БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 10-июну № 460
Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 372 ПЖ "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу процессин тартипте келтирүү максатында, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы аркылуу бул жобого ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамактануусун уюштурууну камсыз кылсын;
- Билим берүү борборлорунун бухгалтер-калькуляторлорунун 4 штаттык бирдигин Билим берүү башкармалыгынын күтүүсүнө өткөрүп, билим берүү мекемелердин штаттык расписаниесине өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 2008-жылга бекитилген чыгымдар сметасынын чегинде "Билим берүү" бөлүмү боюнча 2008-жылга бекитилген Бишкек шаарынын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 11-январындагы № 282 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө убактылуу жобо" күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин социалдык (саламаттык сактоо, экология, социалдык жардам, калкты ишке орноштуруу, пенсия менен камсыздоо, билим берүү, спорт, туризм, маданият жана жаштардын иштери) маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Узакбаев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Ү.М.Тыналиевага жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы |
А.Ш.Осмоналиев
|