Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 467
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;
10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;
11) жарнамалык щиттерди ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү.".
2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────┬───────────┐
│9) чач тарачтардын жана сулуулук │1 орундуу │2000 сом │
│салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү; │кресло │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────┼───────────┤
│10) менчик стоматологиялардын кызмат │1 орундуу │5000 сом │
│көрсөтүүлөрү; │кресло │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────┼───────────┤
│11) жарнамалык щиттерди ижаралоо кызмат │1 жарнамалык │5000 сом │
│көрсөтүүлөрү. │щит │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────┴───────────┘
".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Бул Мыйзамдын долбоору чач тарач (сулуулук салону), жеке стоматология жана жарнама такталарын ижарага берүү кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык салуунун атайын режимине которуу менен ушул кызматтарды көрсөткөн субъекттерден түшкөн салыктарды көбөйтүү максатында даярдалды.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш аракеттердин түрлөрүн милдеттүү патенттин негизинде салык төлөөгө которуу зарылдыгы төмөнкүлөр менен шартталат:
- кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчаны толук кандуу контролдоо мүмкүн эместиги;
- көрсөтүлгөн кызматтардын наркынын жогорулоо тенденциясынын болушу;
- мындай кызматтарга калктын жогорку суроо-талаптары.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында 481 чач тарач жана сулуулук салондору калкка өз кызматтарын көрсөтүп жатышат, анын ичинен 2011-жылы жалпы суммасы 7665,6 миң сом салык төлөнгөн, атап айтканда: бирдиктүү салык боюнча - 4872 миң сом жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - 2793,6 миң сом.
Төлөнгөн салыктардын суммасы бир ишкердиктин субъектине бир жыл үчүн орточо 15,9 миң сом же айына 1,2 миң сом туура келүүдө (бирдиктүү салык боюнча 16,8 жана 1,4 миң сом, ыктыярдуу патент боюнча 14,6 жана 1,2 миң сом).
Жүргүзүлгөн анализдер көрсөткөндөй салондор орточо үч отуруучу орундуктан турат, ал эми көрсөтүлгөн кызматтардын орточо наркы бир киргенге 250 сомдон кем эмести түзөт.
Чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун орточо иштөө режими 9.00дөн 19.00гө чейин (10 саат), ошону менен бир күндөгү жүктөлгөн иш 50%дан кем эмес, башкача айтканда бир орундуктан 5 адам тейленет.
Демек, бир орундуктан түшкөн акчанын суммасы 1250 сом же айына 37500 сом, муну үч орундукка көбөйткөндө 112500 сомду түзөт, бирдиктүү салык ставкасы боюнча салыктын суммасы (6%) 6750 сомду түзүшү керек же орточо бир орундук үчүн 2250 сом.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу чач тарач жана сулуулук салондорунун калкка кызмат көрсөткөн иш аракеттерин ар бир орундук үчүн салыктык ставка 2000 сом болгон милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз, бул Бишкек шаарынын салык кызматынын органдары чогулткан салыктын бюджетке түшүүлөрүн жылына 29760,0 миң сомго көбөйтүүгө мүмкүндүк берет (7665,6 миң сомдун ордуна 34632,0 сом).
Бишкек шаарында стоматологиялык кызматтарды 103 ишкердиктин субъекттери көрсөтөт (мамлекеттик поликлиниканы алып салганда), алар 2011-жылдын ичинде 3846,0 миң сом суммасында салык төлөшкөн же бир субъект жылына орточо 37,3 миң сом гана төлөгөн (айына 3,1 миң сом).
Ошону менен жогоруда көрсөтүлгөн ишкердиктин субъекттери 275 стоматологиялык орундуктарга ээ, бир орундук үчүн айына орточо 1,2 миң сом салык төлөнөт, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жылдан жылга көбөйүү тенденциясына ээ.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу калкка стоматологиялык кызмат көрсөткөн иш аракеттерди ар бир орундук үчүн салыктык ставка 5000 сом болгон милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу сунушталууда. Ошону менен бюджетке салыктык түшүүлөрдүн суммасы Бишкек шаары боюнча жылына 12654,0 миң сомду түзөт.
Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, Бишкек шаарында гана 420 жарнама такталары бар, аларды башкарууда, салык алынуучу базасын аныктоодо, кирешенин эсебин тастыктоодо бир топ кыйынчылыктар пайда болот, ижаралык кызмат көрсөтүүнүн наркы дайыма өсүп турат.
Жарнама такталарын ижарага берүү боюнча иш аракеттерди Бишкектин борборунда жайгашкан такталардын ар биринен 5000 сом жана шаардын четинде жайгашкан такталар үчүн 2000 сом салыктык ставкасы менен милдеттүү патенттин негизинде салык алуунун атайын режимине которуу бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт, салыктар жылына 20664,0 миң сомду түзөт.
Бул мыйзам долбоор кабыл алынса, бюджетке кошумча салыктык түшүүлөр бир жылда 63078,0 миң сомду түзөт.
Бул мыйзам долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды талап кылбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт.
Ушул мыйзамдын долбоорун колдонуу социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, бул экспертизанын адистештирилген түрлөрүнөн өтүүгө милдеттүү эмес.
Коомдук талкуулоону камсыздоо жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясын ишке ашыруу үчүн бул мыйзамдын долбоору министрликтин ачык маалыматтык WЕВ-сайтында (www.mi№ieco№om.kg) жайгаштырылды, Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин сайтына жайгаштырылган күндөн тартып коомдук талкуулоонун алкагында долбоорго киргизүү үчүн сунуштар жана сын пикирлер түшкөн жок.
Баяндалгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого киргизилет.
Министр | Т. Сариев
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ Кыргыз Республикасынын │
│ Салык кодексинин │ Салык кодексин │
│ колдонуудагы редакциясы │ сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│348-берене. Милдеттүү патенттин │348-берене. Милдеттүү патенттин │
│ негизиндеги салыкты │ негизиндеги салыкты │
│ колдонуунун жалпы │ колдонуунун жалпы │
│ шарттары │ шарттары │
│ │ │
│1. Милдеттүү патенттин негизиндеги│1. Милдеттүү патенттин негизиндеги│
│салык (ушул главада мындан ары - │салык (ушул главада мындан ары - │
│салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө │салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө │
│болгон мамиледе милдеттүү негизде │болгон мамиледе милдеттүү негизде │
│төлөнөт: │төлөнөт: │
│1) муниципалдык мончолорду эске │1) муниципалдык мончолорду эске │
│албаганда сауна, мончо кызматы; │албаганда сауна, мончо кызматы; │
│2) бильярд кызматы; │2) бильярд кызматы; │
│3) ойномо автоматтарды берүү │3) ойномо автоматтарды берүү │
│боюнча кызмат; │боюнча кызмат; │
│4) казино кызматы; │4) казино кызматы; │
│5) акча алмаштыруу бюросунун │5) акча алмаштыруу бюросунун │
│кызматы; │кызматы; │
│6) дискотека кызматы; │6) дискотека кызматы; │
│7) сутка бою иштөөчү │7) сутка бою иштөөчү │
│автотуруктардын кызматы; │автотуруктардын кызматы; │
│8) ломбарддар кызматы; │8) ломбарддар кызматы; │
│[9) жок; │9) ЧАЧ ТАРАЧТАРДЫН ЖАНА СУЛУУЛУК │
│10) жок; │САЛОНДОРУНУН КЫЗМАТЫ; │
│11) жок.] │10) ЖЕКЕ СТОМАТОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ; │
│ │11) ЖАРНАМА ТАКТАЛАРЫН ИЖАРАГА │
│ │БЕРҮҮ КЫЗМАТЫ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│349-берене. Салык салуунун │349-берене. Салык салуунун │
│ обьекти, салыктык база│ обьекти, салыктык база│
│ жана салыктын ставкасы│ жана салыктын ставкасы│
│ │ │
│2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн │2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн │
│төмөнкүдөй салыктык база жана │төмөнкүдөй салыктык база жана │
│салыктын ставкасы колдонулат: │салыктын ставкасы колдонулат: │
│┌─────────────┬──────────┬───────┐│┌─────────────┬──────────┬───────┐│
││ Ишкердиктин │ Салыктык │Салык- │││ Ишкердиктин │ Салыктык │Салык- ││
││ түрлөрү │ база │тык │││ түрлөрү │ база │тык ││
││ │ │мезгил-│││ │ │мезгил-││
││ │ │деги │││ │ │деги ││
││ │ │салык- │││ │ │салык- ││
││ │ │тын │││ │ │тын ││
││ │ │ставка-│││ │ │ставка-││
││ │ │сы │││ │ │сы ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││1) сауналар- │1 сауна, │ │││1) сауналар- │1 сауна, │ ││
││дын, мончо- │мончо, │ │││дын, мончо- │мончо, │ ││
││лордун кызмат│жалпы │ │││лордун кызмат│жалпы │ ││
││көрсөтүүлөрү │аянты: │ │││көрсөтүүлөрү │аянты: │ ││
││ │150 кв.м │30000 │││ │150 кв.м │30000 ││
││ │чейин │сом │││ │чейин │сом ││
││ │150 кв.м │50000 │││ │150 кв.м │50000 ││
││ │ашык │сом │││ │ашык │сом ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││2) бильярд │1 стол │10000 │││2) бильярд │1 стол │10000 ││
││кызмат │ │сом │││кызмат │ │сом ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││3) ойномо │1 ойномо │10000 │││3) ойномо │1 ойномо │10000 ││
││автоматтарды │автомат │сом │││автоматтарды │автомат │сом ││
││берүү боюнча │ │ │││берүү боюнча │ │ ││
││кызмат │ │ │││кызмат │ │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││4) казино │1 оюн │30000 │││4) казино │1 оюн │30000 ││
││кызмат │стол │сом │││кызмат │стол │сом ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││5) акча │1 │20000 │││5) акча │1 │20000 ││
││алмаштыруу │лицензия- │сом │││алмаштыруу │лицензия- │сом ││
││бюросунун │ланчу │ │││бюросунун │ланчу │ ││
││кызмат │обьект │ │││кызмат │обьект │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││6) дискотека-│1 │10000 │││6) дискотека-│1 │10000 ││
││лардын жана │дискотека,│сом │││лардын жана │дискотека,│сом ││
││түнкү │түнкү │ │││түнкү │түнкү │ ││
││клубдардын │клуб │ │││клубдардын │клуб │ ││
││кызмат │ │ │││кызмат │ │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││7) сутка бою │1 токточу │100 │││7) сутка бою │1 токточу │100 ││
││автотуруктар-│орун │сом │││автотуруктар-│орун │сом ││
││дын кызмат │ │ │││дын кызмат │ │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││8) ломбарддар│1 обьект │15000 │││8) ломбарддар│1 обьект │15000 ││
││кызмат │ │сом │││кызмат │ │сом ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤│├─────────────┼──────────┼───────┤│
││[9) жок] │ │ │││9) ЧАЧ │1 ОТУРУУЧУ│2000 ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤││ТАРАЧТАРДЫН │ОРУНДУК │СОМ ││
││[10) жок] │ │ │││ЖАНА СУЛУУЛУК│ │ ││
│├─────────────┼──────────┼───────┤││САЛОНДОРУНУН │ │ ││
││[11) жок] │ │ │││КЫЗМАТЫ │ │ ││
│└─────────────┴──────────┴───────┘│├─────────────┼──────────┼───────┤│
│ ││10) ЖЕКЕ │1 ОТУРУУЧУ│5000 ││
│ ││СТОМАТОЛОГИЯ-│ОРУНДУК │СОМ ││
│ ││ЛЫК КЫЗМАТ │ │ ││
│ │├─────────────┼──────────┼───────┤│
│ ││11) ЖАРНАМА │1 ЖАРНАМА │5000 ││
│ ││ТАКТАЛАРЫН │ТАКТАСЫ │СОМ ││
│ ││ИЖАРАГА БЕРҮҮ│ │ ││
│ ││КЫЗМАТЫ │ │ ││
│ │└─────────────┴──────────┴───────┘│
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘