Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 121
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 875 “16 жашка чыккан, ID-cardды биринчи жолу алып жаткан адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-card) менен кайтарымсыз негизде камсыздоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 875 “16 жашка чыккан, ID-cardды биринчи жолу алып жаткан адамдарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-card) менен кайтарымсыз негизде камсыздоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы “бир жыл” деген сөздөр “эки жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |