Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-октябры № 725
Кыргыз Республикасынын экономика
тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы
күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө
Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолуусу боюнча кырдаалды эске алуу менен экономика тармактарын жана калкты 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге тиешелүү түрдө даярдоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы жылытуу мезгилине болгон даярдыгы жана Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу боюнча кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин маалымкаты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилери көмүр камдоо боюнча бекитилген графиктерди аткаруу боюнча шашылыш чара көрүү үчүн жеке жоопкерчиликтүү экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары күзгү-кышкы мезгилге даярдыктын графигинен олуттуу артта калуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын, Бишкек шаардык мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жана Ош шаарынын мэриясынын "Жылуулукберүү" Ош муниципалдык ишканасынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- толук көлөмдө отун камдоо графигин аткарууну;
- электр энергиясы менен кубаттуулугун керектөөдөгү белгиленген лимиттерди күзгү-кышкы мезгил ичинде сактоону.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилди өтүүдө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын ишин координациялоону;
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканалары менен бирдикте 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жана энергосистемасынын туруктуу иштөөсүн;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаарынын ЖЭБине 100 миң тоннага чейинки өлчөмдө кыргыз көмүрүн кошумча жеткирүүнү.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому 2013-жылы кыргыз энергосистемасынын Борбордук Азиянын Бириккен энергосистемасынын курамында параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн карыздарды тындырууга бюджеттик уюмдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
8. "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык акционердик коомдоруна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- электр энергиясын жоготууну 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча пландык деңгээлге чейин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;
- энергетикалык системадагы максималдык чыңалуу сааттарында электр түзүлүштөрүн колдонууну болтурбоо жөнүндө электр энергиясын керектөөчүлөр менен туруктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө электр жабдууларын капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин аяктоо;
- буу казандарынын жабдууларын оңдоо жана 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилди өтүү убагында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын технологиялык объектилерине үзгүлтүксүз электр берүүнү камсыздоо.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканалары менен бирдикте калкка, "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна, бюджеттик уюмдарга жана райондук мамлекеттик администрацияларга түзүлгөн келишимдерге ылайык тиешелүү сапаттагы жергиликтүү көмүрдү жеткирүүнү улантсын.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги импорттук жана жергиликтүү өндүрүштөгү көмүрлөрдүн республиканын ички рынокторундагы чекене бааларына туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бюджеттик уюмдардын электр энергиясын белгиленген лимитинен ашык колдонуусун болтурбоо боюнча контролдоону камсыз кылсын.
12. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде республиканын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана 2013-жылга жаратылыш газын сатып алууга келишим түзүү боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
13. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна Ош шаарынын ЖЭБи үчүн 4,0 миң тонна мазутту жеткирүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 4.1-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун имаратына электр берүү үчүн техникалык шарттарды (электр менен жылытууну эске алып) берүү жөнүндө маселени карап чыксын.".
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1, 4-14, 15, 18 жана 19-тиркемелер ушул токтомдун 1, 2-12, 13, 14, 15-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
- 16-тиркемедеги "Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү (млрд. куб.м)" сабы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌──────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬───────┬──────┬───────┬───────┐
│Токтогул │ 13,5│ 16,6│ 16,6│ 17,5│ 17,5│ 15,2│ 15,2│ 10,9│
│суу сакта-│ │ │ │ │ │ │ │ │
│гычындагы │ │ │ │ │ │ │ │ │
│суунун │ │ │ │ │ │ │ │ │
│көлөмү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(млрд. │ │ │ │ │ │ │ │ │
│куб.м) │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴───────┴──────┴───────┴───────┘
";
- ушул токтомдун 16-тиркемесине ылайык 25-тиркеме менен толукталсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
17. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Жалалабат электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулуктармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;
Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".
Кыргыз Республикасынын
Жетекчисинин биринчи орун басары |