Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-декабры № 879
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Кз зоналык коэффициентинин маанилери Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектери:
- "Бишкек шаары" позициясы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаары боюнча мүлккө салыкты эсептөөдө колдонулуучу Кз зоналык коэффициентинин өзгөрүшү жөнүндө салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 879 токтомуна тиркеме |
"Бишкек шаары
┌───────────┬────────┬────────────────────────────────────────────────┐
│Кз зоналык │ Нарк │ Чек аралардын жазылышы жана нарк зоналары │
│ коэффи- │ зонала-│ │
│ циентинин │ рынын │ │
│ мааниси │индекси │ │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ I │Жибек-Жолу проспекти - Аламүдүн суусу - │
│ │ │М.Горький көчөсү - Тынчтык проспекти - Ала-Арча │
│ │ │суусу │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ II │М.Горький көчөсү - Аламүдүн суусу - Ахунбаев │
│ │ │көчөсү - М.Жунусалиев көчөсү - Т.Балтагулов │
│ │ │көчөсү - Ш.Руставели көчөсү - Ала-Арча суусу - │
│ │ │Тынчтык проспекти │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ III │Л.Толстой көчөсү - Ала-Арча суусу - Ш.Руставели │
│ │ │көчөсү - Т.Балтагулов көчөсү - М.Жунусалиев │
│ │ │көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - │
│ │ │Космос көчөсү - Репин көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ IV │Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) - Ала-Арча суусу - │
│ │ │Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - │
│ │ │Жамгырчинов көчөсү - Мессарош көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ V │ЧЧК - Аламүдүн суусу - Жибек-Жолу проспектиси - │
│ │ │Ала-Арча суусу │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ VI │ЧЧК - Веселая көчөсү - буу түтүгү трассасы │
│ │ │боюнча түштүк жакка Достоевский көчөсү Чоң Чүй │
│ │ │каналынын айрылышы (ЧЧЧК) - Аламүдүн суусу │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ VII │Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин │
│ │ │Аламүдүн суусу - "Кум-Шагыл" АКсынын аймагынын │
│ │ │түштүк тарабынан кирүү жолу - Семетей көчөсү - │
│ │ │Д.Садырбаев көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,125 │ VIII │Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космос көчөсү │
│ │ │- Д.Садырбаев көчөсү Д.Садырбаев көчөсүнөн │
│ │ │батышка "Арча-Бешик", "Төмөнкү Орок" конушу - │
│ │ │түштүк-батыш көрүстөнүнүн аймагын кошуп алуу │
│ │ │менен, - Муромский көчөсүнүн уландысы - Т.Фрунзе│
│ │ │көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 0,8 │ IX │ЧЧК - Мессарош көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - │
│ │ │П.Лумумбы көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1 │ X │Түндүк айланма жолу - Элебесов көчөсүнүн │
│ │ │түндүккө карай уландысы чыгыш тарап боюнча │
│ │ │жергиликтүү жол катары Төмөнкү Ала-Арча айылы - │
│ │ │Элебесов көчөсү - ЧЧК - М.Ганди көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ XI │ЧЧК - шар аккан суу - Чолпон-Ата көчөсү - ЧЧКнын│
│ │ │чыгыш жакка Достоевский көчөсүнүн уландысы, │
│ │ │Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ XII │ЧЧК - "Учкун" кичи районунан батышка карай - │
│ │ │ЧЧКнын Чыгыш жакка - Чолпон-Ата көчөсү боюнча │
│ │ │шар аккан суу │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ XIII │ЧЧК - П.Лумумбы көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - │
│ │ │Садыгалиев көчөсү - "Ала-Тоо" конушунун │
│ │ │аймагынан батышка карай темир жол линиясы │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ XIV │Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү - │
│ │ │ЧЧК - Элебесов көчөсү Төмөнкү Ала-Арча айылынын │
│ │ │чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү жолу катары │
│ │ │Элебесов көчөсүнүн түндүккө карай уландысы │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 0,8 │ XV │Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан │
│ │ │батышка карай - ЧЧК - Курманжан Датка көчөсү │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1 │ XVI │ЧЧЧК - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - │
│ │ │"Аламүдүн" суусу боюнча зонанын батыш чеги │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1,2 │ XVII │Семетей көчөсү - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" │
│ │ │АКсынын аймагынын түштүк тарабынан өтмөк жол │
│ │ │"Аламүдүн" суусу - Орто-Алыш суу тосмосунун │
│ │ │аймагынан түштүккө карай - Кожобергенов көчөсү │
│ │ │боюнча батыш чеги │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 1 │ XVIII │Садыгалиев көчөсү менен кесилишине чейин темир │
│ │ │жол линиясы - Л.Толстой көчөсү - Т.Фрунзе көчөсү│
│ │ │- ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромск │
│ │ │көчөсүнүн уландысы │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 0,8 │ XIX │Түндүк айланма жолу М.Ганди көчөсү - ЧЧК │
│ │ │"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык │
│ │ │башкармалыгынын тазалоочу курулмаларынын │
│ │ │аймагынан батышка карай │
├───────────┼────────┼────────────────────────────────────────────────┤
│ 0,6 │ XX │Түндүк айланма жолунан түндүккө карай │
└───────────┴────────┴────────────────────────────────────────────────┘
".