Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 193
Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 6-июлундагы № 452, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын иш-чараларын ишке ашыруу, эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана социалдык өнөктөштөрдүн өз ара аракетин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Союзтекстиль" текстилдик өнөр жай ишканалар союзунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Био-KG" органикалык кыймылынын ассоциация-федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Эл аралык ишкер кеңеши" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
БАУА Бизнес-ассоциацияларынын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).