Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы № 351 токтому менен бекитилди |
Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо ЭРЕЖЕСИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый монополия субъекттеринин инвестициясынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежеси (мындан ары Эреже) мамлекеттик монополияга каршы органга жана анын аймактык органдарына (мындан ары - монополияга каршы орган) төмөнкүлөргө карата билдирүү берүү тартибин жана мөөнөтүн аныктайт:
1) инвестициялардын долбоорлору;
2) бизнес-пландар;
3) табигый монополиялар субъекттеринин иши тууралуу учурдагы отчеттор;
4) эсеп саясаты;
5) негизги каражаттарын кайра баалоо боюнча материалдар.
2. Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери ушул Эреженин 1-пунктуна ылайык монополияга каршы органга билдирүүнү берет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Билдирүү эркин формада түзүлөт жана монополияга каршы органдын жетекчисинин атына жазылат.
4. Билдирүү берүү максатына жараша төмөнкү документтер тиркелет:
1) инвестициялардын долбоорлору, анда төмөнкүлөр камтылат:
Эсеп саясаты монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча табигый монополия субъектинин жетекчиси тарабынан бекитилет. Эсеп саясаты төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) инвестиция салуунун максаты.
Бул иш-аракеттерди аткаруунун максатынын кыскача негиздемеси жана инвестиция колдонула турган (ар бир товар (жумуш, кызмат көрсөтүү боюнча) өндүрүштөгү (сатуудагы) товарлар тууралуу маалымат;
б) инвестициялык долбоор төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- инвестиция булагын;
- божомолдонгон инвестициялардын формасын жана түрлөрүн;
- инвестор тарабынан аткарылган функциялар;
- инвестициялык иш объектин, эгерде негизги каражаттарга инвестицияны көрсөткөн учурда инвестициянын бардык объекттеринин тизмесин берүүгө тийиш;
- божомолдонгон инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында башка инвесторлор менен биригүүгө арыз ээсинин ниети;
2) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-план:
а) бизнес идеяны кыскача баяндоо;
б) сунушталган продуктуларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кыскача баяндоо;
в) долбоордун максаты жана наркы;
г) технологияны кыскача сүрөттөө;
д) машиналар жана шаймандарды пайдалануу;
е) өндүрүш жайлары;
ж) берүүчүлөр жана чийки зат;
з) кошумча жумушчу күчүнө муктаждык, окутуу;
и) түздөн-түз атаандаштар;
к) кыйыр атаандаштар;
л) продуктунун баасы;
м) ишкананын атаандаштыктагы жана стратегиядагы артыкчылыгы;
н) потенциалдуу керектөөчүлөр;
о) рыноктун көлөмү;
п) инвестициялардын планы;
р) өндүрүштүн планы;
с) долбоордун пландалган экономикалык жыйынтыктары;
т) эгерде долбоор ишке ашса, ишкердин кыска мөөнөттүк жана андан кийинки максаттары;
у) ишкананын абалына баян;
ф) долбоорду каржылоо;
3) табигый монополия субъекттеринин иши жөнүндө учурдагы отчеттор.
Отчеттун курамы иштин негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн төмөнкү формаларды камтыйт:
а) бухгалтердик баланс (кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет, акча каражаттарын жүгүртүү жөнүндө отчет, бухгалтердик баланска тиркеме);
б) түшүндүрмө каттын текстинде төмөнкү маселелер ачылышы керек:
- продуктуну чыгаруунун, аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү, анын ичинде отчеттук мөөнөттө аткарылган иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча өзгөртүүлөр;
- отчеттук мөөнөттө бекитилген негизги экономикалык көрсөткүчтөрдү аткаруу;
- негизги фонддордун наркынын отчеттук жылдан кийинки жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу динамикасы жана аларды өзгөртүү себептери, пайдаланылбаган негизги каражаттар болгондугу жөнүндө маалыматтар;
- активдердин жалпы көлөмүндө ишкананын профилсиз активдеринин үлүшү;
- дебитордук жана кредитордук карыздын көлөмүн жана курамын камтуу менен мөөнөтү өткөн карыздык милдеттердин болгондугу жөнүндө маалымат;
- ар кандай деңгээлдеги бюджетке салыкты, жыйымды жана салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздын болушу;
- салыктарды, жыйымдарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча болгон кредиттин, займдардын, кепилдиктердин, кийинкиге калтыруу мөөнөттөрүнүн (узартуу) көлөмү, ошондой эле алынган карыздык милдеттерди аткаруунун шарттарын сактоо;
- ишкананын тескөөсүндө калган кирешени пайдалануу жөнүндө маалымат;
- ишкананын иштөөсүнүн күндөлүк режимин бузган же анын каржылык абалына коркунуч келтирген бардык жагдайлар боюнча маалымат.
4) эсеп саясаты;
Бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн табигый монополия субъектти мүлктүк обочолонууну божомолдогон эсеп саясатын жана субъекттин ишинин үзгүлтүксүздүгүн, эсеп саясатын колдонуу ырааттуулугун, ошондой эле чарба ишинин фактыларынын убактылуу аныкталгандыгын түзөт.
Субъект кабыл алган эсеп саясаты буйрук менен же чарбакер субъекттин жетекчисинин жазуу түрүндөгү буйругу менен бекитилет. Мында монополияга каршы органда төмөнкүлөр бекитилет жана берилет:
а) эсепти жүргүзүү үчүн зарыл болгон чарбакер субъект колдонгон бухгалтердик эсептин счетторунун планы;
б) чарбалык операцияларды тариздөө үчүн колдонулган баштапкы эсептөө документтеринин формалары, ошондой эле ички бухгалтердик отчеттуулук үчүн документтердин формалары;
в) мүлктүн жана милдеттердин айрым түрлөрүн баалоо ыкмалары;
г) мүлктү жана милдеттерди инвентаризациялоодон өткөрүү тартиби;
д) документтер менен иштөө жана эсеп маалыматын технологиялык карап чыгуу эрежеси;
е) чарбалык операцияларды контролдоо тартиби, ошондой эле бухгалтердик эсепти уюштуруу үчүн керек болгон башка чечимдер.
Субъекттин бухгалтердик эсебинде продукцияны өндүрүүгө учурдагы чыгымдар, капиталдык жана финансылык салымдар менен байланышкан иштерди аткаруу жана кызматтарды жана чыгымдарды көрсөтүү өзүнчө эсептелет.
5) Негизги каражаттарын кайра баалоо материалдары табигый монополиянын субъекти тарабынан монополияга каршы органга негизги каражаттарга кайра баалоо жүргүзгөнгө чейин, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- баштапкы наркын көрсөтүү менен кайра баалоого тийиш болгон негизги фонддордун тизмегин;
- амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын;
- даярдоочулардан алынган окшош продукцияларга учурдагы рынок баалары жөнүндө же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана атайын адабиятта жарыяланган баалардын деңгээли тууралуу маалыматтарды;
- негизги каражаттардын техникалык абалын баалоону;
- көз карандысыз эксперттерди тартуу жана алардын баалоосунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды;
- негизги каражаттарды кайра баалоо долбоорун.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Ушул Эреженин 4-пунктунун 1-5-пунктчаларына ылайык берилген билдирүү жана документтер ишенимдүү, толук болушу керек жана "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин жетекчиси тарабынан кол коюлган жана күбөлөндүрүлгөн нускасын же нусканын көчүрмөсүн бериши керек.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
6. Талап кылынган маалыматтын курамындагы коммерциялык сыр аны монополияга каршы органга берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт, мындай учурда табигый монополиянын субъекти "Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коммерциялык сыр болбогон маалыматтарды кошпогондо, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын тизмесин берүүсү керек.
7. Монополияга каршы орган бардык документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирүүнү карап чыгат.
Эгерде билдирүүнү карап чыгууда чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат керек болсо монополияга каршы орган арыз берүүчүдөн жазуу жүзүндө суроого укуктуу. Кошумча маалыматты берүү мөөнөтү - 5 күн.
8. Билдирүүнү карап чыгууда монополияга каршы орган көрсөтүлгөн материалдарга талдоо жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын ченемдерин бузууну;
2) натыйжалуу эмес жана негизсиз чыгымдарды ачууну;
3) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5) атаандаштыкты өнүктүрүүгө субъекттин иш-аракетинин таасирин;
6) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
7) (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
9. Билдирүүнү кароодо монополияга каршы орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) табигый монополиялар субъектин жөнгө салуу методун өзгөртүү жөнүндө чечимди кабыл алууга;
2) табигый монополия субъектине аткаруу үчүн милдеттүү болгон ушул Эрежелерди бузууларды жоюу жөнүндө, анын ичинде алардын кесепеттерин жоюу жөнүндө жазма буйрук берүүгө.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
10. Эгерде табигый монополиялар субъектинин иш-аракети атаандаштыкты чектөөгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун кемсинтүүгө алып келсе, монополияга каршы орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) атаандаштыкка каршы багытталган ишти болтурбоо үчүн чара көрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда табигый монополия субъектинин жетекчисин административдик жоопкерчиликке тартууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага берилген башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
11. Монополияга каршы органдын чечими табигый монополиялардын субъекти тарабынан белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
12. Монополияга каршы органдын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга мүмкүн.
13. Ушул Эрежелерди бузууга жол берген табигый монополиянын субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
14. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомуна ылайык кучγн жоготту)
15. Монополияга каршы органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык сырды түзгөн маалыматты таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.