Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Департаменттин функциялары
3. Департаменттин ыйгарым укуктары
4. Департаменттин ишин уюштуруу
5. Департаменттин каржы жана чарбалык иши
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти (мындан ары - Департамент) мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, анын иши инфекциялык, мите жана инфекциялык эмес ооруларга каршы күрөшүү боюнча алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга жана аткарууга, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ишке ашырылуучу программалардын, долбоорлордун натыйжалуулугун баалоого, товарларды, продукцияларды, курчап турган чөйрөнүн объекттеринин белгиленген талаптарга шайкеш келишин санитариялык-эпидемиологиялык экспертизалоого багытталган.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин укук мурасчысы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Департаменттин юридикалык дареги: 720033, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 535.
4. Департамент өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, бюджеттик, алыш-бериш, депозиттик жана валюталык эсептерге, гербдүү мөөргө жана башка штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка реквизиттерге ээ болот.
Толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент профилактики заболеваний и экспертизы Министерства здравоохранения Кыргызской Республики".
2. Департаменттин функциялары
5. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- коомдук саламаттык сактоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
- алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурат;
- оорулардын алдын алууга карата учурдагы керектөөлөргө жана адилет жетишүүгө баа берүүнүн негизинде иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышат;
- коомдук саламаттык сактоо жана чыңдоо жаатындагы мамлекеттик, региондук, максаттуу программаларды, ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын техникалык, финансылык жардамдарын тартуу менен коомдук ден соолук маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды, долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга катышат;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо оорулардын алдын алуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер, эл аралык, донорлук, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте эриш-аркак аракеттенет;
- калктын жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, коомчулуктарды ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу стратегияларын киргизүү, жеке жана коомдук ден соолукка аң-сезимдүү мамилени түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо жаатында илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышат;
- оорулардын алдын алуу жана экспертизалоонун аймактык борборлорунда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат;
б) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- курчап турган чөйрөнүн гигиенасы жана эпидемиология чөйрөсүндө, анын ичинде калктын химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздугун мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санитариялык-эпидемиологиялык экспертизаларды жүргүзөт;
- санитариялык-эпидемиологиялык ченемдөө жана техникалык жөнгө салуу тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароого катышат;
- бул маселелер боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызыкдар болгон министрликтер, администрациялык ведомстволор менен бирдикте калктын ден соолугунун абалына курчап турган чөйрөнүн жагымсыз факторлорунун тийгизген таасирин эсепке алууну жана баалоону ишке ашырат;
- методикалык жетекчиликти жана укуктук ченемдер менен белгиленген контингенттердин медициналык кароосунун сапатын талдоону уюштурат;
в) координациялоо жана контролдоо чөйрөсүндө:
- калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо жаатында аймактык борборлордун иштерин уюштурууну жана жетектөөнү жүзөгө ашырат;
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча оорулардын алдын алуу жана экспертизалоонун аймактык борборлорунун ишин уюштурат, ишке ашырат;
- мамлекеттик жана максаттуу программалардын натыйжалуулугунун мониторингин, баа берүүнү алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды, калкка коркунуч факторлорунун тийгизген таасирин талдоону жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, калктын ден соолугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тизмектеги биологиялык, химиялык, радиациялык жана башка физикалык факторлордун мүмкүн болгон таасирин аныктоо жана болжолдоо менен, саламаттык сактоо жана ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерин контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштурат;
- инфекциялык, мите жана артыкчылыктуу инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурат, республиканын аймагында коркунуч факторлорун башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инфекциялык оорулардын, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялардын киришине жана таралышына жол бербөө иштерин координациялоону камсыздайт;
- иммунобиологиялык препараттардын эпидкөрсөткүчтөрү боюнча калктын керектөөлөрүн аныктайт;
- топтук жана жапырт ууланууларды, инфекциялык, мите жана кесиптик ооруларды иликтөөнү уюштурат жана катышат;
- ыйгарым укуктарынын чегинде өзгөчө кырдаалдарда, өнөр жайлык аварияларда жана башка учурларда оперативдүү иш-чаралардын комплексин жүргүзүүгө катышат;
- лабораториялык сыноолордун азыркы методдорун киргизет;
- оорулардын алдын алуу жана экспертизалоонун аймактык борборлорунун отчетторун кабыл алууну, ишин талдоону жана отчетторунун аныктыгын текшерүүнү жүргүзөт;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын кадрларын кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде жумуш орундарында окутууга катышат;
- товарлардын, продукциялардын, курчап турган жана өндүрүштүк чөйрөнүн объекттеринин белгиленген талаптарга шайкештигине молекулярдык-генетикалык жана санитариялык-эпидемиологиялык экспертизасын жүргүзөт;
- инфекциялык оорулардын этиологиясын белгилейт;
- ден соолук үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча курчап турган чөйрөнүн объекттеринин абалына (суу пайдалануу жерлериндеги ичүүчү суу, ачык көлмөлөрдүн суусу, кыртыш) талдоо жүргүзөт;
- санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу боюнча ведомстволук уюмдарга методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- ведомстволук уюмдардын лабораториялык изилдөөлөрүнүн сапатына тышкы контролдоону жүргүзөт, арбитраждык лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрөт;
- менчигинин түрүнө, ведомствосуна карабастан лабораторияларды аккредитациялоо жол-жоболоруна катышат;
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын лабораторияларында микробиологиялык, молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн биологиялык коопсуздугун жана биологиялык коргоону камсыздоону контролдоону жүргүзөт;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- оорулардын алдын алуу боюнча укуктук ченемдер менен белгиленген контингенттерди гигиеналык даярдоо, ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы белгиленген талаптарды сактоо боюнча программаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана аларды окутууну жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактарга, чарба субъекттерине жана калкка маалыматтык, консультациялык кызматтарды көрсөтөт жана инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтарды берет;
- жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча тамак-аштардын жарактуулук мөөнөтүн белгилөө жана өзгөртүү үчүн лабораториялык сыноолорду өткөрөт;
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары үчүн диагностикалык, дарылоо-алдын алуучу, иммунобиологиялык препараттарды чыгарууну ишке ашырат;
- "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдук саламаттык жаатында маалыматтык-билим берүүчү материалдарды иштеп чыгат, басып чыгарат жана калк арасында таратат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
д) колдоо чөйрөсүндө:
- дезинфекциялоочу каражаттарга, азыктандыруучу чөйрөлөргө, химиялык реактивдерге, диагностикалык реагенттерге, иммунобиологиялык препараттарга, лабораториялык жабдууларга, приборлорго ж.б. керектөөлөрдүн муктаждыгын аныктайт, алар менен ведомстволук уюмдарды, башка мекемелерди жана республиканын калкын камсыздоо боюнча дайыма чараларды көрөт, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендердик негизде борбордоштурулган сатып алууларды жүргүзөт;
- региондук, республикалык жана эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды уюштурат жана өткөрүүгө катышат;
- массалык инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушу, продукцияларды санитариялык-эпидемиологиялык экспертизалоонун натыйжалары жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине, кызыкдар министрликтерге, ведомстволорго жана жамааттарга тез маалымдайт;
- адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу болгон инфекциялык оорулар жана башка өзгөчө кырдаалдар чыккан жерлерди жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзөт жана эпидфонддун каражаттарын максаттуу чыгымдоону камсыздайт;
- коомдук саламаттык сактоонун көйгөйлөрүн чечүү үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт.
3. Департаменттин ыйгарым укуктары
6. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
- республиканын коомдук саламаттык сактоо кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясын, тактикасын жана негизги багыттарын аныктоого катышууга;
- аймактык оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо борборлорунун иштерин жетектөөгө;
- гигиеналык ченемдиктерди, техникалык регламенттерди аткаруу боюнча мамлекеттик жана башка уюмдардын, кызмат адамдарынын жана республиканын жарандарынын аткаруусу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан саламаттык сактоо жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу объекттеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларга бөгөт коюу боюнча чара көрүүгө;
- оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо борборлору үчүн жетектөөчү кадрлардын резервин түзүүгө жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө;
- коомдук саламаттык сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башка эл аралык уюмдар, КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелери жана илимий-изилдөө институттары менен өз ара байланышты ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенде чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көздөөгө, эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча контракттарды түзүүгө;
- коомдук саламаттык сактоо боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон экологиялык, экономикалык, технологиялык жана башка маалыматтарды министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан жана уюмдардан алууга;
- оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо борборлорундагы лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына тышкы жана ички контролдоо жүргүзүүгө;
- лабораторияларды аккредитациялоодо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктук органынын ишинде биологиялык коопсуздукту камсыздоону контролдоого катышуу;
- аткаруу бийлик органдары, анын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери Бирдиктүү реестрге (тизмеге) ылайык көрсөтүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке, юридикалык жактар менен келишимдик негизде ведомстволордун жана министрликтердин жумуштарын аткарууга;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда же санитариялык-эпидемиологиялык жагдай татаалдаган коомдук саламаттык сактоо уюмдарын, башка мекемелерди жана республиканын калкын камсыздоо үчүн иммунобиологиялык препараттардын, дезинфекциялоочу каражаттардын, азыктандыруу каражаттарынын, химиялык реактивдердин, тест-системалардын жана башка каражаттардын резервин түзүүгө жана сактоого;
- Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (ДССУ, 2005-ж.) жана КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык жактан коргоо боюнча макулдашууга ылайык мамлекеттерди калктын санитариялык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу жаатында өз ара маалымдоону камсыздоого;
- инфекциялык жана мите оорулары жөнүндө аналитикалык баянды ай сайын чыгарууну камсыздоого;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча эл аралык конференцияларга, республикалык, региондук кеңешмелерге, симпозиумдарга, съезддерге, семинарларга, конкурстарга жана башка акцияларга катышууга жана уюштурууга;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтык жана башка басма материалдарды белгиленген тартипте чыгарууга.
4. Департаменттин ишин уюштуруу
7. Департаментти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Департаменттин директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри тарабынан мыйзамдар менен белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
8. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине отчет берет.
9. Департаменттин директору:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат, Департаментке жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот;
- Департаменттин атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенет, бардык уюмдарда анын атынан чыгат, анын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана кредиттерди тескөөчү болуп эсептелет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- ушул Жобого ылайык анын кадрдык курамын жана түзүмүн түзөт жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бекитүүгө берет;
- директордун орун басарынын, борборлордун жетекчилеринин, начальниктердин, бөлүм жана лаборатория башчыларынын, башкы адистердин функцияларын бекитет, ошондой эле алардын жоопкерчилик деңгээлин белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо аймактык борборлорунун жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5. Департаменттин каржы жана чарбалык иши
10. Департаменттин ишин каржылоонун негизги булактары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- республикалык бюджет;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана кайрымдуулуктары;
- тышкы инвестициялар, гранттар, банктардын кредиттери, акыга кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
11. Департамент ишинде мамлекеттик менчикти, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк баалуулуктарды пайдаланат.
6. Корутунду жоболор
12. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлдүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
13. Департамент жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын "Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.