Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 468
Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономика университетин өзүн өзү каржылоого которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планына ылайык, кесиптик билим берүү системасын реформалоо, аны жаңы экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, жогорку окуу жайлардын материалдык жана кадрлык потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономика университети өзүн өзү каржылоого которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылынан баштап Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономика университетине 1-курска кабыл алуу үчүн гранттык орундарды бөлүүнү токтотсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономика университетине мурда гранттык негизде кабыл алынган экинчи жана жогорку курстардын студенттеринин окуусун алар окууну бүткөнгө чейин каржылоону улантсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|