Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-декабры № 875
16 жашка чыккан, ID-cardды биринчи жолу алып жаткан адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-card) менен кайтарымсыз негизде камсыздоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
16 жашка чыккан, ID-cardды биринчи жолу алып жаткан адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-card) менен кайтарымсыз негизде камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 16 жашка чыккан, ID-cardды биринчи жолу алып жаткан адамдарды кайтарымсыз негизде ID-card менен 2013-жылдын 1-январынан тартып эки жыл мөөнөткө камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы № 121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун 1-пунктун аткаруунун алкагында пилоттук долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсебинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|