тиешелүү органдардан талап кылууга;
- текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча тиешелүү документтерди (актыларды, протоколдорду) тариздөөгө, аларда администратор, ошондой эле банкрот процессинин башка катышуучулары кылган конкреттүү бузуулар көрсөтүлөт жана Департамент белгилеген мөөнөттө бузууларды жоюуну милдеттүү кылган чечимдерди чыгарууга;
- табылган бузууларды жоюу жөнүндө чечимди администратор аткарбаган учурда жазуу жүзүндөгү эскертүү берүүгө;
- административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык административдик жазаларды берүүгө;
- төлөөгө жөндөмсүздүк, ошондой эле фиктивдүү же атайылап банкрот болуу белгилеринин бар экендиги жөнүндө корутундуну соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укуктуу органдын сураганы боюнча берүүгө;
- банкрот процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылары табылган учурда тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө;
- төлөөгө жөндөмсүз чарбакер субъекттердин активдерин сатуу боюнча тооруктарды уюштурууну жана жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ("Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-1-беренесине ылайык талап кылуу укугун өткөрүп берүү келишими боюнча), ошондой эле башка келишимдерде (макулдашууларда) белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын администраторлор менен келишимдерди (төлөөгө жөндөмсүз карызкордун активдерине талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну) жана башка келишимдерди түзүүгө;
- банкрот процессинин процедураларын ишке ашыруу жана лицензиялоо маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде түшүндүрүүлөрдү берүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды уюштурууга;
- Департаменттин потенциалын күчөтүү максатында гранттык негизде финансылык жана техникалык жардам көрсөткөн эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүүгө;
- конференцияларды, семинарларды, "тегерек столдорду", анын ичинде эл аралык институттардын катышуусу менен уюштуруу.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
8. Департамент өз ишин министрдин, тейлөөчү министрдин орун басарынын жалпы жетекчилиги, Департаменттин директорунун тикелей жетекчилиги алдында жүргүзөт.
9. Департаментти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
10. Департаменттин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине бекитүүгө берет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Департамент аткарган иштер жөнүндө Министрликке жыл сайын отчет жиберет;
- Департаменттин ишинин натыйжалуулугун көтөрүү боюнча сунуш киргизет;
- кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет;
- Департаменттин каражаттарын жана мүлктөрүн мыйзамдарда
белгиленген тартипте башкарат;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу үчүн Министрликке белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Департаменттин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
12. Департаментте директордун орун басарынын кызматы уюштурулат. Директордун орун басарын директордун сунушу боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Департаменттин директору жок болгон учурда анын милдеттери расмий документтерге кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.
7. Департаменттин финансысы жана чарбалык иши
13. Департаменттин финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
14. Департаменттин мүлкүн негизги фонддор түзөт, ал Департаменттин балансында чагылдырылат.
15. Департаментти күтүү жана анын иши үчүн чыгымдарды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык мамлекеттик менчиктештирүү фондунан которулган атайын фонддун каражаттарынан.
16. Жок болгон карызкордун банкрот процессин ишке ашыруу боюнча Департаменттин чыгымдары атайын фонддон жүргүзүлөт, ал чыгашалардын сметасына ылайык мамлекеттик менчиктештирүү фондусунун эсебинен түзүлөт.
17. Департаменттин каражаттарынын чыгымдалышы үчүн жоопкерчиликти Департаменттин директору жана Департаменттин эсепке алуу жана отчет боюнча башкы адиси тартат.
18. Атайын администраторлорду өнүктүрүү, материалдык сыйлоо, дем берүү жана социалдык колдоо үчүн каражаттарды жумшоо Департаменттин директору бекиткен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
19. Департаментти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.