Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 1-июну № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 47 (3119) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Аталган токтом менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жободо:
- 17-пунктунда:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картасынын) көчүрмөсү (салыштыруу үчүн паспортунун түп нускасы);
- жашаган жеринен же барган жеринен маалым кат;";
онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Күбөлөндүрүү актысына ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиркелет.
Жарандын тиричилик аракетинин чектелишинин түзүмүн жана даражасын аныктоо зарыл болгон учурларда медициналык текшерүүнүн атайын түрлөрүн жүргүзүү үчүн МСЭКтин төрагасы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо жазылып берилет.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Экспертиза жарандын туруктуу жашаган жерине же барган жерине ылайык МСЭК тейлеген аймак боюнча жүргүзүлөт.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Эгерде жаран ден соолугунун абалы боюнча МСЭКке экспертизага келе албаса, саламаттык сактоо уюмдарынын корутундусуна ылайык экспертиза төмөнкүчө жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) үйүндө же жаран стационардык дарыланууда болгон саламаттык сактоо уюмдарында;
2) оорулары, дефекттери, калыбына келгис морфологиялык өзгөрүүлөрү, органдарынын жана организмдин системаларынын функцияларынын бузулуулары бар жарандарды кайрадан күбөлөндүрүүдө төмөнкү учурларда сырттан жүргүзүлөт:
- жаран алыскы же жетүүгө кыйын болгон жерде жашаса;
- жаранды ташууга тоскоолдук кылуучу анын жалпы абалы өтө оор болсо;
- оорусунун бар экендигин ырастоочу медициналык документтерге (амбулатордук карта, стационардык дарылоо жөнүндө оору таржымалынын көчүрмөлөрү, медициналык корутундулар (консультативдик корутундулар, текшерүүлөрдүн натыйжалары) ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дарыланууда жүрсө.
Жарандын медициналык-социалдык экспертизасынын натыйжалары боюнча МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы түзүлөт, ага төмөнкүлөр тиркелет:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн протоколдор журналына каттоо менен сырттан күбөлөндүрүүдөн өткөндүгү жөнүндө арызы;
- 18 жашка чейинки жарандар үчүн - саламаттык сактоо уюмунун 18 жашка чейинки балага ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча медициналык-социалдык экспертизага жолдомосу;
- 18 жаштан жогору жарандар үчүн - саламаттык сактоо уюмунун ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча медициналык-социалдык экспертизага жолдомосу;
- амбулатордук карта, стационардык дарылоо жөнүндө оору таржымалынын көчүрмөлөрү, ооруну ырастоочу медициналык корутундулар (консультативдик корутундулар, текшерүүлөрдүн натыйжалары).
Майыптык МСЭК тарабынан медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ушул Жободо аныкталган майыптуулукту белгилөө мөөнөттөрүнө ылайык сырттан аныкталат.";
- 40-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам статусун белгилөөдө МСЭК реабилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгат жана аны эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар), алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бөлүмдөрүнө жиберет. Жаранга реабилитациялоонун жекече программасы ал иштелип чыккандан кийин экспертиза жүргүзүү убагында, бир айдан кеч эмес берилет.";
- 42-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиричилик аракетинин бузулуусунун байкалгандыгына байланыштуу башка адамдын туруктуу жардамына, багуусуна, көзөмөлүнө муктаждыгы, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен: "башка адамдын туруктуу багуусуна муктаж" же "башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж.";
- 44-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. МСЭК, саламаттык сактоо уюмдарынын, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ортосундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам статусун алган жарандар жөнүндө маалымат алмашуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат.";
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү, жумуш берүүчү экспертиза жүргүзгөн МСЭКтин эксперттик чечими менен макул болбогон учурда аны жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга даттана алат.";
- 68-пунктундагы "жолдомону" деген сөз "суроо-талапты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 70-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"70. Майыптыктын келип чыгуу убактысы, майыптыктын тобу, себеби, өткөн мезгил үчүн пайыз түрүндө (мындан ары - %) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу (мындан ары - КЭЖЖ) даражасы жөнүндөгү майыптык белгилери бар экендигине корутундулар МСЭК тарабынан күбөлөндүрүлгөн күндөн тартып МСЭКтин маалым каты жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү менен таризделет жана МСЭКтин төрагасынын мөөрү, кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.";
- 72-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72. Күбөлөндүрүү үчүн МСЭКке алгачкы жолу кайрылууда кача болгондон кийин майыптыкты белгилөөгө экспертиза жүргүзүү жарандын өлгөнгө чейин экспертизага берген документтери болгон учурда ишке ашырылат. МСЭКтин маалым катына (өлгөндөн кийинки) МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө үч айдын ичинде берилет.";
- 78-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) "Бала чагынан угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" - саламаттык сактоо уюмдарынын ВККнын корутундусунун, бала чагынан оорусунун бар экендигин ырастоочу медициналык документтердин, анын ичинде амбулатордук оорулуунун медициналык картасынын, сурдологдун консультациясынын жана угууну компьютердик текшерүүнүн негизинде угуу функциясынын жоктугу (III-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катуулугу, тубаса дүлөйлүк);";
- 93-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 111-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111. КЭЖЖ организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусунда жабырлануучунун ден соолугунун абалын баалоонун жана анын компенсатордук жана ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүгүүсүн болжолдоонун, жүргүзүлгөн реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыздыгынын, КЭЖЖнын даражасынын туруктуулугунун натыйжасында 30дан 59 пайызга чейин (59 пайыз кошо) КЭЖЖ даражасы менен, 5тен 29 пайызга чейин (29 пайыз кошо) КЭЖЖнын даражасы менен жарандарды алты жыл бою динамикалык байкоодон кийин мөөнөтсүз белгиленет.";
- 210-пунктунда:
"е" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"е) тубаса кем акылдык (эгерде диагноз күмөн жаратпаса, ар кандай даражадагы акыл-эстин артта калуусу);";
төмөнкүдөй мазмундагы "и" пунктчасы менен толукталсын:
"и) аутизм.";
- 234-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"234. Туруктуу калыбына келгис морфологиялык өзгөрүүлөр жана органдардын жана организмдин системаларынын функцияларынын бузулуулары менен ден соолугунун бузулушунун натыйжасында пайда болгон тиричилик аракеттеринин узакка чектелишинин, реабилитациялык иш-чаралардын натыйжасыздыгынын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын социалдык кемчилдигин (тиричилик аракетинин чектелишине, социалдык жашоосундагы адам үчүн адаттагы ролду аткаруу мүмкүн эместигине (толук же жарым-жартылай) алып келүүчү жана социалдык коргоонун зарылдыгын шарттоочу ден соолуктун бузулушунун социалдык кесепеттери) жоюуга же азайтууга мүмкүн болбогондо МСЭКтин байкоо мөөнөттөрү төмөнкүдөй: динамикалык байкоодон кийин жана майыптыктын тобунун туруктуулугунда майыптыктын I тобу - төрт (4) жыл; майыптыктын II тобу - төрт (4) жыл; майыптыктын III тобу - алты (6) жыл.
"18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы боюнча ай сайын социалдык жөлөкпулду алган адамдарга кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүсүз майыптыктын топторун белгилөө үчүн МСЭКтин байкоо мөөнөтү эске алынат.";
- 260-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"260. Өнөкөт күчөө менен өтүүчү нерв системасынын тукум куучулук жана тубаса оорулары, анын ичинде нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, тилдик, сүйлөө, сенсордук (көрүү) функциялардын туруктуу байкалган бузулушу менен нейродегенеративдик оорулар (паркинсонизм плюс).";
- 262 жана 263-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"262 Бардык генездеги оор кем акылдык.
263. Олуттуу жүрүм-турумдук бузулуулар менен акыл-эстин артта калуусунун жеңил түрү.";
- 266-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"266. Ill-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катуулугу, бала чагынан дүлөйлүк, дүлөй-дудуктук. Кулак калканынын жанындагы катуу сүйлөшүүнү укпоону дүлөйлүк деп эсептөө керек. Бала чагынан угуусу боюнча майыптыктын III тобу кайра күбөлөндүрүүсүз алгачкы күбөлөндүрүүдө белгиленет.
Ill-IV даражадагы эки тараптуу кулактын катуулугу бар, начар уккандар үчүн адистештирилген мектепте окуган адамдарга 18 жашка толгондон кийин "бала чагынан" себеби боюнча майыптыктын III тобу белгиленет.";
- 269-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"269. Ill жана IV даражадагы кифоз жана кифосколиоз.";
- 274-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"274. Пульмонэктомия: майыптыктын III тобу мөөнөтсүз.";
- 23-главанын 7-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы "Эскертүү" менен толукталсын:
"Эскертүү.
Майыптыгы кайра күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген анатомиялык дефекттери бар жарандарга, кийин реабилитациялоонун жекече программасын (5 жылга) иштеп чыгуу менен жана жашаган жери же барган жери боюнча диспансердик каттоого алынып, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмунда дарылануу курсу жана медициналык реабилитациялоо менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын бул категориясын мындан ары байкоо менен медициналык корутундуга ылайык майыптыктын тиешелүү тобу "мөөнөтсүз" белгиленет.";
- 283-286-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"283. Майыптыктын I тобу белгиленет - организмдин функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0-0,04, экинчи көзү жок болсо көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 10 градуска чейин же андан төмөн. Парацентралдык абсолюттук туташ скатомалар.
284. Майыптыктын II тобу белгиленет - организмдин функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0,05ген 0,1ге чейин. Кош көздөп көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 20 градуска барабар же андан аз, бирок 10 градустан кенен. Бирин-серин абсолюттук скатомалар, көп сандаган туташ эмес скатомалар.
285. Майыптыктын III тобу белгиленет - организмдин функцияларынын туруктуу орточо байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0,1ден жогору 0,3 чейин. Кош көздөп көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 40 градустан төмөн, бирок фиксация чекитинен радиус боюнча 20 градустан кенен. Бирин-серин салыштырмалуу скатомалар.
286. Алгачкы күбөлөндүрүүдөгү залалдуу шишикте (көздүн чанагын алып салуу) 2 жылдык байкоо мөөнөтү менен. Оң динамикада реабилитация жүргүзүлөт.";
- 23-главанын 8-параграфынын эскертүүсү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 289-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 295-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"295. Орточо оор даражадагы бронх астмасы.";
- 298-300-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"298. Жылына 3 же андан көп жолу күч алуу менен карындын жана он эки (12) эли ичегинин жара оорусунда.
Тиричилик аракетинин чектелишинин байкалган даражасы менен "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө
299. Оор өтүүчү бронх астмасында.
300. Диагноз аныкталган учурдан тартып атайын диетаны талап кылуучу зат алмашуунун тубаса жана тукум куучулук оорулары.";
- 330-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"330. Көрүү органынын бузулуусу:
Тиричилик аракетинин орточо байкалган чектелиши менен "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы 2 жылга чейинки мөөнөткө:
1) организмдин функцияларынын туруктуу байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө) 0,05тен 0,1ге чейин; кош көздөп көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 20 градуска барабар же андан аз, бирок 10 градустан кенен; бирин-серин абсолюттук скатомалар, көп сандаган аралаш эмес скатомалар;
2) организмдин функцияларынын туруктуу орточо байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0,1ден жогору 0,3 чейин; кош көздөп көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 40 градустан төмөн, бирок фиксация чекитинен радиус боюнча 20 градустан кенен; бирин-серин салыштырмалуу скатомалар.
Тиричилик аракетинин чектелишинин даражасы менен "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы 5 жылга чейинки мөөнөткө:
3) алгачкы күбөлөндүрүүдөгү залалдуу шишикте (көздүн чанагын алып салуу) 5 жылдык байкоо мөөнөтү менен;
4) 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала: организмдин функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары менен, көрүүнүн курчтугу (көрүүсү жакшы көздө, коррекциялоо менен) 0дөн (нөлдөн) 0,04кө чейин, экинчи көзү жок болсо көрүү талааларынын концентриялык ичкерүүсү 10 градуска чейин же андан төмөн, парацентралдык абсолюттук аралаш скатомалар.";
- 338 жана 339-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"338. Акыл-эстин артта калуусунун жеңил жана орточо түрү менен Даун синдрому.
339. Баланын эрте аутизми жана аутисттик спектрдин башка бузулуулары, анын ичинде акыл-эстин артта калуусунун орточо түрү.";
- 343-345-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"343. Акыл эстин артта калуусунун оор жана олуттуу түрү менен Даун синдрому, анын ичинде акыл-эстин оор жана олуттуу түрү.
344. Баланын эрте аутизми жана акыл-эстин орточо, оор жана олуттуу түрү менен коштолуучу аутисттик спектрдин башка бузулуулары.
345. Оор даражада байкалган өнүгүүнүн жалпы бузулуулары, анын ичинде оор даражада байкалган деменция.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 25 жана 26-главалар менен толукталсын:
"25. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясында 18 жашка толгонго чейин "дайыма башка адамдын багуусуна" жана "дайыма башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө" муктаждыгын аныктоо үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги
378. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясын 5 жылдык мөөнөткө белгилөө үчүн көрсөткүчтөр жана шарттар.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү учурларда белгиленет:
1) залалдуу шишик аныкталган учурда балдарды алгачкы күбөлөндүрүүдө, анын ичинде курч же өнөкөт лейкоздун бардык формасында;
2) туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган психикалык, нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, сенсордук функциялардын тубаса операцияланган гидроцефалия менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кайрадан күбөлөндүрүүдө;
3) III-IV даражадагы тез күч алуучу, мобилдүү, реабилитациянын узак, татаал түрлөрүн талап кылган сколиоз менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кайрадан күбөлөндүрүүдө;
4) өмүргө коркунуч алып келүүчү абалдардын жогорку тобокелдигине ээ адреногениталдык синдрому менен (сольтеряющая форма) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кайрадан күбөлөндүрүүдө;
5) стероиддик көз каранды болуу жана стероиддик резистенттүүлүк менен нефротикалык синдромго ээ, жылына 2 же андан көп жолу күч алуучу, күчөө менен өтүүчү, бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги (бардык стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт oopусу) менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кайрадан күбөлөндүрүүдө;
6) зонд аркылуу тамактануу менен тамак сиңирүү системасынын функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуусу менен жаак - бет бөлүгүнүн өнүгүүсүнүн тубаса, тукум куучулук кемчилигинде.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясын 18 жашка чейинки мөөнөткө белгилөө үчүн көрсөткүчтөр жана шарттар.
379. Оорунун өтүүсүн өз алдынча системалуу контролдоо, өз алдынча диетотерапияны ишке ашыруу мүмкүн болбогон курактык мезгилде орточо оор өтүүчү фенилкетонуриянын классикалык формасына ээ баланы алгачкы күбөлөндүрүүдө.
380. Үзгүлтүксүз кайталануу менен өтүүдө өнөкөт тромбоцитопениялык пурпура менен, оор геморрагиялык криздер, терапияга резистенттүүлүк менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кайрадан күбөлөндүрүүдө.
381. Бөйрөктөрүн трансплантациялоого каршы көрсөтмөлөр болгондо бөйрөктүн бешинчи стадиядагы өнөкөт оорусу.
382. Гепатоспленомегалия жана III даражадагы порталдык гипертензия менен боордун циррозу.
383. Тубаса аягына чыкпаган (жетилбеген) остеогенез.
384. Организмдин функцияларынын байкалган жана олуттуу байкалган бузулуусуна (муковисцидоз, ацидемиянын же ацидуриянын, глютарикацидуриянын, галактоземиянын оор формалары, лейциноз, Фабри оорусу, Гоше оорусу, Ниманн-Пиканын оорусу, мукополисахаридоз, балдардын фенилкетонуриясынын кофактордук формасы (II жана III типтердеги фенилкетонурия) алып келүүчү, прогредиенттик оор өтүүчү, патогенетикалык дарылоо менен компенсацияланбаган зат алмашуунун тукум куучулук бузулуулары.
385. Организмдин функцияларынын байкалган жана олуттуу байкалган бузулууларына алып келүүчү, прогредиенттик оор өтүүчү зат алмашуунун тукум куучулук бузулуусу (Тея - Сакс оорусу, Краббе оорусу).
386. Скелеттик жана кыймыл (статодинамикалык) менен байланышкан функциялардын, кан системасынын жана иммундук системанын байкалган жана олуттуу байкалган бузулуулары менен ювенилдик артрит.
387. Оор өтүүчү иммундук механизмди катыштыруучу, кайталануучу инфекциялык кошумча оорулар менен, туруктуу (өмүр бою) алмаштыруучу жана (же) иммундук модулдоочу терапияны талап кылуучу иммундук дисрегуляциянын оор синдромдоруна ээ айрым бузулуулар.
388. Тубаса буллездук эпидермолиз, оор формасы.
389. Кемчилдикти паллиативдик гана коррекциялоого мүмкүн болгон баланын ар кандай органдарынын жана организминин системаларынын тубаса кемчилдиктери.
390. Организмдин функцияларынын туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган бузулууларына, анын ичинде акыл-эстин оор жана олуттуу артта калуу деңгээлине чейинки психикалык функциялардын бузулушуна алып келүүчү прогредиенттүү өтүүчү же жагымсыз болжомол менен тубаса аномалиялөр (кемчиликтер), деформациялар, хромосомдук жана генетикалык оорулар (синдромдор). Балдардагы трисомия 21 (Даун синдрому), ошондой эле башка аутосомдук сандык жана балансталбаган түзүмдүк хромосомдук аномалиялар.
391. Нейробулчундук, скелеттик жана кыймыл менен байланышкан (статодинамикалык) функциялардын, психикалык, тилдик жана сүйлөө функцияларынын туруктуу байкалган жана олуттуу байкалган бузулуулары менен балдардын церебралдык параличи. Жаш курактык жана социалдык көндүмдөрү жок.
392. Кандын уюшунун бузулуулары менен шартталган организмдин патологиялык абалдары (гипопротромбинемия, VII факторунун (туруктуу) тукум куучулук дефицити, Стюарт-Пpayэр синдрому, Виллебранд оорусу, IX факторунун тукум куучулук дефицити, VIII факторунун тукум куучулук дефицити, кандын же (жана) иммундук системанын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулуулары менен XI факторунун тукум куучулук дефицити.
393. Тукум куучулук, өөрчүй турган нерв-булчуңдук оорулар (Дюшенндин псевдогипертрофиялык миодистрофиясы, Вердниг-Гоффмандын спиналдык амиотрофиясы) жана тукум куучулук, тез өөрчүй турган нервдик-булчуңдук оорулардын башка формалары.
394. Жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжасыз болушунда эки көздүн тең толук сокурдугу; эки көздүн тең көрүүсүнүн курчтугунун төмөндөөсү жана көрүүсү жакшы көздө 0,04гө чейин коррекциялоо менен же туруктуу жана калыбына келгис өзгөрүүлөрдүн натыйжасында 10 градуска чейин эки көздүн тең көрүү талаасынын концентриялык ичкерүүсү.
395. Толук сокур-дүлөйлүк.
396. Тубаса көп түрдүү артрогриппоз.
397. Организмдин функцияларынын туруктуу байкалган, олуттуу байкалган бузулуулары менен анкилозирленүүчү спондилит.
26. 18 жаштан жогорку ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын категориясындагы ''дайыма башка адамдын багуусуна" жана "дайыма башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө" муктаждыгын аныктоо үчүн медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеги
398. Залалдуу шишиктер (радикалдуу дарылоодон кийин метастазалары жана рецидивдери менен; дарылоонун натыйжасыздыгында алгачкы очогун аныктоосуз метастазалары менен; паллиативдик дарылоодон кийинки жалпы оор абал; оорунун инкурабелдүүлүгү).
399. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен (статодинамикалык) байланышкан функциялардын, психикалык, сенсордук (көрүү), тил жана сүйлөө функцияларынын туруктуу олуттуу байкалган бузулуулары, байкалган ликвородинамикалык бузулуулар менен мээнин жана жүлүндүн залалсыз операбелдүү эмес шишиктери.
400. Оперативдик алып салуудан кийинки кекиртектин жоктугу.
401. Тубаса же пайда болгон кем акылдык (акыл-эстин артта калуусунун оор түрү, акыл-эстин артта калуусунун олуттуу түрү, оор деменция).
402. Нейробулчуңдук, скелеттик жана кыймыл менен (статодинамикалык) байланышкан функциялардын (корригирлөөнүн мүмкүн эместигиндеги таяныч жана жылып жүрүү) туруктуу байкалган бузулуулары менен сөөк-булчуң системасынын өнүгүүсүнүн тубаса аномалиялары.
Эскертүү. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" жана "майыптыктын 1-тобундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам" категорияларында дайыма башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыкты белгилөөнү аныктоо үчүн критерийлер болуп, тиричилик аракетинин төмөнкү категорияларынын же алардын айкалыштарынын олуттуу байкалган чектелишине алып келүүчү жана аны социалдык коргоонун зарылдыгын пайда кылган оорулар, жаракаттардын же дефекттердин кесепеттери менен шартталган органдарынын функцияларынын жана системалардын туруктуу олуттуу байкалган бузулуусуна ээ жарандын ден соолугунун бузулушу эсептелет:
- 3-даражадагы өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы жылып жүрүүгө жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы ориентация кылууга жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы баарлашууга жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы өзүнүн жүрүм-турумун контролдоого жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы окууга жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы демейдеги иш менен алектенүүгө жөндөмдүүлүк;
- 3-даражадагы эмгекке жөндөмдүүлүк.
Ушул эскертүүдө көрсөтүлгөн дайыма башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыкты белгилөөнү аныктоо үчүн критерийлер жарандарда, чоңдордо дагы, балдарда дагы оорунун жагымсыз натыйжасы жана Тиричилик аракетинин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясына жана төмөнкү тиешелүү деңгээлдерге ылайык дарылоочу дарыгердин корутундусу менен аныкталууга тийиш: IV-V деңгээлдердеги ири мотордук функциянын классификациялоо системасы (GMFCS), IV-V деңгээлдердеги мануалдык жөндөмдүүлүктөрдү классификациялоо системасы (MACS).".