КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-июну № 351
Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежесин бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
Монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министри | А. Карашев
|