Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 193 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кеңештин максаттары, негизги милдеттери жана укуктары
3. Кеңештин ишин жүргүзүү тартиби
4. Кеңештин ишин токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) консультациялык-кеңешме орган болуп саналат.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаттары, негизги милдеттери жана укуктары
3. Кеңештин ишинин максаты төмөнкүлөр:
- кызыкдар мамлекеттик органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн, жергиликтүү коомчулуктун ролун кесиптик билим берүү жана окутуу чөйрөсүндө социалдык өнөктөш катары таануу жана стимулдаштырууга көмөк көрсөтүү;
- түрдүү мамлекеттик органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү коомчулуктун кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ишин пландоону, жайылтууну жана мониторинг жүргүзүүнү координациялоо.
4. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү болгон, кадрларды даярдоодогу негизги багыттарды аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- даярдоонун ар кандай деңгээлине жараша кызматкерлерге негизги талаптарды жана квалификацияларды иштеп чыгуу;
- кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерине жумуш берүүчүлөрдүн катышуусун камсыздоо;
- кадрларды даярдоодо мамлекеттик билим берүүнүн заказын түзүү үчүн эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды пландаштыруу жана болжолдоо;
- эл аралык стандарттарга ылайык көз карандысыз сертификатташтырууну жана окуу программаларын коомдук аккредитациялоодон өткөрүү системасынын механизмин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын, кесиптик бирикмелердин жана жумуш берүүчүлөрдүн кадрларды даярдоо, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу, адистердин квалификациясына баа берүү боюнча иштерди жакшыртууга катышуусу.
5. Кеңеш өздөрүнүн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- кесиптик билим берүү жана окутуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын иш-чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- кесиптик билим берүү жана баардык деңгээлде окутуунун программаларын натыйжалуу интеграциялоо, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин жыйындарын уюштурууга;
- Кеңештин жыйындарына катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жана кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди чакырууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен бирдикте иш жүргүзүүгө;
- жумуш берүүчүлөрдүн тармактык бирикмелерин түзүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун квалификациялык түзүмүнүн маселелери боюнча сунуштарды кароого жана киргизүүгө;
- төмөнкү сунуштарды жана жол-жоболорду кароого жана жетекчиликке киргизүүгө:
- стандарттарды иштеп чыгуу системаларын;
- компетенттүүлүккө негизделген окуу программаларын жана материалдарды иштеп чыгуу системаларын;
- программаларды каттоо жана аккредитациялоо системаларын;
- баалоо жана сертификатташтыруу системаларын.
3. Кеңештин ишин жүргүзүү тартиби
6. Кеңешти Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри - төрага башкарат, ал Кеңештин ишин жетектейт, жыйындарда төрагалык кылат, Кеңештин ишинин планын жана регламентин бекитет.
7. Кеңештин жыйыны кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт, эгерде кеңешмеге мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес мүчөсү катышса укуктуу болуп эсептелет.
8. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин иши, кабыл алынган чечимдер боюнча маалымат ала алышат, ошондой эле Кеңештин компетенциясынын чегинде каалаган маселени талкууга киргизе алышат.
9. Кеңештин мүчөлөрү жыйында каралуучу маселелерди талкуулоодо бирдей укуктуу болушат.
Кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, мында Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар бирдей болуп калган учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги Кеңештин катчылыгы болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кеңештин Катчылыгы:
- Кеңештин жыйындарынын күн тартибин түзөт;
- Кеңештин жыйындарында кароо үчүн кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултат;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Кеңештин ишине тартылган адистердин жана эксперттердин ишин координациялайт;
- уюштуруу жана жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кеңештин кароосуна киргизет;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде кадрларды даярдоо тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- стандарттар, окуу программалары жана материалдары системаларын иштеп чыгуу, программаларды каттоо жана аккредитациялоо, баалоо жана сертификатташтыруу каражаты катары стратегияларды, колдонмолорду жана жол-жоболорду Кеңештин кароосуна жана жактыруусуна киргизилет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды аткарат.
12. Кеңештин жыйынын даярдоо жага өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин, тиешелүү документтерди, материалдарды жана Кеңештин жыйынын протоколун тариздөөнү Кеңештин катчы-референти жүргүзөт. Катчы-референттин милдети Катчылыктын штаттык кызматкерлеринин бирине кошумча акы төлөнбөстөн жүктөлөт. Катчы-референт Кеңештин мүчөсү болуп эсептелбейт.
13. Кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет, ага төрага кол коет жана тиешелүү министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук жана башка уюмдарга жиберилет.
4. Кеңештин ишин токтотуу
14. Кеңештин ишин токтотууга негиз болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими эсептелет.