Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 339
"Кыргыз Республикасындагы саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Алтыбаева, Ө.Текебаев, Р.Жээнбеков, М.Абдылдаев, А.Жээнбеков, Б.Төрөбаев, К.Абдиев, К.Дыйканбаев, А.Султанов, Т.Зулпукаров, Д.Тербишалиевдер демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын саясий партияларга биригүү укуктарын жүзөгө ашырууга жана аларды түзүү, иштеши, кайра уюштуруу жана жоюу өзгөчөлүктөрүнө байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 90-беренесине ылайык юридикалык жак өзү орун алган жерден тышкарыда жайгашкан өзүнүн обочолонгон бөлүмдөрүнө (филиалына, өкүлчүлүгүнө) ээ болуу укугу болгондуктан, долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"2. Саясий партия филиал жана (же) өкүлчүлүк түрүндө аймактык бөлүмдөргө ээ болууга укуктуу.".
Конституциянын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдоруна: Желегине, Гербине, Гимнине экендигине байланыштуу долбоордун 5-беренесинин 8-бөлүгүндөгү "желектер, гербдер, гимндер" деген сөздөрдү жекелик түрдө баяндоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгүндө уюштуруу съезди саясий партияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып саясий партия түзүлгөн болуп эсептелээри белгиленген.
Бирок Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлгөн болуп эсептелет, баяндалгандарды эске алуу менен 10-берененин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүү керек.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында юридикалык жакты, анын ичинде саясий партияны каттоо үчүн зарыл болгон мөөнөтү, каттоодон баш тартуучу негиздер, ведомстволук таандуулуктугу, тартиби, документтердин тизмеси аныкталгандыгына байланыштуу ушул долбоордун III главасын алып салуу максатка ылайык келет деп эсептейбиз.
Андан сырткары, мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык саясий партияларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маалыматтар республикалык басма сөз ЖМКларына жарыяланышы керек, бул ыйгарым укуктар кимдин милдетине кире тургандыгы мыйзам долбоорунда аныкталбагандыгын белгилейбиз. Бул учурда 2012-жылдын февралынан тартып АӨБдүн көмөгүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) маалыматтарынын электрондук базасы жайгаштырылган, ал он-лайн режиминде жаңыланып турат жана Интернет тармагынын бардык пайдалануучуларына жеткиликтүү.
Басма сөз ЖМКларында саясий партиялардын тизмесин жыл сайын жарыялоо олуттуу финансылык каражаттарды талап кылат, ушуга байланыштуу 16-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Долбоордун 18-беренесинин 3-бөлүгүндө Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Съезд чакырбастан анын жетекчилиги тарабынан киргизилээри каралган.
Партиянын жетекчилигине ушундай укук берүү "саясий партия" деген түшүнүктүн өзүнө каршы келет деп эсептейбиз, ал жарандардын бирикмеси болуп эсептелет жана көз караштардын, кызыкчылыктардын жана ишенимдердин жалпылыгынын негизинде түзүлөт.
Андан дагы саясий партиянын жогорку жетектөөчү органы болуп Съезд эсептелет. Тиешелүү түрдө Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Съездде кабыл алынууга тийиш, бул жобо дагы Мыйзам долбоорунун 22-беренесинен келип чыгат.
Мыйзам долбоорунун 30-беренесинин 9-бөлүгүндөгү "эмгек акынын минималдуу өлчөмү" деген сөздөрдү "эсептик көрсөткүч" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Андан сырткары 37-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "начальник" деген сөздү "жетекчи" деген сөзгө алмаштыруу керек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "республикалык басма сөз ЖМКлары" деген түшүнүк жоктугуна байланыштуу долбоордун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "республикалык басма сөз ЖМКлары" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдө "Өкмөт тарабынан белгиленген басма сөз жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 1-бөлүгүндө саясий партиянын аймактык бөлүмү юридикалык жак статусу менен, ошондой эле анысы жок эле түзүлүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу саясий партиянын аймактык бөлүмдөрү юридикалык жак формасында түзүлө албастыгын белгилейбиз, анткени саясий партиянын уюштуруучулары катары Кыргыз Республикасынын жарандары гана чыгышы мүмкүн.
Баяндалгандарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча аймактык бөлүмдөр юридикалык жак укугуна ээ болоорун, ошондой эле кайра уюштурулууга жатаарын аныктоочу нормаларды алып салууну сунуштайбыз.
39-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык аймактык бөлүмдөрү жок болгон учурда саясий партия жоюлат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда белгилүү деңгээлде (область) саясий партия түзүлүүчү аймактык бөлүмдөрдүн минималдуу санын аныктоону сунуштайбыз.