Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 340
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, фискалдык саясатты өркүндөтүү, кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу жана жалпы декларация берүүгө өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17 - 18) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "2009-жылдын 31-декабрын" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 31-декабрын" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде "2010-жылдын 1-мартынан баштап 2010-жылдын 1-июлун кошо алгандагы" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 1-апрелинен баштап 2012-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жарактуулугун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- үч айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоонун негизинде салыктык башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жол жоболорду иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 36 Мыйзамынын күчү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 90 декрети менен токтотулган.
Азыркы учурда жалпыга бирдей декларациялоого өтүүнүн зарылдыгы, ошондой эле аны менен байланышкан жеке жактардын чыгымдарын (коррупциялануунун деңгээлин азайтуу максатында) контролдоонун зарылдыгы мыйзамдаштыруу жүргүзүүнү талап кылууда.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык 2012-жылы салык салынуучу объекттердин ээлери (авто транспорттору, жер участоктору, үй жана батирлери бар) - жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери салык органдарына бирдиктүү салык декларацияларын тапшырууга милдеттүү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасында жеке жактардын өз кирешелерин жана мүлктөрүн жалпыга бирдей салыктык декларациялоону киргизүүнүн биринчи этабы болуп саналат.
Алдыда турган иш-чаранын маанилүү экендигин, атап айтканда, жеке жактын биринчи бирдиктүү салыктык декларациясы, мындан ары салык органдарына бул жак өз өмүрүнүн бардык учуруна берүүгө милдеттүү боло турган андан кийинки салыктык декларациялардын бардыгы үчүн негиз болуп санала тургандыгын эске алып, сунушталып жаткан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбору иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына (жеке жактарга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине) алар 2011-жылдын 31-декабрын кошо, алган кирешелерине жана мүлктөрүнө карата салыктарды, бажы алымдарын, социалдык камсыздандыруулар боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди жана мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо жолу менен, аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүз билдирилбеген милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берүү болуп саналат.
Ыктыярдуу декларацияланган учурда мамлекет жеке жактарга жана мамлекеттик кызматкерлерге төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- 2011-жылдын 31-декабрына кошо, ага чейинки алардын финансылык-чарбалык иш-аракеттерине карата текшерүүлөрдүн ар кандай түрүн жүргүзүүгө тыюу салууга;
- аларга карата процессуалдык, аттын ичинде декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтардын негизинде кылмыштык куугунтуктоо же административдик эмгек жана дисциплинардык жоопкерчиликтин чараларын колдонууну ишке ашыруу боюнча аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салууга;
- декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн келип чыккан булактары тууралуу маалымат берүү милдетинен бошотууга;
- конфиденциалдуулугун (жашыруун сыр) камсыз кылууга;
- натыйжада декларанттарга салык салуу, бажы алымдарын төлөө, социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөргө карата басмырлоочу чараларды колдонбоого.
Мыйзам долбооруна ылайык кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларация кылмыш, административдик, дисциплинардык же башка процесстер боюнча далил болуп санала албайт, ошондой эле 2011-жылдын 31-декабрына кошо, ага чейинки алар тарабынан алынган кирешелерине жана мүлктөрүнө карата салык салуу, бажы алымдарын төлөө, социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерин жойду деп тааныган фактыдан башкалар, укук берүүчү же укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналбайт.
Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер үчүн кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларация андан ары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери тууралуу декларацияны түзүү жана тапшыруу үчүн негиз болуп саналат.
Кирешелерди жана мүлктөрдү 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашык суммага декларациялаган учурда (мыйзам долбоору боюнча - "декларациялык чек"), жеке жак декларациялык чектен ашып кеткен суммага карабастан, 450000 (төрт жүз элүү миң) сом көлөмүндө бир жолку декларациялык төлөмдү төлөөгө милдеттүү.
Калган учурларда декларациялык төлөм алынбайт.
Декларациялоо мөөнөтү 2012-жылдын 1-апрелинен тартып 2012-жылдын 1-июлун кошо, ага чейинки мезгил аныкталган. Бул мөөнөт 2012-жылы бирдиктүү салыктык декларацияны тапшыруунун мөөнөтүнө жакындатылган.
Декларациялоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп, декларациялануучу субъекттин койгон колунун түп нуска экендигин гана күбөлөндүрө ала турган, мамлекеттик нотариалдык конторалар саналат.
Кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларациянын мазмунуна тиешелүү маалыматтар эч бир жерде жазылып белгиленбейт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларациялардын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат.
Декларациялоонун натыйжасында 2011-жылдын 31-декабрын кошо ага чейин пайда болгон билдирилген бардык салыктык жана бажылык милдеттенмелер, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле бул милдеттенмелер боюнча айыптар, проценттер жана туумдар жоюлду деп таанылат. Бул милдеттерге карата эч кандай кылмыш, административдик же башка териштирүүлөр демилгеленбеши керек.
Мыйзам долбоору мурда декларацияланган бирок жоюлбаган салыктык, бажылык милдеттенмелерге жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөргө карата колдонулбайт, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү тапшырууну карайт:
- өз чечимдерин мыйзам долбооруна ылайык келтирүүнү;
- мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдерди даярдоону жана кабыл алууну;
- 3 айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоону күчөтүү үчүн салыктык башкарууну андан ары катуулатууга багытталган жол-жоболорду иштеп чыгуу тапшырылат.
Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорунун колдонулушу социалдык, экономикалык, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилеп кетүү керек, бул экспертизанын атайын түрлөрүн жүргүзүүнүн милдеттүү эместигин билдирет.
Коомдук талкуулоону жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн бул мыйзам долбоору Министрликтин расмий сайтында (www.mert.kg) жайгаштырылган, коомдук талкуулоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин сайтында жайгаштырылган күндөн тартып долбоорго киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Ошол эле учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды керектебейт жана ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин жөнгө салбайт, андыктан регулятивдик таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси).
Министр | Т.Сариев |
┌─┬─────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│ │ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ │ жарандарынын бирдиктүү салык │ жарандарынын бирдиктүү салык │
│ │ декларациясын берүүсүнө даярдык │ декларациясын берүүсүнө даярдык │
│ │ көрүү жөнүндө Кыргыз │ көрүү жөнүндө Кыргыз │
│ │ Республикасынын Мыйзамынын │ Республикасынын Мыйзамынын │
│ │ колдонуудагы редакциясы │ сунушталган редакциясы │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│1│Ушул Мыйзам салык жана бажы │Ушул Мыйзам салык жана бажы │
│ │төлөмдөрүн, социалдык │төлөмдөрүн, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│чегерүүлөрдү жана башка │
│ │төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй│милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү │
│ │2009-жылдын 31-декабрын кошо │түрдө төлөбөй 2011-ЖЫЛДЫН │
│ │алганда киреше жана мүлк алган │31-ДЕКАБРЫН кошо алганда киреше │
│ │Кыргыз Республикасынын │жана мүлк алган Кыргыз │
│ │жарандарынын бирдиктүү салык │Республикасынын жарандарынын │
│ │декларациясын берүүсү менен │бирдиктүү салык декларациясын │
│ │байланышкан коомдук │берүүсү менен байланышкан коомдук│
│ │мамилелерди жөнгө салат. │мамилелерди жөнгө салат. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│2│1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты │1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты │
│ │ │ │
│ │"Кыргыз Республикасынын Салык │"Кыргыз Республикасынын Салык │
│ │кодексин колдонууга киргизүү │кодексин колдонууга киргизүү │
│ │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │
│ │Мыйзамынын 8-беренесинде │Мыйзамынын 8-беренесинде │
│ │аныкталган Кыргыз Республикасынын│аныкталган Кыргыз Республикасынын│
│ │жеке жактарына жана мамлекеттик │жеке жактарына жана мамлекеттик │
│ │кызматчыларына аталган │кызматчыларына аталган │
│ │салыктарды, чегерүүлөрдү жана │салыктарды, чегерүүлөрдү жана │
│ │милдеттүү башка төлөмдөрдү │милдеттүү башка төлөмдөрдү │
│ │төлөбөй [2009-жылдын 31-декабрын]│төлөбөй 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН │
│ │кошо алганда алган кирешелерине │кошо алганда алган кирешелерине │
│ │жана мүлкүнө карата салык жана │жана мүлкүнө карата салык жана │
│ │бажы төлөмдөрүн, социалдык │бажы төлөмдөрүн, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│
│ │төлөмдөрдү төлөө боюнча │төлөмдөрдү төлөө боюнча │
│ │билдирилбеген милдеттенмелерди │билдирилбеген милдеттенмелерди │
│ │аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул │аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул │
│ │мыйзамдын максаты болуп │мыйзамдын максаты болуп │
│ │эсептелет, буга жалпы алганда │эсептелет, буга жалпы алганда │
│ │ушул Мыйзамда белгиленген │ушул Мыйзамда белгиленген │
│ │декларациялоо чегинен ашкан │декларациялоо чегинен ашкан │
│ │кирешелердин суммасы жана мүлктүн│кирешелердин суммасы жана мүлктүн│
│ │наркы кирбейт. │наркы кирбейт. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│3│2-берене. Ушул Мыйзамда │2-берене. Ушул Мыйзамда │
│ │ пайдаланылган негизги │ пайдаланылган негизги │
│ │ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │ │
│ │Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги │Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги │
│ │түшүнүктөр пайдаланылат: │түшүнүктөр пайдаланылат: │
│ │кирешени жана мүлктү │кирешени жана мүлктү │
│ │декларациялоо (мындан ары - │декларациялоо (мындан ары - │
│ │декларациялоо) декларация │декларациялоо) декларация │
│ │объекттерине укуктарды ыктыярдуу │объекттерине укуктарды ыктыярдуу │
│ │түрдө декларациялоо менен │түрдө декларациялоо менен │
│ │байланышкан иш-аракеттер; │байланышкан иш-аракеттер; │
│ │билдирилбеген салык жана бажы │билдирилбеген салык жана бажы │
│ │милдеттенмелерин, социалдык │милдеттенмелерин, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│
│ │төлөмдөрдү аткаруу салык жана │төлөмдөрдү аткаруу салык жана │
│ │бажы төлөмдөрүн, социалдык │бажы төлөмдөрүн, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│
│ │төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй│төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй│
│ │[2009-жылдын 31-декабрын] кошо │2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо │
│ │алганда алынган кирешелерге жана │алганда алынган кирешелерге жана │
│ │мүлккө карата салык жана бажы │мүлккө карата салык жана бажы │
│ │милдеттенмелерин, социалдык │милдеттенмелерин, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү│
│ │төлөмдөрдү төлөө боюнча │төлөмдөрдү төлөө боюнча │
│ │милдеттенмелердин │милдеттенмелердин │
│ │тындырылгандыгын таануу. │тындырылгандыгын таануу. │
│ │Декларациялоо чегинен ашкан │Декларациялоо чегинен ашкан │
│ │кирешелер жана мүлктөр боюнча │кирешелер жана мүлктөр боюнча │
│ │милдеттенмелер декларациялык │милдеттенмелер декларациялык │
│ │төлөмдү төлөө менен тындырылат; │төлөмдү төлөө менен тындырылат; │
│ │декларациялоо субъекттери - │декларациялоо субъекттери - │
│ │"Кыргыз Республикасынын Салык │"Кыргыз Республикасынын Салык │
│ │кодексин колдонууга киргизүү │кодексин колдонууга киргизүү │
│ │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │
│ │Мыйзамынын 8-беренесинде │Мыйзамынын 8-беренесинде │
│ │аныкталган, ушул Мыйзамда │аныкталган, ушул Мыйзамда │
│ │белгиленген тартипте кирешелерин │белгиленген тартипте кирешелерин │
│ │жана мүлкүн декларациялашкан жана│жана мүлкүн декларациялашкан жана│
│ │милдеттенмелерин тындырышкан │милдеттенмелерин тындырышкан │
│ │Кыргыз Республикасынын жеке │Кыргыз Республикасынын жеке │
│ │жактары жана мамлекеттик │жактары жана мамлекеттик │
│ │кызматчылары (мындан ары │кызматчылары (мындан ары │
│ │Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│ │жарандары). Бул адамдар ыйгарым │жарандары). Бул адамдар ыйгарым │
│ │укуктуу кызмат адамынан │укуктуу кызмат адамынан │
│ │кирешелерди жана мүлктү │кирешелерди жана мүлктү │
│ │декларациялоо жөнүндө │декларациялоо жөнүндө │
│ │күбөлөндүрүлгөн декларацияны │күбөлөндүрүлгөн декларацияны │
│ │алган күндөн баштап декларациялоо│алган күндөн баштап декларациялоо│
│ │субъекттеринин статусуна │субъекттеринин статусуна │
│ │ээ болушат; │ээ болушат; │
│ │декларациялоо объекттери - мурда │декларациялоо объекттери - мурда │
│ │Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамдарында аныкталган тартипте│мыйзамдарында аныкталган тартипте│
│ │жол-жоболоштурулбаган │жол-жоболоштурулбаган │
│ │(декларацияланбаган), жана/же │(декларацияланбаган), жана/же │
│ │башка адамга жол-жоболоштурулган,│башка адамга жол-жоболоштурулган,│
│ │жашыруу максатында легалдуу │жашыруу максатында легалдуу │
│ │экономикалык жүгүртүүдөн │экономикалык жүгүртүүдөн │
│ │чыгарылган, Кыргыз │чыгарылган, Кыргыз │
│ │Республикасынын аймагында жана │Республикасынын аймагында жана │
│ │анын чектеринен тышкары алынган │анын чектеринен тышкары алынган │
│ │жана/же жайгашкан кирешелер, │жана/же жайгашкан кирешелер, │
│ │кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; │кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; │
│ │кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - │кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - │
│ │Кыргыз Республикасынын Граждандык│Кыргыз Республикасынын Граждандык│
│ │кодексине ылайык аныкталуучу │кодексине ылайык аныкталуучу │
│ │мүлк; │мүлк; │
│ │ыйгарым укуктуу кызмат адамы - │ыйгарым укуктуу кызмат адамы - │
│ │кирешелер жана мүлктөр жөнүндө │кирешелер жана мүлктөр жөнүндө │
│ │декларацияларды ушул Мыйзамда │декларацияларды ушул Мыйзамда │
│ │каралган тартипте ырастоочу │каралган тартипте ырастоочу │
│ │Кыргыз Республикасынын Юстиция │Кыргыз Республикасынын Юстиция │
│ │министрлигинин мамлекеттик │министрлигинин мамлекеттик │
│ │нотариустары; │нотариустары; │
│ │декларациялоо мөөнөтү - ушул │декларациялоо мөөнөтү - ушул │
│ │Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул │Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул │
│ │убакта Кыргыз Республикасынын │убакта Кыргыз Республикасынын │
│ │жарандары ыйгарым укуктуу кызмат │жарандары ыйгарым укуктуу кызмат │
│ │адамына кайрыла алышат; │адамына кайрыла алышат; │
│ │кирешелер жана мүлк жөнүндө │кирешелер жана мүлк жөнүндө │
│ │декларация - жеке катар номери │декларация - жеке катар номери │
│ │бар жана кирешелерди жана мүлктү │бар жана кирешелерди жана мүлктү │
│ │декларациялоо фактысын ырастаган │декларациялоо фактысын ырастаган │
│ │жана билдирилбеген салык жана │жана билдирилбеген салык жана │
│ │бажы милдеттенмелеринин, │бажы милдеттенмелеринин, │
│ │социалдык камсыздандыруу боюнча │социалдык камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдүн жана башка │чегерүүлөрдүн жана башка │
│ │милдеттүү төлөмдөрдүн орду │милдеттүү төлөмдөрдүн орду │
│ │толтурулгандыгы таанылган катуу │толтурулгандыгы таанылган катуу │
│ │отчеттуулук документи. │отчеттуулук документи. │
│ │Кирешелер жана мүлк жөнүндө │Кирешелер жана мүлк жөнүндө │
│ │декларациянын формасы Кыргыз │декларациянын формасы Кыргыз │
│ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │бекитилет; │бекитилет; │
│ │Кирешелер жана мүлк жөнүндө │Кирешелер жана мүлк жөнүндө │
│ │декларациялардын реестри - │декларациялардын реестри - │
│ │ыйгарым укуктуу кызмат адамы │ыйгарым укуктуу кызмат адамы │
│ │түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, │түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, │
│ │анда декларациялоо жөнүндө │анда декларациялоо жөнүндө │
│ │төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: │төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: │
│ │кирешелер жана мүлк жөнүндө │кирешелер жана мүлк жөнүндө │
│ │декларациянын жеке катар номери, │декларациянын жеке катар номери, │
│ │декларациялоо күнү, ушул │декларациялоо күнү, ушул │
│ │декларацияны берген адамдын жеке │декларацияны берген адамдын жеке │
│ │маалыматтары, кирешелер жана │маалыматтары, кирешелер жана │
│ │мүлктөр жөнүндө декларациянын │мүлктөр жөнүндө декларациянын │
│ │бузулгандыгы же жоголгондугу │бузулгандыгы же жоголгондугу │
│ │тууралуу маалымат; │тууралуу маалымат; │
│ │декларациялоо чеги - кирешелердин│декларациялоо чеги - кирешелердин│
│ │суммасынын жана мүлктөрдүн │суммасынын жана мүлктөрдүн │
│ │наркынын 45000000 (кырк беш │наркынын 45000000 (кырк беш │
│ │миллион) сомдон ашкан жыйынды │миллион) сомдон ашкан жыйынды │
│ │суммасы; │суммасы; │
│ │декларациялык төлөм - │декларациялык төлөм - │
│ │декларациялоо чегинен ашкан │декларациялоо чегинен ашкан │
│ │суммадан көз карандысыз түрдө, │суммадан көз карандысыз түрдө, │
│ │ушул Мыйзамга ылайык │ушул Мыйзамга ылайык │
│ │декларациялоо субъекттери бир │декларациялоо субъекттери бир │
│ │жолу төлөөчү 450000 (төрт жүз │жолу төлөөчү 450000 (төрт жүз │
│ │элүү миң) сом; │элүү миң) сом; │
│ │ыйгарым укуктуу коммерциялык банк│ыйгарым укуктуу коммерциялык банк│
│ │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │тарабынан аныкталуучу │тарабынан аныкталуучу │
│ │коммерциялык банк; │коммерциялык банк; │
│ │жакын туугандары - декларант │жакын туугандары - декларант │
│ │менен чогуу жашаган жана аларга │менен чогуу жашаган жана аларга │
│ │карата декларант мүлктүк │карата декларант мүлктүк │
│ │милдеттенме алып жүргөн. Кыргыз │милдеттенме алып жүргөн. Кыргыз │
│ │Республикасынын үй-бүлө │Республикасынын үй-бүлө │
│ │мыйзамдарында аныкталган адамдар.│мыйзамдарында аныкталган адамдар.│
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│4│4-берене. Декларациялоо │4-берене. Декларациялоо │
│ │ субъекттерине берилүүчү│ субъекттерине берилүүчү│
│ │ мамлекеттик кепилдиктер│ мамлекеттик кепилдиктер│
│ │ │ │
│ │1. Декларациялоо мезгилинде жана │1. Декларациялоо мезгилинде жана │
│ │андан кийин декларациялоо │андан кийин декларациялоо │
│ │субъекттерин [2009-жылдын │субъекттерин 2011-ЖЫЛДЫН │
│ │31-декабрын] кошо алган │31-ДЕКАБРЫН кошо алган │
│ │мезгилдеги финансылык-чарбалык │мезгилдеги финансылык-чарбалык │
│ │иштерине карата текшерүүлөрдүн │иштерине карата текшерүүлөрдүн │
│ │бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу │бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу │
│ │салынат. │салынат. │
│ │2. Декларациялоо мезгили │2. Декларациялоо мезгили │
│ │аяктагандан кийин ушул Мыйзамга │аяктагандан кийин ушул Мыйзамга │
│ │ылайык декларациялоону жүргүзүү │ылайык декларациялоону жүргүзүү │
│ │процессинде алынган маалыматтын │процессинде алынган маалыматтын │
│ │негизинде декларациялоо │негизинде декларациялоо │
│ │объектисине карата процесстик, │объектисине карата процесстик, │
│ │анын ичинде кылмыш-жаза жазалоосу│анын ичинде кылмыш-жаза жазалоосу│
│ │же администрациялык, эмгек жана │же администрациялык, эмгек жана │
│ │тартип чараларын колдонуу боюнча │тартип чараларын колдонуу боюнча │
│ │иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга │иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга │
│ │тыюу салынат. │тыюу салынат. │
│ │3. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө│3. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө│
│ │декларация кылмыш-жаза, │декларация кылмыш-жаза, │
│ │администрациялык, тартип же башка│администрациялык, тартип же башка│
│ │процесстер боюнча далил болуп │процесстер боюнча далил болуп │
│ │эсептелбейт. │эсептелбейт. │
│ │[2009-жылдын 31-декабрын] кошо │2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо │
│ │алганда алынган кирешелерге жана │алганда алынган кирешелерге жана │
│ │мүлккө карата салыктарды, бажы │мүлккө карата салыктарды, бажы │
│ │төлөмдөрү боюнча │төлөмдөрү боюнча │
│ │милдеттенмелердин, социалдык │милдеттенмелердин, социалдык │
│ │камсыздандыруу боюнча │камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрдүн жана башка │чегерүүлөрдүн жана башка │
│ │милдеттүү төлөмдөрдүн │милдеттүү төлөмдөрдүн │
│ │тындырылгандыгынын таануу │тындырылгандыгынын таануу │
│ │фактысын кошпогондо, кирешелер │фактысын кошпогондо, кирешелер │
│ │жана мүлк жөнүндө декларация │жана мүлк жөнүндө декларация │
│ │укукту белгилөөчү же укукту │укукту белгилөөчү же укукту │
│ │күбөлөндүрүүчү документ болуп │күбөлөндүрүүчү документ болуп │
│ │эсептелбейт. │эсептелбейт. │
│ │Ыйгарым укуктуу кызмат адамы │Ыйгарым укуктуу кызмат адамы │
│ │тарабынан ырасталган кирешелер │тарабынан ырасталган кирешелер │
│ │жана мүлк жөнүндө декларация │жана мүлк жөнүндө декларация │
│ │Кыргыз Республикасынын Салык │Кыргыз Республикасынын Салык │
│ │кодексинин 92-беренесине ылайык │кодексинин 92-беренесине ылайык │
│ │Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│ │жарандарынын бирдиктүү салык │жарандарынын бирдиктүү салык │
│ │декларациясын, ошондой эле │декларациясын, ошондой эле │
│ │"Кыргыз Республикасынын │"Кыргыз Республикасынын │
│ │мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана│мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана│
│ │"Саясий жана башка атайын │"Саясий жана башка атайын │
│ │мамлекеттик кызматтарды ээлеп │мамлекеттик кызматтарды ээлеп │
│ │турган адамдардын, ошондой эле │турган адамдардын, ошондой эле │
│ │алардын жакын туугандарынын │алардын жакын туугандарынын │
│ │кирешелери, милдеттенмелери жана │кирешелери, милдеттенмелери жана │
│ │мүлкү жөнүндө маалыматтарды │мүлкү жөнүндө маалыматтарды │
│ │декларациялоо жана жарыялоо │декларациялоо жана жарыялоо │
│ │тууралуу" Кыргыз Республикасынын │тууралуу" Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамдарына ылайык Кыргыз │мыйзамдарына ылайык Кыргыз │
│ │Республикасынын мамлекеттик │Республикасынын мамлекеттик │
│ │кызматчысынын жана анын үй-бүлө │кызматчысынын жана анын үй-бүлө │
│ │мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери│мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери│
│ │жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө│жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө│
│ │жана берүүсүнө негиз болуп │жана берүүсүнө негиз болуп │
│ │эсептелет. │эсептелет. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│5│5-берене. Декларациялоо мөөнөтү │5-берене. Декларациялоо мөөнөтү │
│ │ │ │
│ │Декларациялоо мөөнөтү болуп │Декларациялоо мөөнөтү болуп │
│ │[2010-жылдын 1-мартынан баштап │2012-ЖЫЛДЫН 1-АПРЕЛИНЕН │
│ │2010-жылдын 1-июлун] кошо │2012-ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНА кошо │
│ │алгандагы мезгил эсептелет. │алгандагы мезгил эсептелет. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│6│7-берене. Декларацияланбаган │7-берене. Декларацияланбаган │
│ │ салык жана бажы │ салык жана бажы │
│ │ милдеттенмелерин жана │ милдеттенмелерин жана │
│ │ социалдык │ социалдык │
│ │ камсыздандыруу боюнча │ камсыздандыруу боюнча │
│ │ чегерүүлөрдү │ чегерүүлөрдү │
│ │ тындыруунун тартиби │ тындыруунун тартиби │
│ │ │ │
│ │1. Декларациялоонун натыйжасында │1. Декларациялоонун натыйжасында │
│ │Кыргыз Республикасынын жаранынын │Кыргыз Республикасынын жаранынын │
│ │[2009-жылдын 31-декабрын] кошо │2012-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо │
│ │алганда пайда болгон │алганда пайда болгон │
│ │декларациялоо субъекттерине │декларациялоо субъекттерине │
│ │карата билдирилбеген бардык салык│карата билдирилбеген бардык салык│
│ │жана бажы милдеттенмелери, │жана бажы милдеттенмелери, │
│ │социалдык камсыздандыруу боюнча │социалдык камсыздандыруу боюнча │
│ │чегерүүлөрү, башка милдеттүү │чегерүүлөрү, башка милдеттүү │
│ │төлөмдөрү, ошондой эле ушул │төлөмдөрү, ошондой эле ушул │
│ │милдеттенмелер боюнча айыптары, │милдеттенмелер боюнча айыптары, │
│ │пайыздары жана туумдары │пайыздары жана туумдары │
│ │тындырылган деп таанылат. Бул │тындырылган деп таанылат. Бул │
│ │милдеттенмелерге карата эч кандай│милдеттенмелерге карата эч кандай│
│ │кылмыш-жаза, администрациялык же │кылмыш-жаза, администрациялык же │
│ │башка териштирүүлөр демилге │башка териштирүүлөр демилге │
│ │кылынбайт. │кылынбайт. │
└─┴─────────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘