Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 21-майы № 184
Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө
Программалык негизде саламаттык сактоонун мамлекеттик бюджетин түзүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Манас таалими» саламаттык сактоону реформалоонун улуттук программасын өнүктүрүү максатына грант жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Программалык негизде саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:
- 2007-жылдан тартып республикалык бюджеттин саламаттык сактоого чыгымдарын жалпысынан республика, облустар жана Ош шаары боюнча программалык негизде ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартипке ылайык түзсүн;
- саламаттык сактоого жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын түзүүдө Бишкек шаардык кеңешине ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алууну сунуштасын;
- Медициналык-санитардык жардамдын мамлекеттик гарантиялары программасына жана Коомдук саламаттык сактоо программасына бирдиктүү статьялар боюнча 2007-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарын бюджеттик кирешелердин түшүүсүнүн сезондук өзгөрүүлөрүн синхрондоштурууну SWAp грантынын каражаттары менен камсыз кылып, кварталдар боюнча бирдей бөлүштүрсүн;
- программалык форматта саламаттык сактоого чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын жана аткарылышына мониторингди камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлундагы № 280 токтому менен бекитилген методика боюнча жана өлчөмдөрдө айыл жерлеринде жана чакан шаарларда иштин шарттары үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо нормативдерине жогорулатуучу коэффициентти учурдагы чыгымдардын бекитилген бюджетинин чегинде 2007-жылдан баштап айылдык саламаттык сактоону колдоо үчүн киргизсин;
- республикалык бюджеттин, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан, атайын каражаттардан жана калктын тең төлөөсүнөн каржылоо булактарын бөлүштүрүү менен программалык форматта саламаттык сактоого бирдиктүү чыгымдар жөнүндө отчеттуулукту квартал сайын түзүүнү камсыз кылсын;
- саламаттык сактоо секторунда, ошондой эле SWAp долбоору боюнча донор уюмдарга чыгамдардын орто мөөнөттүү матрицасын жыл сайын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине программалык форматта саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө топтомо отчетту берүүнү камсыз кылсын.
4. «Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык кызмат мекемелерин Бирдиктүү төлөөчү системасында каржылоого өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-февралындагы № 106 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |