Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 341
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкү негиздер боюнча аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү сунушталат, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттары жана алардын өлчөмдөрү түрдүү маанилерде белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору каржылоо булактарын аныктагандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын бирдей маанилерде белгилөө кошумча чыгымдарга алып келет.
Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттары республикалык, облустук жана райондук деңгээлдерде түрдүү дифференциациялоону карайт, андан сырткары мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарынын минималдуу базалык ставкалары дагы борбордук аппараттардын, региондор аралык, облустук жана райондук аймактардын деңгээлинде айырмаланат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарын жана иштин көлөмүн, татаалдыгын жана чечимдерди кабыл алуу даражасын эске алуу менен бирдей маанилерде алардын өлчөмдөрүн белгилөө максатка ылайыксыз.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык ченемдик актылардын бюджеттерин бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган учурда ага ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдоолору көбөйөт же кирешелери азаят, тиешелүү сумма республикалык бюджеттен компенсацияланат.
Муниципалдык кызматчылардын минималдуу базалык ставкасын гана 2 эсеге көбөйткөндө республикалык бюджеттен жылына 1,1 млрд. сом керектелерин белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көбөйтүүгө каражат каралган эмес.
Бюджеттик ресурстардын өтө чектелген шарттарында муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көбөйтүүгө кошумча сарптоолорду жүргүзүү мүмкүн эмес.