Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы N 783 токтому менен бекитилген |
Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын (мындан ары - Координациялык комиссия) укуктук статусун аныктайт жана анын ишинин маселелерин жөнгө салат.
2. Координациялык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга жана ушул Жобого таянат.
3. Координациялык комиссия өзүнүн ишин төмөнкүдөй принциптерде жүргүзөт:
- мыйзамдуулук;
- ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;
- коллегиялуулук, маселелерди эркин талкуулоо жана чечүү.
2. Координациялык комиссиянын максаттары жана милдеттери
4. Координациялык комиссиянын негизги максаты Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык конвенциясы (мындан ары Рамкалык конвенция) жана ага Киото протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын парник газдардын атмосферадагы концентрациясын климаттык системага антропогендик коркунучтуу таасир этишин болтурбоочу деңгээлде стабилдештирүүгө багытталган иштерин жетектөө жана координациялоо болуп эсептелет.
5. Негизги функциялары:
- Рамкалык конвенциянын аткаруучу органдарына керектүү отчетторду даярдоону, мезгили менен жаңыртып турууну, жарыялоону жана берүүнү жетектөө;
- антропогендик чыгаруулардын булактарынан алардын чыгарылуу жана Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарды жутуп алуучулардын абсорбциялоосу проблемасын чечүү, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчеттордун жарыяланышын жана такай жаңыртылышын уюштуруу жолу менен климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча иш-чараларды камтыган улуттук, ал эми тийиштүү учурларда региондук программаларды иштеп чыгуунун жана аткаруунун уюштурулушун координациялоо жана бул иште министрликтер менен ведомстволорго көмөктөшүү;
- министрликтердин жана ведомстволордун климаттын өзгөрүшүнө тийиштүү ыңгайлашууга көмөктөшүү боюнча чараларды камтыган улуттук, жана тийиштүү учурларда региондук программаларды иштеп чыгуу, аткаруу, ошондой эле аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду жарыялоо жана такай жаңылап туруу боюнча иштерин координациялоо жана көмөктөшүү;
- парник газдардын антропогендик чыгарылышын чектөөгө, азайтууга же токтотууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, климаттын өзгөрүшү жагында өлкөнүн потенциалын арттырууга алып келүүчү технологияларды, методдорду жана процесстерди иштеп чыгууга, колдонууга жана жайылтууга, анын ичинде өткөрүп берүүгө көмөктөшүү;
- климаттык финансы ресурстарын тартууга жана ушул жааттагы иштерди натыйжалуу координациялоого көмөктөшүү;
- Монреаль протоколу менен жөнгө салынбачу бардык парник газдардын жутуп алгычтарын жана топтогучтарын сарамжалдуу пайдаланууну координациялоо жана көмөктөшүү, ошондой эле тийиштүү учурларда аларды корууга жана сапатын арттырууга көмөк көрсөтүү;
- улуттук, социалдык, экономикалык жана экологиялык саясат жүргүзүүдө климаттын өзгөрүшүнө байланышкан факторлордун эсепке алынышын камсыздоо жагында министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоо; климаттын өзгөрүшүнүн экономикага, коомдун саламаттыгына жана айлана-чөйрөнүн сапатына кесепеттерин минималдаштыруу максатында тийиштүү методдорду пайдалануу;
- климаттык системага байланышкан жана билимдерди тереңдетүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн себептерине, кесепеттерине, масштабдарына жана убакыттарына тиешелүү болуп жаткан анык эместиктерди азайтууга же жоюуга арналган илимий, технологиялык, техникалык, социалдык-экономикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
- климаттык системага жана климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле ага чара көрүүнүн ар түрдүү стратегияларынын экономикалык жана социалдык натыйжаларына байланышкан илимий, технологиялык, техникалык, социалдык-экономикалык жана юридикалык информацияны толук, ачык жана ыкчам алмашуунун координациясын камсыздоо;
- климаттын өзгөрүү маселелери боюнча билим берүү, кадрларды даярдоо жана элге маалымат берүү жагындагы иштерди уюштурууга көмөктөшүү жана кызыкдар тараптардын, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын бул процесске кеңири катышуусун колдоо;
- климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлорду, климаттын өзгөрүшүн болтурбоо боюнча долбоорлорду, анын ичинде Парник газдардын чыгарылышын азайтуу боюнча улуттук алгылыктуу пландарды жана Таза өнүгүү механизминин долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо; потенциалдуу инвесторлор менен стратегиялык маселелер боюнча өз ара байланышта иштешүү (өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга жана башка документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюу; долбоордук документтерди, анын ичинде контракттарды бекитүү);
- климаттын өзгөрүшү жагындагы башкаруу процессин жөнгө салуучу нормативдик укуктук жана башка нускама-методикалык документтердин иштелип чыгышын координациялоо жана көмөктөшүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Координациялык комиссия кызыкдар тараптардын жана коомчулуктун өзүнүн иши жөнүндө маалым болушун камсыздайт.
7. Координациялык комиссия бардык кызыкдар тараптарды Кыргыз Республикасынын БУУнун Рамкалык конвенция боюнча милдеттенмелерин аткаруу процессине тартууга көмөктөшөт.
8. Координациялык комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардан керектүү оперативдик жана статистикалык маалыматтарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдардын адистерин климаттык долбоорлорду экспертизалоо үчүн ишке тартууга;
- климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн проблемалары боюнча кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө өзүнүн компетенциясынын чегинде көмөктөшүүгө.
3. Координациялык комиссиянын ишинин уюштурулушу
9. Координациялык комиссиянын төрагасы, парник газдарынын чыгарылышын азайтуунун улуттук алгылыктуу пландарынын долбоорлорун аткаруу, ошондой эле адаптациялык чаралар, Таза өнүгүү механизминин долбоорлору боюнча улуттук координатор болуп саналат жана бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда талап кылынуучу расмий документтерге кол коюуга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары (айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тейлеген) эсептелет, ал климаттык каржылоо боюнча улуттук байланышуучу адам болуп саналат жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу расмий документтерге кол коюуга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Координациялык комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
12. Координациялык комиссиянын чечимдери катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Комиссиянын төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет.
13. Координациялык комиссиянын чечими катышкандардын теңинен ашыгы добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Добуштар тең болуп калса төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
14. Координациялык комиссия өз компетенциясына ылайык кабыл алган чечимдер аткаруучу бийликтин бардык мамлекеттик органдары, ошондой эле анын карамагындагы чөйрөдө иштеген ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн милдеттүү болот.
4. Координациялык комиссиянын жумушчу органы
15. Координациялык комиссиянын анын Секретариаты катары туруктуу негиздеги жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги болот, ал Координациялык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык, информациялык-аналитикалык жактан камсыздайт жана Координациялык комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт.